Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Сүйүү жалынын өчүргөн калп


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жапар Саатов окурмандарга журналист, кара сөзчү катары таанымал болчу.

Анын аңгемелеринде адамдар ортосундагы мамиле-катыш, моралдык-этикалык категориялар алдыңкы планга чыгып, адамгерчилик бийик сапаттар даңазаланат. Бүгүнкү кеп жазуучунун “Сыр түйүнү” аңгемеси тууралуу болмокчу.

Эки доско жаккан кыз

“Сүйгөнүнө кошула албады” – бул тема жалаң кыргыз эмес, жаамы дүйнөлүк адабиятта ар кыл өңүттөн аңдалган, толгон-токой мотивдер менен шөкөттөлгөн тема. Бирин-бири жактырган, арзышкан жаштардын көңүлүн калтырып, махабатын ойрон кылгандар кадимки “Олжобай менен Кишимжанда”, “Аксаткын менен Мырза уулда”, “Ромео менен Жульетта”, “Отелло” баштаган драмаларда армансыз эле жазылды окшойт. Жапар Саатовдун эки жашы ошондой карасанатай күчкө туш келип, экөө эки жакта калып, чындык калкып чыкканда бармагын тиштеп “аттиң” деп күйүттө калгандар.

Абыл менен Жайнагүлдүн махабатына чыккынчылык кылган жигит деле жат-жалаа эмес. Болгондо да досу, экинчи жагынан Жайнагүлдүн айылдашы. Ал эми ортодогу сүйүү сезиминин катаал сыноого туш келишине кыз да, жигит да бирдей айыптуу эле. Алардын баёолугу, ишенчээктиги экөөнүн бактысын талкалап, ара жолго таштап кетти. Ким билет, эки жаш ачууга алдырбай, белгисиз каттагы сүрөттүн чоо-жайын, ушактардын кайдан чыкканын териштирип алышса, кайгы оорусу, саргайган санаа жүгү болмок эмес. Көрсө бул жашоодо арттан келип далыга бычак урчу душман алыстан келбейт экен, адатта ал жакын деген адамыңдан, жан-дилин арнаган досуңдан чыгарын ким ойлоптур.

Абыл менен Жайнагүлдүн алоо сезимин өчүрүп, жаркын маанайын кайгы-муңга бастырган карөзгөй ким? Аңгемеде бирин-бири жактырган эки жаш, анан аларга тоскоол болгон үчүнчү каарман – Бакас адамдын ичи-койнуна заматта кирип кеткен шылуун, сыртынан бапыраңдап ачык көрүнгөн кыйды жигит, ушул үчилтиктин ортосундагы мелодрама баяндалган.

Чыныгы сүйүү уяң, тартынчаак, анан да баёо болору мына ушул үчөөнүн аракет-кыймылы, бири бирине жасаган мамиле-катнашы аркылуу дагы бир жолу ырасталат. Абыл менен Жайнагүл чынында эле бири-бирине куп жарашкан, бою, ою, турум-турпаты менен төп келишкен жандар эле. Окуя жайдын күнүндө, Фрунзе шаары гүлгө оронуп, айлана аңкып турган керемет учурда өтөт. Жайнагүлдүн портретин автор мындай кыскача сыпаттайт: “Көгүлтүр жибек көйнөгү кара көз, кара каш, толмоч бетинде нокот сыяктуу калы бар жапалдаш боюна жарашып турат. Бутунда ак носки менен кийген такасы жапыс моделдүү боз туфлий. Чачын эки бөлүп өрүп артына таштап коюптур”.

Бул эми өткөн кылымдын 60-жылдардагы жаштардын модасы. Окуу, эмгек, иш менен алек болуп, жаштар а кезде биринчи орунга билим алууну коюшчу. Андан азыраак бошогон убакта жолугушуп, сыр чечишип, келечек тагдырын аныкташчу. Абыл менен Жайнагүл деле окууну бүткөндөн кийин турмуш арабасын бирге тартып, анын азап-тозогун чогуу көрүшкө бел байлашар беле. Бирок алардын тагдыр жолун ажыратып ийчү карасанатай күч жанында туруп калган. Экөө тең анын коркунучун сезе элек. Экөөнөн башка да бул дүйнөдө жаман-жакшы адамдар бардыгын ойлой элек, баары жаңы бүр ачкан гүлдөй жайнап тургандай, жадыраган сезим толкунунда балкыган эки жаш.

Эки жаштын бактысына көз көрүнөө от жаккан Бакас айылдагы кадырлуу деген кишинин, башкарманын баласы. Ошол кишинин айтуусу менен жогорку окуу жайына окуй тургандарды таап келгени барган Абыл Бакас менен таанышып, аягында дос болуп, эмне кыларын билбей аягы сай таппаган досун шаарга окууга алып келген. Ошол досу кечинде киного барышка макулдашып, бирок келбей койгон Жайнагүлдүн жатаканасына бараткан жерден жолугуп атат. А дегенде айтылчу кеп сөз айылдагы жаңылык, ата-эне, тууган-урук жашоо-тирилиги.

“ – Апаң менен атаңдын ал-жайы кандай?

- Атам деле баягы колхоздо. Апам быйыл оорукчан болуп кетти.. Колхоздун жумушуна катышпайт. Казан-аяктан куткарып, келин жумшап берейин десем, же айылдагы кыздар көңүлүмө жакпайт. Шаардагы кыздарга үйлөнөйүн десем, “бизге шаарда окуган кызыл ооз кыздарыңдын кереги жок, аны менен акыйлашып олтура албайбыз. Эптеп эле ысык чай кайнатып берип, жаныбызга тынчыраак неме болсо болду” деп, апам жаа бою качат. Анан ушинтип эле уйгу-туйгу болуп жүрүп жатам. Баса сен, баягыдан кийин эле биздики жакка такыр каттабай койдуң го. Эми барсаң бир чериңди жазат элем”.

​Бакас шаарда кандай да болсо Жайнагүлдү имериштин аракетине өтүп, тымызын иш-аракетке киришкен. Абылды үйүндө конок кылып, ат мингизип тоого алып чыкканда аны улам-улам сүрөткө тартышы бекер эмес экен. Ошол сүрөттөрдүн бирине башка бир кыздын өңүн чаптап, аны эч нерседен капарсыз Жайнагүл кызга жөнөтүп ийген. Аты-жөнү белгисиз “табышмактуу сүрөт” эки жаштын мамилесине чоң жарака түшүрүп, терең конфликтке жол ачып, минтип заматтын ортосунда өзгөрүлүп кетерин Бакас өзү деле күткөн эмес. Сүйүшкөн эки жаш кайдагы бир белгисиз сүрөттөн улам ажырашып кетери, ишенчээктик менен баёолуктун арты ушундай өкүнүчкө алып келери кимдин оюна келиптир? А бирок Бакас анын баарын алдын-ала жакшылап ойлонуп туруп баштаган болчу. Экөөнүн сырын тартып, ортолук байланыштын ичке жиби кайсы жеринен “чырт” үзүлүп кетерин билген. Жайдаңдаган Бакастын андай кыйдылыгын эки жаш сезе элек, тек сезим менен жашап атканда минтип жайдын күнү “мөндүр жаап” атпайбы. Жасалма сүрөттү улай Абылды жаманатты кылган кат жазылып, ортого олчойгон жик салынды. Эми андан экөөнүн кутулуп чыгышы кыйын болуп калган.

Калп казаны канча кайнайт?

Ушу тапта социалдык айдыңда жайнап жаткан калп – “фейк” маалымат ошо социализм заманында деле кездешип калчу. Сүрөт тартууну өздөштүрүп алгандар үчүн мындай жасалма сүрөт жасоо оңой экендигин, ага ашкан таланттын деле кереги жоктугун айылдан келген куулук-шумдукту билбеген баёо кыз кайдан билмек? Каттагы сүрөттү көргөндөн кийин бу балакеттүү сүрөттүн чын-бышыгына жетпей, ишенген адамынын ушунчалык эки жүздүүлүгүнө жини келип, жактырбаган адамынын этегин кармап баёо кыз айылына кетип отурбайбы.

Бакас кыздын башын айлантып, жалганга ишендирип, үйүнө алып кетти. Ушуну менен сүйүү “үч бурчтугу” аягына чыгышы керек эле. Ортодон чыга калган “үчүнчү” максатына жетип, ишенчээк кызга үйлөнүүгө мүмкүндүк алды. Бакас Абылдын көңүлүн калтырыш үчүн биринчи жолукканда эле кызды жамандап, аны эки анжы кылууга жан үрөгөн.

“ – Бул, ким деген киши, сен тааныбайсыңбы Бакас?

- Өз айлымдагы кишини кантип тааныбайын. Абдыгул деген неме. Нечен жылдан бери жылкычы болуп иштейт. – Жанаша бастырып бараткан Бакас атын теминип алып, жанагы кишини жактырбагандай бетин бырыштырды. – Качан болсо эле кызым… кызым деп оозунан түшүрбөйт, же кызы киши кызыккандай неме болсо экен.

- Кызы кайда окуйт?

Бакас башын кылжыңдатып, ажыкыстана жооп кайтарды:

- Анын кайда окуганын билгениңде, кызын сага бермек беле.

- Анчейин эле сурап жатам да…

- Анчейин сурап жатсаң, аты Жайнагүл. Фрунзедеги кыз-келиндер педтехникумунда.”

Аны уккан Абыл сырын жашырбай Жайнагүл экөөнүн мамилеси бардыгын Бакаска айтып берген. Биринчи аракети оңунан чыкпаган Бакас досчулуктун белгиси деп колундагы саатын чечип Абылга сунган. Абыл менен жолуккан сайын Бакас Жайнагүлдү жаманатты кылуунун далбасасын жасачу. “Баса, баягы Жайнагүлдү азыр эле мен бир жигит менен коюн-колтук алышып, караңгы бурчта турганын көрдүм”. “Сенден мурда аны менен мен да жүрүп, ата-энем жактырбай койгондон кийин, албай таштап кеткем. Менден кийин райком комсомолдо иштеген дагы бир жигит менен таанышты. Айылга бара калганда, ал экөө эрди-катындай болуп бирге жүрүшөт.”

Калптын казаны антип боркулдап кайнай баштаганда чындык чыркырап, ортону түкшүмөл, арасат ойлор ээлейт. Абылда күмөнсүү пайда болуп, сүйгөн кызынан шек санай баштаган. “Чын эле мен Бакас айткандай аягы суюк арсызга жолуктумбу? Жадаганда адамгерчилик кылып эшикке чыгып коюуга жарабады ээ.” Ошентип апачык ушак таратып, калпты сүйлөгөн досунун карасанатайлыгына Абыл жасалма сүрөттү көргөндөн кийин гана ишенет. Жасалма cүрөт Абыл үчүн да күтүүсүз болчу. “Мен жалжактап күлүп, уйгактай жабышып калыпмын. Конверттин ичинде андан башка жарым барак да, ага жазылган бир ооз сөз да жок экен”.

Бакастын эки жүздүүлүгүн Абыл мына ушул каттан кийин билди.

“ – Аттиң, Бакастын эки жүздүүлүгүн сезбеген энөөлүгүмдү карачы! Көрсө, иштин баарын иритип, Жайнагүл экөөбүздүн ортобузга от жагып жүргөн ошол турбайбы. – Чөнтөгүмдөгү баягы сүрөттү да сууруп чыгып, скамейканы тарс бир койдум. – Ишенсеңиз бул кыз менен сүрөткө түшмөк тургай, өмүрүмдө көргөн эмесмин. Эми эмне кылуу керек?”

Бирок, баары кеч болуп калган эле. Жайнагүл Бакастын калпына ишенип, аны ээрчип айылга кеткен. Жайнагүлдөн ажыраган Абыл мындан ары үйлөнбөскө шерт кылып, сүйүүдөн көңүлү калган.

Жайнагүлдү алдап үйлөнгөн Бакас айылына келип дүкөнчү болуп, мурдагысындай эле калпты шыпыртып, бош убактысын ичкилик менен өткөрө баштаган. Анын үй-бүлөлүк турмушу жакшы жүрбөй, ортодо уруш-талаш, таарыныч-урунучтар көбөйгөн. Ошондон ал айласыз “даалдап жүргөн бир байкушмун” деп отурат.

Ишенчээк кызды айылдагы үйүнө алып келгенден кийин Бакас ата-энесин алардын үйүнө жөнөткөн. Бирок Жайнагүлдүн атасы кудасы алып келген мал-мүлктү албай, жетелеп келген бээсин артка кайтарып ийишкен. Айыл эрегишкен эки үй-бүлөнүн тиреши эмне менен бүтөрүн күтүп, баары түпөйүл болуп турушкан. Бакас “эптеп жүрүп бир кептерди” колго түшүрүп алса, ал айласыз баарына көнүп отуруп калат деген. Андай болбой калды.

Жалган менен калпка үй-бүлө бактысын курууга болбойт. Үй-бүлө чын дилден чыккан таза сезимге, чындыкка негизденгенде гана бүр ачып, жыпар жытын чачмак. Бакас бирин экинчисине жамандап, ушак таратып ишенчээк кызды алдаганга жетишкени менен, аны бактылуу кыла албады, ынтымактуу үй-бүлө курулбады. Алдамчылыктын арты ушундай бүтүшү керек эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG