Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Төрүндө Манасы жок, Көбөшү көп...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акын Шайлообек Дүйшеевдин ырлары.

О, Элет!

Ойлосом,

оюм оноо, саным санаа,

салбасын башка кырсык, жанга балаа,

асыл жер, ак чач тоолор, айланайын,

алкынып сайда суусу аккан салаа,

сайгак жел, сабаа жыттуу кокту-колот,

сарайдан сайрап чыккан атчан талаа,

үймөк чөп, үргөн иттер, күнсүгөн там,

мал короо, машине жол, сүрсүгөн чаң,

о, Элет!

Ийрек көчө,

ийри кемпир,

илкиген чал...

Баягыл бар-жогуңа топук кылган,

айраны Ала-Белден,

кымызы Кызыл-Белден тосуп турган,

жок бүгүн Бертикбүбү, Бертикбайлар,

баары азыр Менчикбүбү, Менчикбайлар...

Ыймандын өлгөнүнө көп жыл болгон.

абийрдин азыр баары жыпжылаңач,

ачык азыр,

айдоосу, аңызы да,

арыгы, алышы да,

ажалы, дарысы да,

арманы, арызы да,

айраны, куруту да,

анысы, мунусу да,

жампасы, көңү дагы,

жайлоосу, төрү дагы,

жатарга көрү дагы

сатык азыр...

Күн чыгат: «Жаша!» деген.

күн батат бата менен,

күн сайын СМС келет:

«... акча сал, ата» деген.

ЖОЖдордун колу тынбайт,

жоктордун жону тынбайт,

малдуусу малын пулдайт,

малсызы данын пулдайт,

салаарга акчасы жок,

Сагалы жанын кыйнайт,

Сайрагүл:

- Акча тап, тап! - деп ыйлайт.

Баягы эмес азыр жолдош-жоро,

элет башка,

экөө бай, бешөө орто, жетөө кедей,

эжең - ОБОН,

жеңең - Жерүй,

жездең - Кум-Төр,

акең - буурчак,

апчең - куурчак...

Короодо ЖИП,

ороодо картошкасы,

жанында бар соткасы,

чатырда антеннасы,

үйүнө кире калсаң,

балтайган WHATSAPP байкең,

итейген ИНТЕРНЕТ чал,

очойгон ОНЛАЙН кемпир...

Ийнеси жоголгондой,

ийменчээк кыз-келини жоголгон доор,

ити да интернеттеп,

ит-куштар оңолгон доор,

менчиктен мекчейгендер,

мескейи мелт-калттары чекчейгендер,

ишсизи жүдөгөндөр, тепселгендер,

ичкендер,

иши жүрбөй жектелгендер,

бир даары кашкулактай килт-килт этип,

бир даары бир кап ун жок экчелгендер,

о, Элет,

ЖИП минген жол,

сексейген жел!

Бактысын өздөн таппай издеп жаттан,

балдары башка элдерге иштеп жаткан,

башпаанек алыш үчүн жандан кечип,

байыркы кыргыз деген тегин саткан,

жексуру Коңурбайдай элин чапкан,

жеринен Ырыс безип, Ыйман качкан,

жегичи чирий турган түрмөгө эмес,

«үй түрмө» дегенине «түшүп» турган,

жемиши быша электе үшүп турган,

алкымы бузуктары үйүгүшүп,

коррупция лабиринтинде сүзүп турган,

жери бар ушуларга эптеп чыдап,

эли бар ушуларга түтүп турган.

Бир даары дамбал кийип, даабат кезген,

бир даары андан дагы нараак кеткен,

кылымдык салт-наркына ийикпеген,

кыйынын жөлөп-таяп тирикпеген,

кыргызды кыргыз союп, жиликтеген,

аз калып баратканын түшүнгөндөр,

аргасыз аскаларды кийиктеген,

акыры мөңгү менен мөңгү болуп,

азган эл жок болорун билишпеген,

төрүндө Манасы жок, Көбөшү көп,

төрүндө төбөсү жок, төрөсү көп

мактанган,

майдаланган,

ирикпеген,

манжадай көбөйбөгөн, бирикпеген...

О, Элет!

Сары май күз, топоз тоо-таш,

жайлоодой дасторкону жайган ак таң,

алкынтып «Ауди», «ЖИПчен» алга шашкан,

түбүндө Ай-Күн оонап, Жылдыз аккан,

түрүлгөн түтүндүү кеч, бүтпөс дастан,

түгөнүп кетпейин деп түк ойлонбой,

түрү суук жакты көздөй бара жаткан!..

Бишкек

Бишкек, Бишкек...Билбестерге биздин шаар,

Бий-бектерге бизнес кылган тизгин шаар.

Бир карасаң кабат-кабат там жайнап,

Бир карасаң кара шалтак, мискин шаар.

Бардагы көп, көр-жер тарткан көлүк шаар,

Башка жактан түшсөң түнү «өлүк» шаар.

Байкуштарга - базар, мазар, баш паанек,

Байларына - байлык, майлык, өрүкзар.

Милициясын тизип алып таңгактап,

Бир көчөсүн жууп турат ардактап.

Өйүз-бүйүз шыкап коюп элдерди,

Өкмөттүк кортеж өтөт дардактап.

Миң көчөсүн жылда жамайт жырыйган,

Машина көп, маршрутка көп чымындан.

Үйгө барып чөнтөгүңдү аңтарсаң,

Колу чыгат МАИлердин шымыңдан.

«Артис үйлөр» салынганы салынган,

Антсе деле шаар болуудан жаңылган.

Белден өйдө «келе бакан» кыштактар,

Белден ылдый «ала бакан» айылдар.

О, шумдук шаар! Ороңгудай ороңдоп,

Олок жолдор оромпой тээп короңдоп.

«О, кэй-лешип» Ош базардын ичинен,

Ойноп чыгат келемиштер сорондоп.

Аба дагы дем ала албай ныкталган,

Арабага окшойт Бишкек кык салган.

Мэрияны шампунь менен жуусаң да,

Мекен жатат таштандыда жыттанган.

Уркуюшуп арасынан муз-кардын,

Варикозу сыяктанып буттардын,

Ташын-кумун тээп салып асфальттын

Тамырлары качып барат дубдардын.

Одеялга ороп-чулгап көтөргөн,

ТЭЦ - баладай, суук тийселе жөтөлгөн.

- Кармагыла, карма ууруну, карма!- деп,

Каракчылар такта олтурат көшөргөн.

Канчалары алкымынан бузулган,

Канчалары түрмөлөргө тутулган,

Кайра түшсө, кайра чыгып, кайра эле,

Калкты соргон ажыдаардай жутунган.

Мечиттери мекиренет заңгырап,

Медресе бөтөн тилде балдырап.

Меке жактан келип түшкөн ажыны,

Мектептердин көзү тиктейт жалдырап.

Каалагандар каалагандай жаткан шаар,

Какырынып, түкүрүнүп баскан шаар.

Чек арасын чертип туруп чекеге,

Чет өлкөгө тоноп алып качкан шаар.

Тиштеринин баары металл коронка,

Бишкегиңдин баары бензоколонка.

Азыр бул шаар махабаттын шаары эмес,

Бир жиндинин колундагы воронка.

Ээсиз тамын кытайларга толтурган,

Эри да жок, эли да жок кол сунган.

Бишкек мага кемпир болуп элестейт,

Эски-ускусун сатып бурчта олтурган...

Кыз-уланы кыргыздын

Акыйкаттык арзын айтып жалганга,

Арман-муңдун тарпы жатат ар кайда.

Айланууда кыз-уланы кыргыздын,

Мечити бар, Мекени жок балдарга.

Каада-салтты жолбун иттей атышкан,

Жин каптады Чыгыш менен Батыштан.

Кан Манастын тукумубу ушулар —

Календер баш, даки чалма, даки ыштан?

Акча берсе ат жасадык эшектен,

Адам куну арзан болду тезектен.

Мертке жеттик сакал коюп киндиктен

Мечиттери мектептерин кекеткен.

Ак-Сай менен Эркечтамдын башынан,

Агат кербен абжип товар ташыган.

Туруп келе жатат кытай жээндериң,

Туз-наныңан, сууңан, тооңон, ташыңан.

Кайда барба, жаштарга иш жок, жол Мамай,

Мутанттарга толуп барат «колбалар».

Каңгыгандар, азган-тозгон, безгендер -

Качандыр бир жарылуучу бомбалар.

Кайырчылар, кап сүйрөгөн араба,

Жалаң кыргыз, кул базарды караба.

Жалаң кыргыз ресторан, кафелер,

Жалаң аш-той, жалаң гана тамада.

Дарт каптады, тапкан жан жок дарысын,

Даабатчылар жортуп жүрөт чаңы узун.

Карышкырга шариятты үйрөтсөң,

- Каякта?-- деп сурайт койдун жайытын.

Мыйзам саман, Ак үй тынбай боолаган,

Акыйкаттык жарык издейт шооладан.

Көлгө келсем торпедасын кучактап,

Орус жатат Кой-Сарыда оонаган...

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG