Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Өлбөй коюунун өктөсү


Тоо суусу.
Тоо суусу.

Каныбек Иманалиев окурман журтуна көп кырдуу талант катары таанымал.

Бул ирет анын «Мүрөк булак» аттуу аңгемеси тууралуу кеп кылмакчыбыз. Өмүр менен өлүм, бул жашоонун барк-баасы, өтөлгөсү карапайым кыргыз карыянын образы аркылуу ачылган мыкты аңгеме. Адам өлүмдөн коркуп, анын кеч келишин каалайт. А бирок ага жагдай каскак болсочу?

Кузгундун эти бышпайт

Нурак деген абышка айылда жашайт. Эч ким менен иши жок, башкалар деле аны эле карап отурушкан жери жок, өзү менен өзү. Унчукпаган түнт абышканын көпчүлүккө жарыя айтпас сыры бар. Жетимишке чыгып, андан аркы «ашууларды» багынтыштын амал-аргасын издеп, жайдыр-кыштыр «паренденин эти дары» деп канаттууларды атып жештин кыныгын алган кыйды чал. Мурда «куштун эти мыкты, боору жашты узартат» дегенинен канчасын атты? Кийин майда канаттууларды деле койбой, таранчы, жылкычы чымчык, кара чыйырчык, чабалекей, бактек, сагызган, карга, кыргоол, жору, чил, бөдөнө, кекилик, көгүчкөн, жарганат, иши кылып айыл менен тоодо учуп-конуп жүргөн канаттуулардын бирин койбой атып, этинин даамын татты. Бир гана жарым кылым жашачу кузгундун этин эки күн кайнатса да даамы чыкпай, бышпай коюптур. Калганын бүт көрүптүр. Аны менен эле тим болбой, жазгы-күзгү кой күпкө маалында «кралинди» бөтөлкөгө куюп келип, аны жылуу сууга кошуп, кадим сүттөй аппак болгондо киринип алмайы да бар болчу, бу кексе чалдын. Анысы денесиндеги жара-пара, котур-потурду жок кылчу дарысы окшойт. Ошондонбу, жетимишке чыкканы менен баскан-турганы тың, жаш адамдай шайдоот жүрөт.

«Согуш башталыптыр» дегенди уккандан кийин Нурактын кулагы укпай, тили сүйлөбөй дудук болуп калган. Токойчу болуп иштеп, кан майдан бүткөндөн кийин кулагы деле угуп, тили деле сайрап калыптыр. Ушундай чал. Саратанда күнгө какталбай, чилдеде суукка тоңбой, тамакты кылдап жеп, өз жанына катуу камкордук көрүп, баласы келиштире салган жаңы үйгө кирбей, эски үйүндө кемпири өлгөндөн кийин жалгыз жашап калган. Камбыл кишиге айла жок, эки гөлөшүнүн таманына «Н» деп жазып, көптүн арасында жоголуп кетпесин деп камдуу-чомдуу жүрөт. Анын өтө эле этияттыгын билген курбулары «кралинге жуунуп чыккандан кийин Нурактын жамбашына да «Н» деген тамга салып коюш керек» деп тамашалап калышат. Нурак абышка алар менен кеп талашып отурбайт.

Издеген адам мүрөктүн суусун табат

«Өлбөстүн суусун издейм» деп эки жумадай тоонун башын кыдырып, кыйла күн жоголуп кеткени деле билинбей эле калмак. Кемпирине айтып койсо, анысы кошуналарга шыбырап, элге жайылып кетип атпайбы. Эшегине бөтөлкө, идиш-аяктарын артынып тоо аралап жүргөнүн айылдаштары деле көрүшкөн. Кыйды чал өлбөстүн дарысын издеп жүргөнүн ким билсин. Анын үстүнө бу Чоң-Кеминде суу кенен го, колот-колоттон шаркырап мөлтүр кашка мөңгүнүн же булактын суулары шылдырап агып туру.

Издөө айыл четиндеги Ийри-Суунун булагынан башталды. Нурак абышка арбактарга багыштап куран окуп, идиш-аягын артып, «мүрөк суу кайдасың» деп издеп чыккан. Суу көп, тоодо мөңгү көп, Нурак абышка шашпай баарын бирден татып, «кайсынысы мүрөктүн суусу болду экен» деп, чын дилден издеди.

«Жолдо катар эки жарым күнчө алдынан өзөн суу да, булак суу да кездешкен жок. Ошондо «мүрөк суу өзөн сууда болот болду бекен же булактын чыккан жериндеби» деп ойлоду. «Өзөн сууда болсо анда элдин баары эле андан ичип, узак жашабайт беле? Сыягы мүрөктүн суусу булактын чыккан жеринде гана болсо керек. Бара-бара булак суу ылдыйлап, өзөнгө кошулуп көбөйгөн сайын дарылык күчү азайса керек» деп ичинен бүтүм чыгарды.

Бир түнөп Ичкенин суусуна келип, эшеги менен өйдөлөп сууну бойлоп барып, булак башынан ичти. Чопо жер болгондуктан шор даамданат. Мурдагы суусунун артканын төгүп, жаңы булактан куюп толтуруп, түштөн кийин Жаңырык кыштоосундагы сууга жетип, карагайдын арасына эс алды.

Жакын жерден Жаңырык суусуна кошулган көздүн тамчысындай булакты көрүп, анын көзүн ачты. Кичине чуңкурча жасап, ага булак суусу толгондо кочуштап ичти. Булакты тегерете жалбыз өскөндүктөн жалбыз даамданып турат экен, аябай жакты. Маашырлана жеңин түрүнүп, колун суулап, жайкалган ак сакалын сылап алды».

Ушул булактан анча алыс эмес жерде Манастын ташы турчу, аны жолчулар төмөн кулатып ийишкенден бери Каныкей Эненин булагына барчу жол опуртал болуп калыптыр. Нурак ага бара албады. Ала чыккан азыгы азайып, мүрөк суу издөөнү токтотуп, жайлоодогу койчулардыкына келди. Ал жерде эшек минип, бөтөлкө, идиштерди артынган аксакалдын эмне издеп чыкканына кызыккан деле киши болбоду. Тек «сом кара» бөтөлкөнү көргөндө жүзү жайнай түшчү Ыйманкул гана бөтөлкө менен канистрлерди сууга толтуруп алган абышкага аябай таң калды. Идиштерине кымыз толтуруп алса ишенмек. Таза суу, мүрөктүн суусундай дары суулар жайнап агып атса ким аны кудайдын убарасын тартып артынып алат? Ичер сууну кыргыз бараткан жолунан ичип, аны артынып-уртунуп жүргөн эмес да. Ыйманкулдун таң калганынчалык бар - бу кексе чал эшегине толтура суу артып алыптыр. Чоң-Кеминдин оо кыйла жерин кыдырып, өрөөндү тең жарып өтчү чоң суу башталган бийик тоолорго келди. Элдин айтуусунда, мүрөктүн суусу Мөңгү көлдө болушу мүмкүн.

«Муздагы тишти какшатат, суугу мээге чыгат. Ошентсе да муз даамы кайра-кайра ичкиңди келтирет. Бир аз тыныгып, анан Мөңгү көлгө куйган мүрөк булакты издеп жөнөдү. Көлдүн аркы жээги аскага барып такалгандыктан ал жакка бара алчудай эмес. «Сыягы жээктеп барсам көрүнүп калар» деген үмүттө мөңгүлөрдүн күн чыгыш тарабын көздөй басты. Чоң таштарды аралап бир аздан кийин мөңгүнү кечүүгө туура келет. Ошо мөңгүгө тай чабым жете бербей шылдырт эткен үн угулду. Бут алдындагы чоң таштардын арасынан болор-болбос суу жылтырап көрүндү. Чыныгы мүрөктүн өзүн тапкандай сүйүнүп кетти. Ал булак суу бирде көрүнбөй, бирде көрүнүп барып Мөңгү көлгө куят экен. Кай жерден куяры белгисиз. Суу акпай эле ак, көк бермет шурулар таштан сыйгаланып, чубуруп жаткандай сезилди. Тердеп-кургап таштарды жылдырып, омкоруп атып сууга жетти. Ичинен ырым кылып, күндү бир карап бата тиледи. Суу эптеп кочушуна толгон менен чыканагы ташка урунуп, булактын суусу оозуна жеткиче эле жарым-жартылай төгүлүп калып атты. Ошонусу менен да кымбат көрүндү. Моокуму канганча суудан ичти. Даамы бир укмуш. Тамагы, ашказаны муздай түштү. Ушул жакка келип мүрөк суусун татып жатканына өзүнө өтө ыраазы. Өмүрүндөгү эң бөксөсү толгондой сүйүндү. Жүрөгүндө бир керемет сезимдер оболоду. Өмүрдүн, ырыскынын, өлбөстүктүн даамын жалгыз өзү татып жаткандай маңдайы жарыла кубанды. Чын эле дем, кубат ала түштү.

Ала келген бош идиштерин кочуштап отуруп жарым күн дегенде араң толтуруп, кудуңдап кайра үйүнө кайтты. «Кишилер келсе ичкенге ылайыктуу болсун» деп Мүрөк булактын оозун ачып кетти. Кайра кызганыч ой келип, болор-болбос кылып оозун таш менен калап койду».

Чын эле мүрөктүн суусун ичкен окшойт. Ошондон кийин Нурак чал эшегин кыдыңдатып иши арбып, өзүн жаш сезип, демдүү жүрдү. Кыя кесип жылкы этин жеп, казы-карта чучукту калтырбай, тамагын аспиеттеп, «кылканы тамагыма туруп калат» деп балык этин жебей, жетимишинде мүрөк суусун тапкан абышка дагы 22 жыл өмүр сүрдү. Туш келген тамакка тап бербей, тандап жеп, Мүрөк булакка жаштарды жөнөтүп дагы алдыртып, тың жашады. Карыянын турмушу калыбынан жазбай, мүрөк суусунан ичкен адам узак жашай турганын ырастап, дагы жай турмушун уланта бериши деле мүмкүн болчу. Бирок арадан бир кайгылуу окуя болуп кетпесе Нурак абышка былк этмек эмес. 92ге чыккан абышканын курбулары бу жалганды таштап, анын балдары менен тең кишилер аксакал болуп калган. Ошо мүрөк суусун издечүдө артынан ээрчип ит болуп алган короочусу бир күнү жоголуп кетпеспи. Неберелери эр ортонун мээлеп калган маалда, Арман аттуу чөбөрөсү ата-энесине таарынып асынып алыптыр...

«Демейде кабыргасы мынчалык кайышпаган Нурак аксакалга бул кайгы катуу тийди. Айрыкча боз үйдөн жаш баланын өлүгүн алып чыгып атканда өзүнө келген өлүмдү небересине ыйгарып жибергендей өзүн күнөөлүү сезди. Өлгөнгө келгендердин жүзүн карай албады. Эптеп эле үн чыгарып эчкиргени болбосо көзүнөн да жаш чыкпай калды.

Өлүктү табытка салып, мүрзөнү карай алып чыга берерде аялдардын чаңырыгы кулактан өтүп жүрөккө жетти. Чөбөрөнүн жаш энесинин ачуу үнү менен кыйкырганы чоң кайнатасы Нурак чалдын кулагына уюп калды.

- Кырчындай баланы албай, куураган чалды албайбы, кудай ай, кудай!

Ушул сөздү укканда көзү караңгылап, башы тегерене түштү. Тамагы каргылданып муунуп, сүйлөй да албай калды. Казылган көрдү тегеренип топурак салып жатканда элдин баарын өлүмгө буюруп, жалгыз өзү тирүү калып жаткан чыккынчыдай сезди. Топуракты кармаган бойдон оң колунун манжалары карышып ачылбай койду. Колдун каруусу кеткенби же тарамыш түйүлгөнбү, түшүнүксүз. Анын колун ачылганча эл күтүп отурмакпы, шаша-буша күрөк менен чаңдатып көөмп киришти. Анан сол колу менен топурак салды.

Өлүктү коюп кайра үйдү карай өкүрүп келишти. Аялдар тамактан чыгып, эркектерди күтүп атышкан экен. Ошол жерде катын-калач, келин-кезек баары жалгыз Нурак чалды карап:

- Кырчындай жашты алганча, куураган чалды албайбы, кудай, - деп каргап-шилеп жаткандай сезилди. Бу жарыкта өзүн ашык адам катары сезди».

Кайгыга баткан үй-бүлөнүн карыган чал менен кандай иши болсун? Үшкүрүп, азалуу отурган көпчүлүк Нурак чалдын жок болгонун элес деле алышпады. Аксакал өзүнө дары катары колдонуп ичип жүргөн уу коргошундун тамырын сууга кайнатып ичип, ууланып өлгүсү келди. Денеси нымшып, жаны жер тартып уктап кетти. Уу коргошундун тамыры да жардам бербей, чал өлбөй калды. Ачуусу менен сары майдай сактап келаткан мүрөктүн суусун төгүп салды. Анын узак жыл өлбөй келатканына ушул бөтөлкөдөгү мүрөктүн суусу айыптуудан бетер ачуусу катуу келди. Кычашкансып суусап атканын айтпайсызбы. Чал ансайын өжөрлөнүп суу ичпей, музоо байлаган жипти таап алып, асынып өлүп алуунун камына киришти. Какаганга муштаган ушул да, музоо байлачу жип чирип калган экен, асынмакчы болгон абышка жиби менен ороого кулап түштү. Аны менен эле чалдын аракети токтолбоду, башына мүшөк кийип алып жолго жатып алды, «машине тебелеп кетсин» деди. Кайдан, айылдык трактирчи «мас болгон бирөө жатып алган го» деп токтоп, чалды көрүп үйүнө жетелеп келди.

Ошондон кийин балдары абышканы кезектешип кайтарууга өтүштү. Чөбөрөлөрүнүн бирөө уктап калганынан пайдаланып, чалгы менен кан тамырын кыркып жанымды тынчытайын деген аракетинен да майнап чыкпай, айылдык доктурду чакыртып аман алып калышты. Чал эч ким менен сүйлөшпөй, эч кимди көргүсү келбей, чөбөрөсү Армандын гана атын атап, өлүмүн күтүп жатып алды.

Анын оюна бийик тоо арасынан мүрөк суу издегени, аны тапканы, өзүн бапестеп минтип кылымга жакын өмүр сүргөнү, кемпири, курбулары элестеп, катарынан калган каркырадай чабагандап, өзүн бу жарыкчылыктан узата албай жатышкандай аябай кыйналды. Минтип тирүүлүктөн кетүү кыйын болорун билсе ал мүрөктүн суусун издебейт деле болчу. Мына эми «атылбай калган аркардай, аксакал чыккан жүз жашка» демекчи, узак жашоонун маңызы жанындагылар, жакындары менен көркүнө чыгып, маани-мазмунга ээ болорун, аттиң, эске алган эмес экен.

Ичкилик ичпей, чылым чекпей, шайкелең адамдар менен чогуу баспай, жалаң өзүн гана аспиеттеп, кыйналып-кысталып мүрөк суусун издегени чекилик болгон окшойт. Кузгундун этин эки күн кайнатса да эт болбой коюшунда кеп бар экен. Айылда бир да курдашы жок, кадыр-көңүлүн айттырбай билип турчу байбичесин жерге бергенден кийин жанталашып тоодон тоо кезип өлбөстүктүн мүрөгүн неге издеди экен? Жашоо сааты акырына келип атканда ага келчү ажал чөбөрөсүн алып кетерин ойлогон деле эмес. Мүрөктүн суусун Арман деп атап койгон урпагына ичирсе болмок экен. ​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG