Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Бүркүт алган баланын тагдыры


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айым Айтбаева жооптуу кызматтарды аркалап жүрүп, адабий ишке кечигирээк аралашкан.

Ири эпикалык «Тамчы кан» романы баш болгон повесттери, аңгемелери жарык көргөн. Бул ирет жазуучунун «Уядан табылган бала» аңгемеси жайында кеп кылганы турабыз.

Чакан кабардан чыккан из

Аңгемеде баласын жоготкон эненин арманы, ага жардам берүүгө куштар болгон мектеп окуучуларынын аракети, соңунда изделген баланын табылышы баяндалат.

Эне эч качан баласын жамандыкка кыйбайт. Арадан жылдар өтсө да үмүтүн үзбөй, караанына жалынып күтө берет. Бул окуя ошондой болду. Баары жөнөкөй кабардан башталат. Болгондо да кадимки сабак учурундагы эпизоддон чыгат.

Үчүнчү классты аяктап аткан окуучулардын кубанычында чек жок эле. Эжейи эми сонун эс алып, жаңы окуу жылына жайдары келишин баарына каалап аткан. Мырзагүл деген кыз аны укпай, жанында отурган классташынын китеп тышындагы жазууга көзү түшүп, ошого алаксып атып эжесинен эскертүү алды. Секелекти кызыктырган чакан кабар болчу.

Гезитте «өткөн жекшемби күнү айылда ойноп жүрүп үч жашар эркек бала жоголуп кетти. Аты Наарбек…» деп жазылган экен. Сегиз жыл илгери чыккан ошол райондук гезитти Токтобекке бейтааныш бир аял бериптир.

Токтобек суусагандан көчөдөгү чоргодон суу ичкени бурулуп, ошол аялды көрүп калган. Ак чач аял баланы үйүнө ээрчитип барып максым куюп берген. Ошол аял жаңгак ороп берген гезит болчу, чыгарында балага: «Менин Наарбегим менен тең турбайсыңбы» деген. Жоголгон баланын апасы ушул аял болуш керек деп боолгологон балдар ак чач аялдын үйүнө барышса ал жакшы чечилбеди.

« – Мобу Токтобекти тааныйсыз го, эжеке, өгүнү максым, и анан… анан жаңгак берген турбайсызбы мобу гезитке ороп, - Мырзагүл жолдошунун колундагы газетаны сөөмөйү менен көрсөттү.

- А-а,- аял эми эстеди окшойт, көзү күлүңдөп, өңү заматта өзгөрүп ажарлана түштү, - олдо айланайындар десе, киргиле үйгө, келгиле!

Үй ээси кийинирээк болуп босогону бошото эпилдегенде балдар чечиле башташты. Үйгө алар эми тартынбай эле киришти.

- Отургула, айланайындар, - үй ээси верандадагы орундуктарды ортодо турган столго жакын жылдырды.

- Кагылайындар, жакшы балдар экенсиңер. Отургула столго жакын, - ал сүйлөй берип ошол эле веранданын бир капшытында турган тумбочканын үстүндөгү кастрюлду ачып чыныларга куйду.

- Эртең менен эле жаңы кайнаткам, жетилип ырас болуп калыптыр. Ичкиле, кагылайындар. Ысыкта максымдан өткөн суусун болбойт. – Ал чынылардын экөөнү балдардын алдына коюп, үчүнчүсүн өзү алды».

Баары эмне дээрин билбей турушканда тирикарак Мырзагүл: «Эжеке, сиздин балдарыңыз барбы?» деп ийбеспи. Мостоё түшкөн аял шуу үшкүрүп: «Бар болчу, жоголуп кетпегенде Наарбегим силердей болуп мектепте окуп жүрбөйт беле» деп үшкүрүп отуруп калды.

Башка сөз жалганбады. Балдар гезитте жазылган кабардагы жоголгон бала ак чач аялдыкы экенин билишти. Анын кайгылуу баянын уккан тестиерлер жоготуу эмне экенин туйгандай болушту.

Токтобек өткөн жылы эч кимге айтпай балыкчыларды ээрчип көлгө кетип калганда ата-энеси милицияга чейин барып издешип, апасы ыйлай берип көзү шишип кеткенин эртеси кечинде келгенде көргөн. Бечара апасы башын жоолук менен таңып онтоп керебетте жатыптыр. Ошондон бери ал уулун алыс жакка жөнөтпөй калган. Апасынын абалын көргөндөн кийин Токтобек да бейчеки басканды койгон.

Имиш кептин чындыгы

Ошол аялдын издеп аткан баласын табууга илинчек боло турган кепти Мырзагүлдүн кулагы чалып калган. Булардын үйүнө келген таежеси айылындагы мерген бүркүт уядан бир бала таап келгенин апасына айтканын угуп, бала да, ага анча деле маани берген эмес эле. Мүмкүн ошол бала болуп жүрбөсүн?

Баланы издөөгө Мырзагүлдүн суроосу боюнча эжекеси да кошулуп, иш жанданды. Таежеси жомокко окшогон окуяны апасына айтып атканда Мырзагүл оюнга алаксып, жакшы укпай калган. Ошонусу туура эмес болгон экен, кулак түрүп жакшылап угуп алса апасын күтпөй эжеси экөө издөөнү баштамак.

Бу тагдыр дегениң да кызык, сегиз жыл сары майдай сактаган гезитин ак чач эне Токтобекке бербесе, ал окуяны ким эстемек?! Баарынан да гезиттеги кыска кабарга Мырзагүл кадалып калбаса жоголгон баланы ким териштирмек?

Тыпылдаган тың кыздын аракети менен ошентип сегиз жыл мурун жоголгон баланы издөө башталат. Мырзагүл апасынан сурап, эжекесин шаштырып, бул ишке чоң-кичинелердын баарын чегерди. Ал эми таежеси бул укмуштуу окуяны мергендин аялынын абысынынан угуптур. Уккан кеп жерде жатмакпы, биринен экинчисине айтылып, акыры оюнкараак тестиер кызга жетип атпайбы.

Абысынын жактырбаган ошол узун кулак аял: «Аны кичинесинде атасы бүркүттүн уясынан таап алганын билгендер жок деп ойлойт окшойт арам», деп табалап отурбайбы. Чындыкка караганда жомокко жакын ал окуяны уккан апасы таежесинен тактап сураса тигиниси: «Кудай урсун, калп айтсам» деп карганып да ийген.

Ошол сөздү эстешип уядан табылган баланын 11 жашка чыгып калганын такташты. Анын апасы буларга максым куюп берген ак чач аял болушу мүмкүн деп болжошту. Баарысы туура келип атпайбы. Бул ишке берилип алган Мырзагүлдү үч жашар баланын бүркүттүн уясына кантип барып калганы кызыктырды. Аны ким алып барды? Баланын жоголушун ак чач аял минтип айтып берет:

«Олдо, кызым ай, андай гезит биздин үйдө көп. Пайдасы качан тиерин билбейм. Кагылайын кулунум табылбай койгондо колхоздогулар жазып, районго алып барып гезитке чыгарышкан. Кийин ошо гезиттен бир тобун ала келип беришкен, мага. Сандыкка катып коюп, утур чыгарып, келген-кеткендерге көрсөтүп зарлай берип жадагам, кызым.

Анда мен колхоздо саанчы элем. Колхозубуз тоо арасында, сүт фермабыз тоо боорунда болучу. Биз саанчылар ошол ферманын жанында салынган үйдө турчубуз. Күз айынын бир күнү уйларды саап коюп үйүмө келсем балам ойгонуп алып төшөгүндө ойноп отуруптур.

Ал күнү балдар бакчасынан машина келгенде уулумду берген эмесмин. Өзүм ошо күнү төркүндөрүмө бармакчы элем, каралдымды ала барайын дегем. Колу, бетин жууп, тамагын бердим. Жылуу жаңы кийимдерин: илбирс терисинен тигилген тонун, бутуна кызыл өтүгүн кийгизип коюп өзүм үй ичин иреттей салып, жолго даярданып жүрдүм. Балам үйдөн чыгып кеткен, ойной берсин деп тим койгом.

Бир оокумда чыксам айланадан таппай карайлап калдым, кокуй каралдымды.

Эмнесин айтайын, мен айылда кыдырбаган кокту-колот, аралабаган бак да, чөп-чар да калды дейсиңби. Түшүмдө да, өңүмдө да издегеним балам болду».

Баары дайын болду, ак чач аялдын баласы жоголгон учур менен Мырзагүлдүн таежеси айткан окуя дал келип атат. Бүркүт келип үйдүн жанында ойноп аткан баланы илип кеткен болуш керек. Илбирс тончон, малакайы да илбирс терисинен болсо, бүркүткө эмне, жырткычка тартынбай кол салчу кыраан анын бала экенин билип отурду дейсиңби? Эмки милдет - мергенчи менен кемпирин чочутпай баланын дайынын такташта калды. Мергенчиден ачык сураса ал кандай кабыл алары белгисиз. Ал бала ак чач аялдын баласыбы же жокпу – муну шек-шыбыртын билгизбей иликтөө зарыл.

Айылга баруунун жолун эжейи тапты. Колхозчуларга мектеп окуучуларынын өздүк-көркөм ийриминин оюнун тартуулашат. Балдардын оюн-зоогуна эл келет. Мырзагүлдүн таежеси бүркүт уядан бала тапкан мергенчини аялы менен үйүнө чакыруунун милдетин алды. Ошол жерде кеп удулу келгенде эжейи мергенчи карыяга райондук гезитти сунду. Карыя көзү жакшы көрбөсүн айтып, мугалим кыздын өзү эле кызык кабарды окуп берүүсүн сурайт.

Бала жоголгону тууралу кабарды уккан мергендин эсине сегиз жыл илгерки окуялар түшүп, шалдайып отуруп калат. Илбээсин тончон баланы уяга алып келген бүркүт мергендин колго үйрөтүп кое берген кырааны болчу. Ошол бүркүтүн алыстан көздөп, уясын карап, далдоо жерден байкоо салып жүрчү. Анан эле бир жолу караса анын уясында илбирс жатат.

Бүркүт учуп кеткенден кийин асканын боорундагы уяга чыгып барса илбирс тончон, кулакчыны да кабыландын терисинен жасалган, күпүйүп калың кийинген бала жатат. Ойдо жок окуяга эчен шумдуктарды көргөн мергендин таң калганын айт.

«- Мынча неге кийинткен? – деп таңыркады мерген. - Же бул жерге алып келип таштоого атайлап эле бирөө даярдаганбы? А балким менин байкуш бүркүтүм асмандан түгөй таппай, жерден өзүнө шерик издеп, адамды сагынып ушу баланы апкелгенби?..»

Ойлонуп отурушка убакыт жок эле. Мерген баланын калың кийимин чечип, бооруна кысып, аталык мээримин төккөндө эс-мас жаткан бала ыйлап, көкүрөгүнө башын жөлөдү. О, Жараткан, уядан табылган бала тирүү экен!

Чочуп калган наристе ыйлап, чоочун адамды эш тутуп, аны бекем кучактап алганы ушу азыр да эсине түштү. Наарбекти ошентип үйүнө алып келген. Бооруна кысып бүркүт уядан таап көтөрүп келген баланы кемпиринин кеңеши менен Кубатбек деп атап, өз баласындай аспиеттеп чоңойтуп аткан. Уядан табылган баланын кеби жерде жатмакпы, эл деген кыйла уу-дуу кеп кылып, бирок бара-бара ал деле унутулуп кеткен.

Мына эми арадан сегиз жыл өткөндөн кийин катылган сыр ачыкка чыгып жатпайбы. Ойго чөмүлгөн карыя баласын жоготкон аялды да аяп, аны кыз кылып, тууган кылып алсамбы дейт. Туугандашып алса эмне үчүн болбосун. Мерген болбосо илбирс тончон баланын тагдыры эмне болор эле?

Чыгарманын аягы табышкан эне-баланын сүйүнүчү, сегиз жылдан соңку жолугушуусу менен бүтпөйт. Наарбек-Кубатбек өз апасы башка экенин, уядан табылганын биле элек. Сегиз жылдан бери райондук гезитке чыккан кыска кабарды эш тутуп, жакшылыктан үмүт үзбөгөн эне уядан бала таап алган мерген менен жолугушар. Экөөнүн жолугар-жолукпасы деле белгисиз. Жолуккан күндө деле тестиер балага ачуу чындыкты кантип айтышат?

Сюжеттик чынжыры бекем чырмалган жагдай аркылуу жазуучу адам турмушу, тагдыры ушунчалык татаал, чиеш экенин мыкты сүрөттөй алган. Ошол тагдырдын ойдо жок жерден бирөөнү бүк түшүрүп, экинчисинин маңдайын бакытка бөлөп койчу берешендиги ачык көрсөтүлгөн. Мүмкүн уядан табылган бала эки үй-бүлөнү кошуп, жакын адамдар кылып коёр? Издеген баласы табылганына ыраазы болгон аял мергендин үйүнө келип-кетип турар? Эне-баланын кийинки тагдыры кандай болорун болжош кыйын, аны жазуучу окурмандын оюна койгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG