Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:53

Катаал тагдырга кабылган эки алптын ымаласы


Азамат Алтай, Аким Өзгөн, Майра Жакып келини жана башка “Азаттыктын” жамаатынын өкүлдөрү Чыңгыз Айтматовду коноктоодо. 1988-жыл. Мүнхен ш., Батыш Германия.

Америкалык изилдөөчү Жефф Лилинин "Тоолор кулап калдыбы? “Кансыз согуш” маалындагы жоготуунун жана кутулуунун кош сапары"  деген китебинин бет ачары Бишкекте өттү. Ага Бишкектеги эл аралык уюмдардын, илимий, чыгармачыл коомчулуктун, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жефф Лили басмакананын сыясы кургай элек "Тоолор кулап калдыбы? “Кансыз согуш” маалындагы жоготуунун жана кутулуунун кош сапары" (Jeffrey Lilley. Have the Mountains Fallen? Two Journeys of Loss and Redemption in the Cold War. - 2018. - ISBN: 978-0-253-03244-7) аталыштагы китебинде эңгезер дөөлөттөрдүн (империялардын) жөөлөшүнүн азабын тарткан эки улуу инсандын - дүйнөлүк адабияттын алпы Чыңгыз Айтматов менен Экинчи дүйнөлүк согуш капшабында калып, Батышта өмүр кечирген Азамат Алтайдын тагдыр жолун, мүшкүлүн жана чыгармачыл мээнетин салыштырып иликтеген.

Армандуу балалык, репрессия азабы

Жазылып бүтүп жарыяланып, окурман колуна жеткенче эле мактоо кепке арзып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган китептер болот. Жефри Лилинин "Тоолор кулап калдыбы?..” деген китеби да ошондой ыкыбалга туш келди окшойт.

Жефф Лили АКШ Конгрессинин китепканасында. 18.4.2018.
Жефф Лили АКШ Конгрессинин китепканасында. 18.4.2018.

Китептин АКШнын Вашингтон китепканасында башталган бет ачарынан кийин Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын армандуу тагдыр баянын окурмандарга тааныштыруу жөрөлгөсү Бишкекте 2018-жылы бугу (май) айынын 19унда өттү.

Дүйнөлүк алп жазуучунун армандуу тагдыры да арман-асиретке толтура, тогуз жашынан атасынан ажырап, каргадай кезинен катаал турмуштун оор жүгүн моюнга илип, кан майдандан кайтпай калган кайрандардын “кара кагаздарын” жакындарына тапшырып, оголе оор жүктү аткарышы анын кийинки өмүрүндө эстен кеткис элес катары калган.

Жефф Лили улуу жазуучунун өмүр баянындагы урунт учурларга кайрылган, атасынан ажыраган өспүрүмдүн турмуштан кантип өз жолун табышы, атасынын ордун басып, Төрөкул Айтматовдон калган үй-бүлөнүн болгон түйшүгүн моюнга илип, турмуштун катаал сыноосунан кантип өткөнүн баяндаган.

1940-жылы аскерге чакырылып, Улуу Атамекендик согуштун башталышында туткунга түшүп, белорус, француз партизандары менен биргеликте фашисттерге каршы күрөшүп, кан майдан соңуна чыккандан кийин советтик ГУЛАГдын азабына башын салып беришти каалабаган Азамат Алтайдын кантип француз жергесинде “итин ээрчиткен кытай” катары болгон кара жумуштардын баарында иштеп, кийинчерээк Германияга жана АКШга өтүп, аң-сезимдүү өмүрүн өкүмзор коммунисттик диктатурага каршы күрөшкө арнап, адам укугу, сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, кыргыз элинин кылымдардан берки келаткан ой-тилегин ишке ашыруунун катаал жолуна түшкөнүн да Жефф Лили тарыхый фактылар негизинде сыпаттап чыккан.

Солдон: Мэри-Жейн Дииб, Конгресстин китепканасынын өкүлү, Кадыр Токтогулов, АКШдагы кыргыз элчиси, Жефф Лили, китеп автору, жана Венера Жуматаева, "Азаттык" үналгысынын деректири. Вашингтон. 2018.
Солдон: Мэри-Жейн Дииб, Конгресстин китепканасынын өкүлү, Кадыр Токтогулов, АКШдагы кыргыз элчиси, Жефф Лили, китеп автору, жана Венера Жуматаева, "Азаттык" үналгысынын деректири. Вашингтон. 2018.

Жефф Лили узак жылдарды камтыган иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарган китебинде кандай максат-милдеттерди алдына койгонун мындайча мүнөздөдү.

- Бул китеп эки үлкөн кыргыздын - Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын өмүр жолун баяндайт. Ушул эки улуу инсандын “кансыз согуш” кезинде кантип тагдыр жолу кез келип, табышып калышканы тууралуу. Билесиз, бири Кыргызстанда эмес, чет жерде жашаган. Экинчиси Кыргызстанда жашаган. “Кансыз согуш” жасап койгон тосмонун эки жагында болушканы менен, ал экөөнүн алдында бир чоң маселе турган эле. Коммунисттик идеологияга жутулуп бараткан улуттук маданиятты кантип сактап калуу көйгөйү турган. Кыргыз тили менен тарыхын кантип сактап калуу керек милдети турган. Буга кошулуп, Кыргызстан өз алдынчалыгы үчүн күрөшүү деген маселе бар эле. Баарынан кызыгы, мына ушул эки улуу инсан “кансыз согуш” күчөп турган чакта бетме-бет кездешкен. Бул Нью-Йоркто болгон. Ошондо экөөнүн бири-бирине чоң сый-урматы болгон. Китеп мына ушул эки кыргыздын маани-мазмунга толгон кызыктуу турмушу жөнүндө.

Поюзду жандай чуркаган атанын арманы

Чыңгыз Айтматовдун арман-асиретке толо жашоо-турмушу 1937-жылы атасы Төрөкул Айтматовдун чыгышка багыт алган поюзду жандай чуркап, алдыда келаткан кандуу жазалоодон кандай да болсо аялы менен балдарын сактап калуу аргасын жасаган жеринен - Москванын темир жол вокзалынан башталган. Ыйга толгон баланын турмушу “эл душмандарын” кыйгас кырып-жоюуга багыт алган өкүмзор системанын тушунда убакыт өткөн сайын оорлошуп, тогуз жашында катаал турмуш желкесинен баскан.

Бул убакта айылда жашап, билим алып, элимдин керегине жарайм деп жүргөн Кудайберген Кожомбердиевдин (Азамат Алтайдын) алдыда кандай турмуш сыноолору күтүп турганы жөнүндө кабатырлыгы жок, жашоо-тирилиги өз нугунда жүрүп жаткан.

Аңгыча согуш башталды, душманга каршы чыккан кыргыз жоокери 1941-жылдын жайындагы оор кармаштардын тушунда туткунга түшүп, миллиондорду жалмаган ошол алааматтан аман калды. Туткундан качып чыгып белорус партизандары, кийин француз каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн катарында фашисттерге каршы күрөштү. Туткундан бошогондорду Мекенине кайтканда сталиндик бийлик кандай кабыл алышканы, дагы узак жылдар Сибирдин суугунда кайышып, адам чыдагыс азаптарга туш келишин угуп-билгендиктен Азамат Алтай айласыздан жерине кайтпоону чечет.

Жефф Лили Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын тагдыр жолундагы урунт окуялардын бир да бирөөн көз жаздымда калтырбай, алардын тагдыр жолунун татаалдыгын шашпай иликтеп чыгат.

Филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиевдин ырасташынча, бет ачары өтүп жаткан китеп болгонду болгондой калыс талдаган иликтөөнүн жемиши.

- Китептин автору Азамат Алтай Чыңгыз Айтматовдой эле баатыр инсан деп жыйынтык чыгарып жатпайбы. Ар бир инсандын тарыхта өзүнүн орду бар. Бул жагынан алсак, Азамат Алтай жөнөкөй инсан эмес, орус агайындар айтмакчы “незаурядный” ("чыгаан") инсан болгон. Согушта туткунга түшүп, каршылык кыймылына кошулуп кеткен. Бул тарыхтан өз ордун алган инсан. Көрүнүктүү инсан деп койсок болот.

“Кансыз согуштун” каары

Жефф Лили жаңы кылымдын башында Кыргызстанга келип иштеп, бул жерде Чыңгыз Айтматовдун китептерин калтырбай окуп, ал тууралуу материалдарды иликтөөгө алган.

- Мен сизге жашырбай эле айтайын. Мен Айтматовдун чыгармаларын улам-улам окугандан тажабаган адаммын. Бул жерде иштеп жүргөндө анын чыгармаларын окуп жатып жазуучунун турмушту ушунчалык терең, ар тараптуу билгенине таң калдым. Бул мени аябай азгырды. Мен андан көп нерселерди үйрөндүм. Бул жердеги беш жылым жалаң Айтматовду окууга кетти окшойт. Болгондо да түп нускасынан орус тилинде окудум.

Анан Тынчтыкбек Чоротегин менден Айтматов тууралуу сурап, өзү Азамат Алтай тууралуу айтып берди. Ага чейин ал киши тууралуу эч нерсе билчү эмесмин. Мен ага кызыгып, маалыматтар чогулта баштадым.

Анан жалгыз эле Айтматов тууралуу жазганга караганда Азамат Алтай экөөнүн кайчылаш тагдыр жолун баяндап берүү кызыктуу болобу деп калдым. Ушул эки адамдын тагдырлары аркылуу Советтер Союзунун, Кыргызстандын, “кансыз согуштун” , анан Кыргызстандын өз алдынчалыкка жетишин иликтедим. Бул экөө - көз карандысыз Кыргызстандын “аталары”.

Тагдыр мага кош тагдырдын, эки адамдын эриш-аркак жашоосу аркылуу ушул тарыхый окуяны чагылдыруу мүмкүнчүлүгүн берди. Кыргызстанда, сиздердин меймандос калкыңыздардын арасында жашоонун өзү - бакыт.

Жефф Лили 12 жылдык эмгеги сарпталган китебин дагы кеңейтип, улантып жазуу ниети жоктугун, ушу тапта китепти орус жана кыргыз тилдерине которуу иштерине камылга көрүлүп жатканын билдирди.

Китептин бет ачар аземин уюштурган франциялык Борбор Азияны иликтөө институтунун чөлкөмдүк жетекчиси Катрин Пужол китеп тууралуу пикирин мындайча билдирди.

- Кыргызстанда бет ачары өтүп жаткан китеп америкалык изилдөөчү тарабынан жазылган. Аны бишкектик, кыргызстандык окурмандарга тааныштыруу максатында бет ачар аземин өткөрүп жатабыз. Автор кыйла жыл Кыргызстанда жашаган, Айтматовдун чыгармаларын терең өздөштүргөн адам. Айтматов менен Алтайдын татаал тагдырлары тууралуу өзүнүн сөзүн айткысы келген. Эки адамдын тагдыры аркылуу “кансыз согуштун” кандайлыгын ачып берген кызыктуу китеп чыккан.

Мекенди сүйүүгө аралык жолтоо эмес

“Азаттык” үналгысынын директору Венера Жуматаеванын ырасташынча, эки улуу инсанды бириктирген жагдайлар бир топ. Алардын эн негизгиси катары экөөнүн тең кыргыз элин, кыргыз өлкөсүн катуу сүйгөнүн айтууга болот.

- Аларды жалпылаштырган нерсе эмне? Азамат Алтай бир үйдүн жалгыз уулу болчу, анын тагдыры татаал болду. Ошондой тарыхтын калтыс жагдайына кабылсак, биз кантет элек? Жазмышы ушул экен, душмандын колуна түшүп калды. Атасына, Ата мекенине кайтып келүүчү жолу жабылды. Кыргызстанды 55 жыл көргөн жок.

53 жылдан кийин Чыңгыз Айтматов өз атасыныны сөөгү кайсы жерге жашырылганын билген. Ушунча жыл экөөнүн жүрөгүндө арылбаган арман жашаган.

Мына ушул арман экөөнү бириктирген. Экөө чылк жабылган темир көшөгөнүн эки жагында жашаганы менен армандары бир эле. Тагдырдын тайгаланма жолунда арманы окшош эки адамдын көңүлү табышып, бирин-бири түшүнүп, бирин-бири аяп, тагдырдын оорчулугун көтөргөн жакын адамдар болуп калышкан. Мына ушул тагдырларды мыкты жазып берген Жефри Лилиге ыракмат. Мен бир кыргыз жазат го деп жүрдүм эле. Совет мезгилинде Айтматовдун китептери бир топ убакыт кыргызча чыкпай калышканын угуп таң калдым эле.

Чыңгыз Айтматов Советтер Биримдигинин абройлуу сыйлыктарынын баарына ээ болгону менен, өз жеринде, эне тилинде китептеринин чыкпай, пьесаларынын коюлбай калышы өкүмзор бийлик тушундагы таң калыштуу жагдай экени ушу азыр айтылууда.

Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов.
Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов.

Жефф Лилинин китеби Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын өмүр жолун иликтөөчүлөр үчүн бир кыйла кызыктуу маалыматтарды берери бышык.

Калемгер Лили атаандаш эки системанын - демократиялык жана тоталитардык системалардын - өз ара тиреши тагдырдын оор соккуларына кабылган кыргыздын эки уулунун бирин-бири түшүнүп, ичтеги сырды жашырбай айтышкан жакын инсандарга айлантканын белгилеп, алардын мына ушул бири-бирин кадырлаган адамдык мамилелери өмүрлөрүнүн соңку күндөрүнө чейин сакталып, экөө тең кыргыз деп татыктуу жашап өтүшкөнүн баяндап берген калыс иликтөөчү катары да калк эсинде калаары шексиз.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG