Линктер

бейшемби, 17-январь, 2019 Бишкек убактысы 21:50

Кыргыз тилин минип алган мите сөздөр


Иллюстрациялык сүрөт.

Сиз “барчук”, “келчүк”, “койчук” деген сөздөрдүн маанисин түшүнөсүзбү? Мектепте кыргыз тили сабагынан мугалимиңиз ушул сөздөрдү окутту беле?

Чыңгыз Айтматовдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Аалы Токомбаевдин чыгармаларынан ушундай сөздөрдү жолуктурдуңуз беле? Ушул үч сөзгө сүйлөм түзүп көрөлүбү?

Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласындагы” Сейиттин айтканын тыңшайлы. “Биз Жамийла экөөбүз арабанын аттарын отко койгондон кийин далысын ары салып, казактын мунарланган кең талаасын көз албай тиктеп отурган Даниярдын жанына барчук”. Же “Эгин тапшырып бүткөндөн кийин Даниярга кошулуп, Жамийла экөөбүз жолду ката ырдап келчүк”. “Данияр табалбай убара болсун деп, аттардын жүгөнүн алмаштырып койчук”.

Тилекке каршы, жаштар бүгүн ушинтип тантып сүйлөп калышты. "Ушундай сүйлөш керек" деп үйдөгү ата-энелери да, мектептеги мугалимдери да үйрөтпөсө керек. Бирок барган сайын кыргыз тилин мутантташкан мите сөздөр менен сүйлөгөндөргө толуп бараткан сайын, интеллигенция дегенибиз каршылык кылуунун ордуна унчукпай макул болуп, тымызын багынып берип жаткандай сезилет. Унчукпай макул болуу акырындап өлүү дегенди түшүндүрөт эмеспи.

Мындан бир топ жыл илгери кыргыз тили боюнча бир жыйында Венгриядан келген кыпчак жигит чыгып сүйлөп: “Тилиңер такыр эле мутантташып бүткөн экен. Сүйлөгөн сөздөрүңөрдүн баары мите сөздөргө толуп кетиптир” деген эле. Танапис учурунда жанына барып: “"Мите сөздөр" деп кайсы сөздөрдү айтып жатасың?” десем: “Сүйлөп баратып эле “между прочим”, “так что”, “вообще” деген өңдүү мите сөздөрдү кошуп кете берет экенсиңер” деп жооп берген.

"Ооба “биз ошентип сүйлөп калдык” дегем. Ал кезде жогоруда мен мисал кылган ”барчук, келчүк, койчук” дегендер тилибизге кире элек болчу. Эми бүгүн бул сөздөр кирип, кирмек түгүл жаштарыбыздын тилинде кадимкидей жашап жатат. Ал тургай ушундай мите сөз менен сүйлөгөндөрдүн алды 50 жашка таяп калыптыр.

Алардан кийинки муун “барсаңыз” деген сөздү, “барсаз”, “келсеңиз” деген сөздү “келсез”, “берсеңиз” деген сөздү “берсез” деп сүйлөп жүргөнүн көрөсүз.

Эксперттер "Кыргызстан - дүйнөдө мыйзам менен иштегенди, мыйзам менен жашаганды өздөштүрө элек өлкөлөрдүн бири" дешет. Бизде бүгүн “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү” деген 80 000 сөздөн турган сөздүк бар. Эне тилибиздин мыйзамы - ушул китеп. Кыргыз тилинин фундаменти - ушул китеп. Муну даанышман абабыз, академик Кусейин Карасаев түзүп кеткен. Китеп 2000-жылы президенттин колдоосу менен мамлекеттик тилдин 20 жылдык урматына карата толукталып, байытылып, кайрадан басылып чыккан.

Тилекке каршы, бүгүн коомубуздагы башка мыйзамдар сыяктуу эле Эне тил мыйзамы да иштебей калды. Ар ким оюна келгендей жазып, ар ким оюна келгендей сүйлөп, тилди шылдыңдап, тантып сүйлөп жатат. Минте берсек ансыз да келечеги бүдөмүк тилибиздин ылдам жок болушун тездетебиз. Ошондуктан Билим берүү министрлиги эне тил мыйзамын аткарууга эрки, билими жетпесе же чындап эле эне тилибиздин кадырына жетпесе, келечегине ишенбесе, кыргыз балдарын эне тилинде окутууну каалабаса, анда Кыргызстанда кыргыз тилин окутууну токтотуп, бала бакчалардан тартып бардык мектептер менен окуу жайларын тезинен англис жана кытай тилдерине которуу керек.

Анткени Кыргызстан келечекте “барчук”, “келчүк”, “койчук” деген “мутант” тилдүү жаштардын колуна тийишин мен эле эмес, башкалар да каалабаса керек!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG