Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Туулган жерге болгон кусалык


Миграция.
Миграция.

Адабиятта коомдогу өзгөрүүлөрдүн маани-жайы маалында чечмеленип турушу абзел. Эгемендикти ээрчий келген экономикалык оор жагдай ишке жарамдуу калктын басымдуу көпчүлүгүн чет жерге чыгарды.

Кыргыз сындуу аз калк үчүн бул жагдайдын пайдасынан опурталы көп. Бурулкан Бакееванын «Көздөн учкан Мекен» аңгемесинде мына ушул көйгөй козголгон.

Агылган миграция

Ушул заманда кыргыз аягы баспаган жер дүйнөнүн бир да өлкөсүндө калбады деле окшойт. Ысык деген Африка чөлкөмүнөн ылайыктуу иш таап, жашоо-турмушун жөндөп кеткен улутташтарыбыз аз да болсо бар экенин угуп жамы дүйнөлүк миграциянын масштабына таң калбай койбойсуң. Жакшы жашоо издеп Кыргызстандан четке жер которгондордун саны болжол менен миллиондон ашуун кишини түзөт. Мурда айылынан сыртка чыкпаган калк, республиканы кой, жер шарынын батыш-чыгыш, түндүк-түштүгүндө өргүп жүрү. Ушу тапта мектепти бүтүп-бүтпөй эле чет жерге кетүүнү эңсегендер, жакшы жашоого умтулган улутташтарыбыздын агымы токтоло элек. Анткен менен сырткы миграциянын эбегейсиз кең агымы аяк-башына жеткиче күндү талыткан Орусияга арбын жайылган. Опсуз чоң өлкөнүн кең мейкининде иштеп жүргөн улутташтарыбыздын көбү ал жерден бекем орун-очок алып, орус жарандыгына көчүп, туулган жерине кез-кез мейман катары келип калышты. Бурулкан Бакееванын «Көздөн учкан Мекен» аңгемесинде мына ушул талуу тема көркөм иликтөөгө алынган. Балдары Сибирден жай алып, орусиялык болуп калган жаңы муун кыргыздардын жашоо-тирдиги артынан кандай проблемаларды алып келери аңгемеде этият эскертилет. Чыгарма жөнөкөй жай турмуштук көрүнүштү сүрөттөөдөн башталат.

«Россиянын Иркутск шаарында туз насиби буйруп жашап, 70терге чыгып калган кыргыздын эки байбичеси Ангара дарыясынын жээгине жакын ак гвардиячы Колчактын эстелигинин алдындагы гүлзарда жүрүп, капыстан жолугуп калышты. Экөө тең эстеликтин чоңдугуна, бийиктигине таңданып баратып кагыша кетишти да, чоочуп бири-бирин карап күлүп: «Кыргызсыңбы?» дешти тең жарыша. Чет жерде жүргөндө улутташыңды көргөндөгү сүйүнүч кыргыздарда гана күчтүү. Биринчи жолу көрүшүп жатышса да кыргыз экенин билгенде сүйүнүп кетишкендеричи. Сүйүнүшпөй анан. Ай-ийлешип божураша:

– Келгениңе көп болдубу?

– Уулуңкундасыңбы же кызыңдыкындабы? Небере багасыңбы?

– Базарда соода кыласыңбы? Же туугандарга конокко келдиңби?

– Кыргызстандын каериненсиң? – дешип, кумардана чер жаза сүйлөштү. Анан кантишет, сагындырган кыргыз жери көздөн учуп алыста. Кээ бир улуттай каерде курсак тойсо, ошол жер мекен болбойт экен. Балким эки байбичеге тагдырдын боору ооруп, эрмектеше жүрсүн деп жолуктургандыр».

Жашоо-турмуш өзгөргөн, бир кездеги совет бийлигинин сөөк өчтү душманы адмирал Колчакка Үркүт калаасында асман тиреген эстелик коюлуп, башка тарых башталган. Эки кыргыз кемпирди таңдандырганы - ошол чоң эстелик эмес, чет жерде экөөнүн жолугушуп калганы болуп атат. Чет жердеги мусапыр жашоодо дагы бир кыргызга жолугуу кимге да болсо кубаныч тартуулары бышык. Байбичелердин «шаар кыдырат элем, иштен кечигип калам» деген камтамачылыгы жок. Экөө тең балдарынын доорунда жашап жаткан кемпирлер эле.

Балдар - чоңойгон жердин кулундары

Балдары болсо жакшы иштеп чоң акча таап, неберелери мыкты билим алып, жашоо-тирдиги өз нугуна түшүп калган. «Эптеп эле акча таап Кыргызстаныбызга кайтып кетсек» деп келгендер бул жерден байып, сөөлөт күтүп, келиштире үй салып, кымбат машине минип, жайкысын чет жерлерде эс алышып, балдарын мартабасы бийик кымбат окуу жайларда окутушуп, баштагыдай туулган жерин ойлоп куса болушпай, жаңыча жашоого көнүп калышкан болчу. Балдары антип жакшы жайланып алышканы менен кемпирлердин башка шартка көнүшү кыйын экен.

«Бирок, эки байбичеге баары жетишкени менен кыргыз жеринин таза абасы, бийик тоолору, Ысык-Көлү, мөңгүдөн түшкөн таза суулары, жакшылык-жамандыкта жабыла чогулуп жардамдашчу жакындары, кошуналары, үйүнө жылан кирсе ак чачып чыгарчу кыргыздын салттары жетишпейт эле...»

Чет жерди жаш кезинен байырлап алган жаштардын башка шарттарга көнүп кетиши анчалык оорго турбайт. Келечек алдыда. «Кайсы бир күнү тууган жериме кетем» деген өктөм сезимге алданып убакытты узата берет. Кары кишилердин чет жерге көнүшү кыйын. Чет жер эмес, өз жериндеги чал-кемпирлердин айылдан шаарга келип туруп калганда кандай кыйынчылыктарга туш келгенин Айтумар менен Ирсалат байбиче угуп-көрүп жүрүшчү. Бирок өздөрүнүн минтип карыган чагында орус шаарынан отурук алып каларын кайдан ойлоптур?! Мына, Ирсалат байбиче жаңы тапкан курбусун уулунун үйүнө ээрчитип келди. Токой арасында, шаардын ызы-чуусунан алыс, машине токтото турган жери, эс алуучу аянттарын эсепке алып келиштире заманбап үй салышкан экен.

«Үйгө кирген Айтумар баарын байкап, таң калганынан оозу ачылды. Үй кадимки эле кыргыздын боз үйү, кирпичтен тегерете урулуп, айнектелген түндүктөн жарык түшөт. Дал ортосуна орнотулган кооз асма шам чырак илинип, көз жоосун алат. Дал төмөн тушундагы жерде бир аз бийигирээк болуп тегерете тосулуп, ортосунда таш тизилип, жасалма тоо конус түрүндө, дал чокусунда фонтан болуп суу аздан чачырап төмөн көздөй шылдырап агып, көлмөдө кымындай болгон сары, кызгылт, кара балыктар сүзөт. Ал түгүл кичинекей ташбака кыбырайт. Полу жыгач, кыргыз шырдагынын оюсу сымал тартылып, кара, кызыл боёк менен сырдалып кооз көрүнөт. Бөлмө кеңири, аппак түстө. Башка бөлмөлөргө кире турган алты эшиктин ортосундагы ачыкта кыргыз жериндеги белгилүү жайлардын сүрөтү тартылган – гүлдөрү ачылган Айгүл тоо, Манас күмбөзү, Ысык-Көл, Сулайман-Тоо, Бурана мунарасы, алыстан ак карлуу тоо көрүнгөн кызгалдактуу талаа тартылган сүрөттөр илинген. Алты бөлмө тең боз үйдөй тегерек тартып урулуп, түндүк ачык эмес, бирден гана чоң терезе бар».

Ирсалаттын уулунун акчасы жетиштүү экен, келиштире үй салыптыр. Кичинекей Кыргызстанды элестеткен кооздукту орус токоюнун арасына алып келип коюптур. Бардык шарты келишкен боз үй тибиндеги сонун жыгач үй экен. Ал үйдүн ээлери Кыргызстан эгемендикке жетип, завод-фабрикалар талоонго түшүп, өлкө жаңы экономикалык алака-катышка өтүп жаткан чагында айласыздан ушул жерге келишкен эле. Ал кезде өзүнөн чоң жүк сүйрөп, поюздарга илешип, эчен күн, эчен түн жол жүрүп, бул жерде рэкет, милиция, «жалтырак баш», дагы башка «бер» дегенден башканы билбеген тоногучтардын азабына кайыл болуп, толгон-токой тоскоолдуктарга карабай, башты жерге салып жүрүп жетишкен оокат. Боз үй тибиндеги кичинекей Кыргызстанды элестеткен үй байбичелерге жагып, алыста калган Мекенин эстеп чай үстүндө кепке киришет.

Чет жердеги султан жашоо

Көздөн учкан кыргыз жери экөөнүн тең сезимин козгоп, айтылбай калган армандарын ачыкка алып чыгат. Ирсалаттын уулу өз жеринде юристтин окуусун бүтүп, бирок ал жерде жакшы жумуш таба албай, жашоо-турмушу кыйын абалга кептелип калганда ушул Орусияга, Үркүт калаасына келген экен. Кара жумушта иштеп тапкан акчасын үйүнө жөнөтүп, удаа төрөгөн Ирсалаттын келини кичине балдарынан чыга албай, убагында аябай эле жүдөшүптүр. Кыргызстанда иш таба албаган адвокат бул жерде эл аралык арбитраждык сотто иштегенин айтып, анын апасы «бул жерде улутуна эмес, иштегенине карайт экен» деп отурат. Кемпирдин айтуусунда, Кыргызстанда баласы эч жерге ишке орношо албаптыр. Ал жерде башынын иштегенине карабай, акчасына, таанышына карап туруп алышыптыр. Ошентип өз жеринен ылайыктуу иш таба албаган кыргыз жигит чет жерде жашоо-турмушун оңдоп, келиштире үй салып, балдарын окутуп, апасын алып келип өзү менен кошо багып, жашоо-турмушун жакшы кылып алыптыр. Ал эми Айтумардын баласы базарда соода кылат. Небереси орустун желегин желбиретип, чет жердеги мелдештерден утуп, Орусиянын атын чыгарып жүрүптүр.

«Башка улутсуң деп ары түртүп коюшкан жок. «Мектебибиздин атын чыгарып атат» деп жардамын берип колдоп турушат. Ушул ийгиликти кыргыз элинде жаратса болот беле? Ага колдоо жок болсо кайдан чыгат? Көрүнгөн байдан жардам сурап жалдырап, бербей койсо шагың сынып кала бересиң.

- Эмнесин айталы, Айтумар, ушинтип эле кыргыздар чет жерде чачырап канча жылдарга чейин темселеп жүрө беребиз? Чет өлкөдө төрөлгөн балдардын келечеги кандай болот? Чөйрөсү башка болуп, кыргыз экенин унутуп башка улутка сиңип кетеби деп корком.

- Жылдар өтүшү менен өзгөргөн экен баары. Өз неберелеримден улам айтайынчы. Кыргыз экенин, Мекенин унутушпасын деп жыл сайын Кыргызстанга барабыз. Жайлоого чыгабыз, табият көркүнө суктанышат. Бирок аттын сийгенин көрүп, «бензини агып калды, эми кантип басат» деп кичине неберем боорду эзет. Чоңдору эмне дейт дебейсиңби, бир үйдө өлгөн адамды тегеректеп ырдашып, жанаша турган үйдө уялбай эт жешет, тирүү улакты жара тартып өлтүрүп, ат үстүндө бири-бирине ыргытып ойношот экен, «звердей жестокийлик» деп кейишпедиби. Кошоктун маанисин, улак тартышты кантип жүрөгүнө жеткирем деп бушайман болгонмун.

- Биз дагы кыргыз тилин унутпасын деп үйдө «кыргызча сүйлөгүлө» деп катуу кармайбыз. Бирок ой жүгүртүүсү чөйрөгө карап кете берет тура. Башкача көз карашта өсүп жатышат».

Эки байбиченин аңгемеси барып-келип дүйнөгө чачылып кеткен кыргыздар нарк-насилин, дилин унутуп, башкаларга сиңип кетеби деген кооптуу суроого барып такалат. Байбичелерди кабатырланткан дагы бир суроо - непадам көзү жумулуп кетсе сөөгү Тайгада кала береби же Мекенге алып кетишеби? Жакында ушул эле шаарда каза болгон кыргыздын сөөгүн тууган жерине алып кетели дешсе бул жакта төрөлгөн небереси: «Ал жакка эле жөнөтсө тирилип кетеби, кайда көмүлсө баары бир эмеспи» дептир. Эки кемпирди ушул сөз аябай чоочулатты. Өмүр күзү келип калган акылдуу адамдар сөөгү чоочун жерде калышын каалашпайт. Бирок жаңы муун ага карайбы? «Кайсы жерде өмүр кечирсе ошол жерге коюлат» деп коюп коюшсачы?! Мындай суроолор карыларды түркүн ойлонтуп, жүрөк түпкүрүндөгү үшкүрүгү сыртка чыга албай, арманы аттын башындай болуп, алыс жерде күн кечирип келишет.

«- Ушундай чачырап кеттик. Биз го орус жериндебиз. Италия, Швеция, Америка, Германияда төрөлгөн балдарчы. Кандай болот?.. Каерде жакшы жашоо болсо, ошол жакта калып башка улутка сиңип кетишеби…

- Буга күнөөнү кайдан издейбиз…»

Жазуучу эки байбиче аркылуу ушу тапта кыргыз коому кездешип аткан олуттуу адеп-ыймандык маселенин өзөгүн ачып берген. Балдарынын кашында, неберелерин эркелетип, дүйнөсү түгөл отурган байбичелерге ушул турмушунан өткөн жыргал деле жоктой сезилери бышык. Бирок бардар турмуштун артында мекенге деген кусалык, тууган жерге деген сагыныч, айтылбас арман уялап, күн өткөн сайын ал күчөп, сагынычы сарсанаага айланып баратат. Көрсө, пенде баласына бардар жашоо, бары-жогу келишкен тириликтен тышкары эл, мекен, тууган жер деген денеге жакын, дайыма ага дем берип, алдыга сүрөп күч-кубат берген ыйык нерселери болот тура. Андан алыстаган, анын касиет сырын боюна сиңирбеген адамга туулган жер, ата мекен, өз элим деген түшүнүктөр катардагы бир сөз, маани-мазмуну бошоң нерсеге айланып калат экен...

«Орус Тайгасында мекени көздөн учуп, балдарынын амандыгын тилеген эки байбиче жашап келишет…»

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG