Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:57

Чыныгы мээрим жаныбарды да жибитет


Иллюстрациялык сүрөт.

Шүкүрбек Бейшеналиев калемин көбүнесе ири эпикалык жанрларда сынаган сүрөткер.

Анын көпчүлүк чыгармалары чет тилдерге которулган. Жазуучу эмгек адамын, жалпы элдик сый-урматка жетишкен инсандын өмүр жолун көркөм иликтөөнү жактырат. «Мөрөй кыздыкы» аңгемеси каармандын турмуш жолунда кездешкен кыйынчылыктарды жеңип, максат-мүдөөсүн ишке ашырганын баяндап берет.

Оюн-чындан чыккан мелдеш

Аңгеме жазуучунун балдар турмушуна арналган башка баяндарынан айырмаланбайт. Чыгармада ишке дилгир мектеп окуучуларынын өз ара мамиле-катышы, коомдук ишке мамилеси башкы планга чыгып, окуучулардын тамаша-чындан башталган мелдеши жөнүндө сөз болот. Ал мелдештин байгеси деле жок, тек койчуга жардамга келген окуучулар мелдешип, кимдин койу үндөккө келери сынакка коюлат. Оюн-тамашадай сезилгени менен балдардын мына ушул сынагынын контекстинде олуттуу философиялык ой камтылган. Ал ой адам баласынын өзү үйрөтүп, үй жаныбарына айлантып алган кайберен тукумдары алдында жоопкерчилиги кандай болуш керек деген суроого барып такалат.

Сөзгө алынчу аңгемеден улам жазуучунун дүйнөнүн көптөгөн тилдерге которулган «Ат жалында секелек» повести эске түшөт. Анда кичинекей монгол кыздын чоң ат чабышта мөрөйү үстөм болгону, атаандаш балдардан алдыга чыгып, айылдаштарына намысты алып бергени сүрөттөлөт. Мына ушул «Ат жалында секелек» баянындагы секелек кыздын аракети «Мөрөй кыздыкы» аңгемесиндеги Кымбатка окшошуп кетет. Андай окшоштук эки кыздын намыскөйлүгүнө, акылдуулугуна, амалкөйлүгүнө байланышкан.

Кымбат да эркек балдардын сунушун четке какпай атаандаштыкка тартынбай чыккан намыскөй кыз. Курбалдаштары аны мелдешке чакырганда алгач тартынып, жеңилип калса эжекеси менен койчунун алдында уят болуп каламбы деп чочулайт. Анын үстүнө окуучу балдар өздөрүн кадимки эпостогу баатырларга теңеп, Манас, Чубак, Алмамбет деп, тартынчаак кызды Сайкал атап, оюн-чындан башталган мелдеш ошентип намыска айланып кетет.

Колго саалган койлор адамга жакын, анчалык чочуркабайт. Аларды алыстан туруп өзүнө чакырып алышы керек эле. Күндө чөп-жемин берип, талаага жайып откоруп жүргөн адамына койлор чакырганда эле келе калса жакшы го, келбей койсочу? Келбей коюшу деле мүмкүн, айбан малга ишенип болобу. Иш менен алек болуп жүргөн балдарга мындай мелдештин кереги деле жок болчу.

Баарын Азим баштабадыбы. Сөзсүз бир нерсе уюштуруп, жанында жүргөндөргө ат коюп, тамаша-чыны билинбеген ушундай иштерди жасоонун устасы. Азим болсо өзүн айкөл Манаска теңеп, мелдешке жөн-жай окуучулар эмес, улуу баатырдын жакын чоролору катышарын балдардын оюнун карап отургандарга жарыя кылып койгон.

Тамаша болгон менен оюндан баш тартууга да болбойт. Азим кийин кеп кылып шылдыңдап, мелдештен качканды кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып коюшу ыктымал. Ушундай демилгечил Азим жеңип чыгарына кылдай да күмөн санабай, өзүн Манас эсептеп, көңүлү алып учуп турган.

«Түгөл жайгашып, чабуулга кирүүгө буйрук күтүшкөн баатырлардай шаңдуу, жаалдуу көрүндү курбулары Азимге. Ал ошол закымда өзүн колбашчыдай, болгондо да жалпы эл-журтка сыймыктуу, даңазалуу Манас сымалдантты. Кыялында заматта жагдайга байланыштырып Манаска окшошууну самабаспы. Тигилер сөзсүз Манастын атактуу чоролору, өзүнөн кем эмес эрлер. Четтегиси калдайган Алмамбет баатыр. Ортодогу чачы буралган, кундуз тебетей, көк баркыт чыптамачан, Манас менен кармаша кетип ээринен бултайткан даңазалуу Кыз Сайкал. Сол жак учтагы тумшукчада чыкчырылган Чубак баатыр.

Санаасы менен байып керемет дөө-шааларга айланган Азим - Манас оң канатына салмактуу, салабаттуу имериле четки урчук дөбөдөгү Карпекке заңгырай буюрду:

- Оо-у, чоң чеңгел, кармаганда кан чыккан, апчыганда жан чыккан, айлакер Алмамбет дөө, башта!

Сахнада баатырды ойногон артисттей үнүн жоондотуп, сездүү, кырааттуу чойгон башкаруучунун Карпектин чоң чеңгелинин үстүнө Алмамбетти кошуп дөө аташы баарысынын көңүлүн бурду. Бирок ага кызыгып териштире тактап отурушка чолоо барбы? Карпек көтөрө чалганга калдактай аптыга, шердене быкпырдай үйрүлгөн кой тарапка моюнун созду. Алак ата момурай барпайып олжону саксактаган хан Бакайдай:

- Энчиңди бөлүп ал, Алмамбет баатыр, - деп жаңсагандай туюлду».

Күн сайын кайталанчу көнүмүш жумуштан тажаган балдар аз да болсо өздөрүн эпостук баатырлар сезип, алдында ийрилген койлорду ким кандай багып жатканын билип, жок дегенде бир жолу мелдеш уюштуруп койсо жаманбы? Тамаша-оюн деген менен анын кызыгы деле укмуш экен. Азим – Манас оозун караган чоролорду көкөлөтө мактап, атүгүл Алмамбетти дөө деп жиберет. Жөн убак болсо алп дөө Кошой же Жолой деп ийишмек. Оюн кызыгына азгырылган балдар Алмамбет баатырдын дөө болуп калышына деле маани бербей, Азим баштаган иштин аягы кандай бүтөрүнө кызыгып калышпадыбы. Ошентип оюн кызык болуп атпайбы, чакырган балага койлор жабылып келип берсе экен эми. Муну ойлогондо Кымбат кыздын заманасы куурулуп кетет. Аны ашык-кеми жок Кыз Сайкал деп коюшпадыбы. Кыз Сайкал аял кишиге кол көтөрбөйт деп аяган Манасты аз жерде ээрден оодара сайып жибере жаздаган, өрөпкүгөн кыргыздардын намысын тебелеп коё жаздаган бейбак болчу.

Ыбырсыган түйшүгү көп койчулукта кээде ушундай кызык окуялар болуп калат. Алак абышка да балдардын тапканына кызыгып, Азим айтканды жасап, мугалим кыз менен балдарга калыстык кылды. Мелдештин жыйынтыгы ким жаныбарларга жакын экенин, демек тапшырылган ишин кантип аткарып жатканын айгинелемек. Ошол эле, болбосо сыйлык же башка сый-ургалы жок, тек ээленген балдардын ортосундагы сынак башталганы калды. Малсаак бала жазгы төл күчөгөн чакта же жаан-чачында маңыроо койлордун жанынан чыкпай, анын түйшүгүнө кайыл болуп, мээнетке башын чырмап алат.

«Чабандын иши чатак иш» деп айтылуу Райкан Шүкүрбеков бекеринен жазган эмес. Түйшүгү түмөн кой жаныбардын мээнетине чыдаш кыйын. Койчунун турмушу кандай экенин доорубуздун даркан сүрөткери Чыңгыз Айтматов айтылуу «Гүлсарат» повестинде кемелине келтире сүрөттөп берген. Шүкүрбек Бейшеналиев ошол кесиптин күнөс тарабын, чоң турмушка баш багып жаткан тестиерлердин көз карашы аркылуу темага башкача өң-түс берет.

Жылаажын үн

Сыртынан баам таштаган адамга койлорду үндөккө келтирүү анча деле кыйын эместей туюлат. Жемге же тузга чакырган ээсинин үнүн угуп серкечи баш болуп колго көнгөн койлор чуркап келиши мүмкүн. Иш жүзүндө ошондой болуп чыгат. Балдардын үнүн угуп баккан койлору чуркап келишет. Мелдешке катышып аткан Кымбат кыздын үнүн уккан койлору чубап, баштооч коюнун мойнундагы коңгуроосунун жылаажын үнү баарына жагып, мөрөй кызга ыйгарылат.

«Көрсө Кымбат бийкеч пиязы оролуу моюнуна сөөмөйдөй жылаажын – коңгуроо тагыптыр. Жай басып оттогонунда анча угулбайт. Моминтип шаңдуу бөжүгөндө шаанисин ача шылдырт-шулдурт, зың-зуу азем күү чала жыбылжыйт дейсиң. Суртелки өзү да көшүлө түшөт. Тобундагы маңыроолор андан жылаажын добушка үндөк сымал көйкөлө ээрчип көнгөн. Ошентип көндүрүп, түйшүгүн жеңилдеткен кыздын амалкөйлүгү как ушунда.

Мелдешкендер жаңкысынан да мунукуна акылы айран эндирешпеспи. Оңбогон кыз балдардын түшүнө кирбегенди жасаганын көр. «Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло». Жаныбарга деле жан ийиткен, жагымдуу мамиле жарашарын ар кими өз башынан өткөрүүдө. «Бири кем дүнүйө» дегендей ашык, кеми ушундай көз көрүнө ачык сынашта ашкереленет бейм».

Жанатан берки кеп оролунан байкалып калды окшойт, аңгемедеги негизги ой – адам баласынын гумандуулугу, «андай мамилени айбан мал деле сезет» деген сентенция ачыкка чыгат. Негизи пенде баласы өзү колго үйрөтүп алган айбандары үчүн жоопкер, аларга гумандуу мамиле кылышка милдеттүү. Жазуучу бекеринен жаныбарга жан ийиткен, жагымдуу мамиленин керектигине басым жасабайт. Андай мамиле Кымбат кызда көбүрөөк экен.

«Бекеринен үй малын байыркы бабалар кайберенден үйүр тарттырганы тарых, биология илиминде аныкталган эместей», - дейт автор. Адам баласынын жапайы кайберенди колго үйрөтүүсү мына ушул боорукерликке, жылуу мамилеге негизделгенин жазуучу атайын белгилейт. Койчуга жардамга келген балдардын баары жаныбарларга ошондой мамиле кылышканы ачыкка чыгат. Бирок алардын ичиндеги жалгыз кыз чарбанын малына өзгөчө ыклас мамиле кылганы баарын ыраазы кылат.

Кымбаттын жылаажын коңгуроосун табият да жактырат. «Куштай аваздана тунук чыркылдаган боорукер тунук доош сызгырылганда теребелиндеги «мен кыйынмын» деп какыйган уландардын жүрөк тамырлары дирилдей, бу ажайыпка багынбаска ылаажысыздай көлкүштү. Капырай, кайда жүргөн билинбей? Теңата, ал тургай таназарларына да алышчу эмес эле го. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегени ушубу?»

Адам менен табияттын камыр-жумур мамилеси мына ушундай нерселерден башталат. Саан уйлардын сүттүүлүгүн арттыруу, эмгек өндүрүмүн жогорулатуу максатында алдыңкы фермаларда классикалык музыка уктурушат. Жүрөктөн чыгып жүлүндү тепчий өткөн керемет үн адамдарга гана жагымдуу таасир тартуулабастан, айбан малдын деле делебесин козгоп ийитип жиберери далилденген.

Шүкүрбек Бейшеналиев экологиялык проблемалар азыркыдай курчуй элек кезде адам менен табияттын ортосундагы ич ара мамиленин гумандуулугу зарыл экенин көрсөткөн. Жазуучу өзү козгогон көркөм идея жүрө-жүрө актуалдуу өң-түскө ээ болуп, маани-мазмуну арта беришин билген деле эместир. Бирок өзү байкаган, учкул кыялында иштеп чыккан сүрөттөө аркылуу кайсы доор, кандай система болбосун актуалдуулугун жоготпой турган философиялык темага кайрылган. Жан-жаныбарларга, табиятка гумандуу мамиле өсүп келаткан муундун кан-жанына сиңип, алардын турмуш жолундагы багыттоочу күчкө ээ болуш керектигин ушул чыгармасында кенен белгилеген.

Окуучулар баштап аткан мелдештин жөн-жайына башында койчу Алак ата деле түшүнбөйт.

«Жыпар балам, мобу уулдарым өзүңө макулдашкан мелдешин айтышты. Акылым айран. «Саан койлорду ушул айталаадан бөлүп ээрчитебиз» дейт. Кимисиникинин «куту» чыпчыргасын коротпой толук чурулдата ээрчитсе ошол утат экен».

Шүкүрбек Бейшеналиев койчулуктун түмөн-түйшүгүн, ушул кесип аркылуу сый-урматка жетишкен эмгек баатыры Рахмат Сарбаевдин өмүр баянын чагылдырган «Даңкка жараша жүк», улуу акын Тоголок Молдонун өмүр жолун сүрөттөгөн «Болот калем», кыргыз интеллигенциясынын турмушун баяндаган «Урпактар үнү», «Таалай жолу» романдарынын, балдарга арналган бир топ повесть, аңгемелердин автору болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG