Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:26

Жөжө акындын эки элге калтырган мурасы


Кыргыз-казак желеги.

Насили кыргыз Жөжө акындын өмүр жолун, чыгармачылыгын изилдеп жүргөн Жоомарт Бейшеналиев “Азаттыкка” келип жасалып жаткан иштери тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Жөжө акын тууралуу мурда “Азаттыкка” келип маек куруп, ошондо дагы көп иштер жасалат деп айттыңыз эле. Акын жөнүндө дагы кандай маалыматтарды таптыңыз?

Бейшеналиев: Мындан бир жыл мурда “Азаттыкка” келип маек курдум эле. Аны Астанадан бир казак жигит угуп, менин дарегимди билиш үчүн Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине барыптыр.

"Байланыша алабызбы? Быйыл Жөжөнүн 210 жылдыгын өткөрөбүз. Ошол кишини чакырсак болот эле" деп кызыгып калышыптыр. Издеп отуруп Москвадагы уулумду таап, 2018-жылы январь айында мага телефон чалышты. Жөжө акындын 210 жылдык мааракесин 2018-жылдын 17-18-июнуна белгилешкен экен. Мен “барам” деп убада бердим.

Жөжөнүн кабыры Караганды облусунун Актогай деген ооданында болгондуктан, маараке ошол жерде өтмөй болуптур. “Кантип барам, шартым кандай болор экен?” десем, “Биз өзүбүздү баккан районбуз, ал жагын биз өзүбүз чечебиз” дешти. Тараздан Астанага каттаган автобуска отуруп алып бардым, жакшы тосуп алышты.

Жөжөнүн 210 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда Караганды облусунун бүт окуу жайларынын окутуучулары барды. Торугай Акбанбаева деген 70 жашка чыккан мугалим бар экен. Жөжөнүн 210 жылдыгын өткөрүү демилгеси ошол байбичеге таандык дешти.

Айтымы, Жөжө Көкчөтоодогу кыргыздарга келип кете албай калат. Анан Торугай байбиченин чоң атасы Ракымдын үйүндө жүрүп 85 жашында дүйнө салат.

Акындын көзү өткөндө Ракым аксакал “Мынабу жерде каны кыргыз, жаны кыргыз, саруу, саруу ичинде кашка тамга уурусунан чыккан Жөжө деген акын каза болду, сөөгү ушул жерге коюлуп жатат. Сен билип бирөөгө айт, ал да бирөөгө айтсын. Жайы билинбей калбасын!” деп эскерткен экен.

Ал жерде Абылай-Жарташ деген жер бар. Кыргыз-казакты чапкан кадимки Абылай кан ошол жерден бир конуш алып, Балхаштын боюнда өргөө көтөртүптүр. Жөжөнүн кабыры ошол жерде экен.

Акынга 1956-жылы ылайдан бир күмбөз тургузушуптур. Бооруна жыгач кагып, "Жөжө акын" деп араб тамгасында жазып коюптур. 2004-жылдары Жөжө акындын 210 жылдыгы жакындап калды дешип, граниттен эстелик тургузушкан экен. Туулган-өлгөн жылынан башка “Уругу кыргыз” деп да жазып коюшканын көрдүм.

Ошол жерде “Казак туугандар, силер улуу, орто, кичүү жүзгө бөлүнөсүңөр” деп айттым. Алар “Биз жүздөргө кошулбайбыз. Казак болуп кеткен кыргызбыз. Эч жактан көчүп келген эмеспиз. Эч жакка көчүп барган эмеспиз. Туулуп, түшкөн жерибиз ушул жер, ата-бабабыз ушул жерди жердеген. Биз кыргызбыз" дешти.

Бир аял мени карап “сен менин кайним болосуң” деди. “Кандайча” десем “баарыбыз кыргызбыз” деди. Ошол жердеги казактар облустук китепкана, журналисттер, жазуучулар уюму – баары биригип илимий конференция уюштуруптур. Караганды облусунун акими да, район акими да кыргыз экен. Мажилиси бар экен. Бизде кеңеш деп коёт эмеспи. Конференция өткөрүп, атайын ырлар жыйнагын чыгарышыптыр.

Жөжө акынга убагында академик Маргулан кызыккан. Чокан Валиханов 1864-жылы казактан чыккан мыкты 17 акынды тандап, Омбуга чакыртыптыр. Омбуда он беш күн жаткан жерин дайындап, тамак-ашын берип, анан ушу белгилүү акындарды айтыштырыптыр. Ошол айтышта Жөжө акынга бирөө да тең келе албайт. Аны Чокан Валиханов жазып калтырып кетиптир, энциклопедияда да жүрөт. Жөжө акынга Мухтар Ауэзов, академиктер Сатпаев, Маргуландар кызыгышкан.

Анан Жөжөнүн чыгармаларын аткарышты, айтыш болду. Жөжө акын жалаң эле айтыш өнөрүнүн мыктысы эмес, обончу да болгон, гармошка тартчу экен. Обон чыгарыптыр, анан да акындын ашыктык ырлары аябай көп экен. Улуу акын убагында бир сулуу кызга ашык болуп, туугандары алып бермей болгондо өзү баш тартып коюптур.

“Азаттык”: Сиз Жөжө акын тууралуу көп маалыматтарды чогулткансыз. Мааракеге барганда Казакстанда чыккан китептерди ала келдиңиз да.

Жөжө акынды изилдеген Жоомарт Бейшеналиев.
Жөжө акынды изилдеген Жоомарт Бейшеналиев.

Бейшеналиев: Ала келгем. Жөжөнүн ырларынан турган чакан жыйнак чыгарышкан. Бир ырын кыргызчага котордум. Казакчадан кыргызчага оодарыш бизге жеңил, жакын жашайбыз, кошунабыз. Калган чыгармалары которулбай турат. Биз катышкан конференциянын материалдары облустук “Караганды кабарлары” деген гезитке чыккан экен, ошонун электрондук версиясын да ала келгем.

“Азаттык”: Жөжө акын тууралуу бизде сөз болуп, ошол боюнча эле калып калууда. Аны кыргызчага которуп, чыгармачылыгы тууралуу кенен айтып берген акындар чыга элек. Сөздөн ишке көчпөй атыштын себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

Бейшеналиев: Кыргызстанда илимдин төрт миңге чукул кандидаты, миңге чукул доктору бар. Анан Жөжө бул жерде туулуп-өспөгөндөн кийин, жашабагандан кийин ырлары Казакстанга гана жайылып, тетиги Сары-Арка жагын каптап кеткен. Казак туугандар анын ырларын абдан жакшы билишет. СССРдин эл артисти Гуляш Байсейитова деген улуу ырчы болгон. Казактын Актогай ооданынан болот. Ушул ырчы казак адабияты менен искусствосунун 1939-жылы Москвада өткөн декадасында Жөжөнүн ырын ырдаган.

Анан Жөжөнүн обондуу ырлары китептерге басылып, өзүнчө жыйнак болуп чыккан. Казак коомчулугу аны жакшы билишет. Казактар деле Жөжөнүн адабий мурасын жайылтууга жаңыдан киришип атканын айтышты. Убагында Чокан Валиханов, Мухтар Ауэзов, Маргулан, Илья Жаканов Жөжөнүн чыгармаларына кайрылганы менен токтоп калган экен. Анын тегине, чыгармачылыгына кызыгуу айрыкча казак жериндеги кыргыз туугандарда күчтүү экени байкалат.

“Азаттык”: Жөжө акындын насили кыргыз экен, сизге колдоо көрсөтөбүз, кыргыз менен казактын ортосундагы достукту бекемдей турган үлкөн акынды тааныштырышыбыз керек дегендер болуп жатабы?

Бейшеналиев: Кыргыз коомчулугунун билим деңгээли аябай эле түшүп, мындай иштерге кызыкпай калды. Эл күнүмдүк жеңил-желпи музыкага ооп кетти. 1928 – 1929-жылдары Кыргызстанга келип Александр Затаевич деген музыка жыйноочу көрүнүктүү акындардын, өнөрпоздордун чыгармаларын жыйнап кеткен. Токтогулга жолугуп күүлөрүн жазып алган. Ал киши казактын да акын, өнөрпоздорунун чыгармаларын жыйнаган. Затаевич Жөжөнүн жүздөн ашуун чыгармаларын жазып алган. Ушундай чоң мурас калтырып кеткен. Бизде Жөжөнү билгендер аз.

Биздин райондо Ор айыл өкмөтү бар, Май деген кыштак бар. Кара-Буура районунун Бакыян деген айылы бар. Ошол жерде кашка таман уруусу жашайт. Аларга айттырдым, бирок кызыгышпады. Кашка тамандар Аксыда көбүрөөк, алар укса кызыгып калабы деп ойлойм. Азырынча Жөжөнү изилдейли, иликтейли деген сунуштар түшө элек.

"Азаттыктын" архиви: Жөжө кыргыз-казактын акыны. 2017-жыл.

Бейшеналиев: Чөжө - кыргыз-казактын акыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

“Азаттык”: Жана кеп арасында айылыңыздагы жаңы музей тууралуу кеп кылып калдыңыз. Ал кандай музей болот? Жөжө акын жөнүндөгү маалыматтарды музейге да коёсузбу?

Бейшеналиев: Совет доорунда Кыргызстанда жүз миңге чукул немистер жашаптыр. Алардын көбү Кант шаарын, Бакай-Ата, Талас райондорун байырлаган. Ленинпол айылында он сегиз улуттун өкүлү жашаган. Ошонун 44% немистер түзгөн. Немистер эл чарбасынын бардык тармактарында иштеген. Менде бай материалдар бар, сүрөттөр көп. Музей ачабыз десек өздөрү аябай сүйүнүп жатат. Бакай-Атада музей ачылса алар келсе, бала-чакасы музейди көрүп сыймыктанышат да. 1900 – 1980-жылдары тургузулган үйлөрү дагы эле турат. Янцен деген бай немистин суу тегирмени болгон экен. Ошол тегирмен азыр деле бар.

Мен да жашап аткан үйүмдү 1993-жылы немистен сатып алгам. Жакында жаңы тамга көчүп кирем, эски үйдү музейге айландырам. Алты бөлмө үй. Музейде жалаң эле немистер эмес, кыргыздар тууралуу да материалдар болот. Корчубек Акназаров, Сагын Буларкиев ж.б. элге эмгеги сиңген аксакалдар тууралуу маалыматтар, Жөжө баштаган мыкты акындардын чыгармаларын да издеп жатам.

“Азаттык”: Ырахмат, Жоомарт мырза, ишиңизге ийгилик болсун!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG