Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 09:48

«Арстан айбат» Магжан Жумабаев


Магжан Жумабаевдин кыргыз тилиндеги ырлар жыйнагынын мукабасы.

«Кыргыз - тоонун тулпары, Казак – кырдын куланы». Бул саптар казак адабиятынын өчпөс жылдызы Магжан Жумабаевге таандык.

Акындын «Арстан айбат» деген ырлар жана поэмалар жыйнагы былтыр Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскуловдун котормосунда жарык көрдү.

Бул Магжан Жумабаевдин ырларынын кыргыз тилинде алгач ирет өзүнчө китеп болуп чыгышы. Акын 1938-жылы жазыксыз айыпталып, атылып кеткен. Өмүрү ушинтип 45 жашында дарыядай ташып турганда трагедиялуу үзүлөт. Жазыксыз айыпталган акын 1960-жылы акталса да, чыгармалары 1989-жылы гана казак тилинде өзүнчө китеп болуп чыгат. Болбосо Магжан Жумабаевдин ырлар жыйнагы 1912-жылы Казан жана Урал шаарларында удаа басылган. 2018- жылы акындын 125 жылдык мааракесин утурлай тандалган ырларынын бир томдугу тогуз тилде жарык көрдү. Кыргыз тилиндеги китеби «Арстан айбат» деп аталат. Китептин аталышына акындын «Мен ким?» деген ырынын алгачкы эки сабы негиз болгон.

Арстанмын, айбатыма ким чыдаар?

Жолборсмун, мага каршы ким тураар!

Көктө - булут, жерде - желмин күүлөнгөн,

Жер эркеси - желдин жөнүн ким сураар?

Көктө - Күнмүн, көпкө нурум чачамын,

Көңүл сүйсө, кең асмандан ашамын.

Чети, түбү жок деңизмин каракөк

Эригемин - толкуп, чалкып, ташамын.

***

Өзүм - Теңир, табынамын өзүмө,

Сөзүм - куран, багынамын сөзүмө!

Бузуучу да, түзүүчү да өзүммүн,

Эми эскилик, келдиң өлчү кезиңе! - деп аяктайт «Мен киммин?» деген 24 саптан турган ырын Магжан Жумабаев. «Арстан айбат» поэтикалык китебин кыргыз тилине которгон Акбар Рыскулов менен маекти акындын поэзиясы тууралуу суроодон баштадым:

- Магжан Жумабаевдин бир томдугундагы ырларда эрктүү, төбөлсүз республика болууга үндөгөн саптар көп экен. Мындай мазмундагы ырларды ага замандаш кыргыз акындарынын 1920-1930-жылдардагы ырларынан жолуктурбадым эле. Туранды байырлаган түрк элдери өзүнчө улут, эгемен өлкө болсун деген мүдөө да Магжан Жумабаевде күчтүү экен. Сиз да анын ырлар жыйнагын кыргыз тилине которуп жатып ушундай ойго кабылбадыңызбы?

Акбар Рыскулов: - Туура айтасыз. XX кылымдын башында жанагы биз айтып жүргөн революция, Октябрь революциясы, совет бийлиги деген түшүнүктөр калыптана элек кезде М. Жумабаевдин алгачкы ырлары да, китеби да жарык көрүп калган. Ошондуктан анын адабият деген түшүнүгү, турмушка көз карашы «измдерсиз»: социализм, капитализмдердсиз эле калыптанган. Бул кишинин ал кездеги түшүнүгүнө ылайык, түрк тилдеринде бири-бирине сүйлөгөн элдер жакын экендиги жана алардын бирге болуу зарылдыгы жөнүндөгү ой калыптанып калган. Медреседе билим алып калгандыктан, анын түшүнүгү казак деген түшүнүктөн бийик болгон көрүнөт.

Магжан Жумабаевдин 120 жылдыгына чыгарылган күмүш монета.
Магжан Жумабаевдин 120 жылдыгына чыгарылган күмүш монета.

Ошондон улам ырларынан казак талаасынан сырткары алыскы жерлерди көрөбүз. Мисалы, ырларында Ыстамбулдун өтө кызыктуу тартылган сүрөттөрү бар. Ал сүрөткер катары кызык. Негизги идеясы - албетте, Түркстан. «Түркстан, эки дүйнө эсилимсиң» деп атпайбы!? Түрк калктарынын ынтымагын, бирге болушун эңсеген. Азыркы Түркия деген чек эмес, андан да кененирээк аймактагы элдердин тарыхый биримдиги, келечек максаттары бирдей болгонун көксөгөн адам экен. Ошол оюнан кайткан эмес. Туран деген сөз, Түркстан деген түшүнүк бул кишинин оюнан өмүр бою кеткен эмес. Совет бийлиги келген кезде да ошол оюнан тайбаса керек. Себеби, совет мезгилинде жазылган ырларында да ушундай саптар бар. Бир ырын Ататүрккө арнаган, ырды ага жиберген деп да айтышат. Айтор бу киши - ою эркин жана чектөө жок, жасалма «измдер» жок учурда калыптанган акын. Өмүрүнүн акырына чейин ошо калыбынан тайган эмес.

- Акбар агай, мен Магжан Жумабаевдин ырларынан Михаил Лермонтовдун «Демон» поэмасынын мотивдери менен рухун, ошондой эле Александр Блоктун, Сергей Есениндин жана башка үлкөн орус акындарынын ыргактарын байкадым. Албетте, Магжан Жумабаев аларды туурабайт. Акын орус поэзиясын мыкты билген экен да...

Акбар Рыскулов: - Туура. Анын чыгармачылыгынын экинчи бөлүгү Кеңеш өкмөтү орногондон кийинки мезгилге туура келет. Ал учурда негизги байланыштар түрк мамлекеттеринин ортосунда эмес, Москва аркылуу жүрүп калгандыктан Магжан Жумабаев орус адабияты менен орус маданиятынын көпчүлүк жактарын үйрөнгөн. Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк Адабият институтунда билим алган, түшүнүгү кеңейген. Окуп жүрүп куугунтукка кабылган. Коомдук, мамлекеттик иштерге аралашкан да. Экинчиден, институтта окуп жүрүп өзүнүн жакшы жактарын көрсөтө алган. Ошондон улам Адабият институтунун директору, чоң акын, орустун ошо кездеги барандуу инсандарынын бири Валерий Брюсов Магжан Жумабаевди жактырып калат да, ал өзү окуган институтта жана Кызыл профессорлор университетинде дарс окуп, жаштарды окуткан. Бул кишинин түшүнүгү кенен болгонун ырларынан абдан туура байкагансыз. Сиздин колуңузга кайсы китеп тийгенин билбейм. Менин котормомдо акындын ар кандай форматтагы эки китеби жарык көрдү. Котормолор толук жарык көргөн китеп «Арстан айбат» деп аталат.

- Мен «Арстан айбатты» окудум.

Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов. 7-май, 2011-жыл.
Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов. 7-май, 2011-жыл.

Акбар Рыскулов: - Анда жакшы. Эмне үчүн «Арстан айбат» деп атадым десеңиз? Магжан Жумабаевдин ырларында арстандын образы көп берилет экен. «Арстандай айбаттуу, жолборстой кайратуу Мен жаштарга ишенем» деп атпайбы! Ошондон улам «Арстан айбат» деп атадык эле. Жумабаев чындыгында түрк дүйнөсүндө гана чектелип калбай, дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн окуган. Орус тили аркылуу чет элдик адабияттын үлгүлөрүн окуганы ырларынан даана байкалып турат.

- Мундузбек Тентимишев кыргыз-казак адабий байланыштары тууралуу «Мухтар Ауэзов жана Кыргызстан» жана «Тарыхчы Анварбек Хасанов» деген китептеринде изилдеп жазды го... Мага Магжан Жумабаев менен замандаш Касым Тыныстанов жана Аалы Токомбаевдин ырларында атеисттик маанай көбүрөктөй сезилет. Ал эми Магжан Жумабаев ырларында Теңирди көп оозанат экен...

Акбар Рыскулов: - Эң туура айтып атасыз. «Арстан айбат» деп атканыбыз бекеринен эмес. Бул киши көкүрөгүндө эмне болсо, анын баарын ак кагазга түшүргөн экен. «Айда атыңды, Сарсенбай» деген ыры бар. Анда: «Айыл жакка кетели. Бул калаада эмне бар? Калаа деген абдан бузулду, оңбой турган болуп калды. Эркектер андай, аялдар мындай» деп, моралдык жагына чейин кирет дагы, арабакечти шаштырып атат: «Айда атыңды, кетели, кең талаанын абасынан дем алалы» деп. Мындай ырларды жазган, албетте, абдан коркунучтуу болчу. Кыргыз адабиятында мынчалык ачык жазылган саптарды мен байкай албадым, чынымды айтайын. Албетте, акындардын ар кимиси өзүнүн заманына жараша ыр жазды. Бирок да алардын көбүндө өзүнүн оюн мындай жашырбай ачык айткан учурлар жок. Экинчиден, айткан да эмес. Магжан Жумабаевдин ырларынан «совет бийлиги» деген сөздөрдү көрбөдүм. Демек, совет бийлигине анча ынаган эмес. Жан дүйнөсү, түшүнүгү, дүйнөгө көз карашы жанагы «измдерге» ынаган эмес да. Ошондон улам бул киши төрт жолу соттолгон, үч жолу түрмөгө отуруп чыккан. Анан 1939-жылы атылып кетти деген кабар бар. Бирок алдагы кабарды текке чыгарган да жагдайлар бар экен. Жумабаев Сибирде сүргүндө жүргөнүн, 1946-жылы Чыгыш Казакстанда аны көргөнүн бир генералдын эскерүүсүнөн окудум. Жумабаевдин тагдыры өтө татаал экен. Азыркы күнгө чейин өмүр баяны такталбай, аны иликтеп аткандар бар. Анын кыргыздар менен да байланышын адабиятчылар жакшылап иликтеп көрсө болот. Анткени «Ала-Тоо», «Кыргыз, казак» деген кыргыздардын турмушуна арналган ырлары бар. Кыргызстанга келбей туруп жазбаса керек? Келген да! Экинчиден, мен бу кишинин юбилейине катыштым. Кыргыз адабияты Магжан Жумабаевге жакшы эле көңүл бурду. Нурлан Калыбековдун котормосунда анын дагы бир китеби чыкты. Айтор, Жумабаевдин мааракесине биз эки аргымак жетелеп баргандай болдук. Кыргыз тилинде чыккан эки китепти окурмандарга тартууладык. Магжан Жумабаев - өтө чоң, кайталангыс калемгер.

«Арстан айбат» Магжан Жумабаев
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:14 0:00

- Мундузбек Тентимишев кыргыз-казак адабий байланыштары тууралуу «Мухтар Ауэзов жана Кыргызстан» жана «Тарыхчы Анварбек Хасанов» деген китептеринде изилдеп жазды го... Магжан Жумабаев ырларында кыргыз-казак деп бөлбөйт. Кыргыздарды казактар менен чыныгы бир туугандардай карайт экен. Же жаңылышамбы?

Акбар Рыскулов: - Туура айтасыз. «Эл душманынын балдары» деп, Магжан Жумабаевдин балдары, бир туугандары куугунтукка түшкөн. Өзүнүн кара чечекей эки бир тууганы Бишкекте коргологон шекилдүү. Ошондой маалымат бар экен. Бул маалыматты терең изилдесе болчудай. Полковник даражасындагы бир агасы биздин Ички иштер министрлигинде иштеп жүргөндөй көрүнөт. Жакындай көрүнгөнү менен кыргыз-казак адабий байланыштары алигиче белгисиз. Мисалы, Абайдын эки бир тууганы Улуу Ата Мекендик согушка Бишкек аскер комиссариатына чакырылган экен. Экөө тең кайтпай калган. Алар демек бизде жашап жүргөн да. Мухтар Ауэзовдун бизге кайра-кайра келип атканы да бекеринен эмес. «Абай» романын жазып жатканда ошолор менен байланышкан да.

Магжан Жумабаевдин 125-жылдыгына арналган почта маркасы.
Магжан Жумабаевдин 125-жылдыгына арналган почта маркасы.

Мухтар Ауэзов жөнүндө ««Абай жолу» романындагы кыргыз агайындар» деген макала жазгам. Анткен себебим - төрт китептен турган тарыхый романда Чыгыш Казакстандын Семей жергесинде, Абайдын жанында, атасы Кунанбайдын жанында жүргөн кыргыздар жөнүндө сөз болот. Ауэзовдун калыстыгы ошол да: кыргыз улутундагы адамдарды «кыргыз» деп эле жазат!

- Ырахмат сизге!

Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов менен маектин соңун Магжан Жумабаевдин «Түркстан» деген ырындагы мына бул саптар менен аяктаганды оң көрдүм.

Түркстан - эки дүйнө эшиги го,

Түркстан - эр түркүнүн бешиги го.

Татына Түркстандай жерде туулган

Түркүгө Теңир берген насиби го.

Эзелде Түркстанды Туран дешкен,

Туранда эр түркүлөр туулуп-өскөн,

Турандын тагдыры бар толкумалуу,

Башынан көп ажайып күндөр өткөн...

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG