Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 01:16

«Кызыл көйнөкчөндү» ээрчиген көч


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз киносунда коркунучтуу тасма жанрын өнүктүрүүнү көздөгөн режиссерлор бар. Алар кино күйөрмандарынын арасында мындай тасмаларды көргүсү келгендердин катары калың экенине ишенишет.

Таанымал режиссерлор коркунучтуу тасма тартууну каалаган жаш режиссерлордун демилгесин колдойт. Бирок кино таануучулар Кыргызстан автордук кинонун өлкөсү экенин айтып, чоң каражат талап кылган хоррор, мистика, курч окуялуу тасмаларды Голливуддан талашуунун кажети жок экенин айтышат.

Англисче айтанда - хоррор (horror), орусча айтканда - ужас, кыргызчасы – үрөй учурган фильмдерде негизинен көп түрдүү эффекттер колдонулат. Көрүүчү чындык менен жалгандын ортосундагы чекти аныктай албай, каарман менен кошо «жашайт».

Кыргызстанда мындан жети жыл мурун «Кызыл көйнөкчөн» аттуу коркунучтуу тасма тартылган. Анын режиссеру Данияр Абдыкеримов тасма көпкө чейин кино жүгүртүүдөн түшпөй, эл көп көргөнүн айтууда:

«Кыргызстанда коркутуу жанрында тартылган тасмалар жакшы өнүгө элек. Анткени биздин эл комедияга көбүрөөк барат. Ошондуктан бизде бул жанрда аз эле кино тартылган. Бирок коркунучтуу кинону жакшы көргөн көрүүчүлөр да бар. Биз тарткан «Кызыл көйнөкчөн» тасмасын көргөндөр көп болгон. Бирок ал тасма эксперименталдык, документалдуу стилде тартылган. Жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин «Кызыл көйнөкчөн келин» аңгемесине тиешеси жок болчу. Азыр ошол аңгеме боюнча кино тартсамбы деп ойлоп жүрөм. Эгер Абыкеев уруксат берсе, быйыл көрүүчүлөргө жаңы көркөм тасма сунуш кылабыз».

Данияр жергиликтүү көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жарата турган коркунучтуу тасмаларды тартса болоруна ишенет.

«Кызыл көйнөкчөн» тасмасынын трейлери

Учурда Бишкекте кинотеатрларда киши жегич кемпирдин окуясын баяндаган мистикалык жана коркунучтуу окуяларга бай «Мурас» киносу жүрүп жатат.

Тасмада адам этин жеген, өлүкканадагы окуялар сыяктуу төбө чачты тик тургузган эпизоддор көп. Кинонун режиссеру Азамат Шаршенов, продюсери Данияр Өмүрбеков.

«Мурас» тасмасынын трейлери

Буга чейин коркунучтуу тасмалардын күйөрмандары «Соолуган күндөр», «Кара жолтой», «Кайып булак», «Албарсты» деген сыяктуу бир нече фильмге күбө болушкан.

Деген менен режиссер Эрнест Абдыжапаров учурда бул жанр күчүнө кире албай жатканын билдирди:

«Кыргызстанда бул жанрда кино тартканга көп жолу аракет кылышты. Алардын арасынан «Кызыл көйнөкчөн» эле ийгиликке жетти десем болот. Ал эмне үчүн элге алымдуу болду? Себеби ага чейин эл арасында бул тууралуу легенда айтылып жүргөн. Бирок кандай деңгээлде тартылып жатканы тууралуу эч нерсе дей албайм. Албетте, Голливуддун деңгээлине чыгыш өтө кыйын. Себеби аларда мыкты адистер, каражат, тажрыйба бар».

«Албарсты» тасмасынын трейлери

​Анткен менен кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева тирукмуш окуяларды камтыган тасмалар кыргыз кино искусствосу үчүн жат жанр деп ойлойт.

«Бул биздин жанр эмес. Кыргызстан автордук кинолордун аймагына кирет. Биздеги таанымал режиссерлор эч качан коркунучтуу тасма тарткан эмес. Бул тармак алардын чыгармачылыгына кирбейт. Алар эч качан мындай тасмаларды тартпайт. Ал эми коркунучтуу кино көргүсү келген катмар биздин кинотеатрлардан эле чет элдин жана Голливуддун тасмаларын көрө берсин. Жергиликтүү режиссерлордун тасмаларын көрбөгөн катмар кинотеатрларга өтө чоң каражат жумшап башка тасмаларды көрөт», - деди кино таануучу.

Кин тарыхында эң алгачкы коркунучтуу тасма 1890-жылы АКШда тартылган Жорж Мельестин «Азезилдин сепили» болгон. Мында «мокочо» фильмдин элементтери болгону менен элге анчалык тараган эмес.

1913-жылы 22-августта Германияда жарык көргөн «Прагалык студент» тасмасы кинотеатрларга болуп көрбөгөндөй эл топтоп, «мокочо» тасмалардын доорун баштап берет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG