Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 21:55

«Баарыңар эле айтып калдыңар…»


Иллюстрациялык сүрөт.

Рыскул Калдыманов айылда жашап, мезгилдүү басма сөздө жарыяланган азыноолак чыгармалары болбосо, адабий процесске кызуу аралашкан жок.

Кыязы, андай дымактуу максат-мүдөөнү ал киши алдына деле койбосо керек. Кыргыз аңгемесинин классикасынан Рыскул Калдымановдун «Ажы ата» кыска баяны тууралу кеп кылсакпы деп турабыз.

Казан-аяк карыны жүдөтүп иет экен

«Ажы ата» аңгемеси 1991-жылдын соңунда айтылуу «Ала-Тоо» журналында жарыяланган. СССР деген өлкө кулайын деп турган, пландуу экономика бир четинен ыдырап, адабий турмуш ойго келбес оорчулукка капталар алдында Рыскул Калдымановдун аңгемеси чыккан. Бу кезде Рыскул аба пайгамбар жашын этектеп, бирок да адабиятка деген ышкысы тынч койбой, окуп-жазып иштеп жаткан кези болсо керек. Анын кепке алынган аңгемесинде жөнөкөй бир карапайым адамдын узун, ошол эле учурда татаал өмүр жолу камтылган. Жалаң өлүм-өксүк жайында кеп боло бергенинен чыгарманы сентименталдуу прозага, сезимтал-жашык аңгемеге кошсо деле болот. А негизи аңгемеде адам турмушу, тагдырдын ташпишине айласыз көнгөн бир пенденин башына түшкөн жакшы-жаман тиричилиги сүрөттөлгөн.

«Ажы карыя кемпири каза болгондон бери бир топ кыйналып калды», деп башталат чыгарма. Байбичеси экөө бири-бирине жаман сөз айтпай, көңүлүн оорутпай жашап келатышкан. Чал-кемпирдин баласы жок эле. Жалгыз калган аксакалга кошуналары, тууган-туушкандары каралашып, башында тиричилик кыйынчылыгы анча сезилген эмес. Анын үстүнө бир адамга эмне керек? Бир кесе тамактан башкага зыяны жок карыя үчүн эшик алдындагы малын кароо, айрыкча жалгыз уюн күндө саап туруу болбосо кайдагы түйшүк? Дагы жакшы, кошуна келин келип уюн саап, уютуп, анысы аз келгенсип кирлерин жууп берет. Ошол бечара күйөөсүнүн токмогун жеп, кемпири каза болгондон бери коколой башы калган карыга колунан келген жардамын берет. Ажы ата элпек келинге басса-турса батасын берип, алкап отурат.

Ажы кемпиринин артынан бу жалганды таштап кетсем эле деп калган. Кыйла күн ооруп жатты. А бирок анын ичер суусу түгөнө элек бейм, ошо төшөк тартып жатып калганда колу жеңил айылдык дарыгер келип аман сактап калды. Айылдык дарыгер, кошуна келин, анан курбалдаштары үзүлбөйт, абалын сурап, көңүлүн көтөрүп кетишет. Ал эми жакын деген туугандарынан бир да бирөө абалын сурап келе элек. Ажы карыя алардын оюн деле билет.

«Тээ береки Оторду айтсаң, эки ата өтүшкөн эле тууганбыз. «О, кантип атасың?» – деп бир келип көрүүгө жарабайт, чиркин. Менин өлүмүмду тилейт. Короо-жайым, мал-салымды ээлесем дейт. Ал да жазуу-буйруктан. Менин таарынычым кимге өтмөк эле» деп коёт өзүнчө күңкүлдөп. Күндө таң азандан туруп, уюн саадырып, өзү айран уютчу болду. Колу-башы калтырап үй ишине эби келбейт. Бир айылга кадыр-барктуу карыя тагдырдын башка түшкөн жазмышына дуушар болуп, мына бүгүн казан-аяктын туткунуна кабылды. Ал идиш-аяк менен алпурушуп жатканда баягы келин кайын энеси экөө кирип келгенин сезген жок. Уйкудан жапа чеккен, кызарган көзү менен жалдырай карап:

- Оо оокатың курусун, - деди колун этегине аарчып. Келинден уяла түшкөндөй тетири бурулуп кетти».

Келин менен кайнене аксакалга аял таап берүүгө келишиптир. Ажы карыя кемпиринин кыркылыгы өтө электе аял деп ооз ачкысы келбей, теңтуштарынын тамашасын да жоопсуз калтырган. Бейиши болгур кемпири түшүнө кириптир. Тирүү кезиндегидей эле чалын бөпөлөп, чайын куюп, экөө жайма-жай отурушат. Карыя түшүндө «бу өлүп калбады беле» деп ойлойт, антпей эле экөөнүн божурап сөзү бүтпөйт. Анан эле түшүндө эшик алдындагы терек шамалга омкорулуп кулап түшүп, ордуна жаш чынардын көчөтү соёлонуп чыгып келатат. Ажы аксакалды таңданткан ушул түшү болду. Денесин бир жылуу сезим аралап, демейде эсинен чыгып калчу көп түштөрдүн бириндей унутулуп калбай көңүлүн ээлеп калды. Кары адамды ушул түшү бир топ ойлорго салды, эчен күн өтсө да жадынан чыкпай кала берди.

Минтип кыйналып, карыганда казан-аяк кармап калгыча Ажы ата өлүп калганды өйдө көрүп, жашоодон деле тоюп калган. Чын эле кыйналбай бу жарыкчылыктан узап кетсе ыраазы болмок. Бирок да бу пендеңин ичер суусу түгөнгүчө кыбырап жашоо-турмуш арабасын тарта берет экен. Убакты-сааты болуп калса теңтуштары эшик алдына чогулуп, аны шакабага алышат. «Тиги Ажар эринен чыгып келди дешет го» дешип, айылдагы башы бош кыз-келиндерди айтышат. Ажы чал алардын бирине да мойноп макул болбойт. Карыганда катын алам деп кимге шылдың болсун! Бирок мынабу идиш-аяк, саалбай калган уй, ордунан табылбай калчу туз, чай-чамек – ушулар жүдөтүп ийди. Кошунасынын кантип кыйналып атканын көрүп туруп кемпир менен келини акылдашканы келип отурган жайы экен.

« – Ажыке, угуп туруңузчу, - деди кемпир сөз түйүнүн чечмекчи болуп. – Өлгөндүн артынан кошо өлө бербейт. Тирүүгө жашоо-тиричилик керек. Тиги Ажар сизге ылайыктай көрүнөт. Акылдашалы деп келдик. Буга кандай дейсиз?

- Ажарбы? – деди Ажы ата тиги келинден жазгана түшүп, жер карап кетти.

- Оорукчал гана кургур. Эрге камчы салдырбаган, колунан иш да, аш да келген, өтө тың.

- Ал түгөтүң жаш неме экен. «Өрт чалган дүмүрдөй ары жок Какбаш» деп, бетимден апчып албайбы.

- Макул эле дей бериңиз, ата, энемдин сөзүнөн чыкпаган, кадырлаган кишиси боло турган. – Келин да энесинин сөзүнө кошула калды.

- Ай, таң, ким билет, балам. Кемпиримдин арбагын кыялбайм. – Абышка кирпиктерин улам ирмеп тунжурай түштү. Бир оокумда: - Баарыңар эле айтып калдыңар. «Мен макулмун» деген сөз оозунан кантип чыгып кеткенин өзү да сезген жок».

Ажыны ыбырсыган тиричилик түйшүгү жүдөтүп салган эле. Бир күнү үйүндө ширеңке жок, эртеси туз жок. Ошол жоктордун баарын жадына түйүп дүкөнгө барса ал жерге айылдын баары чогулуп калган экен. Таңкыс буюм келгенде ушундай. Ажы аксакал элдин арасынан күйөөсүнөн ажырашып келген Ажарды да көрдү. Уяты кармалгандай артка бурулуп үйүнө келе берди. Ошондон кийин үйлөнүү тууралуу сөзгө чекит коюп, өлбөстүн күнүн өзүнчө өткөрүүнү чечкен.

Ажардын адамгерчилиги

Бирок андайга кошуналары менен айылдаштары көнбөй, кошуна кемпир Ажыны ээрчитип Ажардын үйүнө алып барды. Кемпирдин сөзүнө, Ажы атанын кысылып-кымтылып атып айтканына Ажар алгач макул болбоду. «Бекер убара болупсуңар» деп үйүнөн узатып койду. А бирок ошондон кийин Ажы атанын көөнүндө кичине ишеним пайда болду. Аял ээрчишип келгендерди катуу сөз айтып үйүнөн кууп чыккан жок. Анын муңайым жүзү, турмуштун соккусунан тажагандай маанайы эсинде кала берди. Бир жолу өзү эле баргысы келип, бирок орто жолдон тартынып үйүнө кайтты. Баштаган ишин аягына чыгармайын жаны тынбаган кошуна кемпир Ажарды акыры Ажыга алып берди. Буга ал кубанган да, кайгырган да жок. Буга чейинки жашоосу аягына чыгып баратканда кокустан болуп калган бир иштей көрдү. Кемпирин жерге жашыргандан бери деле кыйла убакыт өтүп, ыбырсыган үй тиричилиги аны биротоло басынтып койгон эле.

Ажардын келиши менен үй ичи аябай өзгөрдү. Ажыны таңдандырган нерсе идиш-аяктардын өз ордуна туруп, бардык жумуштардын убагында бүтүшү болду. Ажар келгени Ажы да башкалар менен тең чалгы чаап, кара жумушка кирип кетти. Айылда түйшүк түгөнбөйт го. Турмуштан жедеп тажаган экөөнүн тиричилиги жанданып, жашоосу жаңы нукка түшүшү менен бул үйдү дагы бир жаңылык басты. Бир жылдан кийин Ажыны аялы кубантып, наристе үнүн угузду.

«Бу турмушта бирөөнүн бактысын же жаман-жакшысын көрө албагандар да чыгат эмеспи. «Ушу абышкадан экенин бир Кудайдын өзү билет. Көрүнгөн жигиттер менен шыңкылдашып кеткенин кантесиң. Ой, бети жок ий…» Ушул өңдүү сөздөр кээ бир ушакчы катын-калачтан чыга да коюп жүрдү. Ажар апанын кулагы кай бирде чала калат. Көңүлү иренжийт. Жүрөгү сыздайт. Өзүн токтоо кармоого аракеттенет. Бүгүн айдын он беши деген түнү Ажар апа каканагын жарып, дүйнөгө наристесин алып келди. «Ыңаалаган» үндү укканда Ажы ата өзүнүн эмне болуп баратканын сезген жок. Сакалы ылдый жашы куюлуп, сүйүнгөнүнөн боюн токтото албады. Ал Жаратканга жалынат. Манжылы атага жалынат. Жер-суу, тоо-ташка жалынат. Өзүнө окшош быйпык мурун уул тапкан байбичесине жалынат. Дегин жалынбаганы калган жок. Эл чакырып той берип алгысы келет. Арадан күн өткөрбөй балага ат коюуга ашыгат».

Зарылып тапкан уулуна Зарылбек деп ат койду. Бирок да бул кубанычы узакка созулбай, уулу эмгектейин деп калганда Ажар байбиче ооруканага жатып калды. Энени кызыл эт балапанын каз-каз тура электе таштап баратканы кайгыга салды. Зарылбекти жарык дүйнөгө алып келген ата-энесинин өмүр жашы аягына чыгып бараткан болчу. Ошентип өмүрү бала үнүн укпай келаткан Ажы ата жашоо-турмушун жаркырткан соңку бактысынан ажырап, кызыл эт балапаны менен эски үйүндө дагы жалгыз калды. Аялын жерге берип келгенден кийинки анын эрикпей сүйлөшчү адамы ушул жалгыз уулу. Оюнда болгон, көкүрөгүн өйүгөн сырын жалгызына айтат. Анысы атасын угуп жата берет. Согушка барганын, канча канабайрамдан өлбөй аман калып тууган жерине келгенин, бул жерде наристе үнүн уга албай жашы өйдөлөп, минтип пайгамбар жашынан өтүп баратканын, анан үйүнө кут келип уулдуу болгонун айтат. Баласын жылаңач койнуна салып алып короодо ары-бери баса берет. Баарынан да бир кездеги түшү туура келгенин ойлоп, ошого таң калып, бул дүйнөгө жаңы келген туягын бапестеп багып өстүрүү эми анын милдетине айланып калганын ойлойт.

Уулу эми атасынын жолун улап, атын унуттурбайт. Ушул сезим ага дем берип, тукумун улаган Ажарына эстелик тургузуп, уулун ээрчитип чоңойтууну максат кылат. Көрсө турмуш мээрман адамына, боорукер пендесине жакшылыгын аябайт экен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG