Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:29

Кыргызгүл, чүрпөңдү таштаба!


Иллюстрациялык сүрөт.

«Ырбы, кара сөзбү - баары бир баштан чыгат» дечү эле ыраматылык Салижан Жигитов. Бурулкан Карагулова көпчүлүк окурмандарга акын катары белгилүү.

Кийинки кездери анын кара сөз баяндары кызыгуу жаратып, мактоого арзууда. Кыргыз аңгемесинин классикасынан автордун «Баласын издеп боздогон эне» баянын чогуу окуйбуз.

Ыйга муунган келин

Бурулкан Карагулованын ушу тапта китепкөйлөрдү кызыктырган «Турси» деген аңгемесинен кийин ыраматылык Салижан Жигитовдун айтканына дагы бир ирет ынанып, автордун кара сөз туундуларын барактап чыктым. Азыркы турмуш көрүнүштөрүн натуралисттик тактык менен таамай көрсөткөн аңгемелери орус адабиятында мындан эки кылым илгери өтүмдүү адабий агымдын салтын эске салып жиберди. «Натуралисттик мектеп» деп аталган ошол агымдын башында Николай Гоголдун айтылуу аңгеме, повесть, поэмалары турчу. Ошол учурдагы адабий көрүнүштүн жетишкендиги катары бааланчу.

Бурулкан Карагулованын аңгемесинде кийинки кездери өзгөчө курч маселеге айланып кеткен күйөөсү жок төрөп алган кыздын азабы, бала сатуу менен шугулданган эргулдардын амал-айлалары, азыркы замандын адеп-ыймандык проблемасы козголгон. Аңгемеде сүрөттөлгөн окуя Москвадан башталып, ошол жерден жыйынтыкталат. Кайсы бир иш менен орус баш калаасындагы кыргыз элчилигине келген журналистке бейтааныш келин кайрылып, жашыруун кеби бар экенин айтат.

«Ал мени издеп жүрүптүр. Ал-жай сураштык, бирок келгендеги себебин айтпай отуруп калды.

- Жөн-жай эле издеп жүрдүң беле? – дедим акыры чыдабай.

- Жок эже, жөн-жай эмес. Сырттан сүйлөшсөк жакшы болот эле...

- Мен бошобой атам. Ушул жерден эле айта бер, - дедим. Бирок көнбөдү. Же кетип калбай көгөрүп, мелтиреп жер тиктеп отура берди. Мунусуна таң калган редактор: «Мен чыгып турам, сүйлөшө бериңиздер», - деп чыгып кетти.

- Эмне сөз? – деп тиги аялга жакындадым.

- Менин атым Санам ...

- Жакшы атың бар экен.

- Жакшы болбой өлсүн, - буркурап ыйлап кирди.

Москвага келгенден бери мени издеп келип таанышкандар көп эле болгон, бирок эч ким минтип буркурап ыйлап жиберген эмес...»

Буркурап ыйлаган Санамдын опол тоодой санаасы, айыккыс арманы, жаштык кезиндеги жаздым кадамы үчүн төлөп берген оор күнөөсү бар экен. Журналист эжесин Москвага чейин издеп келген бейтааныш келин кыз кезинде жүргөн жигитинен боюнда болуп, анысы баласын «алдырт» деп көнбөйт. Кыз алдырганы барса убактысы өтүп кетип айла жок төрөгөнгө мажбур болуптур. Андай окуя чоң шаарда күндө болбосо да көп кездешчү. «Күкүк эне» атын алып, наристесин таштап кетчүлөр жалгыз Бишкек эмес, чоң Маскөөдө деле жолугарын, мындан бир топ жыл илгери кыргыз бийлиги төрөлгөндөн кийин ташталган балдарды Мекенине алып келгенин маалымдоо каражаттары кабарлаганы эсте.

Ак халатчан уурулар

Санам да ишенген жигитинин акмакчылыгынан төрөлгөн баласын таштамакчы болот. Таштанды наристелерди сатып, пенде баласынын мына ушул аялуу турмушунан да акча тапкандар бар экендиги бул аңгемеде да ырасталат.

«Анда баш тартканыңды жаз, азыр «мага баланын кереги жок, мен деген сойкумун» деп жаз, - деп мени сүйрөп коридорго алып чыкты. Ручка, кагазды ыргытып берип, басып кетти. Мен минтип жаздым: «студент болчумун, жигитим алдап кетти, үйлөнбөй койду, төрөп койгонумду ата-энем укса өлтүрүп салат, ошол үчүн наристемден убактылуу баш тартам». Кагазды столдун үстүнө коюп, өзүм балдар жаткан бөлмөгө акырын өтүп барып, жалгыз калган баламды колума алып жыттадым. Мен өпкөн сайын эмчек издеп оозун чормойтуп, тамшана берди. Жүрөгүм ачышып кетти. Полго отура калып, эмчегими оозуна салдым. Эмчегиме сүт толуп, оорутуп, чыдатпай аткан. Чопулдатып соро баштады. Аябай ачка экен, кагылайыным. Ээрип кеттим. Баламды жетелеп баратканымы эстедим. «Атам барбы?» - десе: «Атаң учкуч болчу, баатырларча курман болуп калган», дейм. «Баламды жаркылдатып жетелеп барсам ата-энем айласы жок кечиришет» дедим. «Ага чейин аяш эжемдикине жашай берем, окуумду бүтөм, иштейм» деп кыялга чөмүп кеттим. Кайра-кайра жыттайм, жытыңан кагылайынымды. «Таштабайм, кудайдын жазганын көрөм да» деп оюмун аягына чыга электе эшик шарак этип ачылып, жанагы жинди сестра кирип келди.

- Мынакей, бул жакта экен, эй акмак, сенин бул жакка киргенге кандай акың бар, отказ кылып алып кайра эмнеге алдың баланы, уурдайын деп ойлодуңбу? - деп чыңырып, мени жон талаштыра муштап жиберди. Ушунчалык катуу чапты эле, мен жүткүнгөндө эмчегим баламын оозуна тыгыла түшүп, какалып, чакалып баштады, эсим чыгып кетти. Жинди сестра өзү да коркуп калды. Нянька ала коюп, өйдө каратып көтөрүп далысына акырын чапкылап, сылап атып эс алдырса кайра эмчек издеп башын эки жакка буруп оозун чормойтуп чыркырап ыйлап кирди.

- Эже, эмизип коёюнчу, - десем,

- Омий мыногу жинди неме го өзү, ой Гуля, милицияга чалчы, баланы муунтуп атканын бардыгыңар көрдүңөр го? Мен арыз жазам, кол коёсуңар, жөн кетпей өлтүрө кетейин деген экен да көрсө, - деп алкылдап кирди».

Ошентип энелик мээрими жаңыдан ойгонуп аткан кызды сыртка кууп чыгышып, баланы башка бирөөлөргө сатып ийишет. Санамдын баласын кайтарып алуу аракетинен эч кандай майнап чыкпайт. Анын жаштыгы менен баёолугунан пайдаланган кексе уурулар наристени жакшы акчага пулдап, баласын кайтарып алуу аракетинен эч нерсе чыкпаган Санам дагы башка күйөөгө тийип, андан бала төрөп алам деген алдамчы ойго жетеленип, күчүн ыйдан чыгарып жолуна түшөт.

«Ошондо олбурлуу келген орус нянька:

- Байкушту эмне эле кыйнап атасыңар, «балаңды бир байга берип салдык» деп ачык эле айтпайсыңарбы, качан чындыкты сүйлөп үйрөнөсүңөр, кыргыздар, - деп алып басып кетти. Ошол сөз мени жүрөккө ийне сайгандай тик тургузуп ийди. «Азыр көргүлүктү көрсөтөм» деп муштумумду түйүп ыргып турганым менен кимисинин бетин тытып, кимисинин бетине түкүрөрүмү билбей калдым. Себеби алар көп болчу, мен жалгыз ...»

Байкуш кыз ак халатчан алдамчылардын азабын тартып кыйла жыл бош жүрүп, анан боорукер бирөөгө турмушка чыгып, балалуу болуп жашоосу ыргагына түшөт. Бирок биринчи төрөлгөн наристеси эсинен чыкпай аны издөөгө киришет. Сатылып кеткен наристенин тагдырын жазган журналист эжесин издеп таап, андан сатылып кеткен баласынын дарек-дайынын билүүгө умтулат. Журналист да ага сырын ачпай, алгач чоочулап, Санамдын ый аралаш кайгылуу окуясын толук уккандан кийин жардам берүүнү чечет. Кичинекей наристеси эсинен чыкпай, бала сатууну көндүм ишине айландырып алган кексе дарыгерлердин алдоосуна ишенип, өмүр бою арман кылып жашап келаткан Санам баласын бир көргөнгө макул эле.

Сагынган эне-бала

Бир эле көрүп алса, бир кезде анын көкүрөгүн жылыткан наристеси кандай адам болгонун көрсө бу жарыкчылыктагы өксүгү аз да болсо басырылып, ичинде кайнаган кусасы азайып, көкшүнү сууй түшөт беле? Таштанды бала да чоңойгон, ачуу чындыкты ал эртелеп угуп апасын акырын издей баштаган. Апасы болсо күчүн ыйынан чыгарып, баласын эстеп, кандай да болсо аны табуунун аракетине көжөлүп киришип алган. Бул иште ага жардам берген киши болсо ага өмүр бою кулу болууга даяр. Баласы тууралуу маалыматты гезитке жарыялаган журналистти таап, ошондон жардам үмүт этип келген кези болчу. Журналист да бейтааныш аялдын алдында чечиле бербей, бири экинчисине чырмалышып кеткен тагдырларга таң берип, кандай жардам кылышты билбей отурат. Жолукканда бала апасын кандай кабыл алары белгисиз.

Төрөтканадан бала алып багып алган жубайлар айылдан келген кыздын башын айландырып, аны да төрөп берүүгө макулдатышкан. Бирок ал кыз төрөбөй калып, баласыз үй-бүлөнүн кезектеги алдамчылыгы ишке ашпай калат. Тагдыры бузулуп калган кызды амалдуу аял күйөөсүнүн студентине алдыртып, үй-бүлөнүн өөрчүп бараткан талашын жаап койгон. Бала болсо апасы ким экенин бай үй-бүлөдөгү уруш-талаштардан улам билип, ачуу чындыкты угуп калган. Эми «өз канын» көргүсү келип, апасына «мүңкүрөп жашап жүрсө, сырттан жардам берип» турууну эңсей баштаган. Анын апасында деле ушундай эле ой, канынан жаралган баласын көрүп, эчен жыл эзилип келаткан сезимин аз да болсо алдап, көңүлүн кыжалат ойдон алыстатыштын амалында болчу. Эне баланын жолугушуусу бир топ чиеш маселелерден улам татаалдашып турган. Аны журналист туура баамдаган. Ошон үчүн ал Санамга ачык жооп бербей, сарсанаадан арыла албай келатат.

«Мен эмнегедир ушул жерде баланын бакма энеси Анара менен күйөөсүн элестеп, ушул аялга салыштырып жибердим. «Эки бакыр, бир тукур» дегендей, биринин көз жашын бири кол жоолук менен сүртүп, эриш-аркак болуп, эл алдында айыптарын чукушпай бекем кол кармашып, ынтымак менен өмүр сүрүп, көздү жумуп бийик жардан бар бараке деп секирип чоң дайранын үстүнө «күп» деп ыргып түшүп кетишип, бири чумуп кетсе бири чыгарып, тайыса колдон сүйөп, эңкейсе белден таяп, аруу таза махабаттын бар экенин даңазалап, өйдө карап өш дебей, ылдый карап төш дебей, этектерин балага толтуруп, кош колдоп көтөрүп, турмуштун даңгыр жолуна түшүп алып, жашоо деген дөңгөлөктү дөңгөлөтүп, ыйман менен ырыс кешик төгүп жетелешип бараткандарын элестеп турдум...

Поездде да аларды ойлонуп келаттым. Азыр поезд мени ызы-чуу окуядан арачалап келаткандай, ал эми Кыргызстанга жеткенде башаламан окуянын дүйнө жүзүнө чаң-тополоң түшүрүп, бейкапар жаткан айылга бомба жарып, бүлүк салып, нааразычылык, жек көрүү, иренжүү, каргап-шилөөнүн канчалык чекте болуп өтөрүн элестеп, элестей албай башым катып, оор үшкүрүп, жүрөкзаада болуп, термелип келатам...»

Жана кеп башында Бурулкан Карагулова азыркы учурдун оголе оор темасын козгоп алганы, адеп-ыймандык түшүнүк көз караштардын көбү ушу тапта кескин өзгөрүлүп, моралдык-этикалык принцип, көз караштар жаңыланып атканын айттык эле. Ким билет, Санам жаштык кылып баласын таштабай, болбосо уулун кайтарып алууда бекем туруп, ишти мыйзам чегинде чечүү аракетин кылса мындай оорчулукка туш келбес беле деген ой кетет. Кандайынан келгенде да чыгарма окуган адамды кайдыгер калтырбай, турмуш, адам тагдырын татаалдыгы тууралуу ойлорго түртпөй койбойт. Адабий чыгарма үчүн бул өзгөчө маанилүү сапаттардын бири.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG