Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 18:01

Кызыл көздүн арзуусу


Иллюстрация

Чолпонбек Абыкеевдин чыгармаларында реалдуулук менен мистика аралаш, чогуу-чаран сүрөттөлөт.

Бирок мындай ыкма автордук ойду күчөтүүнүн, көркөм идеяны ачуунун ыктуу куралы катары кошумча кызмат аткарат.

Келинди аңдыган кызыл көз

Жадыраган жай, саратан ысыкта үргүлөгөн тоо, жайылган койлор, төмөндө жумурткадай аппак боз үй. Кыргыз баласынын көңүлүнө жакын, уккан сайын уккусу, көргөн сайын көргүсү келген керемет учур. Аңгеме жайытта магдыраган койлор менен ысыктан талыкшыган койчу келиндин чоо-жайын сүрөттөө аркылуу башталат.

Келиндин аты Салтанат. Күйөөсү өлгөн-житкен малдын эсебин берип, үч айдан бери колуна тие элек маянасын алганы айылга кеткен. Андан бери билинбей тогуз күн өтүп кетиптир. Ээн тоодо бир короо койду жалгыз өзү кайтарып, кечинде короого айдап келип мылтыгын боз үйдүн керегесине илип, чарчаган жаны уйкуга кетет. Тоо арасында коркпой-үркпөй колхоз малын карап, үч күндө келмек болгон күйөөсүн күтүп отурган келинге ыраазы болбой койбойсуң. Аны жүдөткөн күйөөсүнүн кечиккени эмес, минтип саратан күндүн кайнап жатканы, тоо арасында ысуулап, ушу карыш турган сууга келип чөмүлүп алууга убактысынын жетпегени. Бүгүн көлчөгө жуунуп алайын деп атайын камданып чыккан. Антип кам-чомдуу келгени менен, мөлтүрөгөн тунук сууга боюн таштап киринип алыш кыйын. Бирөө-жарым аны жылаңач көрүп калса айылда канча айың кеп болот.

«Кудай уруп бирөө болбосо бирөө баягынын аялы дырдайып ысык булактагы көлчөгө түшөт экен» деп лакап болбогой элем деген санаа турду. Кайра өзүнө өзү кайрат берип «Өлүңкөрөйүн, эч ким деле көрүнбөйт. Көрсө көрүп, айтса айтат да, тигил көл жээгиндеги кумда бир эли чүпүрөктү жан жерлерине байлап алып жүргөндөрдү деле эч ким кеп кылган жок го. Көп болсо мени жылаңач дешээр» деди да ордунан чечкиндүү туруп тигил калың өскөн карагайдын этегиндеги ысык булактын чыккан жеринен он кадамча алыс эмес жерде көк ирим болуп мелтиреп жаткан көлчөнү көздөй басты».

Келиндин анчалык чочулап, тартынганынча бар эле. Күйөөгө тийгенден бери ал чечинип денесин бирөөгө көрсөтө элек болчу. Ээн тоодо ысыктан жүдөгөндөн улам болгон кийимин чечип жуунуп алгысы келген. Кийим которуштуруп же үйүндө эч ким жокто чоң дагарага суу куя коюп бирөө көрүп коёбу деп чочулап, шашылып чайынып алганы болбосо ушу кезге чейин жайма-жай сууга түшүп, денесин сергитпептир. Эки булактын суусу кошулган көлчө чынында эле тунук, анан да денени сергиткен жылуулугун айт, жата эле берсең. Жайкы саратандын табынан суу ысып да кеткендей сезилди.

«Салтанаттын денеси магдырап сууга эрип, жайылып бараткандай болуп кетти. Көздөрүн жума маңдайына түшө жайылган чачтарын артына сылай ыргытып таштап, колу менен балтырларынан баштап бүт денесин сылап чыкты. Өзүнө-өзү кумарлана бир колу менен капкатуу болуп тикчийген көкүрөгүн ушалай, экинчи колу менен балтырларын, анан улам жогорулай киндигин, кайра төмөн сылап баратып бир чети өзүнө тааныш эмес башка бирөөнүн укмуштай сулуу денесин кармалап жаткансып да кетти».

Биринчи ирет салкындыкка денеси жыргап, ушу жанында турган кереметтен өзүн окчун тутуп келатканына уялып, Салтанат сууга түшүп, жайдын ырахатына батып жатканда да бирөө көрүп койбосо экен деген санаадан арыла албады. Абдыбекке тийген түнү жактырып алган классташы эртең менен кабыргага укуп: «Эй, көк мээсиңби, уялбайсыңбы, дырдайбай кийинип жатсаң боло» деген сөздү укканда денесине бирөө муздак суу сепкендей жаман болуп, ошондон кийин башкалар түгүл күйөөсүнүн алдында да чечиништи жыйыштырып койгон. Жайдын саратаны кыйнабаса туптунук көлчөгө деле түшмөк эмес. Чоочун бирөө көрүп коёбу деген чочулоосунун бир себеби ушул болчу. Бул ирет Салтанат шашпай жуунду, ала келген атыр самынды көбүртүп, ансайын денеси ырахат алып, өзүнүн сулуулугуна ыраазы болуп жатты. Бирок анын көңүлүн кайт кылчу санаасы бар эле.

«Алгач боюна бүткөнүнө беш ай болгондо Абдыбек мас болуп келип курсакка тээп жиберип боюнан түшүп калган, ошондон бери боюна бүтпөй жүрөт. Өз күнөөсүн сезген Абдыбек да төрөбөйсүң деген сөз чыгарбайт. Салтанат ичинен сыза бала күтөт. Ушу быйыл ылдый кыштоого түшкөндө догдурга көрүнүп төрөр же төрөбөсүн билгиси келип жүрөт. Буга чейин деле көрүнсө болмок, бирок, эми төрөбөйт экенсиң деген сөз угамбы деп ойлогондо догдурга баргысы келбей кетчү. Быйыл билбей кыйналгыча ары же берисин билип кыйналганым оң деп бел байлап калды».

А бирок, Салтанаттын ичтеги арманы сууга түшкөндөн кийин унутулуп, биринчи ирет ал өзүнүн сулуулугуна өзү суктанып, кыйлага жээкте жатты. Ошентип жатып селт ойгонуп, кимдир бирөө аны теше тиктеп жаткандай коркуп ордунан тура калды. Чочуган келин шашыла кийинип, жанындагы кош ооз мылтыгын кармап тегерек-четин кадала карады. Эч нерсе байкалбайт, ысыкта үргүлөп топтошкон койлор аз-аздан оттой баштаптыр. Алды жагында минип келген аты бейкапар ылаалап турат. Салтанат алдыдагы караганды кадалып карады, бирок андан эч кандай шек-шыба байкалган жок. Атын көздөй басканда артынан бирөө карап турганын дагы сезди. Караса баары эле тынч. Коркконго кош көрүнөт деп эмне болгонун өзү сезбей койчу келин арасат ойдо калды. Артынан караган бирөө көрүнбөдү, денесин баса баштаган калтыракты жок кылыш үчүн ал ырдап да жиберди.

Айбанды жинди кылган жыт

Чынында аны бирөө, болгондо да жапайы адам сугулуп карап аткан. Көзү курч жаныбар өзүнө окшош, бирок жүнү жок эки буттууну көрүп, биралдын таң калып, экинчи жагынан чочулап турган. Сугу ушунчалык ашкан жырткыч чуркап жетип, ургаачы адамды баса калгысы келип, бирок анын жанында жаткан от чаччу таяктан коркуп, анын жалын чачкан оозуна туш келсе жок болуп кетерин ойлоп, этият турду. Айбан да болсо ургаачы затын көргөндө өзүн жоготуп, бирок анын оттуу таягынан тартынып, анан да чачылып жаткан кийимдерин кийгенден кийин ал деле эки аяктуу желмогуз болуп, ушул эки башка сүрөт жапайы кишини токтотту окшойт. Бирок бир көргөн сулуулукка ишенип-ишенбей, тиги жамынып алган терилерди тытып-тытып, ак денесин көргүсү келгенин кара.

Кечке жуук келин койлорун айдап короосуна кеткенде жапайы адам ал жаткан жердин жытын искеп, ачуусу менен көкүрөк тушундагы бир ууч үксөйгөн жүнүн жулуп алды. Ал жери канталап ооруп чыкканы менен көкүрөк күйүтүн баса албады. Келин жуунган көлчөгө түшүп анын жытын издеп, ары бери чумкуду да чарчаганда жээкке чыгып, кыйла жатып анан жинденгендей боз үйдү көздөй чуркап жөнөдү.

«Боз үй тараптан түтүндүн жыты менен кошула келиндин да билинер-билинбес жыты келген сайын беркинин оозунан ак көбүк чыгып таштын боорун тытмалайт. Көзүндө буралган аппак элес».

Ээленген жапайы күчтү ким токтотмок. Ак денеге сугун арткан жапайы жырткыч артынан издеп келери менен иши жок чарчаган келин уйкуга кирген. Коопсуздугу үчүн жанына кош ооз мылтыгын коюп, чырактын билигин кичирейтип, сыртта жуушаган койлорду эки короочу дөбөт кайтарып, жатары менен көзү уйкуга илинген.

Чарчаган келин катуу уйкудан боз үй эшиги «шарак» ачылганда чочуп ойгонуп, босогодо көздөрү кыпкызыл, таноолору дердеңдеген зор денелүү жүндүү адамды көрдү. Ал эшикти жаап төшөктөгү келинди карап турган эле. Экөө эки-үч көз ирмемге тиктешип калышты. Келинди мылтыкка умтулганга жеткирбей, үрпөйгөн алп бир секирип төшөккө жетип үн чыгартпай колтугуна кыса эшикке умтулду.

Ким билет, башка бирөө каршылык көрсөтпөсө ал деңдароо келинди эңсегенине жеткен соң коё берер беле же жанынан кетирбей алып калар беле, жырткычка ишениш кыйын. Эркегинин жок болгонунан, анан да кыйкырыктан жүрөгү түшкөн адам жапайынын ургаачысы дал ушул убакта эркегин издеп чыккан болчу. Жыт кууп олтуруп, анысын көлчөнүн жанынан тапты. Эркеги от таяктуу адамды уурдап, жапайылар дегеле жасабас ишке берилип, тигини жаткырып алып денесин жалап жаткан экен.

Өлүп калды го деп күйүгүп издеп чуркап келген ургаачысы көк шибер үстүндө жаткан адам-желмогузду жара тартып, жырткычтык напсиси козголуп, чамынып жетип барса эркеги жолун тороп, экөөнүн ортосунда айыгышкан кармаш башталды. Эки дөө бирин бири аяган жок. Бирок да күч жашта эле, эркеги ургаачысын өлтүргүсү келип, уруп да тиштеп алышып жатты. Эки жырткыч бакырып аянбай кармашып атканда Салтанат эсине келип үйүн көздөй качып жөнөдү. Жан керек кезде адам ушунчалык күлүк болуп кетет экен. Келин боз үйгө киргенде өпкөсү кабынан чыга жаздап, көкүрөгү жарылчудай, аба жетпей жатты.

Канча жатканын ким билсин эсине келгенде артынан кууп келген күрсүгүй босогодо туруп калган экен, көзүн жуумп мылтыктын машаасын басып калды. Ачуу чаңырык, от чачкан мылтыктын жаңырыгына удаалаш эшиктен кобур-собур дабыштар чыгып, сырттан жайлоодогу малчылар, күйөөсү Абдыбек келгенде келин дагы эсин жоготту.

Арадан жыл өтүп, бир көргөн түштөй ал окуя да унутула баштаган. Абдыбек менен койчулар эртеси кандын изи менен барышып белеске жетип кайтышкан. Жапайы адамдан дарек-дайын жок. Ок тийген колун жулуп ыргытып, дары чөптөн жеп өзүнө келген жапайы адам шериги менен жер которуп кетишкен. Бирок да адам жапайынын арзуусу келинди кайра өзүнө чакырып, саратанда тунук көлчөгө барып жатышты, уйдун тилиндей катуу тили менен адам жапайынын анын денесин жалашын эңсеп санаага батары а кезде кимдин оюна келсин?

Салтанаттан башка эч ким билбеген ал жашырын сыр эч кимге айтылбай, эл арасында эки-үч айдай кеп болуп унутула баштаганда ушул окуяны өз оозунан укмакка райондук гезиттин кабарчысы келиптир. Салтанат ага деле чечилип айтып берген жок. Жапайы адам аны этият шиберге жаткырып, денесин катуу тили менен жалаганын, анын дагы бир үксүгүйү келип, кыязы, ал ургаачысы окшойт, экөө кармашканын, анан жылаңач бойдон чымын-куюн болуп үйүнө качып келгенин айтып береби?

Анын үстүнө күйөөсү айылдагы башка бир келин менен жүрүп алганын уккандан бери турмушуна нааразылыгы күчөп, көлчөнүн жанындагы көк шиберди, ошондогу алп жапайы күчтү тымызын эңсей баштаган. Абдыбек мурдагысындай эле колхоз башкармалыгына кетсе көп күн жоголмой адат таап алды. Кийинки кездери койлордун арасынан бирин-экини жоголуп, ошону Салтанаттан көрө баштаган.

Баары аягында ачыкка чыкты, койлорду Абдыбек өзү уурдап барып сатып, кийинки аялына кийим-кечек алып берип, анысын Салтанаттан жашырып жүрүптүр. Койлорсуз деле экөөнүн оту күйүшпөй, бирине бири ишенбей, жат болушуп, ошондон Салтанат догдурга көрүнүүнү ойлонбой калган.

Бул арасат жагдай узакка созулбаш керек эле, Абдыбектин жашырын жүрүштөрүнөн тажаган Салтанат ажырашып, өз алдынча турмушун улантууну чечти. Бул анын өмүрүндөгү белгисиз бир белес болчу. Ушунча жыл чогулуп келген оор ойлорду таштап, ал турмуштун жаңы барагын баштап жаткан. Ошон үчүн ал күйөөсүн таштап колу-жолун байлаган кой сарайдан чыкканда шамалга ак шайы жоолугу желбиреп, алдындагы тор кашка чуркабай эле учуп бараткандай өрөпкүп алган болчу. Дегеле үн дебеген аялынын мындай кылыгына ишенип-ишенбей, Салтанат менен кошо болгон дарамети кеткенсип Абдыбек кыймылдай албай турду. Кыйла жыл чогуу жашаган күйөөсүнө караганда капыс кездешкен жапайынын мамилеси бийик экенин Салтанат кийин сезди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG