Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 23:59

«Кызыл өрүк» – совет заманынын портрети


Иллюстрациялык сүрөт.

Илгери бала кезде «ал эки заманды көргөн адам» деп айткандарды көп укчу элек. Көрсө мындай сыпаттоо орус падышалыгы менен совет бийлигин көрүп калган, жашап калгандарга көбүрөөк айтылчу экен.

Азыркы Кыргызстан элинин бир бөлүгү да эки доорду: «коммунизм» менен демократияны көргөндөр. Эки мезгилди көп салыштырабыз. Демократиядан көңүлү калып, совет заманын эңсегендер да аз эмес. «Коммунизмде жашаганыбызды байкабай калыптырбыз» деп тамшангандар андан көп. Азыркы жаштарга Лениндин идеялары менен жашаган доорду айтсаң жомок сезилет...

Кыргызстан азаттыгын алганына 30 жылга жакындап барат. Азыркы муунга, дегеле тарых үчүн жомоктой сезилген совет заманынын чыныгы жүзүн, кадимки кейпин, ачык портретин ачып бердикпи? Менимче, тарыхта, саясат таанууда, публицистикада болобу бул темада чөп башылап мамиле кылып келаткандайбыз. Ушул негизден алып караганда социология илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер, публицист Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» китеби биз кейип жаткан кенемтени толтурууга салым кошот деп ойлойм.

Китептин негизги лейтмотиви биз жашап өткөн совет доорунун бейнесине арналып, анын адамдын табигий эркиндигине, укугуна, социалдык-психологиялык маанайына, үй-бүлөлүк, улуттук баалуулуктарга тийгизген кесепети, кедергиси тууралуу ачык сөз болот. Алардын айрымдарына сереп салып көрөлү.

Автордун «Колхоз» деген биринчи эссеси совет заманынын колхоздоштуруу саясатынын чүмбөтүн ачат. Анда өмүр бою ак ниет, адал эмгеги менен тапкан байлыгынан, мал-мүлкүнөн, алтынынан ажырап калган Беркмат байдын тагдыры аянтычтуу. Бизди советтик мектепте байларды, манаптарды «эл душманы», «эзүүчү тап» деп окутуп, коомго аларды биротоло жек көргөзүп келгени белгилүү. Топчугүл айымдын бул эссеси ошондой стеоротипти талкалайт, чыныгы реалдуу окуялар, ал учурдагы коомдук шарт кандай болгондугун чагылдырууга аракет кылат. «Күн жылыр менен Ош тараптан келген атчан, аскер кийимчен чоочун адамдар... «биз алардын байлыктарын күч менен тартып алабыз, каршылык кылгандарды камайбыз. Жашасын Ленин! Жашасын Сталин! Жашасын Компартия!..» ушинтип тамагы кардыкканча кыйкырып жүрүштү» деп жазат. Андан ары автор «келгендер көптөп атып буурадай кирген Беркматты араң кармап, колун артка кайрып короодогу чоң өрүккө таңышты. ...эсептеп бүткөндөн кийин чоң жыгач дарбазанын эки тарабын аңырайта ачып, малдын баарын короодон айдап жөнөштү» деп колхоздоштуруунун дагы бир жүзүн ачат.

Ошентип совет бийлигинин 1930-жылдары элдин колундагы мал-мүлктү зордоп тартып алып, «жамаатташып чарба курабыз, колхоз уюштурабыз, элдин жашоосу жыргалга жетет» дегени курулай саясат болгонун бул китептен сезебиз. «Социалисттик планды» аткарыш үчүн элдин жонунан кайыш тилип, акыркы торпогуна чейин мамлекетке зордоп алышканы «азыркы кыргыздарга» апыртма сезилиши мүмкүн. Чындыгында эл жалчыбаганын, оокаты оңолбогонун эми түшүнүп келебиз. «Ар бир колхозчудан бирден торпок, торпогу жоктор майда жандык бересиңер, үч күндүн ичинде жыйнап бүтүргүлө! Кимден-ким бул чечимди бузса, убагында аткарбаса, социализмди курууга кыянаттык кылган адам катары жоопко тартам» деп ачууланат «Москва» колхозунун раиси (башкармасы).

Демократиянын заманында «адамдын жерге, малга, мүлккө болгон укугу бузулду, мамлекет аны коргош керек» деп талап кылмакпыз. Совет заманынын 1960-70-жылдары жалгыз бой Токтокан апа «өлүмтүгүмө» деп багып отурган жалгыз торпогун Кадырбек бригат «өкмөттүн эт планын толтурууга» короодон жетелеп кетти. Көзүнүн жашы он талаа болуп кемпир калды көчөдө... Мындай көз жашты Кыргызстандын ар бир айылынан көрүүгө болор эле. Мына, коммунисттик саясаттын бир өңүрү.

Бала кезде, окуучу убакта:

«Кыргызстан, Кыргызстан,

Алма-бак шагындай.

Жүрөгүбүз, жүрөгүбүз,

Коммунизм менен жалындай!»​ - деп көп ырдадык. Бул ыр мээбизди мээнетибиз менен коммунизм курууга шыктандырып койгон үгүттүн күчү эле. Ким болбосун - колхоз талаасында, кой сарайда болобу - «коммунизмди көздөй жалындап» турчубуз. Кары-картаңдарды, бала эмизген келиндерди, балтыр эти ката элек жаш балдарды колхоздун бардык иштерине: чөп чабыкка, кой төлдөтүүгө, машак терүүгө, тамеки тизүүгө, пахта терүүгө, арык казууга, талааны таштан арылтууга массалык мобилизациялоо кылгандын, таңгууланган саанчы, чабанды тандоосу жок депутат шайлаганыбыз ж.б. толгон советтик көйгөйлөрдү автордун «Коммунизм оттору», «Ополномочун», «Шайлоо» ж.б. эсселеринен даана эстейбиз.

Совет заманында жасалма жоруктар көр болгон. Адамдын табыгий керектөөсүнөн, кызыкчылыгынан алыс, улуттук каада-салтты, үрп-адатты жек көрсөтүп, керек болсо жок кылууга жан үрөгөн саясаттын көп көрүнүшүн билебиз. Алардын бири «Комсомолдук той» аңгемесинде таасирдүү баяндалат. «Күйөө менен кызды район борборундагы ЗАГСка алып барып келгенге бригат айылда «Москвич» машинеси бар жалгыз адам – Эргеш дүкөнчүнү араң көндүрдү... Канча жыл чаң басып турган клуб акталды...Тойго үстөлдөрдү мектептен сурап келишип «п» формасында тизишти....Сахнага кыз-күйөөдөн башка райис, комсомолдук катчы, бригат чыгышты...Чогулушка окшогон айылдагы биринчи комсомолдук той өткөндөн кийин эл бир ай ошол тойду сүйлөп калды» деп жазат автор.

«Таң атпай айылдагы чоң бакка колхозчуларды тамак ичкенге чакырып жатышты» деп башталат «Бригаттын аты» деген аңгеме. Көрсө, күнү-түнү чапкылып жүргөн бригадирдин аты түндө өлүп калыптыр. Чарба жетекчилиги атты союп, этин бышырып, колхозчуларга жедирип, эттин акчасын элдин айлыгынан кармап калууну чечет. Карып-арып өлгөн аттын этин беш саат кайнатса да бышпайт, соорусу катып, кайыштай болгон этти акыры эл унчукпай жейт, «бригат ат алмаштырганча жаныбыз сеп алат экен» деп колхозчулар кубанышат.

Топчугүл Шайдуллаева өзү жашаган доордун портретин тартууга аракет кылган. Эссе-аңгемелердеги окуялар автордун өз башынан өткөн, өз жашоосунда көргөн, күбө болгону билинип турат. Алардын баарына сереп салып, ой калчап, коомго тийгизген социалдык-психологиялык, рухий-адептик таасирлери кандай болгонуна талдоо жүргүзгөнүн даана сезебиз. Топчугүл Шайдуллаеванын аңгеме-эсселериндеги козгологон коомдук көйгөйлөр Баткенде эле эмес, совет доорунда Кыргызстандын ар бир айылында, ар бир колхозунда, ар бир селсебетинде, ар бир үй-бүлөсүндө болгонун даана туябыз.

Публицист Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин көркүн ачып турган дагы бир баалуу нерсе - бул тилдик көркөм каражаттар, баяндоо ыкмасы. Эссе-аңгемелердин тили абдан жөнөкөй, ошол эле учурда кооз, мозаикалуу десек болот. Тилинин көркөмдүгү Баткен говоруна тиешелүү парканти, панжара, аптрогой, паяндос, раис, бригат, чилдирман, идара ж.б. толгон көөнөргүс сөздөр менен шөкөттөлгөнүндө, кооздолгондугунда десек болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG