Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 13:06

Бир жакшы менен бир жамандын учугу үзүлбөйт


Капарбек Токтошевдин аңгемелеринен элеттик турмуштун деми уруп, карапайым адамдардын тиричилиги, кулк-мүнөзү алдыга тартылат.

Жазуучу элдик турмуштун жөнөкөй учурларын, ортолук мамиле-катыштардын кызыктуу учурларын көрсөтүүгө кызыгат. «Атанын уулу» баяны ушулар тууралуу.

Чаң жол, арабадагы ата-бала

Тестиер бала менен атасы чабылган чөбүн жалгыз ат чегилген арабага жүктөп үйүнө кайтып келатышат. Августтун түнүндө асманда бажырайган жылдыздарды санап, тестиер бала атасынын жанында келатканына ыраазы. Элеттик турмуштун күндөлүк көрүнүштөрүнүн бири. Атасынын «Өзүмдүн баламсың да, айла-а-найыным!..» деген сөзүнө ичи элжиреп, кубанычы ашып-ташып, эмне деп айтаарын билбей апкаарып турат.

«– Ата-о!

– Ов.

– Мен сенин балаңмын ээ?

– Анан кимдики болмок элең?..

– Анда эмне эле «кайдан чыккан эмесиң» дей бересиң?

– Тентек күчүк десе! – Атасы Ара-Талааны жаңырта каткырды. Анын мындай чер жаза каткырганын биринчи угушу баланын. Дайыма эле ушинтип күлүп жүрсө, атаңгөрү!.. Минтип ойлогуча атасынын жүзүнөн күлкү тарап, биликтей тымды. Кадыресе ойлуу кебетесин кийди да, үңкүйүп башын салды. Эмнени ойлоп, эмнени издейт? Бала ушуга таң».

Бу Назармат чалдын жашы жетимишти таяп, өмүр күзү кышка таяп баратат. Турмуштун ачуу-таттуусун чогуу тартышкан кемпири Жийде 19 бала төрөп, анын он экиси чарчап, калган жетөөн эл катарына кошту. Аман калган балдарынын улуусу элүүгө таяп, кийинкиси кырктын кырында. Кыздары турмуш куруп, өзүнчө бүлө. Алардан атанын көөнү тынч. Эл катары оокат кылып жүрүшөт. Чириген бай же итке минген томаяк эмес, эл ортосу.

Колундагы кенжеси Акматбек абдан эле эрке, анан да кыз-кыркынга өзгөчө жакын жүрүкчөөл бала чыкты. Өң-келбети мыкты, окуп жүргөн чагында курбалдаш кыз-кыркынды мындай кой, кылактаган келиндер менен мамиле түзүп, балакатка толо элек чагында ургаачы кумарын татып, анын азабын да, жыргалын да көп көрдү. Кызыл-ала болуп токмок жеп, кан түкүрүп жатып калган кездери болду, ага деле болбой жеңилбаа турмушка көнүп алды. Чектен чыгып кеткен бала атасын укмак беле.

«Назарматтын өзү да жедеп алы жетпей калганда эркине койгон. – Эки агаң тең жоош, дегеле биздин тукумда сендей тентек жок эле, ушу сенин кайдан чыгып калганыңа таңмын, – десе, кебелбей минткен:

– «Жетөөнүн бири жинди» деп шарыятта айтылат турбайбы, ошо менмин.

– Аман бол айланайын, башка эмне дейин... Ошентип кол шилтеген айласыз. «Бир жакшынын, бир жамандын өмүрү кыска болот» деген ырас. Акматбек бу жалганга көргөзмө үчүн келгенсип аз жашады: күлбөгөндү күлдүрдү, ыйлабаганды ыйлатты; бата да алды, каргыш да укту; таякты кана жеди, и-и далайын токмоктоду; барбаган кыз-кыркыны, баспаган жери калган жок, айтор, баарын көрдү. Өрттөй жанып, суу сепкендей өчтү. «Аскерге барып-келсе өзү эле токтолот» деп турганда жолдош-жоролору тепкилеп өлтүрүп салышты. Анын өлүмүнө көп деле кейиген киши болгон жок. Назармат менен Жийде апа гана жоктоду уулун...

Ошентип Акматбектин артында из калбады. Калганы – «баягы Акматча» деген ылакап менен боорду эзип, үрөй учурган укмуштар... Жо-о, бирок бир жакшы менен бир жамандын учугу үзүлбөйт: жаш болсо да жасап кетиптир пенделик ишин. Жазда жайраган жубарымбектин ашын күздө берээрде аркы өйүздүк Ысырайыл деген киши онду бүтүргөн кызын чачтан сүйрөп Назарматтын улагасына итерди да, эртеси Чүйгө көчө качты. Кыздын аты Гүлшайыр боло турган. Бирок аны эл-журт Мөөр аташчу, көз тайгылткан өңү бар эле бечаранын... Көп өтпөй Назарматтын жалпак тамында ыңаалаган наристе үнү жаңырды. Ал күндү бүт аккудуктуктар эшигинин жылчыгынан шыкаалап тыңшап турушкан. Баланын эркек экенин укканда каалгалар шарактап жабылды белем: «Атасын тартса чекеге чыккан чыйкан болор!» Табылдыны Мөөр эки ай гана эмизди, анан шаарга качып кетти. Ошо бойдон дайынсыз».

Артынан чуу ээрчитип, ак жоолукчандарга аябай жакын уулунан калган туяк, энеси эки ай гана эмизген кичинекей Табылды а-бу дегиче эрезеге жетип, чал-кемпирди кубантты. Табылды атасына бой-келбети жагынан куюп койгондой окшош болгону менен жүрүм-турум, мүнөзү таптакыр башкача чыкты. Токтоо, салабаттуу, жайдары мүнөз жакшынакай жигит болду. Аны көргөн сайын Акматбегин көргөндөй Жийде апа өксөп ыйлайт. Момураган жоош уулу атасынын жолу менен кетип эртелеп жайрап калбаса экен деп Кудайдан тилейт.

Табылдыдан калган туяк

Мектепти бүткүчө Табылды артына жаман сөз илештирбеди. Чал-кемпирдин ишин кылып, ата-апа деп сыйлап, эркелиги жок чоңойду. Кээде чечилип сүйлөп аткандагысы атасына окшошуп кеткени болбосо чал-кемпирдин ишенген уулу шаарда окууга өтүп, ошол жерден аны аскерге алышты.

«Шаарга Назармат малдан бошоп бара албады. Уулун узатканы Жийде-апа жалгыз кеткен. Кеткен менен кур келбей, жаңы төрөлгөн бала көтөрүп кайтты.

– Кетээринде эки күн жоголуп кетти таптырбай, – дейт кемпир болгон окуяны шашпай баяндап. – Издебеген жерибиз калбады. Оюма нелер гана келбеди-аа!.. – Жүрөгүнүн үшү кеткен кемпир оор үшкүрөт.

– Акыры ушуякка келер деп балдарды поюска салып жаткан жерге келсек, шоп этип чыга калып жүрөт, каралдым. Колунда бу... – Учтуу эрди менен баланы жаңсап көргөзүп. – Айланайын апаке, эчтеке сураба, суранам дейт. Бул менин уулум, эч кимге бербей бага тургула дейт. Ошентип чамаданын да албай түшүп кетти поюсуна...

Баланын атын Алмаз коюшту. Бир ай өттү, Табылдыдан «Түркмөн жериндебиз» деп кат келген. Алмазды издеген да, доолаган да киши болбоду. Ончакты күндөн кийин экинчи кат келди «Ооганстанга аттандык» деген. Анан узакка кабар келбеди. «Мына келет, ана келет» деп турганда кат ордуна Табылдынын табытын алып келип тапшырышты...»

Назармат карыя Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан. Акматбегинен калган жалгызы Табылды Ооган согушунан ойрон болуп, сөөгү келди. Жоош деген баласы согуштан кайтпай каларын билгендей артына туяк калтырып кеткенин айт. Карынын жанында эрмек болуп, ата деп желбиреп турган чөбүрөсү ушул Алмаз. Чалды ал атам дейт. Абышка дүйнөлүк уруштан жаракат алып, бирок аман келген. Анын эки иниси канмайдандан кайтпай калышты.

«Абышканы баланын үнү ойготту.

– Ата дейм!

– Ов.

– Өзүмдүн баламсың деп жүрчү ээ мени.

– Макул, айланайын! – Ушинтти да, абышка жана, биякка чыгар алдында ачуусу менен «ушу сен кайдан чыккан эмесиң!» деп урушуп койгонуна өкүндү. Өгүнү эле бу каргашалуу сөздү «экинчи оозанбайм» деп карганган ичинен. Бирок көңүл чиркиниң жаман турбайбы: басса-турса «Алмазым өз канымбы, кандай эне төрөдү экен, таяке-таасы ким, көзүм өтүп кетсе эл эмне дейт баланын башын айлантып?» деген ойлор кыйнайт. Оюна койсо ичинен кан өткөнүнө карабай энесин таап чөбүрөсүн табыштагысы бар. Ошенткенге күч кана?.. Өзүнчө эле бушайман. Ошентип беймаза болуп турганда ооздон чыгып кетет тура бейчеки кеп.

– Макул, каралдым, – деди абышка саам тына калып. Акматбеги бейбаш чыкканы жарытылуу жакшылык көрө элек. Адам баласы жакшылык менен жашка тойбойт көрүнбөйбү: көргөн жакшылыгы канча, бирок көңүл чиркиниң, үмүт чиркиниң самайт экен да кол жеткирди. Жакшылыктан үмүт үзбөдү эле, акыры келди ошо күн. Уулдун уулунун уулунан мындай сөздү угуп туру, эмне арман?..»

Назарматтын көөдөнүн кандайдыр бир жылуу сезим кыса тээп, бир аз аптыгып, жанында бараткан баласына элжиреп, ага кандай жакшы сөз айтсам деп келатты. Кез-кез көңүлүнө келе калчу күдүк оюнан өзү уялып, ошондой ойлогонуна ыңгайсыз сезип отурат. Эмне деп айтат мынабу жанында отурган баласына. Бир келген жашоону жайдаңдаган майрам деп алган Акматбегинен калган Табылдысын Ооган согушу алып, майдандан кайтпасын билип наристесин апасына алып келип таштап кеткенин айтсабы?! Алмаздын тайлары кайда, төрөгөн энеси ким – мунун баары табышмак бойдон калбадыбы. Назармат карыны кээде күмөндүү ойлор каптап, өткөнүн эстегенде бир топ суроолорго жооп таба албай калат. Алмазда өзүнүн, Акматбектин, Табылдынын каны ойноп, жаш кезинде жайран болгондордун тарых-таржымалын билбей чоңоюуда.

Аман жүрсүн

Аны Алмаз кийин билип алар. Ошондо чоң атасы Акматбек турмуштун ачуу-таттуусун жакшылап биле элегинде жок болгонун, аны менен мамиле түзгөн оголе көп аялзатынын ичинен бирөө тукумун улай турган наристени жарык дүйнөгө алып келгенин, ошол бала эр жеткенден кийин өз баласын апасына алып келип таштап кеткенин, тагдырдын татаал жиби Назарматтын уулу менен чөбүрөсүн ушинтип тушап салганын билмек. Назарматтын он тогуз баласынын көбү наристе кезинде чарчап калып, аман калган балдарынын ичинен ушул Акматбегинин тагдыры татаал болду. Табылдысы да билгендей жалгыз уулун ата-энесине таштап кайдагы бир күмөндүү согуштан кайтпай калды. Эми Алмазынын тагдыры кандай болор экен? Ага Назармат карыя эмне деп айтышы керек?! «Өз уулум» деп айтып жүрүңүз деп атпайбы. Албетте, өз уулу, анткени мынабу ак мөңгү жамынган бийик тоолор, аны улай кеткен түздүк,экөө кошулган жердеги боорду ыктай жайгашкан кыштак - Алмаздын туулган жери, анда жашаган айылдыктар өз эли. Назармат кары ушул ойду таап алганына ыраазы болуп чөбүрөсүнө мурда-кийин айтпаган, керемет сырын алдыга жайды.

«Мобу тоону кара! – Чокчо сакалын экчей күнгө, шамалга тотуккан жүзүн Баба-Ата тарапка бурду.

– Ушу тоодон чыккансың. Каның мобу суудан бүткөн, ушу суу чуркап турат денеңде. Мобереги талааны таанып ал! – Бешилик айрынын тишиндей арык, узун манжаларын тарбайтып Ара-Талааны айланта жаңсайт.

– Денең ушу топодон жуурулган. Атаң болуп эмне кылыпмын? Болгону бир уругумсуң, бутагымсың менин. Тамырың кайда билип жүр, садагам! Ушул жердин чынарысың! Ушул элдин уулусуң!..»

Бул сөз абышканын кыйла жылдардан бери сары майдай сактап келаткан сыры болчу. Тоо менен айыл, түнгө көшүлгөн табият атасы менен уулуна бир укмуш ажайып сезилип, тынбай сүйлөп келаткан карыя менен аны угуп отурган тестиер ошол түнү турмуштун бир белесин ашканын сезбей деле калышты окшойт.

Алар келаткан жолдун бир жагында айылдын мүрзөсү жаткан. Ошол мүрзөнүн четиндеги бийик эстелик Табылдыныкы, анын артында жапызыраак эстелик Акматбекке коюлган. Алардын артында калган ишин Алмаз улантат, ал азыр атасынын сыйкырдуу кебине арбалып, чөп үстүндө келатты. Артында тукуму калса ушинтип өткөнүнө кызыгып, карылыкка аз-аздан алдырып бараткан атасына эрмек болуп, анын жанында жүрөт тура. Мына бүгүн Алмаз атасы сайып берген чөмөлө чөптөрдү арабага жүктөшкө жардам берди. Үйүлгөн чөптү басып, кат-каты менен жыйганга жарап калганын көрсөттү.

Бала да жолдо араба ооп каларда жыгылып калабызбы деп чочулап, бирок атасы былк этпей отурганын көрүп, коркуп кеткенине уялып калды. Алмаздын бой жеткенин, анын кийинки тагдыр жолу кандай болорун Назармат чал көрбөй калышы ыктымал. А бирок ал атасы экөө арабага чөптү толтура жүктөп, жылдыз толгон асманды карап үйүнө келишкенин эсинен чыгарбайт болуш керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG