Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 10:41

«Башка аялдан дагы бир балам бар...»


Иллюстрациялык сүрөт.

Жолдошбай Осмонов карапайым айыл турмушун, элеттиктердин өз ара мамиле-катнаштарын сүрөттөөгө кызыккан калемгер.

Анын «Айла кеткенде» аңгемесинде чиеш адеп-ыймандык маселе көтөрүлгөн.

Чөптүн иши көп

Айылдын бүтпөс сөзү барып-келип эле чөпкө, малга, тоютка барып такалат. Жаздан күзгө дейре чөп тууралуу сөз, кыш каарына алып ала-шалбыртта кетпей туруп алса азап. Быйыл жаз кечигип, мал тоютсуз кыйналып, башка учурда деле баркы билинбеген самандын пулу асман чапчыды. Мындайда айылдагылардын оозунан түшпөгөн кеби ушул тоют, ким кайсы жерден канча боо чөп тапканы, канчага сатып алганы болуп калат. Асранкулдун да эчкилери түгөл тууп, бирок чөптүн аздыгынан улактары жакшы тороло албай атыптыр. Ошо «улактарга берем» деп аялы күйөөсүн кургак сүт таап келүүгө жөнөткөн.

А бирок кургак сүт шаардагы дүкөндөрдүн бир да бирөөндө жок экен. Дүкөнгө баш баккан орус келиндин наристесине деп «Малыш» буламыгын сатып алып атканын көргөн Сабыр агасына ошону сатып алууну сунуш кылат. Асранкул улак деп наристелердин ырыскысына кол салгысы келбейт, бирок сүткө тойбой отурган улактарын эстеп буламык сатып алат. Катар дүкөндөрдүн ар биринен аз-аздан алып отуруп, көтөрүп келген чоң кабын толтуруп айылга кайтат.

Ала-шалбыртта малын сактап калышкан ошол инисин Асранкул жайында үйүнө конокко чакырат. Сабыр агасынан үйүндө отуруп жеңеси экөөнүн алгачкы таанышуусун эстейт. Анда жеңеси жаңы келин, кайниси күүмчү, жеңеси теримчи болуп тоодо болушчу. Токойдогу бийик жаңгактарга Сабыр чыгып күбүйт, жеңеси терет. Жакшы жумуш, токой ичи салкын. Тек жаңгак күбүлүп атканда түбүндө турбаш керек.

«Полундра, урматтуу жарандар, сактангыла, жаңгакты күбүгөндү азыр баштаймын. Башыңарга көк жаңгак тийчү болсо мага таарынбагыла! – дегенимде жеңем менен акем жаңгактын түбүнөн шашкалактап бачым качып чуркап чыгышты. Мен жаңгак бутактарын катуу силккен сайын бышкан жаңгактар мөндүр сымал катуу дыбырап, жердин бети кыпкызыл болгон жаңгакка жайнап жатып калды.

Шайыргүл жеңемдин менин үстүмөн акеме арызданып, даттанбаганына ичимен ыраазы болуп калдым. Ошондогу кымча бел сулуу жеңем азыр толмочунан келген жылдыздуу аял. Андагы жаңгактын башында маймылдай бутактан-бутакка секирген арык, бирок чыйрак жана шамдагай, чапчаң «кичине бала» болсо чачын күмүш аралаган салабаттуу киши болуп калган».

Сырттагы сөрүдө туугандар эт жеп, ар бири өз үйлөрүнө кетишкенден кийин агасы менен иниси өзүнчө калып Асранкул бир кездеги окуясын инисине сыр кылып айтат.

«Сага кандайча түшүндүрсөм экен, кыскасы башка катындан дагы бир балам бар, сенин дагы бир иниң бар», дейт ичимдикке азыраак кызып, сырдашкысы келген агасы. Буга чейин чоң сырды ал эч кимге айтпаптыр. Кой оозуна чөп албас деген жоош кишинин кылыгы инисин аябай таңдандырат. Жашырын ишти жеңеси билбейт. Агасы он жылдан ашуун сактап келген сырын инисине айтып, ал аркылуу аялынын баш терисин сыноону чечкен окшобойбу. Бирок Сабыр Асранкулдун жашырын сырын жеңесине айтып, үй-бүлөдөгү оор маселеге ортомчу болушту каалабайт. Жеңеси кандай кабыл алат?

Асранкулдун аялынын алдындагы айыптуу деген иши совет заманында болуп өткөн экен. Анда ал колхоздогу жаңы «Нива» комбайнын алып, күн-түн тынбай эгин чаап жүргөн учуру. Жумуш көп. Эгинин чаптырып алгысы келгендер аларга арагы менен акчасын көтөрүп, «чаап берчи» деп ээрчип турушкан кези. Комбайн колхоздуку, ал биринчи ирет чарбанын талаасын чабышы керек. Анан убакты-сааты болуп калса айылдыктардын ишин кезектештирип чаап беришет. Ошондой уйкусуз түндөрдүн биринде Асранкулга бир аксакал киши келет. Анын арпасы бышып, төгүлөйүн деп калыптыр. Асранкул колу бошосо эле арпасын чаап берерин айтып, көзү чачыраган чалды ишендирип жолго салат. Арпасын чаптырганы келген аксакалды бир сулуу кыз аркылуу таанып калды.

Эгин чабуу башталганда комбайнчыларга тамак бышырчу болук аялдын жанында илбериңки сулуу кыз пайда болгон. Тулку бою келишкен, кымча бел бийкеч келгени комбайнчыларга жан кирди, ага ашык болбогону, тамаша айтпаганы калбады деле окшойт. Асранкул чалдын арпасын орууга киришерде күн себелеп жаан башталып иш токтойт. Комбайнчылар үйлөрүнө кетишкен, комбайндарга кароол болуп чатырда Асранкул гана калган.

« - Аке, барсызбы? – деген сырттан кыздын жагымдуу үнү угулду. Сыртка чыкса Айшанын өткөндө келген сиңдиси колуна түйүнчөк кармап туруптур.

- Саламатсызбы, аке, сизге үйдөгүлөр тамак берип жиберишти эле, - деди Айшанын акжуумал сүйкүмдүү сиңдиси.

- Ка-ап, убара болуптурсуң да, кир чатырга, жамгырга турбай. Бир чети келгениң да жакшы болду, эки күндөн бери адамдын үнүн угууга зармын, - деди Асранкул.

- Сиз тамакты муздатпай жылуусунда жеп алыңыз, – деген кыз түйүнчөктү чечип, дасторкон жайды.

- Мага шерик бол, чогуу тамактаналы.

- Ырахмат аке, мен тамактанып алганмын, - деген кыз колуна «Советтик Кыргызстан» гезитин алды».

Колхоздун парткому таштап кеткен гезиттеги Брежневдин узун баяндамасынын «Узакка созулган кол чабуулар!» дегени гана эсинде калганын айтып Асранкул кызды кепке тартты. Аты Айганыш экен. Ошентип таанышкан экөө. Асранкулдун оюнан чыкпай, жылдыздуу жүзү көз алдынан кетпеген айым ушул.

«Өжөр экенсиз…»

Кыздын адам көңүлүн калтырбаган жаракөр мамилеси, шыңгыр күлкүсү, анан да жадыраган маанайы аялы бар кишини деле алеп-желеп кылып, аялуу сезимин ойготуп ийди окшойт. Кыз тамак алып келгендин эртеси күн ачылып комбайнчылар ишин улантканда Асранкул Таштан чалдын арпасын орууга киришти.

«Арпа аянтын жарымдатып оруп калганда Таштан аксакал, артынан кымыз куюлган идишин көтөргөн Айганыш келди. Асранкул комбайнды өчүрүп, Таштан абышка менен учурашты.

- Арпаңыз аябай жакшы болгон турбайбы, эки айланганда эле бункерим толуп калды. Данды кайсыл жерге төгөбүз?

- Муктар шоопур менен сүйлөшүп койгонмун, ал үйгө түшүрүп бермек болгон,- деди аксакал.

- Андай болсо Муктарды чакырып келиңиз, арпаны биротоло анын машинесине төгүп, калганын оро салайын,- деди Асранкул. Чал атына минип, талаа станынан Муктарды чакырганы кетти.

Асранкул менен Айганыш бийик өскөн долононун көлөкөсүндөгү көк майсаң чөпкө олтурушту. Айганыш чоң чыныга кымыз куюп, Асранкулга сунду. Ал чыныны алып жатып, анын жумшак апапакай болгон назик жумшак билегин кармалап жиберди. Жүзү заматта кызарып, албыра түшкөн Айганыш уялыңкы жер карады. Асранкулдан ал мындай орунсуз кылыкты күтпөгөн эле.

- Коюңузчу аке, бала-чакалуу кишинин минткени уят иш эмеспи, же күйөөдөн чыккан келинге боло берет деп шылдыңдап жатканыңызбы?!

- Жүрөгүмдү биротоло багынтып алсаң кантейин Айганышым, - деген Асранкул чыныдагы кымызды бир дем албай жутуп жиберди. Айганыш унчукпай ордунан туруп, комбайндын көлөкө жагына айланып басып кетти. «Капа кылып, таарынтып алдым окшойт» деген кыязда Асранкул кыжалат болуп калды. Бир саамдан кийин Асранкул Айганышка үн салды.

- Айганыш, мен кечинде сага барамын, чыгаарсың?

Андан жооп болбоду. Машиненин дүрүлдөгөн добушу угулганда Асранкул комбайнын жүргүздү».

Жай саратандагы үй-бүлөлүү адам менен жаш келиндин арзуусу ошол талаада башталган. Асранкулдун «түндө барамын» деген сөзүнө ачык жооп бербеген кыз баары бир чыкты. Үрдүн кызындай сулуунун жанында аз убакыт болсо да болуу, демин тыңшап отуруунун өзү бакыт го.

Элдин баары уйкуга кеткенде ууру басыш менен Асранкул дагы боз үйдүн жанына келди. Таштан чалдын картаң дөбөтү эки-үч курдай үрүмүш болуп, андан башка бир да жан апкаарыган жигиттин уурулугуна маани бербей уйкуга кетти окшойт. Асманды кадала тиктеген Асранкул саратандын чырылдагын, көк бетине жайнап чыккан жылдыздардын кыймылын карап чалкасынан жатты. О кыйла убакыт өткөндөн кийин кимдир-бирөөнүн кадамынын шыбырты угулду. Ордунан тура калган Асранкул өзүн карай этият басып келаткан Айганыштын караанын көрүп, жүрөгү бир башкача дүкүлдөп согуп, апкаарый түштү.

«Өжөр экенсиз, кечээ келгениңизди билгенмин, өзүмдү мажбурлап чыкпадым. Мени унутарсыз деген элем, бүгүн болсо чыдай албадым, өзүм келдим, сизди көргүм келди, - деди Айганыш акырын шыбырап...»

Бирин бири жактырып калган экөөнүн ошол түнүнө асмандагы жылдыздар, айланада үн салып аткан жандуунун баары күбө болушту окшойт. Асранкул уккан адамдын денесин балкытып, магдыратып салчу сыйкырдуу сөздөрү көп экенине таң калды. Аны ай талаада сулууга гана арнап, экөө баарын унутуп, махабатка балкып, а бирок убакыт тез өтүп, таң атып калды. Ал Айганыштын, пенде баласында сейрек кездешчү сулуунун өзү келгенине, анын эрки менен болуп атканына таңданып аткан. «Жараткан экөөбүздү табыштырган» деди. Бул сөздөр кайдан келди? Асранкул андай бал сөздөрүн аялына арнаган эмес эле.

Ошол түнкү талаанын кооздугу, талаа гүлдөрүнүн аңкыган жыты, теребелдин бир башкача болукшуп турганы чынында эле керемет болчу. Асранкул жалынып-жалбарып өткөн ошол түнүн кийин унутуп көнүмүш ишин улантты. Айганыш болсо ошол түнкү махабатынан тапкан баласын өзү чоңойтуп, жашоо-тирилигин улантат. Асранкул 12 жылдан кийин болгон ишти инисине, анан аялына билдирип, абийир сотуна бел байлады. Айганыш баласын Самаган деп коюп, баласы тестиер болуп калганда баары ачыкка чыгып, Асранкулдун аялы Шайыргүл аны атайын барып көрүп: «Муну турмуш дейт, турмушуң кургур бул жашоодо пенделерин каалагандай калчайт турбайбы. Ага моюн сунбаска, баш ийбеске аргаң да жок», деп балдарына дагы бир ини кошулганына кубанарын же ыйларын билбей үшкүрүп тим болот.

Жолдошбай Осмоновдун аңгемесиндеги турмуштук коллизиянын кыскача чоо-жайы ушундай.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG