Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Мамлекет мекендештерди ким аркылуу угат?


«Кыргызстан - Түркия» достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгулов.
«Кыргызстан - Түркия» достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгулов.

1-2-августта Бишкекте Мекендештер кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Мигранттардын абалы тууралуу кийинки сөздү баштаарда ТИМдин Консулдук департаментине мурдагы макалага пикирлер аркылуу жооп жазып, бир топ маселелерге түшүндүрмө бергени үчүн ыраазычылык билдирем. Мындай реакция болуп турса мекендеш мигранттар үчүн пайдасы тие турган жумуштар келечекте бир топ жеңилдейт деген үмүт артты.

1-2-августта Бишкекте Мекендештер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Ошол жыйындын чечимдеринде мурдагы макалаларда көтөрүлгөн маселелер канчалык камтылганын талдаш үчүн ТИМге байланыштуу бөлүмдү назарыңызга сунайын.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин жыйналышынын чечими

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын Италиянын, Казакстан Республикасынын, Орусия Федерациясынын, Украинанын аймагында болуу тартибин жөнөкөйлөштүрүү мүмкүндүгүн тиешелүү эки тараптуу келишимдерди түзүү аркылуу карасын;
  • Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн чет өлкөлөрдөгү мекемелерде консулдук эсепке туруунун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрсүн;
  • мамлекеттик органдардын, диаспоралардын мүчөлөрү жана барган өлкөлөрдөгү мекендештер менен бирге тематикалык форумдарды, диаспора күндөрүн, Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн жана башка иш-чараларды системалуу (дайыма) өткөрүүнү координациялоону, ар жылдык календардык планды иштеп чыгууну жана жайылтууну жүзөгө ашырсын;
  • мамлекеттик органдардын, диаспора мүчөлөрүнүн жана барган өлкөлөрдөгү мекендештердин катышуусу менен тематикалык иш-чараларды өткөрүүгө туруктуу негизде көмөк көрсөтсүн;
  • банктык терминалды орнотсун же чет өлкөлүк мекемелерде кызмат көрсөтүүгө онлайн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзсүн;
  • консулдук кызмат көрсөтүүгө онлайн төлөө же интернет-банкинг аркылуу төлөө системасын киргизсин;
  • консулдук каттоонун жол-жобосу онлайн негизине өткөрүлсүн;
  • мигранттарга, өзгөчө аялуу топторго укуктук, социалдык жактан колдоону камсыз кылууга, тактап айтканда бара турган өлкөдө документтерди, маалымкаттарды, билим берүүчү, медициналык кызматтарды алышына колдоо көрсөтүүнү өзгөчө көзөмөлгө алсын;
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү элчиликтеринин жана консулдуктарынын базасында бир жагынан студенттердин, экинчи жагынан чет өлкөдө жашаган жогорку квалификациялуу мекендеш-адистердин өз ара аракеттенүүсү боюнча дайыма иштеген аянтчаларды түзсүн;
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү жарандарына консультация бериш үчүн 24/7 колл-борборун ачсын;
  • элчиликтер, консулдуктар аркылуу, ошондой эле диаспоралык уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргөн өлкөдөн Кыргыз Республикасына 200-жүктүн компенсациясынын өлчөмү жана аны ташуунун жол-жоболору жөнүндө маалымдасын.

Урматтуу окурман, «эмне деген дөлдүрөгөн нерселерди жазып жатасың» дебегиле. Мекендештер кеңеши мүчөлөрүнө жана бардык мамлекеттик мекемелерге кыргызча жана орусча варианттарда таратылган документтин кыргызча бөлүмүнүн тиешелүү жерин кандай болсо ошондой көчүрүп жаздым. Бул шилтемеден «чечимдерди» толук көрсөңүздөр болот:

https://cloud.mail.ru/stock/d7rK4Ky3wkxjvXcPHFx1gsuH.

Чынын айтканда орусчасы кыйла түшүнүктүүрөөк, бирок бул макалада орусча жаза албайм да. Жыйын негизи кыргызча эле өткөн, пикирлер, сунуш-талаптар деле кыргызча эле айтылган. Бирок бизде мамлекеттик машина орусча иштеп, документ адегенде орусча жазылып, анан кыргызчага сөзмө-сөз которулганы үчүн ушундай түшүнүксүз, мазмунсуз кагаздар ортого чыгат экен. Кечээ Кыргыз тил күнүн белгиледик, эгемендигибизге 28 жыл болсо да тилибиз эгемен боло албай, орус тилинин астында эзилип калып жатканы өкүндүрөт.

Жыйналыштын чечимдерине караганда ТИМге бир топ эле тапшырмалар берилгендей көрүнсө да, бул жыйындан мурдагы даярдык чогулуштарында жана жыйын учурунда айтылган пикирлерди бөлүшкүм келет.

Эң башында Мамлекеттик миграция кызматы (ММК) менен ТИМдин ортосунда «мигранттарды» бөлүшө албаган талаш бар экенин белгилей кетели. ММК башында өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндө «ички жана тышкы миграция боюнча мамлекеттик саясатты аныктайт» деп бекитилип калган. Муну ММК боюнча жободон көрсөңүз болот:

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/98243.

Ички миграция саясаты мейли, бирок тышкы миграция саясаты ТИМ менен бирге аныкталбаса иш жүргүзүү мүмкүн эмес экенин ошол убактагы да, азыркы да мамлекет башчылары биле албай, түшүнгүсү келбей жатканы өкүндүрөт. Ошол миграция саясатын ММК аныктайт дегенге таяганда, «эгер Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөдө миграцияда жүрсө, анда анын маселелерин бүгүнкү күнгө чейин ММК карайт» деген маселе чыгып жатат. Жада калса мигранттардын түзгөн диаспоралык уюмдары менен кызматташуу да ошол эле ММКга жүктөлгөн. Кыскасы мамлекеттик башкаруунун башында «мигрантсыңбы, анда ММКга бар, ТИМге тиешең жок» деген туура эмес пикир калыптанып калган. Ошондуктан 2012 жылы Отунбаева фонду Мекендештер форумун уюштуруп, сыртта жүргөндөрдү «Мекендешсиңер» деп жаңы аныктама киргизгенде чоң сүйүндүк эле. Бирок мамлекеттик мекемелерде «мекендеш» статусу эмигиче кире элек, ошондуктан сыртта жүргөндөрдүн баары дагы эле расмий тилде «мигрант» боюнча калууда. Алар боюнча саясат дагы эле ММКнын колунда. Мекендештер кеңешинин катчылыгы да, аткаруучу функциялары да толугу менен миграция чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга байланганын бул шилтемедеги президенттин жарлыгында бекитилген жободон көрсөңөр болот: http://www.president.kg/kg/okujalar/zharlyktar/12933_prezidentke_karashtuu_chet_lkdg_mekendeshter_menen_baylanishtar_boyuncha_keesh_tzld.

Ушул жерде ортого суроо чыгып атат. Мамлекет бизди ТИМ аркылуу угабы же ММК аркылуу угабы? Бул экөө тең өкмөттүн курамында жана менин көргөнүм – булар бири-бири менен чогуу иштешпеген, бир эле «жуурканды ары-бери тарткан» мамлекеттик мекемелер. Бул жерде «жууркан» биз болуп атабыз, урматтуу мигрант-мекендештер. Убагында Орусия да бизди туурады беле, белгисиз, бирок атайын Миграция боюнча федералдык кызмат (ФМС) түздү эле. Кийин акылдашты окшойт, ФМСти Ички иштер министрлигинин астына өткөрүп беришти. Биздикилер да бир күнү акылдашып, «тышкы саясаттын ичине тышкы миграция саясаты да кирет» дейт болду бекен? ММКнын аткарууга мүмкүнчүлүгү жетпеген функциялары ТИМге өтөт болду бекен? Мамлекеттин атынан чет өлкөдөгү мигранттардын укугун жалгыз гана ТИМ өкүлчүлүк кылып коргоого тийиш экенин качан түшүнүшөт болду экен? Качанкыга чейин арыз-муңубузду эки мекеме аркылуу жеткиргенге аракет кылып, ара жолдо чайналып жүрө беребиз? Тышкы миграция чөйрөсүндөгү саясатты ким аныктай турганын мамлекеттин башындагылар так аныктап бербесе, суроолорубуз менен сүйрөлүп жүрө берчүдөйбүз.

Чечимдерге кирбей калган, ТИМге тиешелүү орчундуу маселелердин кийинкиси - бул консулдуктарга котормочулук фирмаларды аккредитациялоо тууралуу сунуш болчу. Өткөн макалага пикир жазып калтыргандардын арасында да чет өлкөлөрдөгү консулдуктарда документтерди тастыктоодо котормо маселеси өтө орчундуу экени көрүндү. «Биздин ТИМ эмнеге башка өлкөлөрдөн өрнөк алып, жарандардын ишин жеңилдетип, консулдуктар жайгашкан өлкөлөрдүн котормочу фирмаларын аккредитациялап, келишим түзүп иш алып барбайт?» деген талап коюлган эле. Эң башында айтылгандай, ТИМ өткөн макалага пикир катары жооп жазып, бул ишти министрдин тапшырмасы менен ишке ашырууга аракет кыла баштаганын билдириптир. Күтө туралы.

Кийинки камтылбаган маселе - бул ТИМдин, негизи эле кыргыз мамлекетинин чет өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдарын таануу маселеси болчу. Суроо туулат - мамлекеттик мекеме өзү тааныбаган чет өлкөлүк коомдук уюм менен кантип иштешет? Мекендештер кеңеши жыйналышынын чечимдери боюнча ТИМге берилген тапшырмалардын 3,4,11-бөлүмдөрүндө диаспоралык уюмдар менен иш алып баруу каралган. Бийлик башында тургандар эгер нормативдик, укуктук база жок болсо бул мүмкүн эмес экенин түшүнбөйбү?

Ошондуктан ТИМге диаспоралык уюмдарды аккредитациялоонун жол-жобосун иштеп чыгуу сунуш кылынган. Бирок эмнегедир чечимдерге кирбей калыптыр. Мамлекет чет өлкөлөрдөгү жарандарынын уюмдашуусуна түрткү болушу керек. «Уюмдашып, анан келсеңер силер менен бир столдо отуруп маселелериңерди чечебиз» деши керек. Диаспоралык уюмдашуунун деңгээли өсүшү керек. Саны көп, сапаты жок диаспоралык уюмдар жоюлушу керек. Саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин саны белгисиз «дежур» диаспоралык уюмдар менен жолугушуу уюштуруп эле «мигранттардын маселелерин кыйратып чечип жатабыз» дегенине бөгөт коюлуш керек. «Диаспоралык уюмбуз» деп өз кызыкчылыгы үчүн чуркап жүргөндөрдүн мамлекет менен кызматташып ымала түзүшүнө бөгөт коюлса жакшы болот эле. «Бул жалаң гана чет өлкөлөрдө расмий түрдө түзүлгөн коомдук уюмдардын тиешелүү консулдуктардан аккредитациядан өтүшү аркылуу мүмкүн» деп какшадык эле, бирок азырынча түшүнгөн киши аз.

Чечимдерге кирбей калган кийинки орчундуу маселе - паспорт жаңылоо, жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алуу, нике күбөлүгүн алуу, өлкөгө кайтуу кагазы (СВР) алуу өңдүү маселелерде консулдуктар менен Мамлекеттик каттоо кызматы (ГРС) жана ЗАГС системаларын биргелештирип, жарандарга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү тууралуу талап болчу. «Консулдуктарды Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлору (ЦОН) катары кызмат көрсөтө турган пункттар катары кылып койсо болобу?» деген суроо коюлган. «Санариптешүү талабына ылайык бул маселелерди ТИМ өкмөткө чыгарып, оң жагына чечип салса кандай укмуш болор эле» деп кыялдандык эле...

Мамлекет мигрант-мекендештердин суроо-талабына жеткиликтүү көңүл бурбай, эки кулагы менен укса да укмаксанга салып келатат. Бирок бул кыңыр иш узак кете албай турганын белгилей кетели. Миграция күндөн-күнгө күч алып жаткан учурда ТИМ менен ММКнын сөөк талашын токтотуп, ТИМге конкреттүү тапшырмалар берилип иш жүрбөсө өлкөнүн баш оорусу күчөй турганы ачык.

Айбек Сарыгулов, Мекендештер кеңешинин мүчөсү

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG