Линктер

бейшемби, 25-апрель, 2019 Бишкек убактысы 23:50

Сакманчы менен келиндин сыноосу


Акжолтой Текинаев окурмандарга кара сөзчү катары таанымал болчу.

Анын аңгемелери менен повесттеринде көбүнесе жаш адамдын турмушка аралашуусу, ошол жолунда учураган тоскоолдуктар психологиялык жагынан ынанымдуу баяндалат. Бүгүн биз жазуучунун «Солдаттан келгенде» аңгемеси тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Токол үйдөгү тоң турмуш

Социализм заманында айыл чарбасына жамы журттун жардамы тийчү. Эрте жаздан сакманчылык башталчу, анан саратан жайда чөп чабык, күзгүсүн тоют топтоо, дыйканчылык аймактарда тамеки тизим, пахта терим күч алчу. Акжолтой Текинаевдин аңгемеси мына ушул сакманга барган жигиттин чоң турмушка аралашуусу кантип жана кандайча башталышын көрсөтүүгө арналган.

Алыскы тоо арасындагы жалгыз үй Шакин деген койчунун короосуна жеткиче Айдар кыйла эле кыйналат. Өңгүл-дөңгүл жолдо машине секирген сайын башына тар келген аскер тумагы учуп кетчүдөй. Айдар анын айласын таап, кулакчаларын түшүрүп бекем байланып алды. Бирок маңдайдан урган муздак шамал аны ичиркентип, аскер чапанынын этек-жеңинен кирип, калчылдап үшүп чыкты. Тоо ичиндеги тар жол узаргандан узарып, аягына чыга албай баратканда бою талыкшып уйкусу келе баштаганын айт.

Жазуучу табияттын көрүнүшү менен каармандын ички ал-абалын эриш-аркак сүрөттөйт, тоо да сууктан жүдөгөн, Айдардын «денеси чилденин тушунда муздак суу ичип алган козудай калтырады».

«Тоо ичи бөтөнчө кунарсыз, күндүн көзүн көрө электигине көп болгон. Бир маалда ошол эле жетишпей тургансып майда жаан кудум атыр чачкычтай себелеп кирди. Акыры ыйынып өкүргөн машине кырга чыгып күңгөй беттеги таш короонун бурчунда узунунан керилте салынган токол тамды көздөй бурулду».

Жайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Жайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Негизги окуя ушул жерде өтмөк, аңгеменин башындагы «калтыраган козу» деген салыштыруунун конкрет маани-мазмуну кийин ачыкка чыгат. Тоо арасындагы жалгыз үйдү каалагандай башкарып келаткан семиз кемпир аскерден келген боз уланды жактырбай, анысын меймандан жашырбай жатканынын себеп-жөнү кийин ачыкка чыгат.

Жаңы сакманчы келгенде «кызыл жүздүү алп кемпир аюуча майпаңдай машиненин жанына кышылдай басып» келишинин артында жашырын сыр бар экен. Кемпирге мындай бейсынак бирөөнүн ал күнү келбей койгону эле жакшы болчу.

Бир короо койду, козуларын бир четтен сатканын сатып, акчасын өзү алып, өзүндөй кара мүртөз уулун кыңк эттирбей башкарган кызыл кемпир акчаны жакшы көрчү. Анын портретин тартууда автор коюу кара боёкту аянбай сүртөт. «Жерге түшүп кетчүдөй болгон денесинин толуктугунан кара тукаба чыптамасынын көкүрөк топчулары муунуп туруштук бере албай мына-ана үзүлгөнү турат». Кемпир совхоздун бир короо коюн менчик малындай эле урунчу. Ошондон улам ал Айдарды сакманчылыкка алып келген совхоздун зоотехниги канча кой төлдөгөнүн сураса чынын айтпай жашырып, анын канча козу туулганына кызыгышын жактырбайт. Зоотехник кемпирдин айтканын гана жасап, ошонун гана ыгында болсо аны кадырлуу мейман катары тосуп алышмак.

Сакманчы болуп барганда

Кемпирдин жанына келген сакманчы Айдар аскерден келгенден кийин үч-төрт ай бош жүрүп, быйыл жайында окууга барганга чейин кичине тыйын-тыпыр таап алууну чечкен. Ал келип-келбей эле кемпирге жакпай калды. Айдарды ыраазы кылган бир жагдай - мына ушул тоо арасындагы жалгыз короодо бир кезде жактырган классташ кызы, бул үйгө айласыз келин болуп калган ашыгы жашайт экен. Ушундай да жолугушуу болобу, ойдо жок жерден кездешүү. Үйдө тамак камын көрүп аткан жаш келин бир кездеги сүйгөнүнө кыска гана сырын айтууга үлгүрөт.

« - Солдаттан келгениңди уккам. Өгүнү айылдан келгендер сөз кылышты эле…

- Бир топ болду. Ылайыктуу иш жок. Убактылуу болсо да иштеп турайын дедим.

Гүлсүн Айдарды тик карай албады. Ал бирде күйүп жаткан отту көсөө менен ичкеретип, бирде көмөч казанга камырын салып тынч алган жок.

- Мени болсо уккандырсың, - деди ал бир маалда, өзүнө нааразы болгон кишидей.

- Уктум.

- Буйрук деген ушундай экен. Айла-амал түгөнүп… - Сөзүнүн аягын жутуп койсо да анын маанисин Айдар даана түшүндү».

Чекчейген кемпир эшикте турганда экөө кенен-кесир сүйлөшө алышпайт. Булардын ортосундагы жашырын сезимди билип алгансып кемпир Айдарды ар кандай жумуштарга жумшай баштайт, чай ичирбей туруп «тиги чөптү жыйнап, короого киргизип койгун» дейт. Ал сыртка чыгып кеткенде келинине «Ысмандын бул баласы дудук болуп келгенби» деп, аны жактырбаганын билдирет. Баарын өзү билип, тескеп көнгөн кемпир «келинди жашынан» дегендей Гүлсүндү да катаал тартипке көндүргөн. Азыр ушу очорулган аялдын айткан-дегенин дирилдеп аткарып турган, оозунда сөзү жок келинди бир кезде мектептеги эң алдыңкы окуучу, жанынан көргөн уландардын ичине чок салган жаракөр бийкеч эле десе ким ишенет? «Тагдырдын башка салганы» деп арманын ичке катып, катаал кайнене менен кызыл камчы күйөөнүн азабына чыдап аткан. Мунун баары аз келгенсип минтип булардын тоодогу жат көздөн далдоо жашоосуна дагы бир ойдо жок сыноо келип албадыбы.

Айдар Гүлсүндүн күйөөсүн көргөндөн кийин анын абалын айттырбай эле билди. Тоодогу чоң короонун четиндеги үйгө каш карайганда үксүйүп анысы келди. Алгач «ортон колдой узун бойлуу кара сеңсел ичигинин эки этегин белиндеги кара курга илген, отуз бештер чамасындагы жигит үйгө киргенде дөө киргендей бөлмө толо түштү. Анан Айдар менен салкын гана учурашып шырдак үстүндөгү кара сеңсел көлдөлөңгө олтура кетти.

- Э-э катын, тартчы чокойду?! – Анын биринчи эле сөзү ушундай чыкты. Кире бериштеги Гүлсүн бешиктеги баласы ыйлап жаткансып чуркап келди.

- Тарт, катуураак эле тартсаң, арам күчүң чыгып кетсин!

Мындай мамилени Айдар түз эле өзүнө алып чабандын эмелеки сөздөрү ичин уудай ачыштырды. Гүлсүн түйүлө калып, чокоюн бутунан сууруп алганда иттин өлүгүнөн айрыгыс шыбоо жыт аралады, үйдүн ичин.

«Кечээ эле мектепте окуп жүргөндө кирпигине кир жугузбай, чачпагына чаң жугузбай» жүргөн гүлдөй назик Гүлсүн ушундай ахывалга келген турбайбы. Бул байкуш кайсы бирине жетишет… Тиги желмогуз бак-дөөлөтүнүн түбүнө уу суу куюп курутуп бүткөн экен…» Ушул суук сезим Айдардын денесин тырыштырып турду».

Койчу жаңы келген сакманчысын «сен али молокосос экенсиң» деп тамаша-чындап басынтып, «койлор кыйгас төлдөй баштаганда кайсы жакка чуркашыңды билбей мээ кайык болосуң» деп какшыгын жылдырып, козуларды өлтүрүп алса төлөй тургандыгын эскертет. Айдарга дөөдөй болгон койчунун эскертүүсүнөн да аялына кылган мамилеси көңүлүн чөктүрүп, бир кезде ашыктык сезимин козгогон бийкечинин адам ыйларлык абалына ичи ачышып, ага өзү күнөөлүүдөн бетер маанайы чөгүп отурду. Ушундай адамга турмушка чыгышка кантип макул болгонуна таң калып, ичинен эмне болуп жатты экен, болгон ою меш жанында колу тынбай иштеп аткан Гүлсүнгө бурулуп турду. Анын күйөөсү чоң кесе шорпону түгөтүп, отурган жерине эле жамбаштай калгандан кийин Айдардын көзү камыр жайып, казандагы этти бышырып жаткан Гүлсүндө гана болду. Бөлмө ичинде сөз сүйлөнбөй, ишке келсе деле биринчи күнү мейман каадасы кылып, сый-урмат көрсөтчү сакманчысы менен энеси да, баласы да сүйлөшпөй, үй ичи тымып турду.

Куржундагы козулар

Бул жерде иштеген жалгыз келини эле экен, эт бышканда ал суу чабыштырып отургандардын колуна суу куюп, дасторконун жайды. Ага улай этти өзү туурап кирди, ага жардамдашайын деген Айдарды кемпир токтотуп, Гүлсүн этти майда туурай турганын мактанычпы же какшыкпы, анысын ким билсин - айтып кирди, иши кылып, бирөө иштеп калганы анын колунан даам сызып отурушту. Бешбармак желгенден кийин чай ичели дешсе суу түгөнүп калыптыр. Кош чаканы көтөрүп сууга жөнөгөн Гүлсүнгө Айдар чындап жардам бермей болду. Сырт бөлмөдө чака талашкан эки жаш кыска убакыт ичте буулуккан сезимин чыгарышка мүмкүнчүлүк алышты. Алоо жаштык ушунусу менен кызык го.

«Бетттери беттерине тийишип көз ирмем жакындаша түштү эле экөөнүн тең денеси удургуп, жилик майы козголуп, тумчуга сорушту.

- Суу алчу жерди таба албайсың го, - деди Гүлсүн эсине араң келип, Айдардын кучагынан кутулууну самап. – Көрүп коюшат.

- Табам.

- Таба албайсың.

- Табам деп жатпаймынбы!

- Тигине тетиги жакта.

Түнкү абада ташка тийген чаканын дабышын Гүлсүн үйгө кирип баратып укту. «Мүнөзү баягы мектепте окуп жүргөндөй эле. Жыты да…» деп койду ичинен ыраазы болуп».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Негизги окуя ошол түнү болуп өттү. Айдар чоочун жерде уктай албай, анын үстүнө койчунун коңуругунан тажап, Гүлсүн эмнеге үйгө кирбей, сыртта жүрүп алганына таң калып жаткан. Үйдөгү керелден кечке жаны тынбаган кызматы аз келгенсип эми ал түнкү күзөткө чыккан экен. Ошентип уйку-соо жатканда ууру басыш менен сырттан бирөө кирет. Түнкү бейтааныш Шакинди ойготуп, акырын сүйлөшүп атышканынан ортодо жашырын иши бар экенин Айдар да угуп калды. Бейтааныш «Айдарды сыртка чыгарып ийбейсиңби» дегенине койчу: «Буларга эмне, уйку, тамак, кийим. Башкага башы катпайт. Мурдунун богун арта албагандарды жиберишет, сакманга» деп беймарал отурушат.

Бейтааныш эки бөтөлкө самогон, анан бир топ акча алып келиптир. Самогонду экөө ичип, акчаны кызыл кемпир алды. Эки бөтөлкө самогонду алеки заматта ичип коюшкан экөө сыртка чыгып кетишкенден кийин Айдардын кулагы Гүлсүндүн ачуу кыйкырыгын уккандай болуп, шашылыш кийинип сыртка чыкты. Сыртта куржундагы ак козуларды Гүлсүн менен түнкү бейтааныш экөө тартышып, бири бербей, экинчиси жабышкан аялдан жулуп ала албай, ачуусу келген Шакин сөз укпаган Гүлсүндү токмоктоп аткан экен.

« - Бербейсиңби?! – Гүлсүндү көк желкеге алакандын сырты менен койду эле, көмкөрөсүнөн талп этип чылага жыгылды. Айдар ушу тапта чыдай алган жок. Эриндери ок тийген куштун канатындай дирилдеп чуркап барып Шакиндин колун толгой кармады. Чырагдан кемедей чайпалып, бүдөмүк жарык бүт короонун ичин кыймылдаткансыды.

- Ой, ой! Бул ким болуп кетти! – деп кыйкыра баштады козу алганы келген неме, көзү чанагынан чыга алактап.

- Чап акмакты! – деди Шакин.

Эки уурту бултуйган неме, базарда жүрүп колундагы сатып алган кымбат буюмун жерге түшүрүп ийип сындырып алгансып, деңдароо болуп бир азга турду, анан камчыны кере шилтеди. Айдар денесине тийген биринчи камчыны жеңил көтөрдү, бирок Шакиндин толгонгон колун коё берген жок.

Самогонго тойгон экөө Айдарды чарчаганча урушуп, эс-учун жоготкон сакманчы кыймылсыз жатып калганда былтыйган түнкү конок акчасын кайтарып алып качып жолуна түштү. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда чабак аткан Айдар эртеси түшкө жуук эсине келгенде машинеси менен келген зоотехник аны ооруканага алып жөнөйт. Гүлсүндү тоодон түзгө түшкөн жерден жолуктурушту. Зоотехник «сакманчы менен келиндин ортосунда иш болуп, анысын күйөөсү билип калып уруш-жаңжал ошондон чыккан го» деп ойлоп келаткан. Айдар ага ооруканадан мурда милицияга болгон ишти билдире кетүүнү сурангандан кийин гана тоодогу түнкү окуянын чоо-жайын боолгоду».

Акжолтой Текинаев «Жылдыздар эч жакка кетпейт», «Чабандын уулу», «Аппак кар», «Окшош эмес күндөр», «Эстей жүр» сындуу китептердин автору.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG