Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 03:59

Күйөөгө узатарда окууга качып кетти


Иллюстрциялык сүрөт.

Жаш адамдын өз бактысы үчүн күрөшү - көркөм адабияттагы түгөнгүс темалардын бири.

Ага мисал болчу чыгармаларды кыргыз адабиятынан деле толтура тапса болот. Мырзаш Ашырбековдун «Жол түгөнбөйт» аңгемесинде мына ушул мотив негизге алынган.

«Закүн көтөрбөйт»

Мырзаш Ашырбековдун аңгемесиндеги билим алууга дилгир кыздын образы ошол эле Ноокаттан чыккан Камбаралы Бобуловдун «Түштүк кызы» повестинде кемелине келтире сүрөттөлгөн.

Өңдөш тема Төлөгөн Касымбековдун «Адам болгум келет», Казат Акматовдун «Эки сап өмүр», Шабданбай Абдырамановдун «Тааныш адамдар» сындуу повесттеринде чагылдырылган. Окууну эңсеген эчен кыздар ата-энесинин айтканынан чыга албай айылда калып кетишти, тал чыбыктай кезинде турмушка чыгып, турмуш-тиричиликтин оор жүгүн көтөрүшкө мажбур болушту. Түгөнбөс жолдун башында турган жаш адамдын өз бактысы үчүн күрөшү аңгеменин сюжеттик лейтмотивин түзөт. Окуя болсо жөн-жай турмуштук жагдайдан башталат.

Небереси шаардагы окуудан келишин утурлап чоң энеси көзүнүн тирүүсүндө үйлөнтүп коюуну чечет. Ал үйдө кемпирдин айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылышы керек. Апасынын «Нуржан өзү деле бирөө-жарым менен сүйлөшүп жүргөндүр» деген жумшак каршылыгы кайненесинин каарын келтиргенден башкага жарабады. Кемпир небересин «кадым каадасы» менен үйлөнтүштү ойлоп жүргөн. Бул үйдө ага каршы чыкчу ким? Кемпир небере келининин чайын ичип, чөбүрөсүн көрсө жаманбы?! Баарынан да Муратка жыргал болот, жеңесине эркелеп жыргап эле калат. Кемпир келининин: «Нуржандын өзүнө кеңешпей туруп мындай кылганыбыз жарабайт го» деп тарткынчыкташын жактырбады, ошо отурган жерден эле кагып салды:

«– Кантер экен деп кеңеш салса чойруңдайсың да. Эмне кылышты өзүм билем! Көзүм барда али сага бийлик жок!

Апам башкалар айткандай «жоош-момун».

Эми каршы болбой кайра энем менен бирге «Тиги Жүктүдөгү Ысактын кызы жакшы экен», «Арбындагы Сарынын кызы да түзүк дейт» деп, кыз тандаша баштады. Бул түнү энем менен апамдын биздин колхоздогу бойго жеткен кыздардан атабаганы калган жок.

Эртеси энем «Жүктүгө» кыз көрүп келиш үчүн жөнөдү. «Жеңемди» көрүп келем деп мен да ээрчидим. Энем кайра кубалады. Колдогу узун чыбыгымды ат кылып, адыраңдай алдыга түшүп, салып бердим. Биз короого жете бергенде кабанаак көк ит качырды. Колумдагы чыбыгым болбосо энем экөөбүз курумак экенбиз. Чыбыгымды итке тостум. Ал арсылдап учун тиштегилеп, буту менен чапкылап жатты. Аңгыча үйдөн жоон сары аял чыкты. Энемдин ою ишке ашпады. Үйгө кирип чай ичип отурганыбызда энем сөз айтса, тиги аял кыска гана жооп берди: «Закүн көтөрбөйт. Азыркы кыздар өзү билет турбайбы».

Жең ичинен кудалап, кыздын оюна койбой күйөөгө берүүнү «закүн» чынында эле көтөрбөй калган. Совет бийлиги жаңыдан орун-очок алып аткан кезде ак жоолукчандардын укугун баарынан жогору коюп, паранжыларын чечип ыргытып, Чыгыш аялдарын эркиндикке чыгаруу демилгеси күчөй баштаган. Бирок да уруулук-патриархалдык аң-сезимди коомдук турмуштан биротоло сүрүп салуу кыйын экени ошол социализм заманында эле дайынга чыгып калган.

Кыздарын окууга жөнөтмөк тургай, каалабаган башка бирөөлөргө жашырын бере салуу өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарына чейин өкүм сүрүп келди. Бирок андай тоскоолдуктарга карабай, окуучу кыздарды борбордук окуу жайларына тартуу иштери да кулач жайып, айылдык кыздарды окууга үгүттөө өнөктүгү ал кезде мамлекеттик маанилүү иштердин катарына кирип, окугусу келген кыздарга тоскоолдук кылгандар мыйзам жоопкерчилигине тартылчу. Куда болгону барган үй-бүлөлөрдөн уккан «закүн көтөрбөйт» шылтоосунун чоо-жайы ушундай болчу.

Айыл десе энесин бучкактап коё бербеген тестиер баласын ээрчитип кемпир «кийинки эки-үч күндө беш-алты кыздуу үйдө» болду. Алардын баары тең «жаттап алгансып: «Кызыбыз өзү билет» деп сыйкы жооп узатышып, небересин ээрчиткен кемпирди жолго салышат. Буга чейин айткан-дегени кынтыксыз аткарылып келген кемпир да капа болуп: «Акыр замандын адамдары ай, ай, акыр замандын адамдары!.. Энеси бийлей албаган кандай кыздар болду экен? «Оймок боочту» катураак салса эле көрөт элем ошолорду!» - деп жооткотмо кептерге нааразы болуп, үйүнө куру кол кайтып жатты.

Молдонун, сиңдинин кызы

Жакын айылдардагы бойго жеткен кыздардын баарынан жолу болбогон кемпир соңунда Куу-Майдандагы Молдо Дүйшөндүкүнө барууну чечти. Ал шум молдо жакшы кызын кымбатка сатамын деп, ошондон баргандар калыңынын көбүнөн айнып кетип жатыптыр. Кемпир да бактысын сынап, акчасына карабай молдо менен жанашкысы келди. Молдо Дүйшөн дегени кызыл жүздүү балпайган чоң чал экен. Небересин ээрчите келген кемпирге ал кызык мисал айтты:

«− Сизге бир мисал айтып берейин, байбиче. Илгери эки доочу болуптур. Алар арызданып казыга барышат да, бири 40 сом, бири 100 сом пара берет. Казы 40 сом бергенден: «Кана, эмне дейин?» десе, тигил «кырка-кырка сүйлөң» дейт. Анда казы: «кырка-кырка сүйлөйт элем, кызыталак муногунун жүзүнөн өтө албай турам» деген экен. – Анан карс- карс күлүп кошумчалады:

– Салт-санаасы кандай болот эле. Калыңды көп берсеңиз болду да. Энем молдо Дүйшөн менен келише албады. Ушул күндөн баштап түңүлүп, эки жакка келин издеп чыкпай калды».

Ошону менен айылдан кыз издөө токтолду. Бирок бул бир үйдө сөзү өктөм байбичени мүңкүрөтүп салбай кайра чыйралтты. Жердин алыстыгына карабай алыскы тоо арасындагы сиңдисинин кызына жуучулукка барууга бел байлады. Анын Гүлү деген жакшынакай кызы бар. Эжесиникине ал кыз келип кеткен. «Майда өрүп, аркасына таштап койгон узун кара чачы аркасын толук жаап, тегерек ак жүзү» кимди да болсо бир караткан сулуу кыз Мураттын апасына жаккан.

«Ал эшикке чыгып кеткенде апам өзүнчө: «Ушундай бир кызым болсочу, жаш эле туруп абдан эстүү, айланайын! Барган жерин көгөртөт» дечү. Эмне үчүн антип айтканына түшүнчү эмесмин. Анын аты Гүлсара эле. Мен тилим келбей Гүлү эже дечүмүн. Он күнчө туруп, анан үйүнө жөнөгөндө, мен да барам деп ыйлап, ээрчигеним алигиче эсимде. Ошондо ал мени сооротуп, адатынча мурдуман чымчып, бетимен өөп эркелетип:

«Мен кайра сөзсүз келем, ошондо сени үйгө алып кетем» деп убада берген болчу. Мен аны көп күтүп, сагынып жүрдүм. Бирок ал кайра келбеди. Энем ошолордукуна барганы жатыптыр. Мен да кошо барып, Гүлү эжемди көрүп келем».

Гүлүнүн айылына барыш үчүн узак жол басыш керек экен. «Мен да барам» деп ээленип ээрчип алган Мурат жалгыз ат араң баскан кыя жолдо кыйналып, солкулдак көпүрөдөн өтөрдө башы айланып акыры эжесинин үйүнө жетишти. Гүлү эжеси чоңоюп, мурдагысынан да сулуу болуп калыптыр. Муратты мурдунан чымчып эркелетип, бетинен өптү. Бул жерде да энесинин жолу болбоду. Синдиси кызын акчасы көп мугалимге бермей болуп, макулдашып коюптур.

«− Ылайыктуу жерге күйөөгө берейин десем, бу окууга барам деп эле оолугат.

− Койчу, кыздар окуп... Мен да быйыл Нуржанымды үйлөп коёюн десем ылайыктуу жер табылбайт. «Өз өлтүрбөйт» деп келгенимдин бир себеби да ошол. Гүлсараны өз колума бер.

Энемдин эмне үчүн келгенин эми билдим. Көрсө ал Гүлү эжемди Нуржан акеме алып берем деген экен да... Сиңдиси айтат:

− Сенден кыз аямак белем, эже. Бул жерде бир мугалим бар. Төрт жылдык мектепке өзү бек, өзү хан. Тоолуу деп башка жактан келгендерге көп төлөйт экен, айлыгы үч миң сомдон ашат. Үч дөңгөлөктүү мотосиңка алып алган. Өзү да шамалдай дуулдаган жигит... Ошол сөз айттырганын макул деп койдум эле. Болбосо го... Гүлсара болсо делгирип окууга качып кеткидей. Жанынан карыш жылбай аркандап гана отурам».

«Болбогон кыз ошентип болбойт тура, ушунча келгенден кийин» деп кемпир сиңдисин алып айылчылап кетти. Мурат ошол жерден жанагы мугалимге алданып калбадыбы. Кош барак катты Гүлү эжесине алып бармай болду. Макул болмок эмес, шуулдаган мугалимдин басса оозунан жалын чыгарган тапанчасы кызыктырып ийбедиби. Катты алып барышка көңүлдөнбөй турган, бирок тапанча менен мугалимдин сөзүнө алданып, үйдө жалгыз калган эжесине катты жеткирип акысына тапанчаны алмак болду. Сонун тапанча экен. Катты үйгө алып баргыча канча ойлонуп, канча айныды. Бир жини «ач!» десе, экинчиси «ачпа!» деп үйгө кандай келгенин да билбей калды. Келсе эжеси сандыкты аңтарып бир нерселерди издеп жатыптыр. Мурат катты эжесине бергиси келбей сыртка алып чыгып кайык жасап, эшик алдында агып жаткан арыктагы сууга коё берди. Капалуу баланы көргөн Гүлү эжеси Мураттын алдында чынын айтты:

«− Мурат, мен окууга кетип баратам, – деп жаныма келди да, жалооруй карап, башыман сылады.

– Энемдерге айтпайсыңбы? Элейип карап эле калыпмын. Эсиме келе, шашылыш айттым:

− Айтпайм эже, айтып эмне кылайын. Адаттан тышкары бешенемен өөп, жөнөп калды. Эмне экенин өзүм билбейм, ичим ачышат.

– Эже, – дедим ал узай электе. Токтоду. – Пулуңуз барбы анан? Кечээ үйдөн чыкканда жашырып апам берген үч сомду сундум. Ал акырын гана жаныма келип, чөгөлөй отура калды да, эки карууман коомай кармады.

− Кагылайын... – деди ал жүзүмө тигилип, – сени энемдер жөнөткөн экен деп... Эстүү бала болгон турбайсыңбы, кагылайын...

Анын балбылдаган капкара чоң көздөрүнөн туптунук жаш кулады. Үч сомду алып кайра чөнтөгүмө салып койду.

− Акчам бар, кагылайын. Сен буга окуу китебин сатып ал. – Мени көкүрөгүнө кучактап, эки бетимен бек-бек өптү. Андан айрылгым келбей мойнунан бекем кучактап, бетине бетими басып ыйлап жибердим. Ал мени сооротот.

– Кой ыйлаба, эстүү бала болгон турбайсыңбы? – Жап-жаңы жүз аарчы менен жашымы сүрттү.

– Окууга өткөндөн кийин сага кат жазам. – Ал мени дагы бир ирет кучактап бетимен өптү да, жөнөп кетти. Же кубанарымды, же өкүнөрүмдү билбей карап отурам».

Окууга дилгир кыз үйүнөн качып чыгып, бет алдыдагы бийик дөбөнү ашып кеткен жол менен шыпылдай басып караанын үздү. Дөңдө туруп Муратка кол булгады. Кетти, эжеси. Кайтарып отурган кызынын качып кеткенин угуп апасы жинди болуп кала жаздады, жип алып «муунуп өлөм» деп кыйкырып, аны билип туруп айтпай койгон Мурат чоң энесинин токмогун жеди. Келин алгысы келген кемпир бир заматта бүкчүйүп, карылыкка алдырып үшкүрүнүп отуруп калды.

Кайгыга баткан эже-сиңдинин үйүнөн чыгып Гүлү эжеси кеткен дөңгө көтөрүлгөн Мурат мындан ары жашоосу башкача болорун, жакшы көргөн эжесин мындан ары көрбөй каларын ойлоп «денеси дүр эте өксөп-өксөп» ыйлайт. Бул анын эрке балалык менен коштошуусу болчу. Гүлү эжеси анын балалыгын өзү менен кошо ала кеткен окшойт. Негедир буулугуп, аба жетпей, бийик дөбөдөн ары кеткен жолду, алыста жаткан кан жолду карап турду. Ошол жол аны да чакырып, кайдадыр бир жактарга кеткиси келди, Гүлүнүн кетиши үчөөнө тең - эки кемпирге, кичинекей Муратка катуу тийди.

Мырзаш Ашырбеков өткөн кылымдын 60-жылдары бир топ аңгемелери менен таанылып, кийин журналистикага ооп, көркөм чыгармачылыктан алыстап кеткен. Анткен менен анын аңгемелери учурунда мактоого арзып, окурмандарга таанымал жазуучу болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG