Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Мен бүгүн үшүп турам, көчөдөмүн...


Иллюстрация.
Иллюстрация.

“Мен бүгүн”. Бир нече жылдан бери Москвада эмгектенип жүргөн Азамат Омош жаңы эле басмадан чыккан алакан отундай китебин ушинтип атаган.

Мигрант- акын береги ырлар жыйнагында өз тагдыры аркылуу чет жерлерде иштеп жүргөн мекендештеринин түйшүгүн, үмүт-тилектерин, ой-мүдөөлөрүн күүгө салып ырдайт.

Кыш. Чилде. Аяз - суугу чыкылдаган.

Төрөт үй. Акушерка тыпылдаган.

Бир аял толгоо тартып жатат ана,

Кара тер маңдайынан чыпылдаган.

Ал менин апам эле.

****

Бир аял толгоо тартат. Жер айланат.

Үзүлүп омурткасы. Жан далбаса.

«Ыңга-аа!» деп тирүүлүккө салам айтам.

Ачылган жарыктыкка ак дарбаза –

Ал менин апам эле.

****

Жарк этип Күн көрүндү күлүп турган,

Жаркырап жарык болуп күйүп турган.

Жер, Ай, Күн, жылдыз, чексиз космос болуп,

Элжиреп тиктеп мени сүйүп турган,

Ал менин апам эле!

****

Төрөлдүм. Уул элем балканактай.

Дүйнөнүн шаңын кара, салтанаттуу, ай!

Сүйүнчү! - деген кабар асман-жердин,

Чуркады ортосунда чапкан аттай –

Апамын сүйүнүчү!

“Ал менин апам” деген ырдын автору Москвада эмгектенип жүргөн мигрант жердешибиз Азамат Омош. Мигрант-акындын январь айында басмадан чыккан “Мен бүгүн” деп аталган ырлар жана котормолор жыйнагы апаларга арналган ушул ыр менен ачылат. Эгер ободогу убак ченелүү болбосо, алакандын отундай бул китептеги ырлардын көбүн сиздер менен чогуу окумакмын.

Себеби, китеп 130 нускада чыккандыктан, калың элге тамчыдай да болбойт. Себеби, кырктын кырына эми чыккан автор ортого салган ойлор, байкоолор, тагдырлар мага мен жана сиз жөнүндө, чет жерде жүргөн “Күндүз жумуш, сары санаа учу жок,/ Түндө түмөн ойлор мээсин кемирген/ Бир ордунда күлү додо журту жок” (“Мигранттын ыры”) мигранттар жөнүндө.

***

Мына бирөө, таңдан туруп кар күрөйт,

Шорок тартып сары суусун мурдунун.

Насыясын төлөйт бирөө жан үрөп,

Кантсин анан, той өткөргөн кургуруң.

***

Да бирөөсү айылына там салып,

Өзү мында, эми бала окутат.

Түшүнүксүз сезим ичин аңтарып,

Түшүналбайт, Бишкеги жат, Ошу жат...

***

Көптөрүнүн балдары бар айылда,

Араң-араң кайталанган жаңырык.

Барса барат кышта бир же жайында,

Сагынч канбай, ичте түтөп каңырык.

***

Эки муун: Бириси кар күрөгөн,

Бири ата-эне мээрин аңсаган.

«Атаң кана?» - деп сураса бирөөлөр,

«Мына» - дешип телефонду жаңсаган.

«Апаң кана?» - деп сураса бирөөлөр,

«Мына» - дешип телефонду жаңсаган.

“Москва”

Орусиядагы кыргыз мигранттар. 2015-жыл.
Орусиядагы кыргыз мигранттар. 2015-жыл.

​Ал эми алыста жанын сабап иштеп жүргөн ата-энелердин тилек-мүдөөсү эмне!

Биздин тилек: Нан издетип сагырдай,

Балабызды тентитпесин жазмышы.

Биздей болуп утулбасын турмуштан,

Балдарыбыз жерге тийип далысы.

Үмүтүбүз - алыстагы Кыргызстан,

Өкүнткөнү - элдин-журттун алысы...

“Мигранттын ыры”

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:33 0:00

Эмгек мигранттарынын балдары ата-энесинин жытын, ысык демин унуткан. Ал үчүн мигрант-акын чүрпөсү алдында өзүн күнөөлүү сезет. “Кечир, уулум, жакшы ата болбодум” деп үзүр сурайт. Анткени, акын өзү, анын мууну ата-эненин мээримин көрүп чоңоюшкан.

Эркелеткен үнү ойготуп апамдын,

Эрте менен кубат эле тулкума.

Күн жыттанган мойнун жыттап атамдын,

Кеч киргенде кетет элем уйкуга.

***

Ысытмалап ооруп калсам эт ысып,

Тең айланчу атам, апам кашымда.

Көкүлүмдөн улам сылап, бек кысып,

“Шуу” жыттачу ооруп турган башымдан.

***

Кечир, уулум, жакшы ата болбодум,

Тиргиликке шылтап койгон күкүкмүн.

Сенин көөнүң мээримиме тойбоду,

Киймиң бүтүн, көңүлүңдү үшүттүм...

“Кечир, уулум, жакшы ата болбодум”

Деген менен жашоо уланууда. Балдар чоңоюшууда. Бой жеткендери мигранттардын катарына кошулуп, жашоонун ачуусун да, таттуусун да, лазатын да улуулар менен бирге татышат. Анын бир көрүнүшүн Азамат Омош “Корпоратив” деген ырда мындай сүрөттөйт.

Адамдардын маанайы шат, жаркылдап,

Ар-ар бурчтан күлкү чыгат шаңкылдап.

Тиги жигит бир аз кызып калганбы,

Тынбай салат чайнап жатат шалпылдап.

****

Эстрада кулак жарат дүңкүлдөп,

Эс-мас кылат шайтан чырак үлпүлдөп.

«Мына азыр баса калсам» - дедиртип,

Мына келин бийлеп жатат сүлкүлдөп.

****

Даңгыраса ыры немис, түрктөрдүн

Делөөрүтөт күчү арам күчтөрдүн.

Бооз уйдай араң турат кайкалап,

Бөтөлкөдөн бели ийилип үстөлдүн.

****

Корпоратив! Мындан ашык сүйлөбө!

Чектен чыгып кетсең «Бетим, ий!» - дебе.

Жылан болуп бийлеп жаткан мына кыз,

Жакында эле бир болсо эрге тийди эле.

***.

Эркин сынап эркек менен аялдын,

Элде жок салт, деги кайдан жаралдың?

Кыяматта барактатып кайнаткан,

Корпоратив — кастүрүлү арамдын!

Мигранттар Ата журтундагы кырдаалга Москвада жүрөбү, Сеулда жүрөбү, Чикагодо жүрөбү, турнабай салып, байкап турушат. Бул аларга, Москвада жашаган мигрант - акын кызыбыз Нарсулуу Гургубаеванын сөзүн пайдаланып айтканда, “баскан жолун, башат тегин” унутпай жүрүү үчүн керек.

Мигранттардын Кыргызстандагы саясий-экономикалык жагдайга берген баасын Азамат Омоштун “Апрелде окко учан досума” деген арман ырынан окуйбуз.

Шейит дешти,.. оозуң келбей келмеге

окко учтуң, же ичээр сууң кем беле?

Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың:

«Өзгөрбөптүр... Өлдүм эле эмнеге?»

*****

Ооба, досум, ба-а-ягыдыдай жашообуз,

Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.

Баса, сага эсим барда айтайын,

Бакиевден башка азыр ажобуз.

*****

Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,

Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.

Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,

Депутаттар «Ак жол» менен бир өскөн.

****

Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,

Эки сөзүн «Кудайлаган» каапыр көп.

Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,

Азыр бизде “Апрелдик баатыр” көп.

****

Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,

Чыкпай калган "Багыт" дагы, "Добуш" да.

Кремлдин көзүн карап калганбыз,

Шу бир болсо тизгинибиз оруста.

*****

Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле,

Жататтырсың түшүналбай сен деле?

Калпак ошол, калпак кийген баш башка,

Апрелде өлдүң эле сен неге?

Алмашпаган өзүң көргөн система,

Муну билсең өлбөйт элең сен деле.

Азамат Омош бүгүн бели майышып, сөөгү зыркырап турса да, ата мекенинен келечегине бекем ишенет! Анысына мигрант акындын “Мен бүгүн” деген ыры далил.

Мен бүгүн үшүп турам. Көчөдөмүн.

Кеселдей күрсүлдөймүн, жөтөлөмүн.

Бул күндү мага байлап берген эмес,

Бир күнү көкүрөктү көтөрөмүн.

***

Билемин, азыр мага кыйын заман,

Ээлеген эси-дартты «Тыйын заман».

Эртеңдин таңы атат жарыгыраак,

Жүрөктө үмүтүм бар кыйылбаган.

***

Мен бүгүн төгөрөктү кезип кеттим,

Үй-жайдан өрт чыккандай безип кеттим.

Манастын руху менде жүргөн менен,

Өзүмдү би-ир бечара сезип кеттим.

***

А бүгүн үшүп турам, көчөдөмүн,

Өпкөдөн кагынгандай жөтөлөмүн.

Билгиле, мен Манастын урпагымын,

Бир күнү көкүрөктү көтөрөмүн!

2017-жыл.

Мындай тилек бала-чакасы, ата-энесинин камын жеп, ошонусу менен Ата журтунун ирденишине өз үлүшүн кошуп жүргөн жүз миңдеген мигранттардын жүрөк пульсу менен жарыша кагат деп ойлойм.

Эгерде Азамат Омош үчүн апа өмүрдүн башаты болсо, аял – улуттун намысы, колукту, жандырмагы белгисиз табышмак. Анүчүн “Деги сен кимсиң, аял?” деп суроо салат акын.

Деги сен кимсиң, аял?

Кимсиң деги?

Ааламсың кең ааламдын ичиндеги.

Жанаша жашап жүргөн табышмаксың,

Чечилбес жандырмагың ичиңдеги.

****

Эркектин эриш-аркак жары сенсиң,

Көңүлгө ачуу-татуу дары сенсиң.

Бузулсаң бир улутту жер караткан,

Уяты, намысы да, ары сенсиң.

****

Мүнөзү мээримдүү да, ажаан дагы,

Эрки бош, керек болсо тажаал дагы.

Түн да сен - көзгө сайса көрүнбөгөн,

Таң да сен – шоола сымал азандагы.

****

Деги сен кимсиң, аял, деңиз белең?

Көйкөлгөн буудайзарлуу тегиз белең?

Турмуштун арабасын калдыраткан,

Чарчабас, чаалыкпаган өгүз белең?

****

Дүйнөнүн түркүн түстүү түсү сенсиң,

Комуздун кайрыгысың, күүсү сенсиң.

Тукумуң адамзаттын улап турган,

Адамдын кыймылдаткыч күчү сенсиң.

****

Чынында тирүүлүктүн өзөгү сен,

Улуксуң, үй-бүлөнүн очогу сен.

Мүнөзүң жаркыган жаз, аяздуу кыш,

Жашоонун бейиши да, тозогу сен.

****

Сени деп канча шаарлар кыйрап калган,

Сени деп канча эрлер жайрап калган.

Сени деп мунарасы көк тиреген,

Канча шаар өсүп чыкты жайдак жайдан.

****

Деги сен кимсиң, аял?

Кимсиң деги?

Ааламсың кең ааламдын ичиндеги.

Жанаша жашап жүргөн табышмаксың,

Чечилбес жандырмагың ичиңдеги.

Москва. 2017-жыл. Февраль.

-----------

Редактордон: Кээ бир ырлар кыскартып берилди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG