Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:10

Араздашкан бүлө, ажал тапкан күйөө


Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө тартылган сүрөт.

Мыйзамда зордукчул, кызыл камчы күйөөнү кокустан өлтүрүп алган учурда "Өзүн коргоо" беренеси болгону менен бул көп учурда тергөөдө же соттук териштирүүдө эске алынбай калат.

Аялдар абагында жазасын өтөп жаткан 350 аялдын жүздөйү "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Бул жалпы соттолгондордун 25% түзөт. Алардын жарымынан көбү арасында күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алган. "Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул маселеге арналды.

"Катуу сабачу, чыдабай калдым..."

Мээргүл он жылдан ашуун чогуу жашаган күйөөсүн көнүмүш чыр-чатак чыккан бир күнү өлтүрүп алган. Ал үчүн сегиз жылга абакка кесилген. Анын айтымында, күйөөсү ичип келип күндө жаңжал чыгарчу. Акыркы урушу минтип өлүм менен аяктаган.

- Акыркы жолу кайрадан ичип келди, көнгөн адатынча дагы кол көтөрдү, сабады, - дейт ал. - Экөөбүз алышып, сабап, бычак көтөрүп келгенде "болду, өлдүм" деп жаткан элем. Кыздарым жанымда болчу. Алар чыркырап жиберди... Кандай болуп кеткенин билбейм, азыркыга чейин түшүнбөйм, элестете албайм, бычак өпкөсүнө кириптир. "Тез жардам" чакырдым, кошуналарым да келди, милициялар да келди, ошол бойдон мени камашты.

Мээргүлдүн жакын туугандары, ата-энеси жок болгондуктан чиедей эки кызы реабилитациялык борборго берилди. Кыздардын улуусу 11де, кичүүсү алтыда.

- Ажырашып кетсем мындай болбойт беле деп ойлойм. Мен өзүм жакшы көрчүмүн. Ортодо балам турса, мындай болуп кетерин билген жокмун да...

Степное айылында жайгашкан аялдардын жалгыз жаза өтөө жайы.
Степное айылында жайгашкан аялдардын жалгыз жаза өтөө жайы.

Үйдөгү уруш-талаштын көбү кызганычтан, анан арактын айынан чыкчу. Маектешибиз далай жолу көк ала болуп, милиция чакырган учурлар болгонун айтты.

- Сабаганда катуу сабачу, чачымдан алып сүйрөп далай эле сабады. Көк ала болгондорум көп эле болду. Бычак менен эки жолу колго жегем, азыркыга чейин тактары бар. Колумду көтөрө албай үйдө бир айлап жаткам. "Ооруканага барам" десем "барбайсың, үйдөн дарыланабыз" дечү. Азыр ойлосом өзү камалмак окшойт, ошон үчүн жөнөтчү эмес экен. Болбой барып жатып алсам ал деле камалып, балким түшүнөр беле деп да ойлойм...

Мээргүлдүн айтымында, уруш чыкканда эле күйөөсүнүн бычак, союл, балта көтөрүп чуркаганы, башына коюп уктаганы адат болуп калган. "Жаман жорук баштаба" деп далай эскерткенин айтып отурду. Эми минтип балдар эне мээриминен ажырап, эне кургур "киши өлтүргүчкө" айланып темир тор артында отуруп калды.

- Кыздарым жакшы, бирок эне балага керек деп ойлойм... Кыздарыма баргым келет, сагынат мени, ыйлайт. "Качан келесиз?" дейт. Мен аларга "соттолдум" деп айткан эмесмин. Алар кичинекей да, түшүнбөйт. "Мени "убактылуу иштеп бер" деп кармап жатышат, атаң өлгөн үчүн айып салды" деп эле койгом. Балага сокку болуп калбасын деп, камалганымды айткан жокмун.

Иштер кайра каралышы мүмкүн

Кийинки жылдары аялдар аралашкан оор кылмыштар көбөйүүдө. Учурда Степное айылындагы аялдар абагында 350дөй аял отурса, алардын басымдуу бөлүгү "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Кийинки орунда “Баңгизатты мыйзамсыз сатуу же ташуу, сактоо” беренеси менен камалгандар болсо, "Киши сатуу", "Алдамчылык" беренелери менен айыпталгандар да көп.

Аялдар абагынын төрагасы Аман Искендеровдун айтымында, "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгондордун басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан келип чыккан кылмыштар үчүн камалган.

- Бүгүнкү күндө 300дөн ашуун аял жаза мөөнөтүн өтөп жатса, анын түрүнө карап көрсөк анча оор эмес кылмыш менен түшкөндөр 22, оор - 100, өзгөчө оор кылмыш менен түшкөндөр 220 болуп жатат, - деди ал. - 97-беренени ("Киши өлтүрүү") деле биз талдап көрөбүз да. Арасында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн фактылар да бар, бирок көпчүлүгү үй-бүлөлүк чыр-чатактан келип чыккан кылмыштар.

Искендеровдун маалыматына ылайык, 1-январдан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу абактагы кыз-келиндердин өкүмдөрүнүн көчүрмөсү сотторго жөнөтүлүп жатат. Ошондо да зомбулукка дуушар болуп жүрүп кылмышка кириптер болгондордун жагдайлары каралып чыгышы мүмкүн.

Жыл башында адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барган "Human Rights Watch" уюму жылдык баяндамасын жарыялады. Анда 2018-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында тынчсыздануу жараткан көптөгөн көйгөйлөр кала бергени айтылган. Алсак, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун азайбаганы, кыйноо үчүн жоопкерчиликсиз мамиле, экстремизм боюнча шек саналган жарандардын укуктарынын бузулушу дагы эле кездешип жатканы белгиленет.

Укук коргоочу уюм Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук токтобой, аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук окуялары боюнча акыркы эки жылда 9000 кылмыш иши катталганын баяндаган.

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу

Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйдү. Зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2018-жылы үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 4700дөн ашуун факты катталган. Күч колдонуу, зомбулук фактысы боюнча кайрылгандар басымдуу кылат. Маалыматка караганда, зомбулук мас абалында жасалган учурлар көп. Былтыр сегиз айда эркектерге 4673, аялдарга 216 коргоо ордери берилген.

Ал эми соңку алты жылда 100гө жакын аял үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон. Ошол эле учурда ушунча аял күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн тарапты өлтүргөнү үчүн соттолгон.

Кылмыш-жаза кодексинде жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлар 36-беренеде "Коргонуу зарылдыгы" деп белгиленген болчу. Ушундай эле өзүн коргонуу аракети жаңы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодексинде жана Жоруктар тууралуу кодексте белгиленген. Мисалы, 49-берененин 1-бөлүгүндө "Кол салган адамга, эгерде ал кол салуу коргонуучу же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулукту түздөн-түз колдонуу коркунучу менен коштолсо, коргонуучу же башка адамдардын инсандыгын, мүлкүн жана укуктарын, коомго коркунуч келтирген кол салуудан коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголуучу кызыкчылыктарын коргоодо, башкача айтканда, зарыл коргонуу абалында келтирилген зыян кылмыш деп саналбай турганы" белгиленген. Атайылап, экиден ашык жолу бычак сайган учур кылмыш катары катталат. Бирок бул жазаны жеңилдетүүчү берене күйөөсүнөн коргонуп жатып өлтүрүп алган аялдарга дээрлик колдонулган эмес.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова тергөөдө жана сотто "өзүн өзү коргоо" беренеси сөзсүз эске алынышы керек деп эсептейт. Укук коргоочу аялдарды үй-бүлөдөгү зомбулукту жаап-жашырбоого үндөдү:

- Жүрүп-жүрүп, жанына тийгенде же коргонуу убагында кокустуктан өлтүрүп алган учурлар болот. Ошолордун далилденбей же көңүлгө алынбай калган учурлар бар. Аялдар чыдап жүрө берип эч жакка кайрылган эмес, аны эч ким көргөн эмес, көрсө да сот убагында "ушуну уруп-сабачу эле" деп сотто айтышпайт. Экинчиден, чыр-чатак чыккан учурда милиция чакырып, алар келип, эч кандай чара көрбөсө да аны коргогон адвокаттар "мурда да ушундай зордук-зомбулукка кабылып жүргөн" деп айтып, ошону далилдеп бере ала тургандай тың болуш керек. Аялдардын өзүнө да көп нерсе байланыштуу, зомбулукка кабылтпай коюуга аракет кылышыбыз керек. Өлтүрүп алып түрмөгө түшүп балдары калып калат, тескерисинче эркектер аялды өлтүрүп коёт же катуураак уруп жарым жан болуп калат. Ошого жеткирбей таптакыр болбосо ажырашып эле кетиш керек. Куру намыска алдыруунун кереги жок, бул жашоо бир эле келет.

Арыз артындагы талкаланган тагдырлар

29-январда Баткен облусунун Лейлек райондук соту 1970-жылы туулган А.А. аттуу жарандын кылмыш ишин карап, аны Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты. Жогорку соттун маалыматына караганда, келин мас болуп, жаман сөздөрдү сүйлөп, жаңжал чыгарган күйөөсү менен тартышып, колундагы чалгы менен башына уруп жиберген. Кийин ал башка бөлмөгө кирип жаткан бойдон турган эмес. Аял күйөөсү урууга аракет кылганда аны менен алышып, ачуусу менен уруп жибергенин, күйөөсү дайыма ичкилик ичип келерин, сабаган учурлары болгонун эскерген. Жаш балдары бар экенин айткан келин бул жолго өзүн коргоо үчүн барганын айткан.

Чүй облустук соту күйөөсүн өлтүргөн аялдын доо арызын карап, буга чейин Панфилов райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Райондук сот жарандык никеде жашаган күйөөсүнө бензин чачып өрттөп жиберген аялды сегиз жылга эркинен ажыратып, жашы жете элек эки баласын аймактын социалдык коргоо бөлүмүнө өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Сот отурумунда айыпталуучу Анастасия (белгилүү себептер менен аты өзгөртүлгөн) күйөөсү мас абалында өзүн жана балдарын дайыма уруп-сабап келгенин айткан. 2018-жылы 12-июлда болгон чатакка арак себепкер болгону Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Соттук отурумда айыпталуучу аялдын билдиргени боюнча, ошол күнү мас болуп алган күйөөсү балдарынын көзүнчө аны уруп, казанда кайнап жаткан шорпону кичинекей баласынын үстүнө төгүп салган, андан кийин ал жини менен бөтөлкөгө куюлуп турган бензинди күйөөсүнө чачып жиберип, урганын токтотпосо от коюп жиберерин айтып эскерткен. Натыйжада от чыгып кетип, күйөөсүнүн денесинин көпчүлүк бөлүгү күйүп калган. Сот отурумунда Анастасия соттон кичинекей балдары эрезеге жеткенден кийин жазасын өтөөгө уруксат берүүнү өтүнгөн. Бирок сот ага макул болгон эмес. Чүй облустук сотунун өкүмү менен Анастасия жазасын Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө өтөйт.

"Аткаминерлер акталып кетет..."

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Кыргызстан эгемендик алган жылдан тартып эркиндикке жана гендердик теңдикке ээ болуп келатканы менен аялдар экономикалык кризистин фонунда бир топ запкы тартып жүрүшкөнүн белгилеп жатат. Укук коргоочунун пикиринде, бул адвокаттардын кесипкөйлүгүнө жана сот адилеттигине байланыштуу.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

- 1996-жылдан берки статистиканы караганда эң көп аялдар жапа чекти, - дейт ал. - Үй-бүлөлүк басмырлоонун, зомбулуктун, ур-токмокко кабылуунун жана миграциянын кесепетинен көбүнчө аялдар балдары менен жалгыз калып жатты. Жакында "Интерньюс" "сот өкүмдөрү боюнча датабаза" деп чыгарды. Ошондо жабыр тарткан жана жакыр үй-бүлө сотто уткан эмес, эркиндикке чыккан эмес. Көбүнчө акталгандар аткаминерлер болуп калды. Бул адвокаттарга да байланыштуу. Тергөөчүлөр дежур адвокаттарды чакырып, алар жөн эле отуруп берет экен. Ошондуктан көбүнчө "адвокаттарга ишенбегиле" деп айтабыз. Анткени акчаны берип, ишенип отура беришет. Бүгүнкү күндө эч кимге ишенбей, мыйзам кандай болсо ошону иштетиш керек. Сот процессинде аялдар утуп кеткен бир-эки эле факт болгон.

Исмаилова ушундай тагдырга туш болгон кыз-келиндерге юридикалык жактан кол кабыш кылууга даяр.

- Ушунда аялдарга жардам берүүгө сөзсүз умтулабыз, - деди укук коргоочу. - Балким жапа чеккен адамдар, капысынан ушундай жагдайга туш болгон аялдар болобу, эркектер болобу, биздин уюм, шериктеш уюмдар жардам беребиз. Бүгүнкү күндө гуманизация болуп жатат, ушул учур жапа чеккен адамдарга абдан маанилүү. Акыйкатчы институту, Кыйноого каршы борбор жана биз жардам берүүгө кызыкчылыгыбыз бар. Анткени мыйзамдарды оңдоого убакыт да келди жана азыр мүмкүнчүлүктөр да бар.

Ал арада биз башында сөз кылган Мээргүл кыздарына жетип барайын дегенде эки көзү төрт. Соттун өкүмүнө караганда ал дагы 7 жылдан ашуун түрмөдө отурушу керек.

- Балдарыма жетип барайын дегенде эки көзүм төрт. Айла жок... Эки кызымды күнү-түнү ойлом. Суук болсо да ойлойм, "эмне болушту, үшүп калдыбы, ачка болдубу" дейм. Айла жок, чыдаш керек экен...

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбү. Ар кандай сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, 15-49 жаштагы үй-бүлөлүү аялдардын 25% зомбулуктун кайсы бир түрүнө кабылганын айткан. Бул ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат деген кеп. 7% аялдар кош бойлуу кезинде зомбулукка дуушар болушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG