Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:47

Кемпирди кызы алып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Бу жарыкчылыкта камкордукка балдар менен карылар өзгөчө муктаж. Бир эне беш баланы бага алат. Ал эми беш баланын жалгыз энесин жакшылап багып, баркына жетиши кыйын.

Жазуучу жана журналист Байма Сутенованын «Тегирменчи кемпир» аңгемесинде мына ушул турмуштук жагдай сүрөттөлгөн.

Чатактын башы

Калыйман эне карыганда кор болуп, келининен таяк жеп, уулунан суук сөз угуп, жалдырап төрт дубал ичинде жатып каларын ойлогон эмес эле. Кыйын өмүрүндө анын келечеги кандай болору жөнүндө акыл калчап, ойлонуп отурушка убакты-сааты деле болбоду. Жашоо-турмушу аз-аздан онолуп келатканда согуш башталып, эки уулу менен күйөөсү кан майданга аттанышты. Колунда калган беш баланын түйшүгү оңойбу? Күн-түн дебей, жанын жанга уруп, мына ушул балдары деп эмне гана жумуштарды жасабады? «Ушунча мээнет кылдым эле» деп кийин ал бир да бирөөгө арызга отурбады. Балдарына нааразылыгын билдирбеди. Убакыт деген билинбей өмүрдү жеп, бир кездеги мээнеттен качпаган кемпирди төшөккө жыгып, өзү жебей, «балдарым жесин» деп өнтөлөсө баласы абийир-ыйманын аракка алмаштырып, анын тажаал аялы кайненесин кандай да болсо жок кылуунун аракетине киришип калган. Акылы тайкы аялдын оюнда кайненесине тамак бербей, бок-жинин аралаштырып кароосуз калтырса сасып-ирип жатып өлүп тынмак.

Азыноолак малы менен эски үйүн ээлеген уулу апасынын абалы менен иши жок, «кайсы жерден арак чыгат» деп, ачкыл суунун артынан түшүп алган. Ал апасын жалгыз өзү гана карап жатканын милдет кылып, шаарда жашап жаткан бир туугандарына нааразы. Бири да энеси төшөккө жатып калгандан бери көргөнү келишкен жок. Ушундай да таш боор бала болобу? Субан го мейли, ичсин, энесин карабасын, үйүнөн кууп чыкпай, көчөгө чыгарып койбой багып атпайбы?! Энеси баарына бирдей мээримин төгүп, эрезеге жеткирбеди беле?

Кемпирдин абалы оорлошуп, ачкалык алын кетирип, балдарынан үмүтүн үзүп, акыры келчү ажалын күтүп калган. Ажал дегениң каалаган убагыңда келе калчу нерсе эмес экен. Пенде баласы жарык күндү көргөнүнө ыраазы болуп, жөндөн-жөн эле өз жанын кыйганга барышы кыйын. Карылыктан да ачкалыктын азабын тарткан кемпир улам бир жамбашына оодарылып бир бөлмөдө жалгыз. Жашоосуна да, өлбөй жаткан өзүнө да нааразы.

« - О, кокуй ий! Өлүгүңдү көрөйүндүн жанын болоттоп койгонбу,— наалый бутун карыштап анан оңолду. Тарамышы жанар менен оозуна кара суу келип көңүлү караңгылады. Кемпир ачка эле. Анан кайсалап жатып төшөгүнүн алдынан насвай салынган чакчасын тапты да алаканына элеп салып, эрдине коюп кымтыды. Ачка немеге насвай катуу тийип эс-мас авалда, оо бир топко жата берди.

Күн жалган түш болгон убак. Бурмакан жалгыз уюнун сүтүн сепараторго тартып бүтүп, чайга олтурду. Күндө бул убакта небак башка тиричилигине карачу эле, бүгүн болсо минтип жалган түшкө чейин чай да иче элек.

Чай үстүндө Бурмакан маңдайында отурган балдарына каарын төктү.

- Тамак ичкенди унутпа, каймак жегенди унутпа, анан уй тозгонду унуткула, өлүгүңдү көрөйүн жатып ичерлер. Мен кимиңерге жетишем? Аракеч атаңаргабы же өлбөй-житпей чирип жаткан энесинеби, оюндан омурткасы сынбаган силергеби?!..»

«Канчага күтөр экен?»

Бурмакандын буркан-шаркан түшкөнчөлүк бар эле. Өлөт деген кайненесинин жаны бек окшойт, жакын арада бу жарыкчылыкты таштап кетер кейпи көрүнбөйт. Арактан башы чыкпай калган күйөөсү бир ирет жини келип «аны жыгасың» деп өлөрчө токмоктогон. Ошондон бери ачуусун кемпир менен балдарынан чыгарып, заары бетине чыгып, жинденип жүрөт. Өлөйүн деген кемпирге небереси бир сындырым нан алып кирген экен, анысын көрүп калып, үлдүрөгөн кемпирдин колунан жулуп алды. Өлө турган мастанга нандын эмне кереги бар?

« - Жеген тамагың кайра чыгарын билесиңби, карган шайтан! «Кыздарым, кыздарым» деп коёт. Кыздарыңдын так… чирип жатканыңда бир басып келбейт.

Экөөнүн ортосунда мындай кагылыштар күндө болбосо да күн алыстап болуп тургандыктан кемпирдин да тили чыгып калган эле.

- Тузум ургур, тузум ургур! Секелек кезиңден «келиним» дебей «кызым» деп бапестедим эле. Бир күн алдан тайсам ит көрбөгөн кордукту көрсөттүң, ылайым эле келиниңден мага жасаган мамилеңди көрүп, ыйманың айтылбай калсын!

Кемпир калчылдап өң-алеттен кетти, оозунан ак көбүк чыгып көздөрү заардуу.

- Муса, Кайрат! Кайдасыңар, кулундарым? Ала жаткыла энеңерди, ушул кордукту көрбөй өлсөм эмне, о кокуй!»

Бурмакан эшикти тарс жаап чыгып кетти. Алжыган кемпир дабышты эч сезбей, эс-мас авалда тээ согушта кайтпай калган эки уулун, күйөөсүн көрүп, аларга арыз-арманын айта берди. Бир чыны чай, бармак башындай нан менен кемпир ал күнү кеч киргизип, таң атырды».

Ушундай турмуш. Аягында көргөн күнү ушундай болот экен, эмнеге кара жанын карч уруп иштеди экен?! Балдарым деп кажынды экен? Балдарынын кимиси азыр апасын эстеп, абалын сураганга жарады? Баары кетишти го. Күйөөсү менен эки уулун кан майданга узаткандан кийин өлүп алса бул азапты көрбөс беле? Калыйман эненин чор баскан колу кандай гана жумуштарды жасабады? Кан майдандан кайтпай калган кайрандарды эстеп кайгырып, жалгыз өзүнүн колун караган беш баласын ойлоп, күн-түн дебей тытынып машак терди, сугат сугарды. Суу кечип жүргөндөн бели сыздап, куяң болуп азапты тартканына кайыл, иш деп урунуп-беринип жүрдү. «Ушу балдарым нандан өксүбөсүн» деп күйөөсүнөн калган тегирменди иштетип, бети-башы ак тоскок болгонуна кайыл болуп жүрдү го. Ал кезде элдин турмушу тегирмен менен болчу. Тегирмен ташын чегип, аны ордуна коюп, эгин бышканы күрүлдөгөн тегирменди аял башы менен токтотпой иштетип турду. Тегирмен жанындагы тайпаңга эгинин эгип, чычырканак баскан талаада малы жайылып, жашоо-турмушун тыңдап алганычы! Кийин балдарынын улуусу Суран токойчунун окуусун Алматыдан окуп, ошол жактан орустан аял алды. Кичүүсү Субан Жыргалаң шахтасында иштеп жүрүп өзүнөн төрт-беш жаш улуу, бир кызы бар келинге үйлөнүп алды.

Артык баш кемпир

Кыздары күйөөгө тийип кетишти. Колундагы кичүү кызынын секелеги, боорукер небереси менен карылыкка моюн бербей, күйөөсүнөн калган эски үйүндө бир азыраак мал күтүп алды. Ошентип өзү менен өзү тирилигин жөндөп жашай бермек. Жашоо-турмушу кыйындаганда эки уулу атасынан калган эски үйгө көчүп келишип, абал өзгөрүлдү. Колундагы жээни мектепти аяктап шаарга окууга кетти. Калыйман кемпир Бурмакан деген тажаал келиндин колуна ошондон баштап түштү. Ага чейин анын жашоосу жакшы эле. Колхоз ирденип, элдин жашоосу оңолуп калган.

«Бош отуруп көнбөгөн неме бат эле огородуна картөшкө айдап, үйүнүн тегерегин жашылдандырып, короо-жайын оңдоп алды. Пенсиясы, тоокторунун жумурткасын дүкөнгө өткөрүп, чай-тузга кардар эмес. Кийим-кечекти болсо ар бир келген сайын кыздары ала келишет. Отунду Суран түшүрүп берет, ун Субандан. Эми айылдагылар Калыймандын бактысына суктанышат. «Жылаң аяк сугат сугарып, түнү тегирменди иштетип жүрүп жетимдерин жетилтти эле, мына, эми убайын көрүп отурат» дешет, чогулуп отурган жерден.

Арадан жылдар өтүп, мезгил Калыймандын чачын күмүш түскө боёп, жүзүндө жөргөмүштүн желесиндей болгон бырыштарды берген. Карылыкка моюн сунбайын деген менен улгайып эле калган кези. Баягы аңгыраган короо-жай жок, эки бөлмөлүү эски тамдын маңдайында дүпүйүп бак-шакка оронуп заңгыраган алты бөлмөлүү үй - муну Субан салган - огороддун аяк ченинде жалаң карагайдан ашталып, балкону Боз-Учук тоосун караган бийик эки кабат үй - бул Сурандыкы».

Калыйман кемпирдин тынч турмушу өткөн кылымдын 70-жылдары Көл кылаасын каптаган – зилзала, жер титирөөдөн кийин кедерине кетти. Апаатта жыгачтан бекем салынган Сурандын үйү бузулбай, Субандыкы жараксыз болуп калды. Жер титирөөдөн аз өтпөй Сурандын кызматы жогорулап, облус борборуна көчүп кетти. Үйдөн да, тегирменчилик иштен да ажырап калган Субан кычкыл суунун артынан түшүп, жаман адатка аялын да көндүрүп салды. Келини кызып алганда кайненесин каарып, кийинчерээк ачуу сөзү эмес, колу да тие турган болду. Тажаал аялдын кемпирдин жашоосун тирүүнүн тозогуна айландырып салганын кошуна-колоңдору билишчү. Бирок Бурмакандын тилинен коркуп, алардын бир да бирөө калыс сөзүн айтууга жарай алышпады. Айрымдарына бул иштин аягы кандай болуп бүтөрү кызык болчу.

Ошондой күндөрдүн биринде Субандын үйүнүн алдына жеңил машинелер токтоп, кемпирдин шаардагы балдары чогулуп калышты. Кошуналар бир иш болгонун сезишти, бирок алардын бир да бирөө Субандыкына басып келүүгө, окуянын чоо-жайын сураганга батына албады. Аларды таңдандырганы буркан-шаркан түшүп жүрчү Бурмакандын ал күнү жүзүндө күлкү уялап, үй ичин тазалап, конокторду жайыл дасторкон тосуп алганы болду. Үй ичи жанданып, кошуна бөлмөдө бака-шака күчөгөнүн кемпир деле туйду. Бирок балдарынын бирөө да анын үстүнө кирбеди. Балдары эмне үчүн аларды зарыл иштерин таштатып, шашылыш чакыруунун себебине кызыгышты. Бир туугандарды чогулткан Субанды ылжып мас болуп жаткан жеринен тракторго салып, айылдаштары алып келип таштап кетишти. Кемпир келген балдарын көргүсү келди. Аны менен келгендердин иши деле болбоду. Буркулдап жүрчү Бурмакан алеки саатта күйөө балдардын бирине кемпирдин коюн сойдуруп, дүкөндөн ичкилик алдырып, дасторконду жайнатып ийди. Эт желип, аягында шашпай кенен-чонон чайга өтүшкөндө Субан телеграмма беришинин жөн-жайын билдирди.

Балдарына «өлдү» деген энесинин амандыгы, жок жерден аларды алаксытып айылга чакырган Субандын кылыгы катуу тийип, энесин унчукпай бага бербей, минтип колко кылганы жаккан жок. Балдары арак менен этке күрү-күү болуп турган чагында чүкөдөй кемпир жаткан бөлмөгө небереси кирди. Кыйла жыл колунда чоңоюп, жакын болуп калган бир кездеги секелеги бойго жеткен кыз болуп калган. Кемпир ушу небересин жакшы көрчү.

«Калыйман жээнине көзүн ымдап, төшөгүн ачып, өзү там жакка бурулду да ич көйнөгүн көтөрүп, жамбашын көрсөттү. Жээни коркконунан кыйкырып жибере жаздап оозун колу менен баса койду. Таенесинин жамбашы бүт көгала, кээ бир жеринин көгү тарап саргыч тартып, коркунучтуу болуп калыптыр. «Көрдүңбү?» дегенсип башын ийкеди да, оңдонуп жатып шыбыраган үнү менен үрөйү учуп, кумсарып кеткен жээнине айта баштады».

Берки бөлмөдө энесин жети айдан бери көргөнү бир да жолу келбеген бир туугандар энесин ким багарын талкуулап жатышкан. Байкуш кемпирди акыры айла жок кичүү кызы алып кетмей болуп, маселе оңуна чечилди.

Байма Сутенованын аңгемесинде козголгон адеп-ыймандык маселенин кыскача мазмуну ушул. Жазуучу бир үй-бүлөнүн тарыхы аркылуу кыргыз коому үчүн уламдан-улам актуалдуу болуп бараткан аялуу теманы ачып берген. Ушу тапта кыргыз коомунда балдары менен ата-энесин таштап алыска иш издеп кеткендер толтура.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG