Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 18:15

Дооронбек Садырбаевдин “Топчу” аңгемеси алгач “Кыргызстан маданияты” жумалыгына 70-жылдары жарыяланган. Андагы козголгон адеп-ыймандык маселелердин актуалдуулугу күнү бүгүнгө чейин маани-маңызын кемитпей, окуган адамды ойлонтпой койбойт.

Кичинекей сезимтал кыздын тагдыры аркылуу жазуучу коомдук турмуштун чечилбес көйгөйүн алдыга алып чыгат. Кыргыз аңгемесинин классикасынын бул берүүсү көп кырдуу талант Дооронбек Садырбаевдин “Топчусуна” арналат.

Иштеп жүрөм, а өзүңчү?

Дооронбек Садырбаевдин көп кырдуу өнөрүнүн башында аңгемечилиги өзгөчө орунда. Өткөн кылымдын 60-жылдарынын аягынан тарта жазуучунун аңгемелери мезгилдүү басма сөздө арбын жарыялана баштаган. Кийин алар чогулуп 1984-жылы “Күтүү” деген ат менен китеп болуп чыккан.

Аңгемечи Садырбаев жөн-жай тиричиликти, айылдан келип шаарда турук алган жаш адамдын жашоо-турмушун сүрөттөөнүн устасы эле. Жумшак юморго шыкалган ал аңгемелерде жаш адамдын шаардык турмушу, жаңы тирдик жаштардын кантип биргелешип түтүн булатканы, кичинекей үйүн буюм-тайымга толтуруп, күндөлүк тирилик машакаты аларды кантип өзгөртүп жатканын кемелине келиштирип сүрөттөчү. Анан ошол аңгемелеринде элеттин бир кыл турмушу, тоонун таза абасын сагынган адамдын ичиндеги арманы жатчу. Маселен, жазуучунун “Самын” аңгемесинде соода кызыкчылыгына байланган сулуулук туурасында кеп болот. Шаардагы самын саткан дүкөндөгү сулууну бир көрүүгө куштар эркектердин эрикпестен эки самын алышка бир жерге гана келишери коңур тамашага чулганган аңгеменин сюжетин түзөт.

Ал эми “Топчу” аңгемесинде чагылдырылган турмуш көрүнүшүнүн жөн-жайы башка. Мында автор бийик адеп-ахлактык маселени, бейкүнөө наристенин ыйык сезиминин катаал турмуш тоскоолуна кабылышын ушунчалык элестүү сүрөттөй алган. Жазуучунун гуманизми, адам тагдырынын ушунчалык татаал, карама-каршылыктуу экени кичинекей “топчу мурун” кыздын образы аркылуу алдыга суурулуп чыгат.

Атасы жок кичинекей кыздын “аталуу болушу” артынан дагы бир проблеманы ээрчите чыгары башында эч кимдин оюна деле келбейт. Кичинекей актриса Айнур кинодогу атасынын ролун аткарып жаткан Нурландын айтканына ишенип аны ата кылып алат. “Апамын кызымын” деп жүргөн наристе үчүн ата буга чейин кол жеткис кыял, балалык көкүрөгүндө катылып келген арманы болчу. Мына киного тартылганы келип ал аталуу болду, эми ага атасы каалаган маалында балмуздак алып берет, көтөр десе көтөрөт, каалаганын жасачу жакын адамы. Нурланга кичинекей Айнурдун өзүн каадалуу кишидей тааныштырганы жагат. Айнур Мусаева деп атпайбы.

Дооронбек Садырбаев тасма тартуу учурунда
Дооронбек Садырбаев тасма тартуу учурунда

“ О, кечиресиз, айып менде, Нурлан Каарыев. Кимдин кызысың?

- Апамын.

- Ии... жакшы. Атаңдын да кызысың го...

- Жок, апамын эле.

Кыздын кабагы саал бүркөлө түшкөндө, чекилик кетиргенимди сезе коюп:

- Биерде эмне кылып жүрөсүң? – деп сурап жибердим.

- Иштеп. А өзүңчү.

Баса, жогоруда мени күтүп жатышканы эми гана эсиме түштү.”

“Ойнобойм, жаман экенсиңер”

Кичинекей Айнур менен “Телефильм” студиясында таанышкан Нурлан режиссер досу Ишенгазынын жаңы тартылчу кино сынагына келген. Ошол тасмада ал атанын ролун, Айнур анын кызынын ролун ойношмок. Атанын ролуна төрт актер чакырылып, үчөө биринчи сынактан эле өтпөй калышат.

“Айнур Айткулуга да, Акынбекке да кыз болгусу келбей: “Ойнобойм, жаман экенсиңер!” – деп кежирленип туруп алды. Айласы кеткен Ишенгазы өзүнүн кандидатурасын сунуш кылып көрдү эле, кыз ага да көнгөн жок. Эмки кезек меники. Эмне кылаарымды билбей тамеки тутандырып алып, бир азга бөлмөдө ары-бери басып турдум да:

- Айнур, Азамат кандай, дагы эле тентектигин койбой жүрөбү, - деп Ишенгазынын жардамчысынын алдында дулдуюп отурган кыздын жанына басып келдим.

- Ии! – деди Айнур күтүлбөгөн жерден, кабагын бүркөгөн бойдон. – Кечээ шапкесин жоготуп келиптир.

- Бала да!- дедим мен. – Бара-бара эс тартып кетет...

- Ии... Ошентет...- деп а да каршы боло койгон жок.

- Айнур! Мага кыз болосуңбу? – дедим чачынан сылап.

- Өзүңүн кызың жокпу?

- Жок.

- Эмне үчүн?

- Кхе... Гм... Сага кандай деп түшүндүрсөм? Сендей жакшы кызды издеп таппай жүрбөдүмбү... Мына, эми таптым. Эгерде сен макул болсоң, кыз кылып алат элем.

- Чындап элеби?

- Ананчы.

Нурландын айтканына ишенген кичинекей кыз киного тартылып, андан кийин “жаңы атасынын“ мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын күндөрүн өткөрө баштайт. Бирок да кинодогу ата менен турмуштагы ата эки башка нерсе экенин наристе кыз билгиси келбейт, ал үчүн Нурлан чын эле атасы. Атасы болгондон кийин дайыма жанында болушу керек. Эми алар апасы, атасы болуп чогуу жашашы абзел.

- Кеч болуп калды,- дедим мен.- Эми мен барайын.

- Жок, кетпейсиң,- деп каршы чыкты Айнур күтпөгөн жерден мойнуман кучактап. – Эми баарыбыз бирге болобуз.

- Кантет? – Асыл кулагынын учуна чейин кызарып. – Кое бер байкеңди, өзүнүн кызына барбайбы?

- Барбайт. Кызы менмин! - деди Айнур мойнума асылып.- Эми үчөөбүз жашайбыз. Кетирбейм!

- Эмне дейт, албарсты! Кана азыр кое бергин байкеңди!

- Кое бербейм, байкем эмес, атам экенин элдин баары билет.

Асыл алдаса да, опузаласа да Айнур такыр көнбөй койду.

- Тим эле коюңузчу! – дедим. - Бала эмеспи!.. Кичине отура турайын, анан уктаганда...

- Ооба сага, анда уктабайм! Мени таштап кетип калсаң ээ!

Асыл кызын менин колуман жулуп алып, куйрук талаштыра тартып-тартып жиберди.

- Ээ, кантесиз?!

“Чыр” дей түшкөн кызды эми мен жулуп алдым.”

Нурландын алдамчылыгы ушинтип турмуштук биринчи тоскоолдон өтө албай, андан үчөө тең жапа чегишет. Кичинекей Айнурдун чыр салып, апасынан таяк жеп, күчүн ыйдан чыгарып отурушуна күнөөлүү Нурлан гана болчу.

“- Өзүң айтпадың беле?,- деди Айнур мага көзүнүн жашын он талаа кылып агызып. – Чындап дебедиң беле! Анда эмне алдадың?..

Денем калчылдап, көзүмө эч нерсе көрүнбөй, аалам караңгылап кетти. Анын ошондогу, мончоктоп бетинен төмөн көздөй аккан жаш, ушунчалык таарынычтуу көз карашы ушу азыр да көз алдыма тартылып, ый аралаш: “Эмне үчүн алдадың?” дегени кулагыман кетпейт. “

Кичинекей кызды алдаган Нурлан уятына чыдабай канча кишинин эмгеги кеткен ишти ара жолго калтырып, киного тартылуудан баш тартат. Ишенгазынын киносу аягына чыкпай, болгон иштин жалгыз күнөөкөрү Нурлан эсептелип, аны башка режиссерлор ишке чакырбай, актердун келечеги арсар калат. Нурлан үчүн бейкүнөө наристени алдап, анысы ачыкка чыгып калгандан кийин ишин улантышы мүмкүн эмес эле. Андайга абийири да жол бербейт.

Баягы “топчу мурун” кыз

Чыгарманын жыйынтык эпизодунда каармандар жети жыл өткөндөн кийин көчөдөн жолугат, "топчу мурун" кыз чоңоюп калыптыр.

“Баягы “топчусунан” алдымда турган кыз Айнур экендигин жазбай тааныдым.

- Анан ал мага азыр аталуу, ал турсун, кичинекей инилүү да болгондугун, жылыга баары Ысык-Көлгө барып эс алып келишерин айтты.

- Баягыда киного тартылганын да унутпаптыр. Бирок чоңойгондо артистка эмес, кинорежиссер боломун дейт.

- Ошондо өзүм тарткан кинолордун баарында сизди башкы ролдордо ойнотом. Макулбу, Нурлан байке?

- Макул.

Мен бармагымды Айнурдун мурдунун учундагы “топчуга” тийгизмекчи болуп колумду сунуп келатып токтой калганымда, Айнур: “Дү-үт” деп үн чыгарып, кадимкисиндей жарк этип күлүп ийди. Анан...

... Анан, кол булгалап, троллейбус токтоочу жерди карай чуркап жөнөдү.”

Байкалып калгандыр, аңгемеде сүрөттөлгөн турмуш авторго тааныш тема, киночулар турмушу. Бийик өнөрдү аркалаган адамдар абийири алдында калп айтпастыгы, а бирок жашоо-турмуштун кыйындыгы, ар кыл адам тагдырлары аңгемеде элестүү сүрөттөлгөн. Наристе кыздын аялуу сезими алдында өнөр кызыкчылыгы деген түшүнүк болбошу керектиги аңгемеде дагы бир ирет ырасталат.

Дооронбек Садырбаев таасирдүү өнөрүнө улай ыр, аңгеме, роман жазып, аларын орус тилине өзү которуп, чыгармачылык кызыктуу өмүр сүрдү. Улуу акын Алыкул Осмоновдун өмүр жолун баян кылган кинороманды, публицистикалык эсселерди жаратты. “Топчу” аңгемесинин негизинде кыска метраждуу кино тартты.

Дооронбек Садырбаевдин китеби
Дооронбек Садырбаевдин китеби

Ал кайсы жанрга кайрылбасын, кандай теманы козгобосун, өмүрүнүн соңку жылдарын арнаган саясий ишмердигинде болсун, публицисттик, кино, көркөм чыгармаларында болсун элинин ырын ырдап, муңун муңдап жүрүп өттү. Белгилүү адабиятчы, профессор Кубан Мамбеталиевдин айтуусунда, эмдиги жылы Дооронбек Садырбаевдин юбилейи болот – 80 жылдыгы өтөт.

- Дооронбек Садырбаев Кыргызстандын тарыхына чоң из калтырган адам. Жер жаракасы акындын жүрөгү аркылуу өтөт деп коюшат го. Кыргыз тарыхынын “жаракалары” да Докемин жүрөгү аркылуу өтчү. Коомдук турмуштагы окуяларга, учурларга кайдыгер болбой жазып, көрсөтүп, тартып, ал адабияттын кайсы жанрына кайрылбасын, жакшы чыгармаларды жазып, акын, кара сөзчү катары артына чоң из калтырып кетти. Мага жакканы – Докемин публицистикасы. Түркиядан иштеп келгенден кийин экөөбүз көп байланыштык, чогуу болуп калдык. Ал кишинин депутат болуп шайланышына жардамым тийсин деп элди чогуу кыдырганбыз. Дооронбек Садырбаев тууралуу гезитке макала жазгам. Эми мындай жарандар негизи аз жаралат.

Көп кырдуу таланттын адабий же кино ишмердигинин кайсынысы мыкты деп айтыш кыйын. Баарында тең Дооронбек Садырбаевге гана таандык стиль, өзүнчөлүк бажырайып ачылып турчу. Ошондон анын публицистикасы, адабий, кино чыгармалары – баары тең мезгил сынынан өтүп, окуган, көргөн, уккан адамды кайдыгер калтырбай, эли үчүн каруусун казык кылып иштеп берген азаматтын элесин өчүрбөй келет. Анын кино өнөрүндөгү“Арман”, “Элет мозаикасы”, “Кайран эл”, “Карышкырдын улуганы”, “Махабат баяны” сындуу тасмалары кыргыз классикалык кино өнөрүн байытып кетти. Ушундай эле бааны анын поэзиясы менен прозасына, публицистикасына карата да айтууга болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG