Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 21:51

«Зөөкүр күйөөсүн жоктогон жеңем...»


Иллюстрациялык сүрөт

Абдыкерим Муратовдун «Жесир калган жеңемдин кошогу» аңгемеси ушу тапта социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып жаткан чагы.

Акыйкатта да, чыгармада өзгөчө актуалдуу социалдык проблема козголгон. Жазуучу олуттуу адеп-ыйман маселесинин өзөгүн кармай алган.

«Эшек! Адам эмес, ит!»

Заман, доорлор алмашканы менен анча өзгөрүлбөй келаткан айыл турмушу. Баары алаканга салгандай даана, ачык, биринин сыры экинчисине маалым. Жашыра турган да эч нерсеси жок. Ким ууру, ким жалганчы, ким кызыл камчы, ким молдо, ким аракеч – баары белгилүү. Шекспир айткан турмуш сахнасында ойнолгон драманын каармандары үчөө эле: кайниси, жеңеси, агасы. Берекелүү айылда ортолукту тосуп койгон кашаа же дубал да жок, бири экинчисине ээн-жайкын каттаган адамдар. Ошондон айылдын жамандык-жакшылыкта тез чогула коймою бар. Бирок бир иште андай ынтымак байкалбайт. Агасы жеңесин уруп, көгала койдой токмоктоп, айылга чаң салганда ал жердеги аксакал-көксакалдардын бир да бирөө чыга калып ажыратпайт, эч кимдин жиндиге теңелгиси келбейт. Бир жолу гана атасы шатырата сөгүп, жинденген агасын тыйган:

«Бир жолу кечки дасторкон эми жайылып тамакка отуруп атканыбызда эле эшик шарт ачылып, кыйкырып ыйлаган бойдон жеңем кирип келди. Артынан абам эшиктен баш багып эле ичине тээп-тээп жиберди. Атам ыргып туруп, абамды жон талыштыра бир урду:

- Эшек! Адам эмес, ит! Кош кат аялга көтөргөн колуң сынсын! Бутуң үзүлүп түшсүн! - Атамдын мындай ачууланганын биринчи көрүшүм.

Мас абам соолуга түштүбү, артына шарт бурулуп, жеңеме карап:

- Экинчи үйгө келсең, соём! Уктуңбу, соём!? Энеңди!.. – деп чыгып кетти.

Тамагыбыз да калды. Атамдын жүрөк оорусу кармап, апам бирде атама дарысын берип, бирде жеңеме бир нерселерди ичирип, көгөргөн курсагына май сыйпап, үйүбүз бир заматта тозокко айланды.

Эртеси жеңемди догдурга алып кеткен апам, сарт бешимге жетпей келип калды, көңүлсүз гана кирди, «төрөдү» деди. Мага карап: «Эч кимге айтпа, туугандарына сүйүнчүлөбөй эле кой» дегенин акырын угузду. А мени болсо жеңем оолуктуруп койгон, «жаңкы бала, мен эркек төрөйм, түшүмө кирди, мен төрөгөндө төркүндөрүмө өзүңүз барып сүйүнчүлөйсүз, сүйүнчүңүзгө тай мингизет» дечү. Не кыларды билбей отуруп калгам…»

Ал бала агасын «аба» дечү. Ошол агасы каза болгондо каарман айылдагы атасына телефон чалат. Чет өлкөгө жөнөп жатканын айтат. Атасы «сен келгенде эмне, тирилип кетет беле, жолдон калбай бара бер» деп койгон. Чет өлкөгө иш, аягында саякатка барган жигит арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин көз көрсөткөнү айылга жөнөйт. Эртең менен учуп барып, кечке кайтууну болжоп жолго чыгат. Ата-энесине учурашкан соң абасыныкына барса тамбашына кара кагаз жаткырып аткан жеңеси апыл-тапыл жерге түшүп, кошок кошкону үйгө кирип кетет. Салт боюнча иниси агасынын үйүнө өкүрүп барышы керек эле. Арадан кыйла убакыт өтүп, кыркылыгы берилген агасына бу шаардык жөн эле көз көрсөткөнү кирсе жеңеси кош бөйрөгүн таянып, кошок кошуп атпайбы. Жеңесинин тааныш үнү ыйга буулугуп, ичине толгон күйүтү менен арманын ырга кошуп, агасынан ажыраганын айтып, буркурап ыйлап тосот.

Маркумдун артында калган аялы, кыз-кыркыны батачы келгенде созолонтуп кошок кошуп, бу жарыкчылыкты таштап кеткен адамдын өлүмү артында калгандарына кандай кайгы, арман-асирет алып келгенин кошуу - аялзатынын парзы.

Жеңеси ошол салтты улап, алыскы борбор шаардан агасына куран окутканы келген инисине ичтеги арман-күйүтүн айтып отурбайбы. Жеңеси учурунда кыз-келиндер институтунда музыкалык факультетте окуган, ыр-күүгө жакын жан эле. Анын кызыл камчы күйөөсү тууралуу өксүп-өксүп кошкон кошогу кайнисин таңдандырат.

«Башкадан күтсөм да ушул жеңемден күйөөсүнө ушунча күйүп, ушундай кошок кошот деп күткөн эмесмин. Оозум ачылып эле калды.

Акырын шырп алдырбай, жеңемин жанына барып, кошогун токтотсо, куран окуйт элем деп туруп калдым. Жеңем кошогун токтотподу. Кайра улам күчөп, улам муңдуу доошу менен мени таң калтыра кошок кошо берди.

Агарган эй-эй кардын бетинде,
Алчадай болуп эй-эй кан жатат.
Ашууга жетпей эй-эй адашкан,
Асылым, көрдө эй-эй тим жатат…

«Жеңемден мындай кошок күткөн эмес элем» дегендин да себеби бар. Анда жеңем Фрунзеде – женпедде, музыкалык факультетте окучу экен. Абдан жакшы окуптур, кийин альбомунан көп эле сүрөттөрүн көрсөткөн, курсташтарынын ичинен белгилүү ырчылар, ал түгүл эл артисттери, эмгек сиңиргендери чыгыптыр. Ошолордун сүрөттөрүн альбомунан ачып берип атып, оор улутунуп алчу. Сүрөттөрдүн ичинде аскер кийимчен бир жигиттин да сүрөтү боло турган, аны өзгөчө бир ынтаа менен карачу. Кийин ал сүрөттөр альбому менен кошо абамдын колуна түштү да, абам аны тандырга алоолоп күйүп жаткан тамеки сөөктөрдүн арасына тытып-тытып таштап жиберген. Ошондо мен карап тургам. Үйлөнүшкөнү менен али балалуу боло элек эле.

Абам адаттагыдай апам айткандай «ичээр оокатын ичип келип» тандырга от коюп берип аткан жеңемдин колунан көсөөсүн жулуп алып аны менен жон талаштыра чаап, ал байкуш коркконунан үрпөйүп туруп калса, ылай шапкесин башынан алып, «ыы, таластыгыңды сагындыңбы» деп келекелеп туруп калды. Мен кичине баламын. Нан жасап аткан абамдын апасына чуркап кирдим. Келинине болушуп кайын энеси камыр колу менен атып чыкканда, баласы апасын да тоотуп койбой, «Бул таластык жигитин сагыныптыр» деп дагы тап койду эле, апасы ортого түшө калып, жеңеме ым берди эле, жеңем болсо биздин үйдү карап атырылды…»

Сабоого көнгөн аялдын арманы

Ошол жеңеси батага кечигип келген кайнисинин алдында күйүткө малынып, басса-турса жүндөй тытчу күйөөсүн жоктоп, арыз-арманын кошокко кошуп, буга чейин айталбай келген арманын төгүп аткан. Акыйкаты, жеңесинин үнү укмуш болчу, бирок зөөкүр күйөөнүн колуна тийгенден кийин ырдаганды кой, эптеп карабашын калкалап, аман калыштын аргасы менен өмүр кечирбедиби. Ата-энеси да ырга шыктуу адамдар окшобойбу, шык-жөндөм ошол жактан келип, мектепте окуп жүргөн кезинде эле эл оозуна алынып, талантынын аркасы менен борборго чейин барып, телевизорго чыгып, окууга өтүп, анан орто жолдон кызганчаак, кызыл камчы зөөкүргө туш келип отурбайбы. «Таш түшкөн жеринде оор» деп зордук менен алып алган күйөөсүнүн таягына чыдап, катаал турмуштун азап-тозогуна кайыл болуп жашады, бу шордуу. Мына эми «береним, бүркүтүм, адамзаттын курчу элең» деп арманын айга жеткирип, күйүтү күндү чапчып, ааламдагы жалгыз жакын адамынан ажыраганын арман менен кошуп отурат.

«Өзүмдүн уккан кулагыма өзүм ишенбей отурдум. Кайдагы берен да, кайдагы бүркүт? Өмүр бою кара келтектин алдында калып, мас күйөөсүнүн азабын тартып, бир өмүрүн текке кетирген, беттери тырыш, бели ийилген, бутун сүйрөп баскан ак чач жеңем ушинтип кошок кошуп отурат. «Күйөөсү бир нерсе болсо, кошок кошмок түгүл, бир күн кара кийип аза тартпаса керек» деп ойлойт элем бул жеңемдин абамдан көргөн кордугун эстеген сайын.

Сырттан абам менен жеңемдин чоң уулу келип жаныма отуруп калганын элес да албаптырмын. Карасам эле отурат, колун мага сунуп, ырсайып коёт.

Ой, ушул бала азап тартты. Өзү эле тартпай апасын да өмүр бою түйшүктөнтүп келди. Баратып эле турган жеринде жыгылып, бети-башы канап, оозунан ак көбүк чыгып жатып калат. Оң колу, оң буту кыймылсыз, тамакты сол колу менен бурдап-бурдап жегенде он күндөн бери ачка калганбы деп кишинин эси чыгат».

Боюнда бар аялын ичке тээп, ай-күнү жетип турган бечара келиндин эртеси ооруканада төрөгөн баласы ушундай акыл-эси кирди-чыкты, жарымжан болуп калган. Аны менен эле тим болбой кийин кинозалда артынан бычагын көтөрүп барып бечара аялды союп коёрдо эл кийлигишип, ошо кезде милиция боло калып «байлатма жиндиден» көрбөгөнү көр болбодубу.

«Абамдын кинодогу «киносунан» эки күн өткөндөбү, же үч күн өткөндөбү, атамдын апама мындай дегенин угуп калдым: «Бул келиниң өзүн аябаган неме экен. Он беш суткеге каматып койсом дегем. Арыз жазбай койду. «Бычакты бул сайган жок» деп калп айтып, милийсаканага өзү барып жиндини өзү чыгарып алыптыр».

Ырас, ошондон кийин абам ичпей жүрдү. Үйүн шыбап, тамаркасын карап, апам айткандай «адам болду». Адамдыгы эки айдан ашпады. Айылда бир той болуп, ал жерге сагалап барып, арак сурап ичип, тойдун тоз тополоңун чыгарып, отуруштагы боз балдардан тойгончо токмок жеп өлөйүн деп бир арыкка жатып калыптыр. Жеңем сааркы азанда «өлгөн жеринен тирилтип» алып келди».

Алыстан келген кайнисин көргөнгө өрөпкүп кеттиби же ичине толгон букка ээ боло албай калдыбы, айтор ал күнү жеңесинин кошогу токтолчудай эмес. Акыры кошоктун бүтүшүн күтпөй куран окулуп бетке бата тартылгандан кийин, жеңеси менен кайниси, агасынын чоң уулу үчөө гана отурган чакта шаардан келген меймандын салт боюнча «Пенделик экен. Абам жакшы киши эле, жайы жаннатта болсун» деген салттуу сөздү айта албай, бөлмөдө кызыктай тынчтык туруп калды. Жалган сөздү айтууга батына албады. Аны айттырбай турган күч таарынычпы, кекпи – аны өзү да билбей абдаарып турду. Атасынын кызыл камчысын көрүп чоңойгон балдары анын акыркы зыйнатына да келишпей, «куран окуп кой» деп акчасын жөнөтүп ийишиптир. «Арактан өлгөнгө жаназа буйрубайт» деп молдолор да жаназага келбей коюшуптур.

Бата окулуп тура беришкенде агасынын жарым жан баласы жыгылып, оозунан ак көбүгү чыгып, эки буту менен асман жакты тепкилеп жатып калат. Бул жанатан бери эзилип кошок кошкон аялдын күйөөсүнөн калган эстелиги эле. Баласы канчалык азап тарткан сайын энеси кошо кыйналып, бирок да эл алдында салтты сактап, кызыл камчы аракеч күйөөсүнүн айбан да жасабас кылыктарын жашырып, бул турмуштун өтө эле катаал жазасына туш келген аял дале улуулугунан, бийиктигинен тайбай, адамдык нарк-насилин толук жоготуп койгон күйөөсүнүн артынан бу жарыкчылыкты таштап кетерин ойлоп, ошого каниет кылып күн кечирип атканын баяндоо менен аңгеме аяктайт.

Абдыкерим Муратов - адабиятчы, окумуштуу педагог. Анын көркөм сөз туундулары, айрыкча «Адам жапайынын арзуусу» баяны окурмандардын кызыгуусун арттырып, автордун көп кырдуу талантынан кабар берет. Ыраматылык Салижан Жигитов ыр жазса деле, сын жазса деле анын баары бир баштан чыгарын айтуудан тажабайт эле. Анын айкын мисалын кыргыз адабиятынан деле каалаганча табууга болот. Дагы бир мисал катары ушул аңгемени алдыга тартсак деле жарашчудай.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG