Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:26

«Элге дан тараткан» деп айыпталган азамат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Зулпубаев Далибай - айтылуу Курманжан датканын туугандарынан.

Совет бийлигине ак дилден кызмат кылып, кийин «отузчулардын катына» байланыштуу партиялык сөгүш алып, 1930-жылдардын башындагы ачарчылык маалында элге дан таратып бергендиги үчүн айыпталып, 1938-жылы атылган.

Саркердин уулу

Далибай Зулпубаевдин өзү толтурган өмүр баянында 1896-жылы Алай өрөөнүндө жарык дүйнөгө келгенин жазган. Кыргызстандын Саясий документтер архивинин жетектөөчү адиси Айнагүл Табышеванын айтымында, ал Ош шаарынын жанындагы кыштакта төрөлгөн.

Айнагүл Табышева.
Айнагүл Табышева.

«Бирок бул архивдик маалыматтарга караганда Зулфибаев Дали 1896-жылы Ош үйөзүнүн Акбуура болуштугунун Төлөйкөн кыштагында айыл башчысы Зулпукар саркердин үйүндө төрөлгөн. Курманжан датканын жээни болуп кетет. Энеси жактан Алай кыргыздарынан. Алымбек датканын биринчи аялынан Жаркынбай датканын небереси болгон. Уруусу Адигине. Абдан билимдүү болгон. Мусулман мектебинде окуган. 1915-жылы Оштогу орус-тузем мектебин мактоо баракчасы менен бүтүргөн. Орус, өзбек тилдерин мыкты билген. 1917-жылдын апрелинен 1920-жылдын февралына чейин Ош үйөзүнүн башкармалыгында тилмеч болуп иштеген. Ош болуштук комитетинде, Кашкар-Кыштак революциялык комитетинде катчы болуп, кийин Ташкендеги кыска курстарда окуган. Ош шаарындагы өзбек мектебинде сабак берген. Кашкар-Кыштак райондук аткаруу комитетинде, ошондой эле Ош шаардык комитетинде жооптуу катчы болуп иштеген. Көптөгөн кызматтарда бөлүм башчы, Ош үйөзүндө прокурор болуп иштеген. 1922-жылы Түркстан аткаруу комитетинин мүчөсү болгон», - дейт Айнагүл Табышева.

Ал кездеги окуу жайлары көбүнесе мугалимдер менен партиялык, чарбалык кызматкерлерди гана даярдаган. Далибай Зулпубаев да жарым жылдык кыргызча педагогикалык курсту аяктап, 1920-жылдан тартып советтик кызматтарда иштей баштаган. Жумушчу-дыйкан инспекциясында текшерүүчү, кийин үйөздүк аткаруу комитетинин мүчөсү, бөлүм башчы болуп, анан партиялык кызматка которулуп Түркстан компартиясынын Ош шаардык комитетинин жооптуу катчысынын кызматын аткарган. Басмачылык кыймыл күчөп, совет бийлигинин түштүк жергесинде орношу татаалдашкан кезде Кыргызстан Эл комиссарлар кеңешинин мүчөсү Атабаев менен бирге кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин көзөмөлгө алган. Ош шаардык тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп 1922-жылдын ноябрына чейин иштеген. Ошол жылдын ноябрында Кеңештердин облустук курултайына өкүл болуп кирип, ал жерден Түркстан Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү болуп шайланган. Бир аз убакыт Кошчу союзунун мүчөсү болуп, андан Жолчу корбашыга каршы күрөштү жетектеп, 1923-жылдан тарта Ош үйөздүк аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Зулпубаев большевиктер партиясынын катарына 1920-жылы 4-апрелде өткөн.

«Отузчулардын» каты

Зулпубаевди 1932-1936-жылдардагы ачарчылык кезинде «элге буудай тараткан, дан эгиндерин жыйноо, планды аткаруу өнөктүгүн үзгүлтүккө учураткан» деп айыпташкан. Ага ошондой эле ««отузчулардын» катына кол койгон, партиянын улут маселеси боюнча саясатына каршы чыккан» деген опсуз айып тагышкан.

«Отуздун каты», «отузчулар каршылыгы» - ушу кезге чейин тарыхчылар арасында талаштан башы чыкпай келаткан маселелердин бири. Белгилүү болгондой, большевиктердин бийлиги башында улуттук республикаларды өз-өзүнчө бөлүүнү каалабай, бийликке келген чагында Орто Азия, Казакстан республикаларын жалпысынан Түркстан автономиясы кылып жарыялаган.

1924-жылдын 16-сентябрында Түркстан борбордук аткаруу комитети Орусиянын курамындагы Кара-Кыргыз Автоном облусун түзүү жөнүндө чечим чыгарган. Кара-Кыргыз Автоном облусун РСФСРдин курамына кошуу чоң талаш-тартыштарды жараткан. Абдыкерим Сыдыковдун тарапташтарынын аракеттеринен ката таап, Ташкен менен Москвага арыз жаадыруунун кыныгын алган Кудайкуловдун тобу буга каршы чыгып, маселе кыйлага арабөк туруп калат. Кудайкуловчулар кыргыздардын Казакстан Республикасынын курамында болушун каалашкан.

Ал кезде А. Сыдыков жаңы бийликке «жат элемент» катары партиядан чыгарылып, 1925-жылдын 27-30-мартында өткөн Кара-Кыргыз Автоном облусун түзүү маселесин караган Кара-Кыргыз Автоном облусунун кеңешинин жыйындарына катышкан эмес. Кийин А. Сыдыковго «отузчулардын» иши кошулуп, жыйынтыгы анын атылышы менен аяктаган.

Кыргызстандын өз алдынча республика болушун жактап Орусия Компартиясынын борбордук комитетине, анын Орто Азия бюросуна жазылган катка отуз советтик жана партиялык кызматкерлер кол койгон. Катты даярдоочулардын башында А. Сыдыков турган. Сталин баш болгон партия жетекчилери ал катты улутчулдук катары баалап, кол койгондордун текши баарын жумуштан алышкан.

Ага чейин А. Сыдыков менен И. Арабаев башында турган кыргыз интеллигенция өкүлдөрү 1922-жылы буйрукчул башкарууга өтүп бараткан большевиктер партиясынын Борбордук комитетинин ишин сынга алып, кыргыз эли өз алдынча мамлекеттик түзүлүшкө ээ болууга акысы бар экенин ырастап, Тоолуу кыргыз облусун түзүү боюнча демилге көтөрүшкөн. Ал демилге уруулук көрө албастыктын сазына батып калган айрым адамдардын каршылыгынан, алардын арызын туура көргөн Сталиндин мамилесинен улам ишке ашпай калган.

Репрессиядан курман болгондордун «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси. 5-март, 2013-жыл.
Репрессиядан курман болгондордун «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси. 5-март, 2013-жыл.

«Орто Азияны улуттук ажырымга бөлүү жана Кыргыз Автоном облусун түзүү кыргыз элинин арасына биримдикти алып келиши, аз-аздан уруулук каршылыкты жоюшу жана падышалык өкмөттүн алыскы аймактарында жүргүзгөн кыйла жылдык колониалдык саясатынын жыйынтыгы катары чыккан жаатташкан топторду жок кылышы керек эле», деп жазышкан кат ээлери.

Партиялык кутум

Бирок иш жүзүндө андай боло элек. Анын себебин кат ээлери мындайча түшүндүрүшкөн:

«Партиялык аппарат тигил же бул кызматкердин обкомдун башында отурган жетекчилер менен жакын байланышына же ылым санаган топко жакындыгына карап түзүлгөндүктөн, партия ичиндеги топтордун күрөшү менен уруулардын келишпестиги күчөп кетти. Совет бийлиги менен партияга пайдасы тийчү, жер-жерлерде туура иш жүргүзүп, айрыкча жер саясатын калыс өткөрүүгө көмөгү тийчү, жергиликтүү жагдай-шартты мыкты билген жергиликтүү кызматкерлерди тоготпоо, алардын пикирин эсепке албоо орун алганы айкындалды».

Катта кыргыз обкомунун иш стили катуу сынга алынган. Партиялык жетекчи борбордон жөнөтүлүп, анын жергиликтүү жагдайды билбегени жалаң эле «отузчулардын» катында айтылбастан, эл арасында да нааразылыктар жаратчу.

Партиянын жогорку жетекчилигинин иш стилин ачык сынга алып, уламдан улам күчөп бараткан өкүмзор-буйрукчул башкарууга ачык каршы чыккан кат ээлеринин идеялык башчысы Абдыкерим Сыдыков болгон. Катка Ишеналы Арабаев, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков, дагы башка 26 киши кол койгон. Алардын ичинде Далибай Зулпубаев да бар болчу. Кат жазуунун демилгечиси А. Сыдыков Кыргызстандан чыгарылып, Ташкенге катардагы жумушка жөнөтүлөт. Аны менен эле Кыргызстандын башкалар менен катар өз алдынча республика болушуна жетишүү аракети токтобойт.

1926-жылдын ноябрында Казакстандын лидери, Түрк республикаларынын эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Турар Рыскулов РКП(б) БКнын Орто Азиядагы реформалары туура эмес жүрүп жатканын сынга алган жыйын өткөргөн. Москва аны «улутчулдар кеңешмеси» катары баалайт. И. Сталин башында турган большевиктер партиясынын жүргүзгөн саясаты элдин турмушун жакшыртпастан кайра начарлатканы, бөлүнүп-жарылуу, көпчүлүк элдин кызыкчылыгына караганда жалгыз партия жетекчисинин кадыр-баркын опсуз көкөлөтүү, экономикалык-социалдык саясаттын жоктугу ошол кезде эле акылы тунук, эли үчүн чындап күйгөн Турар Рыскулов, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сындуу кыргыз уулдарын нааразылы кылган.

Бирок да партиялык демократияга ишенүү, өз ара сындоо аракети аз өтпөй коопсуздук кызматынын аңдуусуна алынып, иш деп күйгөн азаматтардын асманында кара булут айлана баштайт. Партия мүчөлөрү ОГПУнун аңдуусу алдында калган. Далибай Зулпубаев кол койгон «отузчулар каты» большевиктер партиясындагы азыноолак калган демократиянын бир белгиси болчу. Репрессия күчөгөн сайын партия жалгыз гана Сталиндин айткан-дегенин аткарчу, советтик-чарбалык уюмдун бири катары, жогортон түшчү буйрук-көрсөтмөлөрдү ойлонбой ишке ашырчу катардагы механизмге айланган.

Далибай Зулпубаевдин «отузчулар катына» кол койгонун партия жетекчилери жадынан чыгарышкан эмес. Кыргыз обкомунун биринчи катчысы Каменский Далибай Зулпубаевге мындай мүнөздөмө берген. Аны Айнагүл Табышевадан эле уксак:

«Берген мүнөздөмөсү бар, «отузчуларга». «Зулпубаев Кыргызстандагы көрүнүктүү ишмер болгон, саясий карьерасы 1924-жылдан башталган. Кара кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн башталган. Зулпубаев Дали мырза партиянын мүчөсү, ири бай. Кээ бир басмачылар менен байланышы бар. Эң чоң шовинист. Өзбектерге ачык каршылык көрсөтүп турат. Айланасындагылардын арасында баркы жок». Каменский «отузчулар» бюросунда ушул күнөөнү коюп, партиялык сөгүш жарыяланган. Атылып кетишинин дагы бир себеби - ачарчылык кезинде элдерге буудай тараткан».

Далибай Зулпубаевдин өмүр баяны 1929-жылы анын Кыргызстандын Жер иштери боюнча комиссарлыгынан бошотулгандыгы менен бүтөт. Андан кийинки тогуз жылы ал кандай кызматтарда иштегени, «эл душманы» катары камалып, атууга кеткени боюнча маалыматтар жок.

Эмгек жолун совет бийлигине чейин эле баштап, бирок заман өзгөрүлгөндөн кийин большевиктер партиясынын катарына өтүп, ага чын дилден кызмат кылган кыргыздын дагы бир азаматын 1938-жылы жок кылышкан. Далибай Зулпубаев өмүр баянында «советтик, партиялык, чарбалык иштердин баарын аткарууга даярмын - аскердик иштен башкасын» деп атайын белгилеген экен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG