Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:34

«Кайран элдин» казалы


Дооронбек Садырбаев.

Бүгүн, 13-февраль - Дооронбек Садырбаевдин туулган күнү.

Ал атпай журтуна аттын кашкасындай таанымал өнөр адамы, көркөм чыгармачылыктын бир топ салааларында чоң из калтырган, коомдук-саясий маселелерди тартынбай козгогон ишмер эле. Залкардын артына калтырган опол тоодой эмгеги, көркөм мурасы жамалын өчүрбөй, мезгил сынына баш бербей экинчи өмүрүн өтөөдө.

Апыртандык бала

Дооронбек Садырбаев айтылуу Арстанбаптын түштүк-батыш ыптасындагы Апыртан деген айылда 1939-жылдын 13-февралында жарык дүйнөгө келген. Андай жерде өзү акын гана төрөлүшү керек эле. Бет алдыңда берекелүү Фергана өрөөнү, чыгышка көз чаптырсаң аскасы асманды тиреп турган касиеттүү Арстанбап тоолору. Калкына кадырлуу Доке төрөлгөн жыл кешиги жок совет тарыхынын катаал мезгили эле. Ал кез тарыхка кыргыз каймактарынын текши баарын сталиндик репрессиянын чалгысы кыя чапкан катаал жыл болуп кирди.

Тарыхтын дагы тамашасы, так ошол жылы кыргыз маданияты менен адабиятынын чоң борбордогу декадасы өткөн. Кийин апыртандык бала элинин башынан өткөн ошол тарыхый катаал учурларды ачык баяндаган «Кайран эл» кино дастанын жаратат. Ушу кезге чейин көрүүчүгө чыгары күмөн чоң тасма авторуна мактоо кепке караганда түйшүктү, талаш-тартыштарды көбүрөөк алып келди окшойт. Көпчүлүктүн өтүнүчү менен кино тасма эки күн бою Бишкектеги Опера жана балет театрында жабык көрсөтүлүп, ошону менен сандыкка салынган.

Социализм тарых тактысынан жылмышып, жаңы системанын кандай экени билине элек, карапайым калк кара жанын багуу менен көбүрөөк алек болуп жаткан баш аламан кез эле. Мурдагы замандан калган мал-мүлк таралып, «кан таламай» күчөгөн учур болчу. Калк кайда баратканынан анча кабарсыз, коммунисттердин көбү демократ чыгып, тарткылыгы бар «кайран эл» каржалып турганда Докең улут тарыхынын тереңине үңүлүп, улутташтарынын арман-азабын алдыга жайып, арман күүсүн баштаган. Эмнеликтен опуртал темага сүңгүп кирип кетишинин себеп-жөнүн автордун өзүнөн эле уксак.

Урпактар билип алса экен деп,
Кыйын күн дагы түшсө журт башына,
Кыргызды сактап калса экен деп.
Өңгүрөп ыйлап жүрүп,
Өзүмдү кыйнап жүрүп.
Өлүмдөн жалтанбастан,
Өмүрүмдү жакканым чын.
«Кайран элге» шам күйгүзүп,
Кайгылуу тасма тартканым чын.
Катын намыс улуктарга,
Каяша айтканым чын.
«Жарма баатыр» сапарлашты,
Жамбашка алып чапканым чын.

«Кайран эл» кинотасмасы ошентип көрүүчүсүнө жетпей сандыкка катылды. А бирок аны тарткан авторун эли туу тутуп, жаңы заманда калкынын ишенимине арзып, эл өкүлү катары кинодо айтылбай калган ойлорун парламент трибунасынан айтуу мүмкүндүгүнө ээ болду. «Кайран эл» - кыргыз тарыхынын урунт учурларынын бир тобун кино тилине көчүргөн, Ала-Тоодогу, чет жердеги кыргыздардын үмүту менен арман-азабын жашырбай баяндаган чынчыл чыгарма. Кыргын-сүргүндөн башы чыкпаган кыргыздын кыраандарын сталиндик репрессия алып тынган.

Бу да ырас,
Тарых күбө.
Отузунчу жылдардын соңунда,
Эсирген улук,
Эбегейсиз байлыгы бар колунда.
Чымындай жанын, чыркыратканын.
Бараткандын барынын,
Большевиктин жолунда.
Кызыл-Кыя жактын кулуну,
Кыргыздын ошондогу улугу.
Абдыкадыр Орозбековго,
Акылга сыйбас айып такканын.
Кат тааныган кыргыздын көбү,
Кан кусуп камакта жатканын.
Касымын Тыныстандын,
Кайсы кыргыз, канчага сатканын.
Айтматтын Төрөкулун,
Элден бөлүп, эмне үчүн атканын.
Исакеев Баялынын башын,
Социализмге садага чапканын,
Жүз кырк эки «эл душманы»
Эки метр чуңкурга кантип батканын.
Жарты кылым,
Асман аза күтүп,
Эмчеги сыздап, Жер Эне онтоп жатканын.
Жаманын жашырбастан,
Жакшысын ашырбастан,
Арам ойлуудан бекинип жүрүп,
«Абаларым» деп өкүрүп жүрүп.
Арбагына куран окутуп,
Көз жашымды төккөнүм чын.
«Кайрандар» деп кан жөткүрүп,
Кабыргамды сөккөнүм чын.

«Кайран эл» - элибиздин өткөнү менен бүгүнкүсүн бүкүлү аңдаган, кыргыз тарыхынын кино тилине салынган дастаны. Аны Дооронбек Садырбаев жүрөгү өрттөнүп, намысы козголуп, арманы күчөп отуруп жараткан. Бул анын буга чейинки топтогон көркөм тажрыйбасынын өзүнчө бир квинтэссенциясы болчу. Ошондон анын ырларынын текши баары «кайран элдин» ырга салынган арманындай сезилет.

Чынчыл инсан

Дээринен сезимтал, боорукер, анан да намыскөй жаралган өнөр адамы тарыхтын тар жол, тайгак кечүүсүндө коомдук турмуштун борборунда гана турат экен. Андан башкача болушу да мүмкүн эмес окшойт. Социализм заманында эле Дооронбек Садырбаев мекенчил экенин ошол кездеги аңгеме, ырларынан, кино чыгармаларынан сезилип турчу. Коммунисттик идеологияга кайчы келген курч социалдык чыгармалары кантип чыгып кеткени ушу азырга чейин табышмак. Эгемендик келгени ал буга чейин ичинде буккан арманы менен ишке ашыра албай келген кыялын ишке ашырууга мүмкүндүк түзүлдү.

Ырдасам «Кыргыз элдин кырааны» деп,
«Балдары баатырлардын чыгааны» деп.
«Кыздары кыйгыл журттун көрөңгөсүн,
Кылымдан-кылым сактап тураары» деп.
Кыйлалар «ырас» деди,
Кыз-келин «чунак» деди.
Партия каарын төгүп,
«Паразит - враг» - деди.
Орустар ормоюшуп,
«Обычный дурак» - деди.

Ыйласам «Кыргыз элдин кору экен» деп,
«Маңкурттук маңдайдагы шору экен» деп.
«Күчтүүгө күлө карап, жанын төшөп,
Күн көрмөк журттун баскан жолу экен» деп.
Сынтаккан «жаман» деди,
«Сый-урмат тамам» деди.
Партия титиреңдеп,
«Тишиңди кагам» деди.
Орустар ороңдошуп,
«Обычный баран» деди.

Кино өнөрү - өзү көпчүлүктүн катышуусу менен, биргелешкен аракеттин натыйжасында жаралчу иш. Анын үстүнө кыргыз турмушунда мурда болбогон жаңылык эле. Дооронбек Садырбаев ага өмүрүн арнап, кийин коомдук иштерден колу бошобой калган учурларында деле кино тартсам деген илгери үмүт менен жүрдү. Ленинграддагы киночулар окуусун аяктагандан кийин мына ушул түйшүгү түмөн өнөрдүн ысык-суугуна кайыл болуп ал 70тен ашуун даректүү тасмаларды тарткан. Кыргыздын эчен залкарларынын элесин тасмага түшүрүп, улуттук маданиятка опсуз ири салым кошкон. Буга 16 көркөм тасманы, онго жакын адабий китептерин, публицистикалык жыйнактарын кошсоңуз көзү өткөндөн кийин Кыргыз эл баатыры болгон залкардын бараандуу эмгегинин барк-баасы өзүнөн-өзү эле чыга келет.

Дооронбек Садырбаевдин калеминен чыккандардын баки-жогун баса калып окуган катары калың күйөрмандарынын жарпын жазып, көңүлүн кушубак кылган макала, ой толгоолору, көркөм чыгармалары мезгил сынына бой бербей, калкыбыздын саясий маданиятын көтөрүп, коомдук талуу маселелерди кантип козгоп, кандай формада туюнтуунун үлгүсүн көрсөтүп келе жатат.

Дооронбек Садырбаев - көп кырдуу талант. Анын айтылуу «Топчу» деген кыска метраждуу тасмасынан соңку «Кайран эл» дастанына чейинки кинолорун, болбосо аңгеме, романын, сезим кылдарын козгогон лирикасы менен саясий-жарандык ырларын бири-биринен бөлүп караш кыйын. Жалаң кино өнөрү менен гана алектенбей ыр жазып, кино котормо ишине катышып, дикторлук өнөргө кыйла убакты-саатын сарптап, колунан иш келип турган чагында көркөм өнөрдүн топ салаасына кайрылып, баарында кадыресе из калтырууга жетиштин өзү анын жөндөм-шыгынын, табият берешендик менен берип койгон талантынын сыйкыры го.

Кино, көркөм адабият, журналистика, соңунда коомдук ишмердикке баш-оту менен кирип кеткен жылдарында колунан калемин түшүрбөй үнү жеткен жердин баарына өзү туура көргөн акыйкатын айтып өттү. Айтылуу «Кайран эл» кино дастандын жогорто эскерилген эки күндүк бет ачарында Докеңдин «Визитка» деген ыр китеби сатылып, автору кол тамгасын койгон. Узун кезектегилердин ар биринин атын сурап, алардын баарына эрикпей каалоо-тилегин жазып бергени азыр да эсимде. Ал китеп автордун кыргыз поэзиясына баш багуусу болчу.

Таанып ал, тааныбасаң мына мени,
Жашыруун жан эмесмин ата-теги.
Урпагы маңкурт болуп келе жаткан,
Өтүшкөн маңкурт болуп ата-теги.
Малга бай, арга жарды, мансапка ынак,
Мен болом маңкурттардын Маңкуртбеги.

Кабынан качып турган желиндери,
Кара-көк, кызыл-сары эриндери.
Ырга бат, ычкыры элпек, шыпты кашка,
Кылыктуу кыркма чач кыз-келиндери.
Журту эмес жубайына ээлиги жок,
Мен болом маңкурттардын Маңкуртбеги.

Ошол «Визитка» баш болгон ырларында Дооронбек Садырбаев өзү, үй-бүлөсү, жакын адамдары жайында гана жазган. Акын ириде ички сезим-туюмдарын ырга кошот, көркөм туюмун окурман алдына жаят. Докең аялы, уулу, неберелери, башка жакын адамдары тууралуу агынан жарылып кеп кылат, тамашалуу саптарды жазат. А бирок анын поэзиясында деле жарандык лирика, публицисттик илеп, элинин ийгилигине сүйүнүп, кемчилине күйүнүү маанайы арбын. Кайран элдин кайгы-касиретин ырга салууну, көркөм өнөрдүн башка түрлөрүндө деле ушул теманы ал дайыма алдыга койгон.

1992-жылы Докең «кыргыздан кор эл таппай жер бетинен, кыйналып кыйын шагым сынып келдим» деп жазган. Анан да аларына алымсынбай жакшы эле ырларынын баарын аянбастан «котур ырлар» деген.

Аттиң, кайталангыс залкар талант 2008-жылы 28-майда 69 жашында бу жалганды чанып кете берди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG