Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:12

Мите сөздөр - эне тилдин душманы


Иллюстрациялык сүрөт.

Өмүр бою кыргыз тилинин тазалыгы үчүн күрөшүп жүрүп өткөн улуу жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков радио менен телеканалдардан, деги эле жалпыга маалымдоо каражаттарынан айтылып, жазылып, уктурулуп жүргөн калька сөздөрдөн куралган түшүнүксүз сүйлөмдөр тууралуу далай ирет маселе көтөрүп, ал сөздөр орус тилинен туура эмес которулганы аз келгенсип, элге ошол бойдон “таңууланып” жаткандыгы жөнүндө какшап айтып келгени белгилүү.

Мисалы “Трудновоспитуемый” дегенди “ашынган тентек” дештин ордуна “кыйын балдар” дейбиз” деп, “Иначе говоря” дегенди, “тактап айтканда, толуктап айтканда” дештин ордуна “башкача айтканда” дейбиз” деп, “Көңүлдө, дилде, ойдо” дештин ордуна “Көңүлдүн борборунда” деп туура эмес сүйлөп, туура эмес жазып келатабыз деп жаны кейиген.

Ушу бүгүн “Манас” баштаган далай дүйнөлүк шедеврлерди жараткан кайран эне тилибизди, “Школго дежур болдум”, “Звонит этип алгыча мишайт этпечи?”, “Окуп бергин деп коллектив анын рукописин мага тапшырды”, “Оформлениеси туура эмес экен, кайта баштан оформить этип кел дедим”, “Газетадагы статьясын окудум”, “Кожобековдун сунушун голосовайть кылып койбойлубу?”, “Эртең мага обязательно звандап кой”, “Эй аны такыр жалейт этпе”, “Эмнеге коркосуң, я, сам разберусь”, “Быйыл Көлгө аябай отдыхат эттик, көл көл эмес эле чудо экен!”, “Крупныйларын бери, мелкийлерин ары кой!”, “Ал эми сутками жоголот”, “Охранасы начар экен”, “Ал горно рудный жерди трудно скопаемый участок дебедиби”, “Кимде кандай вопрос бар?”, “Ключту унуткан жоксуңарбы?” деген өңдүү “паразит сөздөр” менен сүйлөп калганыбыз жалганбы?

Сыдыкбеков “Коркок билиштик, көз карандылык, кошоматчылык, чала сабаттуулук, наадандык гана эне тилди кемсинтүүгѳ, аны барктабаска жол ачат” деген экен. Дүйнөдө жалгыз гана өзү менен өзү байыган, өзү менен өзү өсүп-өнгөн бир дагы тил болбой турганын окумуштуулар эбак эле далилдеп коюшкан.

Ар бир элдин тилине чет тилдерден кирген сөздөр ошол түпкү тилдин өз мыйзамына ылайык багынтылып, ошол тилдин өзгөчөлүгүнө ылайыкталып сүйлөнөт. Бул эреже талашсыз чындык. Тилекке каршы тилдин ушул эрежесин сактабагандыктын айынан биз сабаттуулугубузду жоготуп жатканыбызды да билбей калган деңгээлге жеттик.

Түгөлбай Сыдыкбеков минтип жазган: “Орто кылымдарда арабдар өздөрү басып алган жерлерде жашаган калктарды зордоп мусулман динине киргизди. Ошентсе да ал калктарга тилин үйрөтө албады. Өздөрү баскынчы катары жек көрүндү. Араб сөзүнүн кыраатына тили келбеген кишинин тилин теске салып кысып, аны үйрөнүүдөн баш тарткан кишинин башын чаптырганына карабастан, маселен, ошол араб сөздөрүн башка калк өз тилинин мыйзамына багынтып айтып калды. Мисалы Гайша-Айша, Гүлсүн-Күлсүн, Фатима-Батма ж.б. Ушинтип кыргыз тилине кирген араб сөздөрүнүн бири да түп нускасын туура сактай алган жок ( Т. Сыдыкбеков “Тил—улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас” Бишкек, 2012 )”.

Улуу жазуучунун “...араб сөздөрүнүн бири да түп нускасын туура сактай алган жок” деген калетсиз сөзүнө далилди четтен тапсак болот. Мисалы: кыргыз тилине бир кезде араб тилинен кирген: акы, акылман, акыр, албан, алап, аял, аян, бакал, балаа, бал, балакет, барак, баракелде, дабаа, далдал, далалат, даяр, жаат, жума, идирек, ижара, изаат, ийбадат, каада, казат... ѳңдүү, мындан бөлөк дагы далай араб тилинен кирген сөздөр кыргыз тилинин мыйзамына багындырылгандан кийин өзүбүздүн төл сөзүбүзгө айланып кеткен. Ошол араб сөздөрүн бүгүн арабдардын өзү да түшүнбѳйт.

Ошондой эле Дөрбөлжүн, Кудургу, Түргөн деген монгол тилинен кирген жер аттарын бүгүн монгол сөзү деп да эч кимибиз айта албайбыз.

“Улутчул” деген сөздү элге, коомчулукка “бузуку”, “эл бузар” кылып көрсөткөн түркөй түшүнүктѳн алигиче арыла албай келатканыбыз да жанды кашайтат. “Улутчул” дегенди 37-жылы билими жок бийлик адамдары жергиликтүү калктын ѳз элим-жерим деп күйгөн азаматтарын жок кылыш үчүн курал катары колдонгон.

“Улутчул” деген бир карасаң, орустун “патриот” деген сөзүнүн маанисин билдирген эле сөз. Тилекке каршы ушул азыр да бул терминдин маани-маңызын 37-жылдагыдай түшүнгѳн бийлик мыкчыгерлери, аны ушундай деп түшүндүргѳн жагымпоз кошоматчылар жок эмес. Сталиндик репрессия доорунун учурунда академик Кусейин Карасаевди орус тилинен кирген “столду-үстөл” деп, “сундукту-сандык” деп кыргызча атап койгону үчүн “улутчул” деген жалаа менен түрмѳгѳ кесип жибергенин эстен чыгарбасак болот эле.

“Ал үчүн,- деп жазат, Түгөлбай Сыдыкбеков,- Биринчиден, басма сөз жана радио уктуруу, теле көрсөтүүдө, бардык редакциялар боюнча тилдин тазалыгы, ийкемдүүлүгү, анын жалпыга түшүнүктүү болуш жөнүндө ар дайым иш жүргүзүлүп, стилдин тактыгы, сөз байлыгы жана анын өзгөчөлүктөрү, эреже-мыйзамы, сөздөрдүн өтмө, каймана маанилери жана алардын ички касиеттери жөнүндө кызматкерлерге кадимкидей сабак окулганы абдан жакшы болор эле.

Экинчиден, бардык басма сѳз редакцияларынын, басмаканалардын, радио-теле көрсөтүүнүн кызматкерлери кеңири катышкан республикалык илимий кеңешме өткөрүүнүн зарылдыгы бар.

Үчүнчүдөн, жалпы эле адабият тилинин азыркы абалы, анын ѳнүгүшү, байышы, илимий-техникалык, илимий-медициналык, философиялык, коомдук географиялык терминдердин такталышы, жер-суунун аттарынын такталышы жөнүндө кам көрүлүп, басма беттеринде пикир алмашуулар болсо жакшы болор эле”.

Биз да ушуну менен макалабызга азырынча чекит кое туралы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG