Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

«Асылым, агай…»


Айыл, мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Айыл, мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Зарылбек Чокоевдин аңгемелеринде жаш адамдын турмуштан ордун табышы, жаңылыш-жаздым кадамдары көркөм иликтенет. Чыгармада эмгек жолун жаңыдан баштап жаткан мугалимдин ой-сезим, туйгулары баяндалган.

Мектеп жанындагы шыңга теректер

Окууну жаңы бүтүп, чектеген жеринде иш баштоо - жаш адистин турмушундагы олуттуу окуя го. Баш калаада университетти аяктап, ал жерден иш таба албай алыскы Памирге мектеп мугалими болуп барган Акун деген жигиттин бейтааныш жерде көргөн-бакканы Мурза Гапаровдун «Кыштакча» повестинде кемелине келтире жазылган болчу. Зарылбек Чокоевдин каарманы деле ошондой чоочун жерге ишке жиберилет. Туулган жерине эмес, тоо арасындагы Эчки-Башы деген айылга. Ошол мугалим жигиттин аты Алимат.

Мектепти курчай бой керген шыңга теректердин чалган күүсүн тыңшап Алимат айылын эстейт. Тармал чачы, күлүңдөгөн көздөрү бул ирет кусалуу, толмоч жүзүн белгисиз санаа басып, басыгын жай таштайт. Азырынча аны ыраазы кылган жагдай - мектеп директорунун жаңы мугалимди жакшы кабыл алганы, келер замат мектептин жанынан бир бөлмө үй бөлүп берип, иштешине болгон шарттарды түзүшү. Айылда тааныган эч кими жок, ошон үчүн эриккенде сыртка чыгып мектеп жанында кыдыралекей тизилген теректерди аралап кыйлага басып келет. Айылын эстейт. Көлдүн чыгыш тарабындагы булуңду улай жайгашкан бак-шакка чөмүлгөн айылы сагынтат да турат. Күндө ушундай - студенттиги, анан айылы. Азырынча эске түшчү, кусалантчу нерселер ушул экөө гана. Бирок мындай күтүү деле узакка созулбайт. Берекелүү күз менен мектеп окуусу башталды, башта өтпөй аткан күндөр айга тогошту.

«Алгачкы сабак Алиматтын эсинде. Окуучу балдар жаш агайынын ыкласына анча бой бербей текеберденишти, айрыкча эркек танабы тоотпой чормоңдогонун кантесиң. Жогорку класстын айрым боз уландары кыздардын көзүнчө чунаңдаган быштыдай мурдун чүйрө бышкыра басып, мугалим жигиттин айласын кетиришти.

Мектептин, жалпы эле мугалимдердин тобу да жаш педагогдун билим деңгээлин, жөндөмүн сынамакка жогорку класстарга сабак өтүүнү сунуш этишкен. Алимат бир аз сүрдөгөнүн билдирбей ишке чечкиндүү киришти. Тартынбастык, кашкөйлүгү, билим чабытынын кеңдиги акыры ага жемишин бергенсийт. Көз көрүнө көпчүлүккө алынып, камыр-жумур аралашканы мектеп директорунун көңүлүн алда канча жибитип, Алиматка тогузунчунун класс жетекчилик милдети тагылды».

Мугалимдик түйшүккө жаңыдан тартылып жаткан жигиттин жаңы ишине кызыгуусу артып, кыйла жыл чогулткан билимин жаш муунга берүүгө жан үрөп киришет. Айрым курсташтарына окшоп ал деле баш калаадагы гезит-журналдардын же жогорку окуу жайларынын биринде калса болмок. Жаңы орун, жаңыча сезим-шыктарды эңсеп алыскы тоо койнундагы кыштакты өзү тандап келген. Мектеп жамааты аны жакшы кабыл алды. Окуучуларынын сабагына кызыгуусу артып баратат. Эмгек жолун жаңыдан баштап аткан мугалим үчүн мындан артык эмне болушу мүмкүн?

Сабак учурунда Алимат башка дүйнөгө кирип, ошонун күүсү менен баарын унутуп, көркөм сөздүн сыйкырына арбалып калчу. Бул ирет да ошондой болду. Окуучуларга агайынын Жоомарттын ырларын жат айтып, анын ар бир сабынын маанисин чечмелеп, уйкаштар арасына катылган көркөм сырды талдап бериши катуу таасир этип, кайталангыс сыйкыр тартуулаган агайынын оозун карап отуруп калышкан.

Күз соңуна чыгып, күн суугуна тартып, мектеп жанындагы теректердин жалбырактары жолго төшөлүп, айыл суз боло баштаган. Алимат башынан эле кышты жактырчу эмес. Күн кыскарып, түн узарып, суук жүдөтүп, бары-жокту кар басып, асман кабагын чытып, жаш адамдын маанайын чөктүргөндөн башкага жарабайт го. А бирок ушу кезде Алиматка эргүү келип, дайыма жанында жүрчү жан дептерине көңүлүнө уялаган саптарын түшүрө баштады. Күн суугуна тартып, теребел суз тартканы анын акындыгы күч алды, капырай.

Сүйүү темасындагы дилбаян

Эртеси Алимат окуучуларына сүйүү тууралуу эркин темада дилбаян жазууну тапшырды. Темасы «Жүрөктөгү сыр», эмне болсо ошону жашырбай кагазга түшүрүүнү талап кылды. Тогузунчу класстын окуучуларына кыйла эле татаал тема болчу. Кызыктуу дилбаян жазыш оңойбу? «Көргөн, билген уккандардын арасынан эң кызыктуусун, жүрөктөн чыкканын гана жазгыла» деп атпайбы.

«Күлкүлөрү тыйыла калган кыз-улан уурдана карашып, агайын тиктешет. «Чын айтып жатабы же тамашабы, өзү деле бизге окшоп өтө жаш, анча көп улуулугу байкалбайт, анан калса баардыгын билгени кызык!» дешкендей жайнаган көздөрүн таң калыштуу кыбыңдатышат».

​Окуучуларынын көбү бири экинчисине окшош жалпы сөздөр менен дилбаян жазышыптыр. Алардын баарына тийиштүү баасын коюп, каталарын кызыл сыя менен оңдоп, Алимат кыйла убакты-саатын дилбаяндар менен өткөрдү. Көп баяндардын ичинен бирөөнүн сырткы бети актай экен. Алгач бир сыйра көз жүгүртүп, анан кадалып окуп кирди. Барактын аягында да кимдин жазганы белгиленбептир. Эки барактын ичине тартынып, кымырынып-кымсынып отуруп жаза салган текст экен.

«Кечиресиз агай, эмнеден баштаарымды билбей кысталып турам, минткенимдин себеби, сиздин айткандарыңыздын бардыгы мен үчүн чындык. Жүрөктөгү сыр – таза, назик болуу керек экенин түшүндүрдүңүз. Ооба агай, биз – кыздар үчүн бөтөнчө кыйынбы, мен көп ойлондум, акыры чыдабадым… дагы кечирим сурайм агай!

Сизди көргөндөн бери… билбейм, эмне үчүн мындай, күн сайын көргүм келе берет, сизди. Сүйлөшкөн жериңиз бар агай, аны ойлосом… мейли кечириңиз… окуучуңуз, - Н.».

«Н» деген тамгага жашынган бул кыздын ким экенин Алимат боолголоду. Мектеп директорунун кызы, аты Нурпери, ошол эле го. Арткы партада, терезе жанында отурган көздөрү балбылдаган, кара тору жылдыздуу кыз. Атына заты жарашып өңү-түсү чынында эле чырайлуу, чечкиндүү, класстагы алдыңкы окуучулардын бири.

Кичинекей окуучу деген кызынан өзүнө гана арналган дилбаянды алып Алимат да кыйла толкундап барып токтолду. Бирок ичтеги дагы бир сезим «кой, ошо да болчу беле, окуучу кыздын мунусу туура эмес, мен мугалиммин да» дегенге такалып, толкунданган сезимин токтотту. Дилбаяндын аягына: «Бу жөнүндө кийинчерээк сүйлөшөрбүз, макулбу» деп жазып, баа койгон жок.

«Жүрөктөгү сыр – сүйүү тууралу жаза бергиле» деп балалыктан чыга элек окуучуларды делөөрүткөн өзү. Тандаган темасы окуучулардын жаш курагына туура келерин деле ойлобоптур. «Н» деген кыздын жазганынан улам эми эстеп отурат. Уурусу кармалган күнөкөрдөй Алимат окуучулардын жазгандарын таратып жатып Нурперинин жанынан өтүп баратып анын барагын партанын четине жылдырды.

«Аны калтаарып, шып илип ала койгон кыздын өңү кызарып жер тиктейт. Муну байкамаксанга салган Алимат башка жакты карайын дейт, негедир көңүлү Нурпериге бурулат. Кирпик көтөрбөй отурган кыздын бүгүлгөн карааны ага кандайдыр аянычтуу сезилдиби, жүрөгү тызылдап өзүн коёрго жер таппай кайпактайт. Суроо узатсабы, кантип, окуучулар туюп калышса эмне дешет, кыздын айласы куруйт го, курбулары шылдыңдашсачы, өзүмө да сөз тийбейби… Жигит ою менен алпурушуп жатып, бүгүнкү сабакты жөндөп өтө албады. Окуучу балдар-кыздар агайынын суз кабагын, демейкиден тыш кыймыл-аракетин байкап коңгуроо шыңгыраганча тынч отурушту».

Дилбаяндан улам ачыкка чыгып калган ошол сырдан кийин агайы да, окуучусу да этияттанып, сыр билдирбешке аракет кылышты. Бирок да токтолго таппаган сезимди тыйып, демин чыгарбай катып коюш кыйын го. Бир күнү Нурпери агайынын үйүнө кирип келбеспи. Кыз жөн-жай эле кирген экен. Алимат анын дилбаянын эстеп «ошо туура эмес го» дейт.

«Кыздын кирпиктери дирт көтөрүлө түшүп, анан эмне дээрин билбей сумсайды.

- Көңүлгө алба, тура түшүн, Нурпери, - Алимат үнүн чыйрак чыгара, - сен али жашсың, наристе сезим ар кимде боло берет, экөөбүздүн ортобуздагы мамиле агай менен окуучунун же ага-карындаштын мамилеси болууга тийиш…

- Кечириңиз, агай! – Баятан угуп отурган кыздын чыдамы жетпеди. – Мен… мен… сизди… дегенден башканы айта албай демигип эчкирип ыйлап жиберди да, жүзүндөгү салаалаган жашын аарчыбастан кош алаканын жаап, сыртка чыга жөнөдү.

Кыздын соңунан делдейе тиктеген жигит эси оогондой шалдаят…»

Ушундан көп өтпөй жаңы жылдык балаты майрамында Нурпери менен Алимат вальс бийлешти. Бирок бий тез эле бүтүп калгансып, экөө тең умсунуп калышты. Мугалимин окуучу кыз бийге чакырган. Ошондой кышкы кечтердин биринде Нурпери Алиматтын ырлары чыккан гезитти көтөрүп келиптир. Ошол ырдын шылтоосу менен жаш акын дагы башка ырларын окуп берди. Нурпери кирпик ирмебей укту. Сабак берген жапжаш агайынын тереңде катылган сырын билбеген кыздын жүрөгү алып учуп, анын жаңы дүйнөсүнө сугу артылып, кумары күчөйт. Ыр токтогондо экөө тиктеше калды.

Ушундан кийин экөө көп сүйлөшчү болду. Нурпери агайынын үй ичин жыйнай коюп, көйнөк-кечесин жууп, үтүктөп берип жүрдү. Жаз келип, айлана жадырап турган чакта Алимат классы менен тоого чыгышты. Окуучуларды эркинче коё берип, дарыя жээгинде ыр жазып отурган жигиттин көзүн кыздын назик алаканы жаап калганынан артын караса Нурпери турат.

Секирем деп кулап бараткан кызды шап көтөргөн Алимат кучагындагы «назик кыздын аруу денеси билинер-билинбес калтаарып, боргулданган жүзү жаагына тийип, кош колу мойнуна артылган. Сезимин дүрт жалын каптап жигит эркин араң токтото Нурперинин көзүн кумардуу тиктеп, анан кучагынан бошотту.

- Кой, минтпей жүр, балдар көрөт, баргын эми, - деди агайы».

Кыз артына кылчак карап, колундагы гүлүн искеп узап кеткен. Кийин экөөнүн жолугушуусу окууну аяктап жаткан күнгө белгиленген болчу. Бирок Нурпери келген жок. Алимат күтүп отуруп керебетине кулап, көзү илинип кетиптир. Ата-энеси эшигип жаап, чыгарбай койгон кыз түн ортосунда айнектен качып чыгып, агайына келген экен.

«Алимат кучагындагы кызды соорото чачынан жыттап, сылагылайт. Ансайын магниттей тартылган эки жаш дене бир бүтүндүккө айланып кеткиси бар. Апапакай тырсыйган көкүрөк жигит көөдөнүндө тирелип, жумуру билек, аруу мүчө чып жабышкан. Балкып эрип бараткан Алимат эсине келгендей силкине түшүп, кызды көкүрөгүнөн алыстатты.

- Кой, алтыным, койчу, кыйнаба, кыйналбачы өзүң, - деди шыбыш узата.

- Асылым, агай! – дирилдеген Нурпери кайрадан жигиттин мойнуна асыла кучагына жыгылды.

Таң агарып куланөөк атканын короздун чакырыгынан улам туйган Алимат кызды узаткандан бери кирпик каккан жок. Оюнда миң толгонуп, жакында гана окуган бир чыгарманын мазмуну эсине кылт түшө калды. «Тобо, окшоштукту кара! Анда да мугалим, окуучу кыз тууралуу…»

Ошол күндөн аз өтпөй Алиматтын мугалимдикти таштап шаардагы редакциялардын бирине орношкону маалым болуп, арадан билинбей бир жыл өттү. Нурпери окууну аяктап редакциядагы агайына жөнөр күнү тосуп алышын, телеграмма жөнөтөрүн жазыптыр. Айылдагы кыз Алимат үйлөнүп балалуу болгонун билбейт болчу.

Зарылбек Чокоев бир топ китептердин автору. Ал негизинен аңгеме жанрына жакын, жаш адамдын турмуштан жолун табуусу, анын жеке жашоосундагы оош-кыйыштарды кызыктуу баяндап берүүнүн устасы.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG