Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:00

Келинчекти сууга түрткөн азгырык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Гүлсүнай Маамова көркөм чыгармачылык менен журналистиканы эриш-аркак ала жүргөн талант эле.

Жазуучу өзгөчө элет турмушун, айыл жериндеги адамдардын ар кыл жашоо-тирилигин сүрөттөп, окурманды адеп-ыймандык тазалыкка үндөчү. Кыргыз аңгемесинин классикасынан автордун “Жаза” деген чыгармасына токтолобуз

Шакылыктаган сагызган

Аңгеме көңүлдөштүктүн катаал жазасына кабылган келиндин армандуу тагдыры, капыс өлүмү тууралуу. Ажал деген каш-кабактын ортосунда экен. Бирок ал келерден мурун шек-шыбаасын билдирет окшойт. Сезим азгырыгы деген да оңой эмес. Анын капканына кабылган зайыптын калпыс кадамынын жазасы жалгыз өлүм болобу?! Өтө эле оор жаза эмеспи?

Бири-бирине байланышып, чырмалышып калган бу чиеш турмушта жаздым басып алуу оңой эле. Иза калпыс, опуртал жолго түшүп алганын билчү. Сүйүп, баш кошкон күйөөсү Сами ишинен бошобой калбадыбы, райком кызматкерлерин кайсы бир айылдагы бүтпөгөн курулушту көзөмөлдөөгө жиберишкен. Күйөөсү кара жумуштан качпаган эмгекчил жигит. Кызыл кирпичтен үй тургузуп, эшик алдындагы чакан короого бир нече жүзүм көчөтүн отургузуп койду эле, анысы мөмөгө кирип үй алды келишкен чарбак болуп калды.

Жүзүм шиңгилдери салаңдап эшик алдын жайкалтып турат. Ошол жүзүмзарга кирип калганда сагызгандын шакылыгынан “селт” этип чочуп кетпеспи.

« "Өлүп кет, өз башыңа көрүнгүр ээ" деп каргап артына түкүрүндү. Анан ичинен ырымдаганына көңүл жай боло түшкөнсүдү. Жок, баары бир сагызган оюн бузуп жибергенине кыжырлана топ сада-кайрагачтан душманынын караанын издей, көзү түшсө уруп жиберүүнү көздөп, жерден муштумдай кесек алды. Балээни көрсүнбү, ыргытылган кесек коргондун кырына жетпей «топ» деди.

Босогодогу көөнөрүп, кейпи кеткен батинкеден улам эринин келгенин билип, саамга аялдай, жаңы эле сагызгандын шакылыктаганына да карабай, али бүткөн боюна жагым таратып турган ички сезимине суу бүркүп жибергендей муздап алды денеси. "Саат экиде жолугушабыз" деген охоюнун турпаты көз алдына элестеп ичи тызылдады».

Карабайсыңбы, билип алгансып эшик алдында күйөөсүнүн мыйрыйган эски батинкесинин туруп калганын. Жашыруун иши билинип калса – Изанын өлгөнү. Күйөөсү кызыл камчы эмес, ошондо да башка бирөөнүн көңүлдөшү болуп алганы билип алса эмне болорун Иза эстегиси келбейт.

Жакшынакай күйөөсү турса делбиреп бирөөнүн артынан чуркашын Иза өзү деле жактырбайт. Жаман ишке экинчи барбайм дейт, бирок кандайдыр бир алоо күч аны дегдеңдетип азгырып кетет. Сами келинчегинен шек-шыбаа ала элек. Тапшырылган иш деп кайсы бир айылда конуп-түнөп, байлаган иттей эч жакка чыга албай жүрөт.

Мыйрыйган батинке

Жаш-карысына, кызматына, ишине карабай жалпы ишке чегерип иймей социализм доорундагы көнүмүш болчу. Эрте жаздан кеч күзгө чейин жардамга айдамай, сакманчылык, чөп чабык, кызылча суюлтуу, тамеки, пахта, кызылча түшүмүн жыйнамай - мектеп окуучуларынын, студенттердин, жумушчу, кызматкерлердин милдети болчу. Мына райком кызматкери Сами “солкулдаган боюна сары атлас көйнөгү” жарашкан сулуу аялын таштап, иш деп башка айылда жүрөт. Аялынын капа болгондай бар.

“Бир кездеги адатынча жерден так көтөрө өпкүлөп, тегеретип-тегеретип жибергиси келди. Андайда жадырай күлүп, дүйнөсү түгөл келинчегинин аксаргыл жүзүн кан тээп, аппак билектери менен анын мойнунан кучактай ого бетер ык сала калмайы бар. Азыр болсо бир албырып, кайра сустая түшкөн аялына антүүгө батынбай туруп калды астанада. Кол учун берген Иза:

— И-и, келген экенсиң, жүрө түшсөң болмок, - деди какшыгы, чыны билинбей.

Бир топко көрүшпөгөн жубайлар бул жолу эмнегедир ысык жолугуша албады. Сами ашканада жана эле кайнап чыккан чайдын шуулдаганын тыңшай, райкомдун тапшырмасы деп жыл он эки ай тездетилген ыргак менен курулуп жаткан короо-сарайдын курулушунда жүрүп тажап келгенин, үй-бүлөлүк жылуулукту эңсегенин туйду тереңден. Бүгүн кандай болбосун ортодогу мамилени оңдобосо болбойт, үйдөн бекер безип жүрүптүрбү, жарын ынандырып, керек болсо кызматтан баш тартып, мастери жок эле жумушчу болсо да баштагыдай бапырап жашасак деп ниеттенди. Анан бир жумадан бери алынбай түктүйүп өскөн сакал-мурутун кырганы ээгин самындап, эшик туштагы күзгүгө карана кетти”.

Иза күйөөсүнүн дал ушул күнү келгенине капа болчу. Минтип канчадан бери күтүп келген сонун күнү өчөшкөнсүп келип алганын кара. Сулуу келиндин ою чабагандап, ойдо жок жерден чыга калган тоскоолдон кантип чыгуунун амалын издеп аткан. Чарчап-жүдөп келген күйөөсүнүн көңүлү деп барбай койсо деле болмок, антейин десе “тереңиндеги тымызын каалоо жан-отун жеп, азгырып, барбай коюуга болбосун туюнткансыйт”. Күйөөсүнүн алдында өзүн күнөөлүү сезген келин кандай да болсо бармай болду. Көңүлдөш күткөн жалгыз эле Иза бекен?!

Эми үйдөн шек билдирбей чыгып кетиш гана калды. Самиге “Кайракумдун базарына түшүп чыгам” деп айтты. Келиндер менен Кайракумга барып, Чумчук аралга түшөрүн, кеч келерин, балдарды бакчадан алып коюшун эскертип, анан биротоло ишендириш үчүн базарга чогуу барып келели деди. Чарчап-чалыгып келген Сами жакын турган базарга деле барбашын жакшы билет. “Анча дегдеп калыптырсың, барып келе бер”, - деди камарабай.

Базарга шашкан Иза шаарга кетчү чоң жолдо “Жигули” кайда токтоду экен деп издеп келатты. Машинеге отурар замат Изанын жүрөгү алып учуп, мелмилдеген Сыр-Дайраны бойлоп, жерде эмес, көктө бараткандай толкунданганын айт. Эми жүрөктү басып, “жанга жагым сезим койнунда наздангысы, көлкүлдөп эригиси келди”.

Мелмил канал бою

Бул жыргалга аны курбусу Айпара кошкон, “конокко барып келели деп коёр жанын койбой алып чыккан үйдөн. Көрсө конокко дегени – ушул «Жигули» менен табият койнуна сиңип, утурумдук сезим алоосуна кабылышы экен. Башында жактырбай, анан ичимдиктен азыраак татып, сезим азгырыгына кантип берилгенин билбей калган. Көрүнбөгөн ошол тоскоолдон өтүп алгандан бери көңүлүн эзген оор ойлордон кутулуп, башкалар деле ушинтип атышпайбы деген алдамчы сезимге азгырылып, өзүн кур бекер кыйноону токтоткон. Жашырынган экөөнүн отурган жери “таштан-ташка урунуп тээ Өзгөрүштүн капчыгайын жара аккан Кожо-Бакырган суусунун теске салынган бир нугу” эле.

Жыргал деген ушул, экөөнүн “денеси жазылып, уйпаланган келин өзүнө келгенде убак бешимден ооп, тыт жалбырактарында ойногон күндүн нурлары эбак өчүп” калган. Бул ирет да Иза “ичиркенип алды, көөдөнүнөн сызылган бир сезим жектеп, эмелеки ишинен көңүлү жипкирип чыкты эмнегедир. Өткөндө да ушундай абалга кабылган, жетерине жеткенче өзүн коёрго жер таппай, көкшүнү сууп өлгөн соң киргил сезим аңдыйт да турат. Же бул азгырыктуу жолдон баш тартканга күчү жетпейт…”.

Иза уяттуу сезимден арылыш үчүн мелмилдеп агып аткан каналдын суусуна жуунуп алмай болду. Ошол кезде кетменин көтөргөн капкара мурутчан киши өйүздөгү жүгөрү арасынан чыгып калбаспы. Иза “эки тизесин колу менен кучактап, ого бетер бүрүшө кирерге жер таппай шашып калды. "Сууга жуунам деп балыр баскан бетон каналга кулап түшкөн келинди куткармакчы болгон жигити жан керек экен, аптыгып “канал бойлоп тартылган зымга жетип, жээкке чыгууга тырмышып жатыптыр, ага жетпеди Иза…”

Ошондо анын “жансерек көз алдына уулу менен кызы, анан Сами тартылып, башкага чама-чаркы да келбеди… Анан эле узун, кара чачы аттын жалындай жайыла калкып барып, киргил сууга шимилип кетти…”

Жээкке чыгып өзүнө келген Нажи машинесинин жанында калган Изанын кийимдерин сууга ыргытты. “Жеңил көйнөк чаркөпөлөк айлана дирилдеп бара жатты ушуну менен жер бетинен жеңил ойлуулуктун изин үзгөнсүп…”.

Болгон окуяны суу жутуп, кургап калган жерди жамгыр жууп жатты.

Ушундай оор аңгеме. Иза жаштык албуут сезими үчүн оголе оор жазага кириптер болду. Ага ким айыптуу? Бул суроону автор окурмандын эркине коёт. Аңгемени окуп анда сүрөттөлгөн турмуш көрүнүшүнө баам таштаган адам бири экинчисине бекем чырмалышып калган чиеш окуяларды, анын катаал жыйынтыгы катары өлүм менен аяктаган сулуу келиндин тагдырын көрөт. Сами айлап-жумалап үйүнөн кезип, кайсы бир кой сарай курулушу деп жүрбөсө анын сүйгөн жары опуртал жолго түшпөс эле деген алдамчы ой да келбей койбойт. Кандайынан келгенде да, Изанын опуртал жүрүшү үчүн тарткан жазасы оголе оор болгонун, жазуучу катаал турмуш мыйзамын жасалмалабай, жумшартпай, таасын тартып бергенин байкоого болот. Өкүнүчкө, Гүлсүнайдын чыгармачылыгы бажырая ачылып, мыкты аңгеме, повесттерин эми жазарында бу жалганды таштап кеткени арылгыс арман, чоң өкүт болуп калды.

Курсташ

Эми кеп соңунда айта кетер эки ооз сөз. Куттуу Лейлек жергесинен чыккан катары калың калемгерлер арасында өзүнчө орду бар Гүлсүнай экөөбүз Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде чогуу окуганбыз. Азыр эми эскерүү болуп калбадыбы, ал кез социализм заманы болчу.

Университет республикада жалгыз, СССРдин 50 жылдыгы деп аталчу. Арадан дагы ошончо жыл өтпөй ишенген заманыбыз өзгөрүлүп кетери, адабиятка мамиле таптакыр башкача болуп калары ойго келе элек кез.

Гүлсүнай бир сырдуу, бирок да курбу-курдаштарынын арасында ачык-айрым тамашакөй жан эле. Окууну бүткөндөн кийин бир топ жыл Лейлекте, анан башкалаа Бишкекке келип “Чалкан” журналында, “Бишкек шамы”, “Эркин Тоо” гезиттеринде иштеп жүрдү. Студент кезде жазгандарын жарыя кылбай жүргөн курсташымдын таанымал журналист, таасын калемгер болуп чыга келгени бизге биралдын жаңылык сезилгени да чын.

Социализм урап, адабият тургай аш-табагыбызды таба албай калган кыйын учурда Гүлсүнай соода-сатык менен алектенип чиедей балдарын бутуна тургузганын кийин уктук. Чыгармачылык баралына келип, өз башынан кечирген окуяларын тизмектеп, көркөм чындыкка айлантар кезинде ташбоор ажалдын чеңгелине илинип, бу жалганды эртелеп таштап кеткени арман болуп калды.

Гүлсүнайдын жазгандарын чогултуп китеп кылып чыгарып, төрт-беш жыл илгери балдары Бишкекте бетачарын өткөрүшкөн. Лейлекте жыл сайын поэзия майрамын уюштуруп келаткан акындар Абдилат Дооров менен Атакул Жакыпов ал жыйынга ат арытып алыстан келишкен. Ошол жерде элине бергенинен бере элеги көп кезде бу жалганды таштап кеткен бир топ лейлектик акын-жазуучулардын ысымы аталды, алардын арасында Гүлсүнай тууралуу да кеп болду.

Гүлсүнай Маамова чыгармачылыкка өзгөчө этият мамиле кылып, каламын аспиет кармарын жогоруда кепке алган аңгемеси да ырастап турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG