Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:08

Кош келипсиз, мейман Күн


Баткен.

Нууман Сайдуллаев чыгармачылыгын журналистикадан баштап, кийинчерээк айылында өкмөт башчы, райаким кызматында иштеген.

Убакты-сааты боло калганда адабий чыгармачылык менен алектенип, бир топ китептерди жазган. «Кыргыз аңгемесинин классикасы» берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы сүрөткердин «Күн башбакты» чыгармасына арналат.

Чоң ата, небере, илбирс талпак

Аңгемеде эки муундун - чоң атасы менен небересинин мамиле-катышы, ал аркылуу бир үй-бүлөнүн жашоо-турмушу сүрөттөлөт. Өмүр суусу аягына чыгып бараткан карыянын жалгыз уулу жакшы чыкпай, бирок бактысына табият сезимтал, боорукер неберени берген. Аксакал кишинин аты деле аталбайт, тек чыгарманын аягында небересинин ысымы белгилүү болот. Чалдын үйү, аны улай кеткен жол, айылды жарып аккан дарыя – мына ушул пейзаждык атрибуттардын фонунда окуя өнүгүп, конфликт чечилет, чыгарма жыйынтыкталат.

Усталыгынын аркасы менен күн кечирип келаткан чалдын «өнөрүмдү уулум улантып кетсе» деген изги тилеги бар эле. Анысы ишке ашпай калды. Жаш кезинде мергенчи, кийин минтип устачылык кылып жашоо-тирилигин тынч өткөрүп аткан чал өткөн-кеткендерди эскерүү менен жашап калган. Жанында небереси гана бар, ошону менен ынак. Илбирс талпакты бергенден бери ал чоң атасынын жанынан чыкпай калган. Мергенчи чал илбирсти доңуз ок менен аткан, колтугунан кирип, денесин тешип чыгып кеткен экен. Илбирс талпакты көргөн сайын мергенчилиги эсине түшө берет. Доңуз ок илбирсти жыккан, аны ойлогондо чалдын эсине аракеч баласы түшөт, балакеттүү арак жалгыз уулун жыгып түшпөсө экен... Чалдын колунан эмне келмек? Жалгыз уулу, катуу айта албайт. Анын үстүнө ден соолугу жакшы эмес, «жалгызым балдарымдын багына аман жүрсө болду» дейт.

Бул небереси чоң атасына оюна келбеген калааты суроолорду берет. Мынабу маңдайкы бийик жол кайда алып барарын айтсынчы. Айласы куруган чал «бул жол созулуп отуруп Фрунзеге барат» дейт. Сол жакка кеткен жол да ашуу ашып, таш басып отуруп Маскыбага жетип токтойт экен. Ал эми ылдый кеткеничи? Бул ылдыйкы тегирменге алып барат. Балага атасынын ушул жообу жакты, тегирмен деген керемет сыйкырдуу жерди ал жакшы көрчү. Тегирмен болсо дарыянын аркы өйүзүндө, тажик маалада.

Кыргыздар тегирменди алда качан эле жыйыштырып салышкан. Дүкөндө ун тирелип турса ким эле данын тегирменге тарттырганы суу кечип өйүзгө өтсүн? Айылда коммунизм - дүкөндө эмне гана жок?

Баары жайнап турат - арагы, уну, майы, чайы. Тегирмен жүргүзгөнгө эч кимдин мойну жар бербей, баары даярга көнүп, автоунаа мингендер азайган. Техника чыкканы жер айдап, малалап, суюлтуп, жайды-жайлата жасалчу мээнеттин баары ошо бечаранын мойнуна жүктөлгөн. Бирок чал менен балага ат минген жагат. Тегирменди эстеген чал уулун учкаштырып үч күн мурда таштап келген жүгөрүсүн алып келишке чыгынды, небереси да жол деп калды.

«Баланын түшүнө бүгүн жол кирди. Жол узун-узун, узун-узун экен. Ошол узун-узун жол кирди. Ал узун жолдо атасын ээрчип баратыптыр. Баса, атасын эмес, атасынын изин ээрчип баратыптыр. Атасынын аттам-аттам издери жерге ныгырылып калыптыр. Жер баткак экен. Ал ошол издерди кууп баратты. Жөн гана эмес, ошол атасынын таман издерине түшүп алып бут коюп баратыптыр. Баратып эки-үч курдай тайгаланып да кетти.

- Атам неге тайгаланбайт? – деп коёт бала. Кайра өз суроосуна өзү жооп бере салды: - А-а, ал деген мерген чарыгын кийип алган да. Мерген чарык тайгаланбайт. Ал тайыса аскага кантип чыкмак? Мен да жасатып алсамбы…

Бала дагы эле басып баратты. Басып баратып бир жерге келгенде токтоду да артына кылчайды. Артында бир эле из калыптыр. Ал да болсо атасынын изи. Ийри жолдогу ошол издер бир кызыктай туюлду, балага. Ошондон улам болсо керек, ал да өз изин көргүсү келди...»

Баланын көзү илинсе эле укмуш түштөр кире берет. Бир ирет атасы Маскыбада башка эле бир баланы мойнуна мингизип алыптыр. Баланын жини келгеничи! Тигил бала болсо түшпөйт, өз атасынын мойнуна минип алгансып деле болбойт. Дагы бир жолу түшүнө ай кириптир. Үлбүрөгөн назик ай, дирилдейт. Бала аны атасына айтып берсе «жолуң жарык болот экен» деп жоруган. Бала ошол түштөрү менен жашачу.

Көзүн ачкандан кийин атасынын жанын койбой суроолорду жаадырып, түшү менен өңүн жакшы ажырата албай жашап келатат. Аракка сүңгүп кеткен өз атасын унутуп, эрмеги эле чоң атасы, жанынан чыкпайт. Чоң атасы ушу азыр терини бир четинен тилип, тынчы жок адамга эрмек, өзүнө жумуш таап, небереси менен кобурашып отурганына ыраазы. Бир кызык жери, бала түшүндө дайыма атасы салган из менен гана басат, андан чыкса эле тайгаланып, кыйналып жатып ойгонуп кетет. Баланын учкул кыялы ошентип токтоло элек. Жыргал. Кудум самолёттой кайкып учат, туңгуюкка түшүп кеткеничи. Балага атасынын ушунусу жагат.

Баары мынабу жолдон улам чыгып отурбайбы. Мына азыр тегирменге баратканда баласы атасын, атасы болсо жаш кезин, мергенчиликтин ышкы-кумары азгырып, тоо-ташта жойлоп жүргөн кезин эстеп баратты. Ал кезде тегирмен да көп эле, ун тоскогу бети-башын агарткан тегирменчи келген-кеткендерди тосуп-узатып, жашоо жандуу эле. Азыркыдай айыл дүкөнүн аңдып, ачкыл сууну гана ойлогондор жок эле. Баары иш менен алек болуп атса убакты-саатын бекерге ким өлтүргүсү келсин?!

Чалдын ою ылаалап келип эле аракеч баласына, андан небересине бурулат. Кыялкеч небереси «качан көпүрөгө жетер экенбиз» деп аттын бышкырганын санап келет. Кичинекей баланын түгөнбөс суроолорунан тажаган абышканын «аттын бышкырыгы отузга жеткиче көпүрөгө жетип калабыз» деген жооткотмосуна бала ишенип алган. Ылаалаган ат отуз ирет бышкырды, бирок көпүрө алыс экен, ага жеткиче ат дагы отуз ирет бышкырышы керек окшойт. Көпүрөгө жете электе отуз ирет бышкырып ийген ат калпычы го?

Ошентип өз ойлору менен алек болгон ата-бала көпүрөгө жете келишти. Карашса көпүрөнү суу алып, аркы өйүзгө өтүш мүмкүн болбой калыптыр. Абышка менен небереси суу жээгинде азыраак эс алып, анан кайтмай болушту. Тоо дарыясы урунуп-беринип үйдөй таштарды ала салдырып үйөрлөнүп агып атыптыр. Баланын учкул кыялы көзү көргөн, көкүрөгү туйган нерселердин баарын жомокко жалгаштырып, чоңдор түшүнө бербеген нерселерди жасап алчу.

Дөө чычкан качан келет?

«Бала үн дебестен жерге түштү. Атын аркандап болгон чал нараак басты. Басып баратып эскертишти да унутпады: - Сууга жакын барба…

- Макул, - деди бала. Мында басып бошонду да, кайра келип, аттын жанындагы сом ташка коомай отурду. Жээгин шалп-шулп ургулап кирген дайранын агымын кооптоно карап турду. Кез-кез кара-кочкул суу ташкынынын шарактаган шоокуму арасында карс-курс деген доош угула калат. Атасы көрүнө бербейт. Ошондо бала атты эш тутат да жүрөгүн бар аз басат. Тоо суусунун кирген кезин мындан жакындап көрбөгөн баланын жүрөгү туйлап, денесин майда калтырак да баса баштады.

Чал кайра келгенде бала дайрадан бир топ окчун жерде отурган эле:

- Аа, тайым, корктуңбу? – деди чал.

- Корктум. – Бала мойнуна алды.

- Ээ, жигит да коркуучу беле? Эмнеден корктуң?

- Суунун алдын тыңшасаңыз эле, дөө басып жүрөт, - деди бала. Чал да тыңшай калды. Бир кезде таш дагы карс-курс этти».

Дарыя сүрүнөн чочулаган бала суу дөөдөн чочулап атасынын алдына отурду. Ошондон бери көпүрө оңдолбой, үзүлгөн жол уланбай, бала менен чал тегирменге бара албай жүрүштү. Тегирмендеги каптарга тирелген уну эмне болду экен? Чал небересине «чычкандар каптагы эгинди ташып кетет» дегенден бери баланын ою дөө чычканга бурулуп, ошону элестетип калган. Килейген капты тартып кеткен дөө чычкан аябай чоң болуш керек! Булардын үйүнүн бурчун оюп алган чыйпылдактар алардын кичинекей баласы окшойт. Качан келет болду экен, дөө чычкандар? Булар өйүзгө өтүп тегирменге баргыча тартылган жүгөрүнү чычкандар ташып кетишет го.

Уста чал менен небереси ушинтип жашай беришмек. Эртең менен күн чыгат, убакыт билинбей өтөт, бала чоңоюп, атасы болсо жарыкчылыктын соңуна бараткан. Баласынын суроолоруна ичи эзилген атасы бир күнү эркетайынын «дарбыз башы» бышкан-бышпаганын текшермей болду. Бала башын тосту, атасы аны акырын чертти, бышайын деп калыптыр.

«Бала ыраазы боло жылмайды. Ошол көтөрүңкү маанайы менен терезени карады эле нур чагылышты жүзүнө.

- Күн башбакты,- деди бала сүйүнчүлөп.

- Кош келипсиз, мейман Күн де!

- Кош келипсиз, мейман Күн! – Экөө тең терезени карап калды.

- Жүр эми, күндү утурлап сыртка чыгабыз. - Сыртка чыгышты. Чал күндү саамга карап турду да анан аркы кичинекей бөлмөнүн эшигин кыйч эттирип ачты.

- Сен да талпагыңды алып чык, тайым! – деди чал, ичкериден эмеректерин алып чыгып келатып. Бала илбирс талпагын сүйрөп чыгып, чалдын оро-парасына отура кетти. Ал манжалары менен көзүн тосуп, салаалары арасынан күндү шыкаалап карап жатып мындай деди:

- А-а, абам бүгүн да мас болуп келди. – Бала өз атасын «аба» дечү. Баланы чал тик багып карап калды да күңк этти: - А-а, бар оокатыңды ит жегир, дагы апаң менен ырылдаштыбы?»

Ошол күнү чал менен небереси чогуу жатышты. Келини кайнатасынын жүрөгү начар экенин билчү, небереси аны алаксытып эрмек болсун деген экен. Баланын аты Эрмек болчу. Чоң атасы экөөнүн сөзү түгөнбөй, түн оогончо кобурашып жатышты. Небереси уктагандан кийин жүрөгүн мыкчыган чал жашоонун ушунчалык таттуулугуна биринчи ирет тан берип, өмүр суусу түгөнүп баратканына зээни кейип, буга чейинки жашоосун көз алдынан өткөрүп, коюу түн алдында эңгиреп турду. Жарыкчылык менен ушинтип коштошот экен да...

Жалгыз уулу ичкилик сазына түшүп, күн кур эмес мас, атасынын абалы менен иши деле жок. А бирок Жараткан аны ичер суусу түгөнөр чакта бир керемет жанга жолуктурду, чал небересине ыраазы болчу. Кудай өмүрүн берсин. Атасы өтүп кетсе чын дилден жаш төгүп, Күн менен учурашып, жарык жүз, жакшы маанай менен аны чын дилден жактырган бир кыялкеч адам чоңоюп жаткан. Чал ушуга каниет кылды. Өмүр бою тыным албай, дайыма кыймылда жүргөн карыны минтип жүрөгү алып түшкөнү турат.

Кызылдай мээнет менен мал таап, тиричилигин өткөрүп келаткан чал кемпири өлгөндөн кийин биротоло жүдөп, маанайы таптакыр түшүп калат беле, минтип акыркы күндөрүндө жанында Эрмеги болуп, оор ойлордон ошол сактап, нааразы карыны жарыкка үндөп жан баласы жанында туру. Чалдын акылы бир гана нерсеге жетпей койду. Жанагы ичкич уулу акчаны кайдан табат болду экен? Канча акчаны, канча дүйнөнү ушу ырыс кесер эле ичип түгөттү. Башка жагынан чалдын санаасы тынч болчу - билген улуу сөздөрүн, жомогунун баарын ушул эркетайына айтып берди. Эми эмнени айтмак? Сапар карыды...

Нууман Сайдуллаевдин бул аңгемеси токсонунчу жылдардын башында аты уйкаш китебинде жарыяланган. Өкүнүчкө, чыгармачылык баралына келип турган чагында 2018-жылы Нууман Сайдуллаев бу дуйнө менен кош айтышып кете берди.

Элет турмушунун бейкам жашоосун өзгөчө бир ынтаа менен сүрөттөгөн жазуучу кийинки жылдары тарыхый темага кызыгып, бир топ кызыктуу чыгармаларын жазган. Анын аңгемелери 1982-жылы «Коломто» деген ат менен чыккан. Кийинчерээк «Күн башбакты», «Жоголгон күн», «Хан Шырдак», «Назым шиңгилдери» китептери жарык көргөн. Нууман Сайдуллаев көркөм-психологиялык прозанын чебери эле. Пенде баласынын ичте кайнаган ой-сезимдери менен аракет-кыймылын ыктуу кыйыштырган лирикалык прозага жакын болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG