Былтыр автордун «Айыл жакка саякат» ыр китеби чыкты. Жанрдык «эн тамгасы» романга караганда публицистикалык поэмага көбүрөөк ыктаган чыгармада автор айылынын өткөнү менен бүгүнкүсү жайында ой жүгүртөт.
Айылга кеттик
Эң алгач баамга урунганы - чыгарманын аталышы. «Айыл жакка саякат» деген сөз курулмасы бир топ суроолорду жаратпай койбойт. Эмне үчүн «Айылга саякат» же «Айыл баяны» эмес, айыл жакка саякат? Күмөндөр Абыловдун айылы айтылуу Нарын дарыясынын боюнда, Ак-Талаага жете бербей, облус борборунан итапкан алыс Учкун деген жер. Түздөн чукул бурулуп бийик тайпаңды ээлеген айыл, автор айткандай, «Биздин айыл – Кыргызстандын көрнөгү!» Нарындан чыгып Куланактан өткөндөн кийинки «Букан сайган чоң теректен» айыл башталат. Болмуш менен аңыз кеп, жөө жомокко шыкалган саякат – айылдын өткөнүнө саресеп мына ушул теректен башталат. Айылдыктар чоң терек башында үч теректен турганын, аны Букан деген балбан тигип кеткенин эмдигиче унутпай айтып келатышат.
Букан - эр сайыштан аты чыгып, эл оозуна алынып, бир айыл элдин сыймыгына айланган инсан. Күмөндөр Абыловдун айтуусунда, ал кезде найза ордуна бакан менен сайышчу экен. Букан кадимки Аксакал баатырга каршы чыгып, аны жеңип аты чыккан. Эр сайыштын эмнеликтен «жумшартылып» бакан сайышка өтүшүнүн чоо-жайын автор мындайча чечмелейт:
Ал кезекте бакан менен сайышчу,
Аш-тойлордо байге-мөрөй алышчу.
Жеңилгени «Жол сеники, баатыр!» деп,
Жеңгенине башын ийип калышчу.
Найзакерден Аксакалдай болбоптур,
Эр сайышта ага чыккан оңбоптур.
Жата калып, буйтап, кагып баканын,
Каршылашын жеңбей такыр койбоптур.
Сайышканын ким болсо да алчу экен,
Эти ооруса канкорлукка барчу экен.
Кээ бирөөнү кан ичмеси кармаса,
Кекиртекке, бетке сайып салчу экен.
Эмнеликтен бакан сайыш эр сайыш аталып калышын автор чечмелебейт. Ошол бакан сайыштын ыгын билген Аксакалды 22 жаштагы Букан жеңип, ал күнү «бакан майлап, түлөө өткөрүп той берет».
Чыгармада көчмөндүк доордогу эр оюндары, жаштардын оюн-зооктору: чикит, чүкө, ордо атыш, жорго салыш, кыз куумай, тогуз коргоол, упай, каракоюн, дүмпүлдөк, тыйын эңмей, өпкө чабыш, жамбы атыш, улак, аркан тартыш, ит тартыш сындуу каадалуу оюндардын аттары аталат. Булардын баары тоолуктардын жашоо-турмушун жандай жүргөн, жаштарын ыкчыл, селкилерди назик, ыйбаалуу болууга үйрөткөн. Ал эми оодарыш, жөө жарыш, айлуу түндөгү алты бакан селкинчек, ак чөлмөк, акындар айтышычы. Мына ушул аты аталган-аталбаган элдик оюн-зооктор жыйырма беш күнгө созулганын, ушунча узак убакытка созулган шаң-салтанаттан көпчүлүктүн көөнү калбаганын автор атайын белгилейт. Толгон-токой шаң-салтанатты жактырган калкка «төө чечмей» деген тоолуктардын намысын тебелечү сайпаналардын тамашасы жакпайт.
Чыгармада оголе көп окуялар, уламыш кептер, эл арасында аңыз катары айтылып калган болмуштар баяндалат. Аксакалды бакан сайышта жеңип алган Буканга каршы киши чыкпай, бир кыйла убакыт ал атаандашсыз жүрүп калат. Сайышарга жоо таппаган Букан айыл четиндеги үч теректин бирөөнү саярын жар салат. Акыл-эстүү адамды сестентчү бул ишти угуп элдин көбү таңданып, башка бирөөлөрү «оюн көрөт экенбиз» деп кыпылдап сүйүнүп, көпчүлүк толкуп турганда баканын кезеген Букан теректин бир ача бутагын айра саят. Күч менен токтотулган аттын көмөлдүрүк, басмайылдары үзүлүп, күү менен келген жаныбар терек түбүндө жан берет, үстүндөгү энөө балбан аман калат. Минген атынан ажырап мелтиреген Букандын жанында боорукер көпчүлүк ыйлап, оюндун арты ошентип осол ишке айланат. Автор бул окуяны «болгон иш, жомок эмес, калп эмес» дейт.
Касымаалынын драмасы
Айыл арасында аңыз катары айтылып келген оозеки аңгемелердин бир тобун Күмөндөр Абылов эрикпей ырга айлантып, ал аркылуу айылынын өткөнүн эстейт. Касымаалы болуш болоюн деп атбашылык Чокого атаандаш чыгып, арада Сары кулагын кесип, эңсеген кызматына жеткенден кийин жаш болуш зулум чыгып, айылынан киши өтө албай калат. «Чоң акырдан жем жеген чоң теринин бучкагымын» деген жигитти акырга байлатып, алдына жем төгүп коёт. Мындай жоруктар Касымаалы болушта аябай эле көп болот.
Кайсы бир тойдо Байзактын чаптырган аты биринчи чыгып тогуздап сайылган байгеге ээ болот. Атайлаппы же байкоостонбу, байгеге сайылган тогуз топоз жок чыгат. Касымаалы болуш «топоздорду кийин аларсыңар» деп меймандарды жооткотот. Арадан үч жыл өткөндөн кийин ошол топоздорду доолап айтылуу Куйручук Касымаалы болуштун үйүнө келет. Келсе айтылуу олуяны кадырлап тосуп чыккан киши жок. Кошаалы деген жигит жалгыз өзү тосуп алып даярдалган боз үйгө киргизет. Жүк үстүндөгү кош жаздыкты алып боз үй ичинде кечке уктайт, үстүнө бирөө басып кирбейт. Касымаалы коногу эмне ичип-жешти өзү чечсин деп айттырып ийиптир. Доого келген адам конок койдон жоош болорун билдирип, «суу берсе ичип, май берсе жеп аларын» айтат. Ошол сөздү бекем кармаган Касымаалы коногуна шыргалаң суу менен жылкынын майын алып келтирет. Куйручук буга чейин мындай шумдук көрө элек болчу.
- Алыңыз! – деп майга колун салдырып,
- Ичиңиз! – деп, улам суудан алдырып,
Кайра-кайра шыкап жатты Касымаалы,
Куйручукту майга, сууга кандырып.
Куйручук да келгенине жинденип,
Ичип-жеди, өзүн ичтен тилденип.
- Нечендеген апааттарда өлбөгөн,
Эми өлөмбү – деди – мында бир келип?!
Кекиртектен майга, сууга тойгузуп,
Эшик жабып, эки сакчы койгузуп,
Ак шейшептүү калың төшөк салдырып,
Касымаалыда болду катуу ой бузук.
Кысталыштан амал тапчу куудул ооруган ичин уукка илинген түйүнчөккө толтуруп таңга чейин эптеп чыдайт. Эртеси Касымаалы келип караса тигил эч нерсе болбогондой төшөгүндө отурган экен. Үй ээси куудулдун амалын билбей ыраазы болуп, алдына ат мингизип, үстүнө тон жаптырып, тогуз топозун алдына салып узатат. Үч күн конок болгон куудул кетип атканда «аманатым калтырдым», «эч кимге айтпа, айласыздан болуп калды» деп туюк сүйлөп аттанат. Анын жоругун Касымаалы кийин билип, бирок элге жарыя кылбай калган экен.
Касымаалынын өмүр жолу ар кыл окуяларга бай болгону менен жаш кезинде курман болот. Анын жигиттери орустун үч почточусун улак кылып тартып өлтүрүп коюшканда ак падыша аскерлери «күнөөлүүнү таап бергиле» деп кыстаганда «мен өлтүргөм» деп кылмышты моюнга алып, жаңы бийликтин даргасына асылат. Өз мезгилинин оош-кыйыштарына аралашып, заманасына жараша бийликке жетип, кийин жагдайдан улам анын курмандыгы болгон көкжал адамдын элесин айылдаштары ушул кезге чейин эстешерин Күмөндөр Абылов айыл баянында көп эскерет.
Жеркуйга куланган ат
Айылга биринчи медресе асып, бала окутуп, элинин билимдүү болушуна аракет кылган Байсаба ажы, эки жаштын сүйүүсүнө чыккынчылык кылган Жанжигит баяны чыгармадагы кызыктуу эпизоддордон. Элдин эсинде жакшылык менен жамандыктын өзгөчөлүүсү гана сакталып калат.
Айыл баянында өткөн менен азыркы учур, балалык менен карылык эриш-аркак эскерилет. Күмөндөр Абылов бала кезинде башынан кечирген, арадан кыйла жылдар өтсө да эсинен чыкпай калган бир окуяны сөз арасында эскере кеткен. Инилеринин айтканын укпай, көктүгүнө салып ал суу жеп кеткен жеркуйдан минген атын секиртип өтмөкчү болот. Алдын суу жеп, коркунучтуу болуп калган жеркуйдан минген аты өтө албай, эки иниси жардан кулап, жылкы майып болуп өздөрү аман калышат.
Ат аркага баратканда чалкадан,
- Бай-ке-е! – дешти, эки иним тең аркадан.
Ыргып түшүп, карай салсам экөө жок,
Те түпкүрдөн: - Байкелешти! – кайтадан.
- Таала-ай! Бакы-ыт! – десем жүрөт ылдыйда,
Түп жагы кууш, терең экен бир кыйла.
Ат асылып, аргасы жок кыймылга,
Ээр токумдан батпай турат жеркуйга.
Айыл турмушуна мүнөздүү дагы бир окуя. Жогортон келген текшерүүчүнү кийик уулоого ээрчитип барышып, аракка тойгон мейман кайберен деп бийик чөп арасында оттоп аткан атын атып алып, айылга жөө кайтышат. Ошол кокуйгүн мергенчилер аңчылык кылган жерден итапкан алыс Суук-Капчыгайдагы Мыкаачынын үңкүрү жөнүндө эл арасында тирукмуш кептер айтылат.
Үңкүрду башка жактан ооп келген киши кийиктер ээлеп, алар жалгыз-жарым адамдарды кармап жеп, айылдагыларга бүлүк түшөт. Байдын койчусу Балбак деген алп мүчөлүү жигитти кароолго коюшуп, киши кийиктерди аңдып калышат. Ошол үч киши кийиктин бирөөнү кармап алышып айылга алып келишсе анысы ургаачы экен. Ага «Кийик-Кыз» деп ат коюшуп, боз үй ичинде бага башташат. Кийин айылдагы шум байлардын бири ошол кыздан тукум алмакка жапайы жаныбарды Балбакка алып берип коёт. Арадан он жылдай өткөндө ал кыз анча-мынча жаңсап сүйлөгөнгө жарап, элге азыноолак аралаша баштайт. Эл арасына аралаша баштагандан кийин ал шойкондун кыңыр иши чыга баштайт. Күйөөсү түнкүсүн жылкы кайтарганы кеткенде киши кийик күндүз уурдап келип катып койгон наристе балдардын этин чокко кактап жеп, мурдагы көнгөн адатын кыла баштайт. Көрсө ал жырткыч:
Очок болгон жерден ороо казчу экен,
Ороосуна адам этин катчу экен.
Талпак менен ороо үстүн жапчу экен да,
Таштап топо, үстүнө от жакчу экен.
Балбак түндө жылкысына барчу экен,
А Кийик-Кыз ороодон эт алчу экен.
Отко калап каалашынча тойгон соң,
Жаап коюп, кайра жатып калчу экен.
Акыры ал, адам жегич кармалып,
- Атып сал! – деп, суранды элге жалбарып.
Балбак өзү атып салды чыдабай,
Бирге жашап жүргөнүнө арданып.
Айыл ичинде мындай үрөй учурган аңыз кептер толтура. Ал эми экинчи бир окуя, Кокон кандыгынын мөөрүн жасап алып элден салык чогулткан шылуундардын жоругу сабатсыз элет элинин эсинде калган жоруктардын бири.
Күмөндөр Абылов бала кезинде бирөөлөрдөн уккан аңыз кептердин биртобун чыгармасына кошуп, ал аркылуу туулган жердин көркөм элесин тартып берет. Өткөнү менен бүгүнкүсү аралашкан заманда айылдаштарынын жашоо-турмушу мурдагы калыбынан анча деле өзгөрбөгөнүн, айылдыктар кыргызга мүнөздүү меймандостугунан жанбаганын, дагы эле келечекке үмүт артып жашап жатканын баяндап берген.
Публицистикалык баяндын экинчи бөлүмү «айылдаштарга мактоо» деп аталат. Көркөмдүк, идеялык бүтүндүгү жагынан ал биринчи бөлүмдүн деңгээлине жете албай калган.
Айыл ушу тапта кыргыз коому кездешип аткан глобалдашууга каршы туруп, элибиздин кылымдап келаткан каада-салт, нарктарын сактап тургандыгы менен баалуу. Күмөндөр Абыловдун айылга деген биралдын аялуу, аздек сый-урматын поэтикалык шөкөткө чулгап берген.