Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Чек арадагы эски үй


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өмүрбек Караевдин «Чек арадагы эски там» аңгемесинде ушул тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан талаштуу маселенин чиелениши чагылдырылган.

Адам баласы кылымдап келаткан байланыш-катыш мамилеси уланышын каалайт. Ортодогу тоскоолдукту эч ким жактырбайт. «Кыргыз аңгемесинин классикасынын» кезектеги берүүсү чек арадагы эски там икаясына арналат.

Экинчи эшик икаясы

Бала кезимде түрк адабиятынын таанымал классиктеринин бири ыраматылык Азиз Несиндин чек арадагы үй тууралуу сатиралык аңгемесин окуп, «андай окуя капиталисттик өлкөдө гана болот» деп ойлоп койдум эле. Капитализм өзү менен кошо чек ара деген чиеленишкен маселени ала келерин, анын азабын канатташ жашаган калктардын катарында кыргыздар да тартары ал кезде кимдин оюна келиптир? Анан да чек ара дегениң бир күндө же бир жылда чечилбес чиелүү маселе экен. Ал кезде чек ара карапайым калктын көкөйүнө көк таштай тиеринен дайын жок, улуу достук деген коммунисттик жомокко ишенип жашачубуз. Чек ара маселесинин ушунчалык калпыс, морт, оор экенин жазуучу Өмүрбек Караев кемелине келтире чечмелеп берди.

Мурдагы чоң өлкө ичтен ыдырап, чек ара туш-тушка бөлүнгөн чакта, эки өлкөнү бөлгөн кан жолдун боюндагы эски үй так чек ара сызыгына туш келип, үч бөлмөлүү үй эки өлкө аймагына бөлүнүп калат. Автор айтмакчы, эки өлкө - эбегейсиз чоң империя «эшилип кулап калган кезде ушул үйдүн дал ортосунан чегара өтүп жатпайбы». Болгондо да үч бөлмөлүү үй экиге бөлүнүп. Ошо жепирейген үйдө жалгыз кемпир Саргалдай апа жашайт. Кемпирдин максымын мурда жолдон өткөндөр жыргап ичишсе, кийин чек ара бөлүнгөндөн кийин деле элдин баары анын үйүнө келишчү.

«Бара-бара Саргалдай апанын максымын дамамат ичкендер чек арада иштеген бажы кызматкерлери, постто турушкан чек арачылар, ошол жердеги соода кылгандар болуп калды. Үйдүн эшиги бир өлкөнүн аймагында эле, бул жагдай экинчи өлкөдөгү кардарларга абдан ыңгайсыздык түзүп калды.

Бир кесе максым ичет элем деп чек арадагы постон кайра-кайра эле нары-бери өтө бериш эки тарапка тең ылайык эмес эле. Экинчи тарап Саргалдай апада өтүндү: «Сиздин максымыңызды ичебиз дегендер бул тарапта көбөйгөндөн көбөйүп барат, ылаажы көрсөңүз биз тараптан да эшик ачып таштабайлыбы» деп. Саргалдай апа кыжаалаттана түштү, «бир үйдө бир эле эшик болчу эле, булар эмне деп жатышат» деп ой токтоткучакты: «Сиз кыжаалат болбоңуз, эшикти биз өзүбүз сатып келебиз, усталарды да өзүбүз апкелип зыңкыйтып орнотуп коёбуз» деп суранып туруп алышты. Акыры Саргалдай апа ынап берди. Өзүн-өзү жооткоткону - бир үйдө кампа деп экинчи эшиги болгондорду көрүп жүрбөдү беле...

Ошонун эртеси эле чек арадагы эски тамдын экинчи капталында эшик пайда болду. Эми эки өлкөнүн эли бул үйгө бири-бирине атаандашпай, бири-бирине ыдык көрсөтпөй, эңсеген максымын ээн-эркин ичип калышты».

Кошумча эшик ачылгандан кийин Саргалдай апа максымын сатып, эки тараптан көбүк черткен суусундукту тамшанып ичкендер көбөйүп, иши жакшы жүрүшүп жатты. Боорукер кемпир паспортун үйүндө калтырып чек арадан өтө албай калган балалуу келинди экинчи эшигинен өткөрүп койгондон кийин ал эшик чек арадан мыйзамсыз өтүп, аткезчилик кылгандардын жолуна айланды. Куулук-шумдугу жок кемпир жашырын өткөндөрдөн түшкөн акча күндө сатылчу максымына караганда көп экенин көрүп, өзү да билинбей аткезчиликке азгырылып кетти.

Наркотрасса деген эмне балакети?

Анан ошол дурус дегидей акчага караганда бир жаш баланын «түшкө кирбеген акчаны» таштап салышы деле кемпирди чочутпады. Кичинекей түйүнчөгү үчүн тутамдап акча сунушу сооданын кыныгын алган кемпирге шек жаратпады. Кийин бир жолу элтеңдеген ошол баланын артынан коңшу өлкөнүн полициясы кууп келгенде да аны жамандыкка кыйбады. Баланы кармайбыз деп келгендер кемпирдин бир бөлмөсүнөн экинчисине өтө алышпады – анткени чек ара!. Алардын өкүмүнөн корко койчу кемпирби, тигилердин алдында карандай калпты айтып, баланы жашырып калды.

«Кылмышкер издеген тарап жөн-жай калган жок. Кылмышкер изин жашырган эшик зыяндуу деп чечишкенби, эртеси күнү түшкө маал кайдагы бир кишилер келип, чек арадагы эски үйдүн экинчи эшигин эч кандай жооп айтпай туруп эле кирпич менен тосуп ташташты. Бу кимдин үйү, эмне болгон эшик, тосуп таштаганга уруксат болобу, болбойбу - эч кандай масилет курулбады. Саргалдай апа да көрүп-билип туруп унчуккан жок. Тетири басып кетти, «кыязы баштагылар туура эмес эшик ачып ташташкан го, эми андан акылдуулары чыгып, кайра ордуна келтирип жатышса керек» деди өзүнүн ой тутумунда. Мынча болду, кирпич менен кайра жабылган эшиктин ичи-сыртын шыбап коюшса болмок, антишпеди. Эми эшиги жабылган жак өлкөнүн кызматта туруп максым ичкиси келгендери кайрадан коңшу чек арачылар менен кол алышып, көз кысышып, чек арадан өтүп эски үйдүн жалгыз эшигинен даам сызып кетип жүрүштү.

Кайра келди баягы жигит. Караңгы кирип, көз байланып калган. Бу саам ал чек арадагы эски үйдүн эшиги ачык тараптагы өлкөдөн эшигин тосуп таштаган өлкө тарапка өтүп кетсем деп өтүндү. Кемпир айтты: «Азыр баягыдай шуулдап өтүп кетчү жагдай жок. Тигил өлкө тараптын эшиги сенин айыңдан жабылып калган. Ошондо деги эмне кылмыш кылдың эле?». Бала кытмыр унчукту: «Эч кандай деле күнөө кылган эмесмин, жөн эле алар менин товарымды жулуп алгысы келген». «Анчалык кызыкчудай эмне товар?» деген кемпирдин суроосуна бала: «Кымбат товар, аны айтууга болбойт», - деп койду. Кемпир «жаш баланы ыгы жок такый бербейинчи» деп унчукпай калды».

Кыйды бала акчага азгырылган кемпирди көндүрүп, терезеден секирип коңшу өлкөгө өтүп кетти. Кармалып калса шору шорподой кайнаарын билип, тобокелге бел байлап, кичинекей баштыгы менен көпчүлүктүн арасына сиңип кетти. Эшикти тосуп салса терезеден өтүп, жашыруун товарын ташып жаткан баланы кемпир дагы бир жолу артынан кууган полицейлерден сактап калды. Экинчи бөлмөдө жашынган аткезчини чек араны бузуп кирип кармап кетүүгө тигилер батына алышпады. Бирок эртеси чек арадан өтө албай калган полиция кызматкерлери келип, чек араны ачып турган бөлмөнүн эшигин бышкан кыш менен бекем бекитип салышты.

Колтуктагы кара чаар жылан

Эми кемпир өз өлкөсүнө тийиштүү эки бөлмөсүндө гана максымын ачыта алат. Кемпирдин жардамы менен кармалбай калган балага берки жактагы чек арачылар да кастарын тигип калган окшойт, эски үйүндө жашырынган баладан эмне иш кыларын сурамакчы болду. Коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматынын башчысы «бул үй наркотрасса болуп калган» деди. Ушу сөз кемпирди сестентти. Дагы кандай балээ чыккан? Бирөөгө кылдай жамандыгы жок баш бала ошондой балакетти ташыйбы? Чек арачылар чек ара болуп турган бөлмөнү бүтөп, кемпирди опузалап кеткенден кийин жашынган баланы алып чыгып: «Колтугуңда кара чаар жылан турат, сен аны туйбай жатасың», - деди.

«Кара чаар жылан дегеним - ал сени тозок отуна жетелеп бараткан ыплас иштериң, - сөздүн кыябын эми тапкансып Саргалдай апа чыйрала түштү. Маани улады:

- Сенин туура жолдон тайып, ыплас иштер менен жүргөнүңдөн улам бул үйдүн эки эшиги тең кирпич менен жабылып калды. Мурда киши-караан кирген кадимки куттуу үйлөрдүн бири эле, эми минтип эшиги жок, төрү жок, жер үстүндөгү көрүстөнгө окшоп калды....

Селт этти бала. Анын бет маңдайында ак жоолук салынган, ошол жоолук астында жашырылган чачы куудай аппак, гүлдүү көйнөкчөн, кара кемсел сыйда сынында келип, мурдатан угуп жүрчү тирүү арбактын дал өзүнө окшошуп кетти».

Кемпир эси кеткен баланы алып алыскы тоо арасындагы бир коктуга келди. Колтуктай келген отунун жагып, от боюнда отуруп опуртал ишке аралашып калган баланын жөн-жайын сурады. Көрсө ал бала апасы, эки карындашы менен айылдагы жакырчылыктан тажап шаарга келип, базарда тачке түртүп жүргөн жеринен шумпайларга жолугуп, баңгизат ташуучу болуп калган экен. Апасы ашканада идиш жуугуч. Шаардан кичине жер алып ошол жерге үй салууну ойлоп, кандай да болсо акча табыш үчүн өспүрүм бала опуртал ишке бел байлаптыр. Саргалдай кемпир ал түнү жаңылыш кадам таштаган жаш баланы оң жолго салды. Бул дүйнөдө таза жашаш керек экенин, адамдар акчанын кулу болуп, бир келген өмүрдө өзгөчө чоң жаңылыштык кетиришерин куулук-шумдук менен иши жок балага туюнтту. Эми ал жаңылыш жолго түшкөнүн туят болуш керек.

«- Карачы, тетиги айдын ажарын, анын сулуулугун өмүрдүн баркын билген адамдар гана туюшат. Сени айдай сулуу, нурундай тунук өмүр күтүп жатат. Сен эми тез эле апаңа бар, бир туугандарыңа бар. Бар байлыгың ошол жерде...

Бала Саргалдай апаны жылмая карап алды, аялуу айтар сөзүн ошону менен билдирген болуп, өз очогум деп алыста калган чоң шаарды көздөй кадам таштады...»

Саргалдай апа болсо жайбаракат өз үйүнө кайтып ойлонуп келатты. «Азыр үйгө жетер менен жанагы кирпич менен тосулган эки дубалды кулата тээп, эшигимди кайра эки жагынан тең ачып таштайын. Тигилериң дубалдары көтөрүп жатканда тим эле жоо буза албас чеп куруп жаткансып чакчаңдашты эле. Көргөм, дубалдын кантип көтөрүлгөнүн. Эптеп эле дубал аты кылып будамайлап коюшкан. Жанына барып жөөлөп кетсең өзү эле кулаганы турбайбы. Эшикти ачып таштагандан кийин батышың да, чыгышың да «кайра жаап таштайбыз...» деп көкүтүп келет эмеспи, ошентип эле көрүшсүн, аларың менен өлбөгөн жерде калайын»...

Мурдагы заманда - чек ара, жер талаш жок кезде көбүк черткен максымын сатып, куулук-шумдук менен иши жок жашап келаткан Саргалдай апа деле акчанын азгырыгына кирип, чек арадан канча кишилерди жашырын өткөрдү? Эми анын баарын токтотот. Мурдагысындай чек ара тоскоолуна карабай эки өлкөнүн адамдарына максымын берип, алардын суусунун кандырып, акчага азгырылбайт. Анын үйү чек ара деген тоскоолду билбеген, дили таза адамдардын башын кошкон, ырыскы менен кут байырлаган жер болот. Чек ара ак эмгегинен баар тапкандардын эч кимден жаап-жашырылбаган ачык соодасы, туугандык карым-катышы болушу керек.

Өмүрбек Караевдин «Чек арадагы эски там» аңгемеси учурдагы кыргыз коому үчүн өзгөчө маанилүү маселеге арналган. Чек ара көйгөйү - эгемендик заманды ээрчий келген опурталдуу маселе. Андан канча адамдар жапа чеккени, бу балакеттүү мүшкүл эчен өмүрлөрдү жалп өчүргөнү, мурдагы заманда ойго келбес маселе постсоветтик Борбор Азия калктарын кантип өкчөп жатканы элдин баарына дайын. Жазуучу олуттуу теманын сырт көздөн далдаа көп кырдуу, көп сырдуу өңүтүн эки муундун өкүлүнүн турмушу аркылуу ынанымдуу ачып берген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG