Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 04:06

Мекендештердин мээнети жана үмүтү


Ысык-Көлдөгү IV "Мекендештер" форуму.

Кыргыз мигранттарынын башын кошкон төртүнчү «Мекендештер» форуму өз ишин аяктады.

Мигранттардын инвестициялык мүмкүнчүлүгү кандай пайдаланылып жатат? Алардын укугун, коопсуздугун коргоо, эне тилин, улуттук баалуулуктарды сактоо боюнча кандай маселелер бар? Дегеле Кыргызстандын миграция саясатында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? «Арай көз чарай» берүүбүздө ушул суроолорго жооп издедик.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын кеңешчиси Муратбек Долонбаев, Москвадагы «Мекеним – Ала-Тоо» коомдук уюмунун жетекчиси Жамилахан Бегиева жана Түркиядагы “Кыргызстан” достук коомунун негиздөөчүсү Айбек Сарыгулов катышты.

«Азаттык»: Жамилахан айым, сиз «Мекендештер» форумуна төртүнчү ирет катышып жатыпсыз. Бул жолку форум эмнеси менен айырмалана алды? Көңүл бура турган өзгөрүүлөр болдубу?

Жамилахан Бегиева: Форумга президент Жээнбеков өзү келип катышып, мигранттар күткөн эң сонун ойлорун айтты, алар койгон маселелерди укту. Биз күткөн дагы бир маанилүү нерсе – мекендештердин маселеси боюнча коомдук кеңеш эми президенттин карамагында түзүлө турган болду. Бул сунуш президенттин өзүнөн болгону бизди сүйүндүрдү. Ал кеңешке тиешелүү министрликтердин жана чет өлкөлөрдөгү мекендештердин өкүлү киргени турат.

«Азаттык»: Айбек мырза, чет жердеги мекендештердин Кыргызстанга сала турган инвестициялык мүмкүнчүлүгү жөнүндө чоң сөз болду. Мекендештер алып келген инвестициялык ири долбоорлорду айта алабызбы? Кыргыз өкмөтүнүн бул боюнча саясатын, аракетин кандай мүнөздөйт элеңиз?

Айбек Сарыгулов.
Айбек Сарыгулов.

Айбек Сарыгулов: Мекендештердин жер-жерлерде, өзү туулуп-өскөн айылдарына жумшап жаткан инвестициялары көрүнүп эле турат.

Айылдарда көпүрөлөр оңдолууда, мектеп, клубдар ж.б социалдык объектилер салынып жатат. Өкмөт деле аракет кылып жатат.

Бирок мындан беш жыл мурда кабыл алынган мыйзам бар эле, ошонун майнабы чыкпай жатат. Анын иштебей жатканын ушул жазда парламенттик комиссия да тактап чыккан. Эгер ошол мыйзам иштеп кеткенде мекендештерден келген акча, инвестиция туура жумшалмак. Ал мыйзамдан натыйжа чыкпай жатканы тууралуу отчет бул форумда таркатылды.

Дагы бир маселе - мындан үч жыл мурда премьер-министрдин алдында Мекендештер кеңеши түзүлгөн. Өкмөттүн бат-бат алмашканынан улам бул кеңеш үч жылда болгону бир жолу эле жыйынга чогулган. Бул да жалпы ишибизге чоң кедергисин тийгизди. Ошондуктан биз бул кеңешти президентке караштуу кылып түзөлү деп сунуш кылып келгенбиз. Анткени президенттик бийлик туруктуу, экинчиден президент тышкы саясатты чечип жаткандыктан мекендештердин маселеси да аны менен байланыштуу. Ошол тилегибиз орундалып, президент өзүнө караштуу кылып түзүү жөнүндө сунуш киргизип жатат.

Мекендештерден келген инвестиция жөнүндө кеп кылганда коррупция аралашып кеткенин да көрүп жатабыз. Өкмөт "мекендештерден жылына 2 миллиард доллардан ашык акча келип жатат" деп өзү тастыктады. Тилекке каршы, ошол акча Кыргызстандын реалдуу экономикасына салымын кошпой, кумга сиңген суудай жок болуп жатат.

«Азаттык»: ​Муратбек мырза, кечээги форумда мигранттар өкмөткө, сиздердин кызматка көптөгөн сунуш-пикирлерин, талаптарын айтышты. Мисалы, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүктөрүн көбөйтүүнү суранышты. Коюлган маселелерди аткаруу канчалык реалдуу? Сиздердин пландарыңыздарда өзгөрүүлөр болобу?

Муратбек Долонбаев.
Муратбек Долонбаев.

Муратбек Долонбаев: 2016-жылдын ноябрь айынан баштап биздин кызматтын Москвада өкүлчүлүгү ачылган, анда тогуз киши иштеп жатат. Орусиянын аймагы чоң болгондуктан федералдык округдар боюнча өкүлчүлүк ачып жатабыз. Анткени мигранттардын токсон пайыздан ашыгы ушул өлкөдө болгондуктан, ошол жактан баштадык.

Биздин өкүлдөрдүн жардамы менен 2017-жылы мигранттардын 42 миллион рубль эмгек акысы өндүрүлдү. Өкүлчүлүктөрдү көбөйтүү маселеси дайыма күн тартибинде каралып турат. Бул күндөрү Казакстанда, Түркияда да өкүлчүлүк ачуу боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Ооба, биз өкүлчүлүктөрдү көп эле жерге ачсак болмок. Бирок ага биздин өлкөнүн бюджетинин тартыштыгы анча жол бербеди.

«Азаттык»: Жамилахан айым, Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине кирсе, биринчи кезекте мигранттарга жеңилдик болору айтылды эле. Ошол биримдиктин үзүрүн биздин Орусиядагы мекендештерибиз сезип жатабы?

Жамилахан Бегиева.
Жамилахан Бегиева.

Жамилахан Бегиева: Албетте, көрүп, сезип жатат. Мигранттардын көбү Орусияда экени белгилүү, "бир миллиондун тегерегинде" деп айтып жүрөбүз.

Биздин мекендештер Тажикстандан, Өзбекстандан барып иштеген мигранттарга караганда бир топ жеңилдик алат. Орусияда Казакстандын, Беларустун, Армениянын жарандары менен бирдей укукта жүрө алат, эмгек келишиминин негизинде иштейт. Азыр патенттин кереги жок. Биздин кошуна мамлекеттерден барган мигранттар ай сайын патенттерин алмаштырып, тапкан акчасынын жарымын ошол жакка коротушат. Орусиянын иш берүүчүлөрү да биринчи кезекте Кыргызстандын жарандарын жумушка алгысы келет….

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Мекендештердин мээнетин актоого убакыт келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:29 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG