Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 21:27

Кечиккен автобус, үзүлгөн үмүт


Иллюстрациялык сүрөт.

Жумагүл Барктабасова кийинки муун кара сөзчүлөрдүн өкүлү. Эгемен өлкөнүн энчисине тийген кыйынчылыктар менен карама-каршылыктар мына ушул муундун чыгармаларында кандай чагылдырылууда?

Кыргыз аңгемесинин классикасынан Барктабасованын “Акыркы үмүт” - татаал тагдырга туш келген тестиердин азабы менен кыял-үмүтүн чагылдырган аңгемесин барактайбыз.

Убакыт дайым эле уча бербейт

Күндүн өтүшү тозок, маалкатып, мүнөттөр жылбай, атайын өчөшкөнсүп кыбыраганын кантесиң. Апыл-тапыл өтүп кетсе, баланын күткөнү орундалар беле? Акыры маалкаткан түн кирет, анан кийинки күн башталат. Түндүн келиши да кетиши да азап. Ата-энесин күткөн баланын арык мойну төшөктөн чыгып, мээримин чачкан күнгө ыраазылык билдирчү. Акыры ташбакадай кыбыраган күн да уясына култ этип кулайт, анан акырын жылып келген айлананы караңгылык айлананы каптап, түн өкүмүн жүргүзөт.

Караңгылык баланы кучагына бекем кысып, тумчуктуруп жиберет. Дүйнө заматта камалып, түрсүл жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй согот – мунун баары баланы кыйнаганы-кыйнаган. Адил жашабай жатып жашоо-турмуштун катаал сынына туш келди. Арактын артынан түшүп алган атасына таарынып апасы төркүндөрүнө баса берген. Кийин атасы артынан келди. Орусиядан жумуш таап бирге иштеп, акча таап келебиз деп апасын көндүргөн экен, ага ишенген аялы экөө алыс жолго аттанышкан. Бала ошондо ата-энесинен калбайм деп чатак салса болмок.

Какаганга муштаган болуп таянеси да ачкыл сууга жакын, тапканын ичип алып, башы ооруганда ачуусун жоош небересинен чыгарып, ит жашоону кечирүүдө. Адил үчүн ошондо күндүн өтүшү да кыйын, таңдын атышы да азап. Болгон эрмеги - айылга кечинде келчү автобусту күтүп отуруу. Балдар менен ойноюн десе кийими жүдөө, китеп-дептери жок.

Таянеси эмнеликтен аракка берилип кеткенине деле кызыккан жан жок. Бир жакшы жери кемпир сүйлөнүп урушканы менен Адилге кол тийгизбейт. Атасы аракка тоюп келгенде апасын да, уулун да аячу эмес. Бирок ата деген ата экен, Адил аны менен чогуу болгонду, бирге жашоону жакшы көрөт. Азыр болсо убакыт өтпөй, күтүү азапка айланып баратат. Бул күтүү акыркы үмүт болчу.

«Күндүн шооласы анын төшөктөн чыгып калган арык мойнун кытыгылап ойготуп, “ата-энең бүгүн келет, тур, балким, жолдо келе жаткандыр” деп айтып жаткандай туюлат эле. Бирок, кеч кирип кетсе эле үмүткө жетелеген күндүн бири өчөт. Караңгылык менен туӊгуюк кошо келгендей, бул жашоодо, бул жер жүзүндө жалгыз өзү калгандай кичинекей жүрөгү токтоосуз туйлап согот. Көкүрөгүнө жаш толуп калгандай муунуп, бакырып ыйлагысы келет, ыйлай албайт. Бала төртүнчү эле класста окуйт. Бирок, ал өзүн узак-узак жашагандай, ошол узак өмүрүндө ата-энесин күтүп жүргөндөй туят.

Тышка чыгып үйдүн жанындагы эски жепирейген жаман кепеге бет алды. Бурчта чаң баскан кыйшайган челекти темтеңдеп көтөрүп келип, өзү күндө көлөкөлөп ойногон бактын түбүнө койду. Кичинекей колу менен жиптин бир жагын өзү чыгып ойногон жоон бутакка байлап секирип түштү. Бирөө кармап калчудай шашып жатты. Жип карт алмуруттун бутагына жакшы байлангандан кийин, көмкөрүлгөн жаман челекке чыгып, бир нерселерди ойлогондой шашпай туруп калды. Балким аны сыртынан көргөндөр эч нерсе менен иши жок, ойлонгонду деле билбеген кичинекей жан катары сезишсе керек. Бирок, ал бул жолу көп адамдар көңүл бөлбөгөн жылдыздарды көпкө карады. Адам баласы, анын жаралышы, турмуш-жашоо, сагыныч, кусалык жөнүндө ойлоду».

Убакыт ушунчалык кашаңбы? Мүнөт сааттарга кошулуп алып учуп кетип баратканы башкаларга туюлса туюлгандыр, асти Адилге андай сезиле элек. Атасы менен апасы жалгыз уулун таштап Орусиядан акча табабыз деп кетишпесе, бул жактагы таянеси небересине адамдай мамиле жасаса, ким билет, бала мынчалык кусага батып, аракеч атасы менен баласына мээрим төкпөгөн апасын сагынбас беле?! Орусияга агылган адамдардын көбүнүн бала-чакасы жакындарынын колунда эле чоңоюп атышпайбы. Адилдин жооштугунан пайдаланып атасы менен апасы таянесине таштап кете беришпедиби. Жалгыз торпокту сатышып, жарыбаган акчага алыс жакка кетишти. Мына эми тестиер бала умсунуп жолду карап, ата-энем келип калабы деп күнүгө автобус каттачу жолду карайт. Ушул жол анын эң жакын адамдарын алыска алып кетти эле. Эми кайтарып алып келсе кана! Күтүү ушунчалык оор, азаптуу болорун Адил эми түшунүп отурат.

Кечиккен автобус

Тайэнеси экөө узаткан жолго бала гана келет. Шумдуктуу кемпирдин эрмеги башка. Каяктан табат, кантип табат, бирок күн кур эмес мас, оозу жыттанып, бала үйгө киргени сүйлөнүп, урушуп кирет. Ушундай да ташбоор жан болот экен капырай. Кичинекей бала менен деле иши жок, арак издеп, тапса көңүлү жай, таба албаса эле баланы кагажытып, ансыз да куту качкан үйдө кары менен баланын жашоо деген гана аты бар ит турмушу сүйрөлүп өтүп жаткан.

Адилдин жооштугу да, эч кимге карабай чатакты чоң салып, атасы менен апасын ээрчип кетип калса болмок экен. Тайэнесине баш бербей, ыйлап-боздоп, жер тепкилеп кежирленип отуруп кетип калса минтип эзилип сары санаага батпайт эле.

Эскирген кийими тартынчаак Адилди корунчаак кылып койгон. Жолдошторуна кошулуп оюнга кирип кетиштен да тартынат.

Баланы ушул ой эзип келатат. Адил өзү жоош бала да, анте албады «ата-энеси автобуска түшүп кеткиче карап, көздөн жашын чубаткандан башка айла таппай кала бербедиби. Ошондуктан бул айылга күнүгө эртең менен, анан кечинде эки маал каттаган автобустун жолун тосуп чыгат. Болгон үмүтү ушул шалдыраган автобуста».

Сары санаа тестиер баланы ушинтип эрмектеп алды. Күнүгө бир нерсеси калгансып жолду тосуп чыгат. Шалдыраган автобус шаарга баргандарды кайра айылга алып келет. Жолду көрүп, автобустан атасы менен апасы түшпөгөнүн көргөн соң көкшүнү сууп, кээде оюнга алаксып кетет. Балдарга батынып кошула албай, таятасы тигип кеткен бактын ичинде өзүнө ылайык оюнду таап алган. Көлөкөдө отуруп алып ичин бук кылган ойлорун чийимдерге чыгарат.

«Жерге чыбык менен сүрөт тартып ойноп же атасы ичпей келген күндөрдүн биринде таарылган жыгачтардын калдыгынан жасап берген жүк ташыган машинасы менен миң алекетке түшмөк. Ал дагы жакшы жүрбөйт. Дөңгөлөк дегенден эч нерсе жок болсо кайдан жүрсүн? Атасы дагы өз турмушуна окшогон машине жасап бергенин карасаң. Эптеп эле машине аты бар. “Апам менен атам келгенде, балдардыкына окшогон машина алып берет. Анан мен дагы аны менен ойнойм. Бирок, сен таарынба, менин ак тулпарым, сени дагы таштабайм. Экөөң менен тең ойнойм”, – деп жыгачтан жасалган кыйшайган машинасы менен сүйлөшүп, “Вуум, вуууум”, – деп оюндун кызуусуна киргенде, тайэнесинин ачуу үнү угулду.

– Ай, сетер, үйдү жыйнадыңбы? Бир пайда келтирсең боло? Сенин азабыңды тартып жүрүп өтөт экемин го. Алкаш атаң кызымды ээрчитип кетип, мени сени менен азапка салып койбодубу.

Ал кыйкырганда, оозунан арактын жыты бур этти. Бала бул жашоодо бир гана нерсени жаман көрсө, ошол нерсе – ушул жыт эле. Атасы дал ушинтип жыттанып келгенде, алгач анын жанына барып эркелей берчү. Бирок, бир жолу ушундай жыттанып келип, апасы экөөнүн ортосунда чыр чыкканда, апасын да, аны да чаап жиберген. Ошондон кийин атасынын ушундай жытын алганда, апасы запкы тартып калбаса экен деп корко берет эле. Ал эми таянеси болсо, андай деле уруп жибербейт. Урушат, кыйкырат. Кээде көңүлү ачылганда, жалынып калмайы дагы бар. Бирок, аны карап, кийим-кечесин тазалап, сабагына жардам берүүнү билбейт. Акыркы күндөрдө болгону арак ичүү менен алек болуп калды».

Мектепке деле баргысы келбейт. Анын кейпин көрүп балдар оюнга кошушпайт. Эскирген кийими тартынчаак Адилди корунчаак кылып койгон. Жолдошторуна кошулуп оюнга кирип кетиштен да тартынат.

Сүрөт дүйнө

Класстагы жакшы көргөн сабагы сүрөт тартуу. Ушул сабагынан гана жакшы баа алып, эжесинин урушун укпайт. Бир жаман жери баланын китеп-дептерлери жетишсиз. Ак көңүлү кармаганда эжейи балдардан чогултуп ага калем, дептер алып берет. Башка убакта китеп, дептер, калеми бар балдарды умсуна тиктеп коюп отурмай. Таянеси пенсиясы тийгенде кээде ак көңүлү кармап китеп-дептер алып берет, баарын эмес. Аракка жеткен акча небересине келгенде жетпей калат. Болду анан үйдө анын сабак окуганы-окубаганы менен ал кишинин иши жок. Кемпир өмүрүнүн акырын арак менен өткөрүүдө. Жакшы көргөн кызы аракечке туш келип, жашоо-турмушу жөндөлбөй жатканына капаланып ушул ишке барабы же башка да бир себеби барбы, айтор, оозун буркуратып, балпайып төрдө отурчу кезинде аракка үйүр болуп алганын карабайсызбы! Ушундай шордуу. Адилди ойлогон киши жок болуп атпайбы.

«Ата-энесинин тун баласы. Ал төрөлгөн учурда жаш үй-бүлөнүн турмушу оор болду. Атасы Кабыл дагы көп ичип, колуктусу экөө көп таарынышты. Апасы Гүлзат баласын ээрчитип, энесинин үйүнө, ушу жерге келген күнү көп болгон. Бирок, Адил атасы, апасы менен бирге жашаган күндөрдү жактырчу. Акыркы жолу атасы келгенде, бала үйгө барып бирге жашайт турбайбызбы деп абдан сүйүндү эле. Кубанганынан көчөгө чыгып, чаңдатып ары-бери чуркап да алган. Көрсө, ал апасын эле алып, Орусияда жаңы турмуш баштоо үчүн келген экен.

Гүлзаттын атасына койгон шарты да ушул болчу. Атасы Кабыл акча, жумуш тапканда гана аны менен бирге жашамак. Бул жолу чоң атасы энчилеген торпокту сатып, Гүлзатты Орусияга алып кетүү үчүн келген тура. Алар жетелешип кетишти.

Кабылдын ичкени Орусияда да азайып кеткен жок окшойт. Көнгөн адат калбаптыр. Ал ичкенде Гүлзат ал жактан да курбусунукуна кетип калып жатып, башка бир адам менен таанышып, ага баш кошкон экен».

Апасы айла жоктон башка бирөөнүн этегин кармагандыр. Ким эле үстү-башын карабаган, бул тирүүлүктүн кызыгынан кечип койгон адам менен өмүр өткөргүсү келсин.

Күйөөсүнө таарынып төркүндөрүнө келе бергенде Гүлзат баласын сонун кийинтип мектепке өзү ээрчитип келген. Андан бери төрт жыл өттү. Биринчи класста баланын костюму дагы жаңы эле. Апа-бала бир жыл чогуу жашады. Балдар аны оюнга кошуп алышчу. Ата-энеси кеткенден кийин аз убакыт телефон чалып турушту.

Алар чалса эле Адил ыйлаганы туру, сагынганын айтып буркурап ийгиси келип жүрөт. Эч кимге билгизбей ыйлап-ыйлап, анан өзүн сооротуп, айласыз күн санап отурат. Же атасы, же апасы келсечи! Кандай ташбоор эмелер. Баласын ушунчалык сагынтып, жок дегенде бир жолу абалын сурап койбогон ушунчалык да ташбоор адам болобу, кокуй!

Бала ушинтип сары санаага түшүп, айласын таппай турганда эжекеси чачын кыскартып келбейсиңби деп балдардын алдында шагын сындырды Чачын ким алып берет? Таянеси арак таппай башы ооруп, сиркеси суу көтөрбөй жаткан экен небересин аябай тилдеди. Эжейи Адилдин чачына асылганча сабакты жакшы окутсун, башымды оорутпа деп жууткан жок.

Балада эми бир арга өз чачын өзү кыскартышы гана калды. Антпесе эжейи сабакка келбе дебедиби.

«Адил күзгүнүн маңдайына барды. Алгач маңдай чачын кесип көрдү. Жакшы эле көрүнүп калды окшойт. Анан бир тал чачын кармап кести. Анан дагы бирин, анан дагы бирин. Ошентип тегиздейм деп чачы өйдө-ылдый болуп бир укмуш. Чуркап барып чакадагы суудан колуна уучтап башына куя берди. Кайра күзгүгө чуркап барды.

Турмуш аны кандай шылдыңдаса да көтөрмөк. Бирок, эртең сабакта балдардын каткырып күлгөнүн элестеткиси келген жок. Эмне кыларын билбей калды. Акыркы үмүтү атасы же апасы кечки автобус менен келип калганында эле...»

А бирок ал ирет да автобуста атасы менен апасы келген жок. Кемпир арак издеп бир жакка кеткен окшойт. Эмне кылат, чачын биротоло такырайтып алып да коё албайт. Бу кейпи менен барса балдар күлөт, эжекеси класстан кууп чыгат болуш керек.

Акыркы үмүтү үзүлгөн бала жана алмага бекем байлаган жибин эстеди. «Муунуп өлүптүр» дегенди уккан жайы бар эле. Ушинтип өз жанын кыйышат экен го. Бала акыркы автобустан атасы менен апасы келбегенден кийин эле жашоодон түңүлүп калган. Бу жашоодогу жакын адамдарына кереги жок баланын акыркы аргасы ушул эле.

«Жипти мойнуна салып, бут алдындагы челекти тээп жиберди. Анын кичинекей денесин көтөрүп турган жаман челек кыйшайып барып тоголонуп кетти».

Аябай эле оор аңгеме. Азыркы заман трагедиясы. Башаламан заманга таарынасыңбы, акча деп баласын таштап кеткен апасына же арактан башы чыкпай калган ата сөрөйгө таарынасыңбы, кичинекей күнөөсүз боорум, эмне айтарды да билбей турам!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG