Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:41

Сырдуу үңкүрдөгү алтын чепкен


Иллюстрация

Шарыпкул (Шакин) Эсенгулов кыргыз окурмандарына бир топ кара сөз, ыр жыйнактары аркылуу тааныш.

Анын кара сөз чыгармаларында адеп-ыймандык маселелер козголот, адилеттик менен карөзгөйлүктүн күрөшү алдыңкы планга чыгат.

Сырдуу үңкүр

Соңку жылдары окурмандарга Шарыпкул деп азан аты менен чыга баштаган Шакин Эсенгулов көп кырдуу талант эле. Ыр ышкыбоздоруна ал обончу катары белгилүү болчу, Жумгал жергесиндеги айтылуу "Бекбекей" ыр-бий ансамбли социализм заманында жалпы союздук маданий иш-чараларга катышып, чет элдиктерге өнөрүн көрсөтүп, аты катуу чыккан. Ал эми адабият ышкыбоздоруна ал кара сөзчү, акын катары таанылып, бир топ китептери жарыяланган. Алардын айрымдарын ушул жерден атай кетели: “Кадам” (1972), “Ак шоола” (1974), “Из” (1976), “Ишеним” (1979), 2002-жылы “Тазалыкка таазим”, 2003-жылы “Кожомкул”, 2008-жылы “Асыл” романдары, 2007-жылы “Жээктеги караан” ырлар жана поэмалар жыйнагы жарык көргөн.

Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин автордун чыгармачылык жолундагы оголе опуртал туундусу “Айкөл Манас” катуу сынга туш келип, жазуучунун дарегине ачуу сөздөр айтылды.

Элдин улуу таберигинин айланасындагы кызыл чеке талаштын изи сууй электе Шакин Эсенгулов бу жарыкчылыкты таштап кете берди, бара-бара талаштын да деми сууп, элдик чыгарманын бурмалангандыгы укуктук негизде ырасталды.

Алдыда кеп болчу аңгеме Шакин Эсенгуловдун 1987 – 1989-жылдары жараткан туундусу. Талаштуу чыгармага талпына элек, социалисттик реализм адабияты тушунда жаралган аңгеме.

Аңгемеде тоо арасындагы сыйкырдуу үңкүр, андан чыккан табылга, ошонун чоо-жайы тууралу кеп болот. Реалдуулук менен мистика, нукура турмуштук окуялар мифологиялык өң-түскө ээ болуп, байыртан келаткан жөрөлгө, каада-салт, эң негизгиси өткөн менен бүгүнкүнүн тикелей байланышы алдыңкы планга чыгат. Аңгеменин сюжети жөнөкөй эле.

Үйдүн жанынан чыкпаган жылкысын издеп чыккан тестиер бала аны эч жерден таппай, чарчаганда бийик чокуга чыгып айланасына көз чаптырат. Бала Жибек-Жал үйүрү менен Сары-Булактын бийик бетинде жайылып жүргөнүн көрөт.

“Жибек-Жал – Кененбайдын менчик айгыры. Бул чөлкөмдө мындан чоң, мындан күлүк айгыр жок. Муну элдин баары билет. Анан дагы, алтымышка чыкты дешет. Балким, андан дагы улуубу, ким билет. Кай бири: “Калп, Кытайдан келген Жибек-Жал мунун атасы болучу. Ал дагы дал ушуга окшош, сулуу, дубандан чыккан күлүк эле. Кененбай эжеси экөө Кытайдан минип келишкен. Жибек-Жал он асый болчу” дешет. Мунун чын-бышыгын бир билсе Кененбайдын эжеси Жийде аныгын айтаар. Ал кемпир абдан карып калды. Кененбай азыр деле күүлүү, бирок үйдөн алыска чыга албайт. Эмнеси болсо да айтылуу Жибек-Жал ушул, береги жыйырмага чамалуу кулун, бээлердин ичинде, алтындай жалын чубатып, алыстан эле көзгө урунат”.

Алтын чепкенге байланышкан аңыз кептин бир чылбыры мына ушул күлүккө байланышкан. Кандайча жана кантип Жийде менен Кененбайдын Кытайга барып калышы 1916-жылкы Үркүн окуясы болчу. Сүрүлгөн элге кошулуп чет жерге барып, инисин жетелеген чыйрак кыз ошол жердеги бир кыргыздын үйүнө туш келип, алгач анын бакма баласы, бой жеткен соң токолу болуп калган.

Чалынын абалы оорлошуп, дүйнөдөн көзү каткан кемпири бечара токолду жок кылып коёрдо күйөөсүнүн акылы менен күлүк атын минип өз жерине качып келе берген. Келген соң ал күйөөгө тийип, баарынан тең балалуу болбой калгандан кийин инисин эш тутуп айылда жашап калды да, чалы бекем табыштаган сырды кимге айтсам деп ыргылжың болуп жүрдү. Убакыт өтө берди. Мына эми бригадирдин кыйтың жоргосу бар арык аты жоголуп, аны баласы издеп чыккан.

Тыртайган арык, бирок арыдым-талыдым билбеген жоош атты атасы такалайм деп мыкты туура эмес кагып аяк улоосун аксатып алган. Өмүрү семирбеген жоош атты атасы Тай-Буурул деп атап алган. Эшик алдында эле отточу ошол жоош малы жок, атасы ишин таштай албай, баласы издеп чыккан кез эле.

Атын издеп жүргөн бала жарадар көгүчкөндү кармайм деп тоо арасындагы бир үңкүргө туш келип, ал жерден жалтыраган бир нерсени көрүп, күүгүм талаш аны жакшылап караганга даабай, үйүнө кайта берген. Көргөнүн бала ата-энесине айтса анысы эртеси эле элге жайылып, уу-дуу кеп жүрүп калыптыр. Бирөөлөр бала уктап калып ойгонсо алтын сарай ичинде жүрүптүр дешсе, башкалары бөдөнө кармайм деп мүрзө ичине кирип кетиптир дешип билип-билбей учурма кепти узартып ийишкен. Чынында бала атасы менен үңкүргө барып ал жерден жалтыраган алтын чепкенди таап, аны үйүнө алып келип илип алышкан болчу.

Адам боюна чак келбес алтын чепкен тарыхы белгисиз, аны билген бирөө-жарым барбы-жокпу – баарысы жашырын сыр катары катылып жаткан. Түндөсү нур чачкан алтын чепкен алптар гана кийчү кийим окшойт, дубалга илингенде этеги жерге сүйрөлүп, айрым аксакалдар үстүнө жамынып көрүп, табылга айылдын эң чоң жанылыгы болуп калды. Кененбайдын тарыхчы уулу Таштанбек тамак-ашын камданып, үңкүрдүн ичин казып, андагы катылган сырды ачууга камдана баштады. Анын бул жоругу атасына жакпады. Кененбай жаз келгени тууй турган бээлерин карап баласы үйдө отурса деп ойлогон. Ата-баланын сөзүн чала-бучук угуп калган Жийде байбиче үңкүр, алтын чепкен деген сөздү укканда чок баскандай титиреп өзүн жоготуп ала жаздады. Ата-бала кемпирдин анысына көңүл бурушпай, карыган адамдын акылы жаш баланыкындай элдир-селдир болуп калат да дешип көңүл бурушпады.

“Жийде байбиче жыйылбаган төшөгүнө кирип, төрт бүктөлө жатып, көзүн чылк жумду. Уйку кайда туруптур. Өткөндөгү өйдө-төмөн окуялар элестеп, көбү өзөктү өрттөп, сөөк жашытат. Карыганда кубанычтуу күндөрдүн карааны көрүнбөгөнү баарынан азап эмеспи! Жок дегенде жаштыктын таттуу учуру жүрөк башында уюп калса, мына эми кайра-кайра жандырып канаат албас беле! Андай күндөрдүн бири дагы эсинде жок. Эзели согончогу канабай, эрден бешенеси жылыбай, жалгыз иниси Кененбайды караан тутуп, өлбөй-житпей жашап келатат.

Жийде иниси Кененбайды учкаштырып Кытайдан келгенде, ушул айылда кан күйүп жаткан учур экен. Бирөөнө сыр ачып сүйлөшмөк түгүл, өз тууганы өзүнө өч чыгып, өлгөнгө топурак салуу кыйындап, айылда эр азамат азайып, түндүктөн коюу түтүн булабай, акыр заман жакындап калгандай сезилген эле Жийдеге”.

Ал кезде социализмдин бетине чиркөө болуп калчу кара так – репрессиянын арааны ачылып, эчен бейкүнөө азаматтар жок кылынып, жүрөгү үшүгөн калк жаңы замандын алааматынан кантип кутулуштун амалын таппай турган чагы эле.

Үркүндө Кытайга качып баргандан аз өтпөй Жийденин ата-энеси өлүп, үч жашар инисин жетелеп кайыр сурап жүрүп, бир кыштактагы Темир деген кишинин короосуна туш келген. Тыкылдаган тың Жийде бой жеткенде кыйды чал көптөн бери ойлоп келатканын ишке ашырып, ага нике кыйдырып, токолу кылып алды. Кызды сатып калың жейбиз деген байбичеси ошондон тарта күнүсүнө өчөгүшкөн душман болуп чыга келди. Анын баарына Жийде чыдады. Иниси эр жетсе, акыры тууган жерибизге кетебиз деген илгери үмүт аны чыдамкай кылды. Темир Долон баатырдын тукуму болчу. Өзү менен баатырдын тукуму үзүлүп кетеби деп ичинен кан өтүп, капа болуп үшкүрүнчү, бирок тагдырдын маңдайга жазганын көтөрбөшкө айласы жок эле.

Жылкыларын көргөнү барып Жибек-Жалды минген атасынын арбагына кезигип, ошондон кийин бул жарыкчылыктагы жашоо күнү аягына чыгып жатканын сезген кыйды абышка токолуна Сары-Булактагы үңкүрдүн ичиндеги алтын чепкенди эч ким албашын, дегеле ал жерге эч ким кирбешин, ыйык жерде жаткан айкөлдүн сөөгүн козгобошу керектигин айтып, үйүр башы Жибек-Жалды минип тууган жерине кетишин табыштайт.

Унутулган убада

Бирок кемпир чалына берген убадасын унутуп калат. Темирден кийин да Жийде төрт ирет күйөөгө тийип, баарынан балалуу боло албай, кийин инисинин колуна келип, ошонун балдарын сүйүп, турмушуна каниет кылып калган. Акыркы сааты келгенин туя баштаган кемпир уктап калса түшүнө мурдагы күйөөсү Темир, анын ата-бабасы, баатырлар кирип, унутта калтырган убадасын эстей ойгонуп кетсе Жунуш бригадирдин алтын чепкенди таап алган уулу келип, үңкүрдү Таштанбек агайы менен биргеликте казууга киришерин айтып отурбайбы.

“ – Кой!? – Жийде байбиче чочулагандай кыйкырып, титиреп, колу менен Уланды сыйпалай издеди. – Казбагыла!? Баарыңар өлөсүңөр! Тоо көчүп кетет! Мен билем, анын башка жагында оозу бар! Ал ыйык жер! Чакыр Таштанбекти!? Айта турган ыйык сырым бар! Бол кагылайын!? Казбагыла!? Ал ыйык жер! Угуп жатасынбы, кагылайын?!”

Сокур кемпирдин буркан-шаркан түшкөнүнө чочулаган бала Таштанбек агайын чакырганы чуркап кеткенде Жийде байбиче алдастай түшүп эшикке чыгууга умтулду. Тепкичтен буту тайып кулап, күүлдөгөн бир сезимге кабылып, өлүү менен тирүүнүн ортосунда туруп Темир абышка дайындаган ыйык сырды урпагына айтпай кетип баратканына өзүн күнөөлүү сезип, алдастай түштү. Ошол маалда дарек-дайнын билгизбей, издетип аткан Жибек-Жал үйүрү менен топурап короого кирип келип, эшиктин тепкичинин жанында кичинекей түйүнчөктөй болуп жатып калган Жийде байбичени искеп, шаңгырап кишенеп жиберди.

Айыл бул кезде көнүмүш тиричилиги менен алек болчу. Таштанбек чоң энесинин өтүнүчүн укпай калды. Кемпир эчен жыл сактаган сырын эч кимге айта албай, бүтүндөй бир уруунун ыйык сырын өзү менен кошо ала кетти. Долон баатырдын онунчу урпагы Темирдин аялына табыштаган сыры кийинки муунга өтпөй калды. Сары-Булактагы үңкүрдү эленген окуучусу менен барып Таштанбек казабы же Жийде байбиченин тыюу салуусун уккан ышкыбоз мугалим отуруп калабы – мунун баары белгисиз бойдон калды.

Реалдуу турмуштук көрүнүш менен жомоктун, мифтик уламыш аңыз кептин эриш-аркак байланыш-катышынан чыккан көркөм идеянын кыскача мазмуну ушундай. Негизи эле жер-суу аттарына байланышкан уламыш кептердин баары түпкүлүгүндө өткөнгө этият мамиле кылууга үндөөгө багытталат.

Тууган жердин улуулугу менен ыйыктыгы мына ушундай аңыз кептерде жашайт. Жер-суу тарыхын кийинки муун унутпай билип жүрүшү абзел. Андайда легенда, миф, уламыш, аңыз кептердин баары мезгил-мейкиндик бир бүтүндүккө биригип, идеялык маани-мазмуну таалим-тарбиялык күчкө ээ болуп чыга келет. Жазуучу өткөндүн сабагы кийинки муундун иш-аракети аркылуу маани-маңызга ээ болорун, ансыз жашоонун барк-баасы болбосун, азыркы учур өткөн менен болочоктун тутумунда гана бир бүтүндүктү түзөрүн ынанымдүү көрсөтө алган.

Шакин Эсенгулов айыл турмушун, адамдар ортосундагы аркыл мамиле-катнаштарды, бай менен кедей, мансапкор менен карапайым адамдын ичара келишпес конфликтин алдыга чыгарууну жакшы көрөт.

Карапайым адамдын адамдык ариет ар-намысын сактоо аракети кээде айланасындагылардын түшүнбөстүгүнө, каармандын кежирдигине алып келет. Мына ушундай апачык каршылыктар адамдын кимдигин, кандайлыгын ачууга жардам берет. Жазуучу ушундай принципти туу тутуп, адамдын тазалыгын, моралдык бийик сапатын идеализациялап жүрүп өтүп кетти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG