Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 10:54

Ыймансыз ата эки жашты бөлүп тынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Аскаралы Ражабалиевдин “Куру кайткан жуучу” аңгемесинде ушу күндөгү олуттуу моралдык-этикалык маселе көтөрүлгөн.

Адамдар ортосундагы адеп, жоопкерчилик алдыңкы планга чыгып, карөзгөйлүк сөзсүз жазасын алышы зарылдыгы белгиленген.

Кан жолдо учкан машина

Аңгемедеги окуялар абдан динамикалуу, сюжеттик фабулага өзгөчө басым жасалып, чыгармадагы негизги идея экспозицияда эле ачылат. Жалтыраган жаңы машина асфальт жолдо учуп баратат.

Аны айдаган кишинин дүйнөсү түгөл, азыркы замандын кудайын тааныбаган “жаңы кыргызы”. Жашы кырктан өтүп калса да өзүн бозой сезип, чет элдик кайсы бир ырчынын музыкасына башын шылкылдатат.

Кол көтөргөндөрдүн бирине да токтобой, өзүнө-өзү маашыр болуп келе жатканда айыл четинен сулуу кызды көрүп калды.

Жапжаңы машиненин жумшак орундугунда көшүлгөн каарман үчүн ушул чүрөк гана жетишпей жаткан. Бейтааныш кыз жаңы машиненин көркүн аччу, жол бою эрмектешип барчу, эби келсе колуна кончу кушу эле.

Мөлтүрөгөн кыз Кадамжайга барат экен. Ага чейин таанышып, дарек-дайынын билип алууга болот. Айдоочу өзү кол көтөргөндүн баарын эле машинесине сала берчү эмес. Бул кыздын сулуулугу арбап алды окшойт.

“Өзүнчө ичинен кымылдап, сүйүнүп алды ал. «Ай-ий! Жүзүмдөй кыз экен!..» Кашылап койду чыкыйын. Ырсая артына кылчайды. Селкинин буттары түптүз, балтырлары балыктай. Бир тутам тоо гүлүндөй аруу! Баланыкындай туптунук көздөрү жоодурайт. Кош алма мисал көкүрөгүнүн учтуу үрпү тикчиет! Кыз ийменип, тизелерин кысып, бүрүшө түштү айдоочунун сугалак көздөрү көзүнө урунганда. Напси бузулду айдоочунун. Сол колу менен рулду кармап, оң колун артына узата, кыздын санын мыкчыды: «Улагым!»

— А-а-ай! Тартыңыз колуңузду!

Мындайды күтпөгөн кыздын жүрөгү оозуна келди.

— Елик-кыз! Коркпо-о! — жылмайды мыйыгынан.

— Токтотуңуз, машинаны!

— Ой! Не болуп кетти?

— Түшөм.

— Ээн талаа, эрме чөлдөбү? — ал дагы колун артына сунду. Кыз отургучтун бурчуна чегине тыгылды…

— А мейлиге, ананыраак… Өзүңө келип ал!..

Жапжаш кыздын санына тийген колун эрдине тийгизди айдоочу. «Ө-өх! Бал татыйт!» Эреркеп кетти, жүрөгү элжиреп. Газды басты. Жүз сексенге жетти ылдамдыкты көрсөткүч жебенин учу. Машинанын октой учуп, чайпала калтаңдап баратканынан чочулаган кыз чылк жумуп алды көзүн”.

Жашоо баарына керек. Асман айды карай алып учкан машиненин ылдамдыгынан чочулаган кыз айдоочуга акырын айдоосун суранды. Ага дөөгүрсүгөн тиги болмокпу.

“Бул араба эмес, секин айдаганга болбойт, чоң кыз” деп ыржая оозун жыйгыча машине жол четиндеги бир аялды коюп кетти, капоту, асфальт канга боёлуп, кандуу кырсык алеки мүнөттө баарын өзгөрттү. Бурчта бүжүрөгөн кыз айдоочуга бети-башы канга боёлган аялды салып алып тезинен ооруканага жеткирүүну суранды. Байлыгына дөөгүрсүгөн айдоочу эч нерсе болбогондой “жаны чыгып бүтүптүр, кайдагы догдур” деп машинасын от алдырып жолун улады.

Бүжүрөгөн байкуш кыз жакшы эле суранды. Бирок тигил “өлгөн немени кайсы жакка алып бармак элек, эч ким көргөн жок, көздөн кайым болгонубуз жакшы” деп кадыресе бир иш болгондой жолун улантты. Айдоочудан коркуп отурган кыз “өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай” канга боёлгон аялды алып кетели деп чырылдады эле ачуусу келген айдоочу:

“— Жөн кет! Сен да ошондой болуп жүрбө! Тим койсо!” деп зекип салды. Кадамжайга чейин унчукпай келишти. Айылга кире бериштеги көпүрөгө жетпей кыз түшүп жатканда заары бетине чыккан, өңүндө ныпымдай өзгөрүү, тынчсыздануу белгиси жок айдоочу катуу эскертти:

“— Төө көрдүңбү - жок. Бээ көрдүңбү - жок. Кокус шыбырт эле чыкса, сени жер түбүнөн издеп таап, жайлап кетем! Уктуңбу?

Машинадан тезирээк түшө качкысы келип турган кыз баш ийкеди. Көздөрүнөн аккан жаш ээгине куюлуп, денесин кара тер басып, тизелери калчылдайт.

— Мен айтканды түшүндүңбү?!

— Ы-ы… — Кыйылып жооп катты кыз.

— Кана, көзүмө карачы!

Кыз акыркы ирет айдоочунун көзүнө тигилди. Канталап турган көздөрдү, заарканган бетти көргөн бечара:

— Айтпаймын, эч кимге, аке! — деп жиберди.

— Кете бер!

Буттарынын калчылдаганы токтобой койгон кыз түшүп-түшпөй, машина «гау-у!» эте ордунан учуп жөнөдү”.

Көз алдында карабашыл кишини өлтүрүп, кылмыш кылган жеринен эч нерсе болбогондой качып кеткен жексурдан аман калганына ишенип-ишенбеген кыз эртеси эти от менен жалын болуп ооруканага түштү.

Турмуштун ачуу-таттуусун биле элек наристедей таза кыз оор кылмышка күбө болуп, бирок анысын айта албай, адам өлтүргөн мыкаачы айдоочунун сесинен коркуп, капот үстүндө каны жайылып жаткан аялдын элеси эсинен кетпей, өзүнө келе албай кыйналды.

Уйку-соо арасында көзү желкесинен өткөн айдоочу кыздын тумсак денесин мыжыгылайт. Жанталашып коё бериңиз деп жалынат, бирок үнүн өзүнөн башка эч ким укпайт.

Ооруканада үч күн дегенде өзүнө келген кыздын жанында сүйлөшүп жүргөн жигити отуруптур. Кылмыштуу ишти, жол боюндагы окуяны жигитине айтып берди. Жигити кылмыш жасагандан кийин качып кеткен жүзү караны, сүйгөнүнө колун тийгизген акмактын башын жара турганын айтып, муштумун түйдү. Экөөлөп кылмышкерди издемекчи болушту.

Той камылгасы

Ал арада мыкаачы айдоочу короо-жайын тазалап, үйүн сырдап, жасалгалап тойго камына баштады. Уулу сүйлөшкөн кызын алып келмек болуп, ата-эне той камылгасына киришкен эле. Уулунун бир кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн угуп, эми анысы чынга чыгып, келин алуунун камылгасы башталды. Колуктунун кайдан, кимдин кызы экени ата-энеге белгисиз эле эми баары ачыкка чыгып, айдоочу агаларын ээрчитип кудага барууга камданып калган. Келин буларга анча деле алыс эмес Көк-Талаа деген айылдан экен, жакын десе жакын.

Эки агасын ээрчитип кирип келген айдоочуну кыздын үйүндөгүлөр чоң сый-урмат менен тосуп алышты. Тойго деп багылган кой союлуп, дасторкон жайылды. Дүйүм даамдын үстүндө улуу сөздөр сүйлөнүп, кудалыктын миң жылдыгы, эки жаштын бактысы үчүн каалоо-тилектер айтылып, келген меймандар да, тосуп алган үй ээси да бакылдап жакшы отурушту.

Бирин-бири таап алышкан жаштардын башын кошуп, дагы бир бүлөгө бата берип, жолун ачып коюш улуулардын парзы. Зордук кылып ала качып кетпей, жактырышкан жаштардын ынак мамилесине шарт түзүп берүүнү болочок кудалар колдошуп, отуруш шайыр-шаңдуу өтүп жатты. Ортодо “эки бала табышып калышканы” баса айтылып, мына ушул жүйөгө таянган келин алчу, кыз узатчу тарап болор иштин эртерээк өтүшүн каалап калышкан.

“Энди буюрганы шол. Болуп келген, боло берет жакшылык иш” деп айдоочунун агасы айтса, кыздын атасы ыктуу кепке каршы чыкпай, башын ийкегилеп, конокторун сыйлоодо. Ичара табышып алган жаштардын маселеси ошентип тынч, сый дасторкон үстүндө чечилип жаткан. Конокко келгени да, мейман күтүп атканы да ыраазы болуп, жакшылык ишке жардамчы болушканына корстон эле. Сөз арасында кыз окуусун бүтүп келгени айтылып, эми тойду тездетиш гана калганы баса белгиленди. Ортодогу ынтымак сөз, ыгы менен көрсөтүлүп жаткан сый-урматка балкыган кудалар эт тартылар алдында баш сергиткени сыртка чыгышты. Ошол кезде тою жакындаган кыздын болочок кайнатасын бир көрүп алууга куштарлыгы артты. Сүйгөн жигитинин атасы кандай киши болду экен?

“Ал секи-ин веранданын терезе пардасын кыя ачты. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Ал жарганаттын канатындай мойлоосу бар айдоочуга көзү түшкөндө, селт эте түштү. «Ошолбу?!». Сигаретин чычайта кармап алган эркек кудум айдоочунун өзү экенин жазбай тааныды. Көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, парда жылчыгынан дагы карады. Өп-өзү айдоочунун! Жарганаттын канатындай мойлоосу эки ууртун жаап, оозу жык алтын тиштери кашкаят. Жүрөгү түрсүлдөп чыккан кыз ашканада түйшөлүп жүргөн апасына жетип барды:

— Апа! Бул кишиге келин болбоймун!

Чоочуп кеткен апасы:

— Не болду сага? Өзүң айтпадың беле сүйлөшүп жүрөм, тийсем ошого тием, башкага убара болбогула деп?

— Эми болбойт! Убара болбогула!

— Ушундайсың да, бизди уят кылып!”

Ушундай да болобу! Энеси эмне кылар айласын таба албай атасын чакырды. Сый-урматка ыраазы коноктор ашканада кыздын ата-энеси менен болгон кеп-сөзүнөн кабарсыз, келген максаты орундалганына ыраазы болушуп отурган. Атасы үчүн өзү каалап тийчү жигитинен баш тарткан кызынынын таламандын тал тушундагы жоругу түшүнүксүз эле. Экөө сүйлөшүп жүрүшөт деп канчадан бери кеп кылып, баары даяр болуп калганда эми минтип тескери кетип отурушу жакшыбы?

Эрди-катын капыс чыккан окуяга баштары маң болуп талашып, сый тамакты күткөн жуучулар узакка күтүп калышты. Эт тартылып, бешбармак желгиче жаман кабарды ким айтмак эле. Кудага келгендер сыйга ыраазы болушуп, эки жаштын бактысы үчүн бата тартар кезинде үй ээси баары күтпөгөн жаңылыкты жарыя кылды: “Кызыбыз көнбөй атат!” Бул сөз баарынан да мурутун сылап, көңүлү көтөрүлүп турган айдоочуга катуу тийди. Анын тике суроосуна кудасы “билбейм, кызым эле” деп жер карады. Туңгуюк кепти кыз өзү ачыкка чыгарды:

“— Ошондой, сизге келин болбоймун! — деди коноктордун үстүнө шып эте кирип келген кыз, айдоочуну качыра тиктеп. — Уктуңузбу? Сизге келин болбоймун!

Айдоочунун чачтарынын астына чейин чымырап, кирерге тешик таппай калды. Башы шылкыйып, сынып отурду. Өмүрүндө эч кимден ушу жапжаш кыздан сынганчалык сынбаган. Башын ийкеди айдоочу тигилерге:

— Турдук!

Буту-бутуна тийбей, тезирээк «Тойотасына» жетүүгө шашылды куда түшкөнү жуучулукка келген ата. Короздон качкан мекияндай пыса короого чыкты айдоочу. Буттары чатышып, эки-үч жолу мүдүрүлүп алды. «Тойотосуна» чейинки аралык кылымдык узак жолдой туюлду ушу чакта айдоочу үчүн. Үй ээсине сүйлөөгө чамасы жетпей, көздөрү тунарып, жыгылып кала жаздап, араң жетти машинеге. «Тойота» октой атырылып, заматта айыл ичинен суурула чыкты.

Кыз өз бөлмөсүнө кирип алып, ичи-ичинен эзилип узак ыйлады. Анан суз гана жигитине телефон какты.

— Экөөбүздүн ырыбыз бүттү. Мени түбөлүк унут! — Соткасын өчүрүп койду.

Жигит кайра-кайра чалды: чыр-р… чыр-р-р… чыр-рр-р…”

Аңгеменин аягы ушундай. Жазуучу бир да каарманынын атынан айтпайт, кыз, айдоочу, жигити, кыздын ата-энеси, эпизоддук каармандардын да ысымы жок.

Акчага дөөгүрсүгөн айдоочунун ыйманы ушул окуядан кийин ойгонор бекен? Турмуш ага ушунчалык катаал жазаны чегерип койгонун, пенде баласынын ар бир иш-аракети, жасаган-эткендери адеп-ыймандык сыноодон өтүп турарын, аракеттин эсеп-чоту болорун байлыгына дөгүрсүгөн алтын тиш мойлоо айдоочу билчү эмес. Ал баарын акчанын жардамы менен сатып алам дечү. Дымактуу байдын трагедиясы ушунда болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG