Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 12:55

Элик сүтүн берген эне


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөн Керимов - публицистика менен көркөм чыгармачылыкты эриш-аркак алып жүргөн автор.

Айылдык турмуштун, болгондо да автордун өз башынан кечирген жашоонун бир үзүмүн чагылдырган «Күйөө жолдош» өмүр баян аңгемеси тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.

Токсондогу гезит окуган кемпир

Дүйшөн Керимовдун көркөм-публицистикалык чыгармаларында көбүнесе айыл турмушу сүрөттөлөт. Бир калыпта, нугунан жазбай келаткан ырааттуу турмуш сүрөттөрү автордун эсселеринде, аңгемелеринде окуган адамды ойлонтчу көркөм идеяга ширелип, элет жашоосунун бир үзүмү көз алдыңа тартылат.

«Күйөө жолдош» өмүр баян аңгемесин автор өзү эссе деп атап койгон, а бирок жанры жагынан ал көркөм сюжеттүү аңгемеге көбүрөөк ыктайт. Чыгармада өгөй апа тууралуу кеп болот.

Өгөй апанын жаңы бүлөгө алынып, өз адамы болуп кетиши оголе оор, ошол эле кезде жашоо-турмуштун катаал чындыгынан келип чыккан айласыз оокат го. Убакыт деген өтө берет экен. Аңгеменин каарманы эс кирип акыл токтотуп калган тестиер чагында дүйнөдөгү эң жакын адамы - апасынан ажырайт. Кайгы артында калган тирүүлөрдү бүк түшүргөнү менен, жашоо-тиричилик биротоло токтолуп калбайт. Тирүү кезинде пенде баласы өлбөстүн күнүн көрүп, убакыт өткөн сайын көңүлүн эңшерген кайгысы азыноолок бөксөрүп, тирүүлүктүн түйшүгүнө алаксып кетет.

Өлүм айтып келбейт. Апасынан кийин чоң атасы да кайтпас сапарга жол тартып, бапыраган үй-бүлө кыйла жүдөй түшкөн. Ошол жаңы апасы келер жылы кыш катуу түшүп, олчойгон карды күрөш, эшик-эликти тазалап туруш үйдүн тестиери Дүйшөктүн мойнундагы милдет болчу. Короо толо жандык, олчойгон карды күрөп, малды сугарып, алдына чөп салыш - кыштын кыска күнүндө түйшүгү күч жумуш.

Ал күнү айылдык клубда ынды кино башталмак. Жагымдуу ыр, жеңил-желпи драмага шыкалган ынды киносу коммунисттик идеологияга шыкалган советтик кинолорго салыштырмалуу кызыктуу эле. Кинону элестетип, ичинен кыңылдап ырдап, кең короонун бурчтарына үйүлгөн карларды чаналап ташып, күрөндүлөрдү чыгарып, чекеси булоолоп иштеп атканда «байке» дечү атасы кирип келбеспи. Ошол кездеги жарашыктуу деген кийимди кийип, боюна тыкан караган өз атасы.

«Кара мех тумакчан, үстүндө каракүл жака кара пальто, бутунда гөлөштүү хром өтүк, колунда дамамат колтуктап жүрчү күрөң кайыш папке, кең далылуу, орто бой, түптүз баскан кагелес тулкусуна куп жарашып турду.

- Ой балам, ушунча кардын баарын жалгыз чыгардыңбы? - деди ал биресе таңдана, биресе кубануу менен.

- Анан ким болмок эле?… дедим эрдемсий, чын эле өз кылганыма маашырлана.

- Садагаң кетейин… - Байкем негедир үнү каргылдана, уулунун эрезеге жетип баратканына жетине албай кубанганыбы, кандайдыр көзүнө жаш келип, анысын байкатпаска ичкери - бастырманы көздөй басты… Ошондо эжелеримдин: «Байкеме сен айт, сенин тилиңди алат!» деп өткөндө мени өзүнчө чакырып алып, экөө эки жагымдан тымызын кулагыма куйган сөздөрү эсиме «кылт» эте түшүп, ошол купуя сырбы, өтүнүч сунушпу, буйрук тапшырмабы, айтор биз - балдары билип-билбей, а балким анча деле терең маани бербей, акыйкатта мындай турмуштук кырдаал же тагдырдын тамашасы, ачуу чындыгы, улуу трагедиясы биздин үйдө гана болгондой, ошол зор милдетти аткаруунун удулу дал азыр экенин сезип туюндум да, оюмдагыны оңдоп-түзөбөй туруп айтып салдым:

- Байке, аял алганы атасыңарбы? - дедим аркы бастырмадан кайра басып маңдайыма келгенде.

Ал мындай суроону менден, анан дал азыр, мынабу экөөбүздөн башка киши жок, малдын кепшеген, окуранган, жөөлөшкөн дабышы гана угулуп турган береги ээн короодо, бети-колду чымыраткан аязда, асманда бирин-серин жылдыз жымыңдай баштаган беймаал, теребел мемиреп турган көз ирмемде күтпөсө керек. Таптакыр күтпөсө керек…

- Анан эмне кылайын, садагаң кетейин…- деди ал мени аргасы кеткен абалда жалооруй карап, — апаңдан ажыраганыбызга эки жылдан өтүп баратат. Ажал деген ушул турбайбы…»

Кыргыз салты боюнча жесил калган эркектин төшөк жаңыртышына балдары уруксат бериши керек. Атасы балдарына каралап үйлөнүү деле оюнда жок болчу. Кыйла жыл турмуш арабасын чогуу тартышкан асыл жарынан ажыраганы үйлөнүү тууралуу деле ойлонбой, кантип балдарын эрезеге жеткирсем деген тилек менен жашап жаткан. Ал арада убакыт билинбей жылып, ортодон эки жыл колдон суурулуп кетиптир.

Карабайсыңбы эми, тестиер баласы «төрөбөгөн аял ал» деп атасына кеңеш берип атат. Ал сөздү, албетте, эжелери үйрөткөн. А бирок киши көңүлүн оорутпаган атасы ойдо жок жерден осол сөз угуп кандай абалда калды экен? Тагдырына таарынып ыйлады бекен? Кандай осолдук кылганын баласы кеч түшүндү. Кожураган үй-бүлөнүн болгон түйшүгүн мойнуна алган жаңы апасы балдарынын баарына бирдей мээримин төгүп, карыганда тынчып жатып калбай күн кур эмес шаарда жашаган уулуна телефон чалып, неберелеринин абалын сурап турат.

Токсондон ашкан апанын шаардагы баласынын тынчын алып кобурашып отурушу кимди да болсо кубантарлык иш го. Ишке көмүлгөн баласынын апасына телефон чалышка убактысы аз. Апасы: «Эмне болсун, акыбалыңды билейин дедим. Ден соолугуң, балдарың кандай?» дейт. Убакыт табат, баарына телефон чалып, абалын сураганга ал кишинин убакты-сааты жетиштүү. Анан ошондой энени ким өгөй деп айта алат?!

«Сен кандай бала элең… Эки атаң тең - чоң атаң, өз атаң - байкең жакшы көрчү, жайыңа койчу. Өзүң да элпек, иштерман эмес белең. Эми алтымышка келдиң, эки жагыңды кара. А мен токсонго чыктым. Тың элемин! Жазгандарыңды гезиттен окуп атам. Кечээ Айтматовду жазыпсың, мени качан жазасың?..

Соткасы өчтү. Кудай жалгап зарядкасы түгөндү окшойт. Кайра чалайын дедим, бирок дагы эмнени сүйлөшөбүз?..»

Чын эле эмнени сүйлөшөт? Энесинин эмне сурары, эмнелерге кызыгары баласына жадыбалдай жат болуп калган. Уга берип тажап, айылда жатып шаардагы баласына эзилген энеси менен эмнени сүйлөшмөк элек деп отуру.

Миң-Булактык апа

Жаңы апасы 47 жыл илгери келген. Апасынан айрылып, бир үйдүн күндөлүк тирилигинен тажаган балдар атасынын жаңы апа алып келишин айтып, акыры андай адам булардын үйүнө келип, балдардын улууларынын «апа» дей албай кыйлага арасат кыйналгандары эсинде. Кийин жаңы апа өз ападан кем калбаган мээримдүү жан экен, сегиз баланы канатына калкалап чоңойтту. Айтса, Миң-Булакка баратканда атасы Ат-Башыдан бир мугалим аялга сырын ачкан. А бирок анысы үч баласы бар экенин айтып, 11 баланын түйшүгүнө чыдаш кыйын болорун кыйытып макул болбой койгон. Ага карашмакпы, баласын ээрчиткен ата ат арытып Ат-Башыдан кыйла ыраак алыскы Миң-Булакка илгери үмүт менен келген. Ошол апасы - кыйла жылын кызматта өткөрүп, жашы өйдөлөгөндө жаңы үй-бүлөгө кошулган мээримдүү аял.

Өз энеби, өгөй энеби – баласына мээримин төгүп, башка бүлө дебей жадырап жашап кетсе ортолук мамиле дайыма ысык, сый-урматтан өксү болбой турмуш арабасы бир калыпта өтө берет экен. Жаңы апасын издеп Миң-Булактагы Күкү эжесине барышкан. Ортолук жол деле кыйла узак болчу. Айылдан чыгып Ат-Башыга барып, андан Нарынга түшүп, мелтиреп жаткан кең талаанын бир бурчун ээлеп жаткан Миң-Булакка уулу менен атасы таттуу-паттуудан сумкесине толтура салып барышкан. Атасы жаңы бактысын ошо Миң-Булактан тапкан.

«Жездем бир кезде кетип, селсоветтин төрайымы болуп иштеген болочок апабыз кечки чогулуштан кийин түз эле бул жакка келерин энтеңдеп айтып келди. Казанда согумдун эти кайнап, оозгу үйдөгү тегерек үстөлдүн дасторконунда дүйүм тамак, байкем, эжем, жездем өздөрүнчө тууганча талаш-тартыш, таарынычтуу, сагынычтуу узун сөзгө кирип бакылдашууда.

Биз Сакелең экөөбүз анын фотосүрөттөр чапталган кооз альбомун көрүп, төркү үйдөбүз. Ошондой болсо да канчалык Сакелең эжемдин мага альбомун, китептерин көрсөтүп алаксытканы менен менин көкөйүмдө, эси-дартымда эшик, келе турган белгисиз аялдын кандай экени, кебетеси, бир сөз менен айтканда, анда мектебибиздеги китепканага үйүр алышып, китептер дүйнөсүнө аралашып калганымданбы, мына-мына үйгө кирип келе турган адамдын бейне-образын ойлоп, кыялдануу менен алекмин. Аңгыча эшиктен ит үрүп, жездем бакылдап эшик ачып, күткөн коногу келгени бизге да айкындалып, Сакелең эжем мага эрдин тиштеп, көзүбүз альбомдо, кулагыбыз сыртта дегендей, шыбыраша сүйлөшүп отурабыз. Анан көптөн күткөн учур да келип, Күкү эжем эшиктен баш багып, «жүрөгой» дегенден кийин мен да боюмду түзөй, кандайдыр бир ыргылжың, эки анжы, чечкинсиз сезимдердин жетегинде оозгу үйгө чыктым…»

Ал күнү маселе чечилип көчүрүп кетүү кийинкиге калтырылып, ата-бала айылына кайтышкан. Атасы «Жактыбы?» деп сурап, бир жумадан кийин алып кетишерин айткан. Мукул тумшук сары автобус ыраазы болгон ата-баланы Нарынга тасма жол менен алып бараткан. Эжелеринин тапшырмасын аткарган бала жаңы апасы кандай болорун ойлоп, сыртты карап телмирет. Атасы кан майданда чогуу болгон таанышын жолуктуруп, экөө узун сөзгө кирип, ысык автобустагылар сырттагы кышкы суукту тоотпой келатышты.

Дүйшөн Керимов сегиз балага мээримин төгүп, бир үйдүн ысык-суугун кошо тарткан мээримдүү апанын жаркын образын мыкты тартып берген. Турмуштук негизге таянган окуя аркылуу эненин улуулугун, бийиктигин даңазалаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG