Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 03:50

Текшерүүчү мугалимди уяткарды


Касымалы Баялиновдун чыгармалар топтому.

Садыр Сарыгулов коомдук турмуштун адатта баам сыртында калчу көлөкө жактарын бутага алчу.

Жумшак юмор, какшык аркылуу пенде баласынын кемчилик, мүчүлүштөрүн сынга алып, андан кутулуунун жолун издечү.

Текшерүүчү келет

Ушу тапта мугалимдин билим деңгээли, кесиптик камылгасы жайында кызуу талаш-тартыштар көп чыгып жатпайбы. Социализм заманында деле ушул тууралуу арбын айтылчу.

Бирок анда мугалимдин айлык акысы жогору, коомдук кадыр-баркы бийик болчу. Албетте, ага жараша талап коюлчу, милдеттер тагылчу. Анан да кадырлуу кесипти аркалагандарда өкмөт, жергиликтүү бийлик тарабынан бир кыйла жеңилдиктер, турмуш-тиричилик жагынан жардам берилчү.

Андай шартта мугалим үчүн өтө турган сабагына даярдануу, тарбиялык сааттарынын камылгасына киришүү гана зарыл болбостон, жалпы ой өрүшүн кеңейтүү, көркөм чыгармаларды окуу, классикалык, элдик музыка, сүрөт өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн билүүсү да маанилүү. Иши кылып, мурдагы заманда мугалимдин кесиптик чеберчилиги жалгыз предмети менен чектелбестен, гуманитардык даярдыгы да эске алынчу.

Сыртынан караган адамга бала окутуш, элементардуу билим берүү анчалык деле акыл-эс күчүн талап кылбаган иштей сезилери бышык. А бирок жаңы муунга татыктуу билим берүүнүн түйшүгү, бул ишти баам сыртында калтыруу коом үчүн кандай кыйынчылык жаратары ушу азыр ачыкка чыгып отуру го.

Эң негизгиси - жаңы муундын тарбиячыларына, мугалимдик кесипке өмүрүн арнагандарга коомдук сый-урмат арбын көрсөтүлүшү керек. Тармактын кыйладан бери топтолуп калган проблемалары убагында талкууланып, маселелери маалында чечилип турушу абзел.

Садыр Сарыгуловдун аңгемесинде мугалимдин кесиптин негизги милдети, педагогдун кесиптик камылгасы, билим көрөңгөсү кандай болушу керек деген маселе козголгон. Маанилүү маселе айылдык карапайым мугалимдин мисалы аркылуу баяндалган.

Алыскы тоо боорундагы айылдардын биринде иштеген Асанкул мектептеги дурус деген мугалимдердин бири болчу. Сабагын жакшы өтчү, бош убактысында күндөлүк тириликтин камы менен жүрчү. Айыл жеринде жашаган ар бир адамдын өзүнө тиешелүү түйшүгү толтура го. Аңгеменин каарманы да институтту бүткөнүнө 16 жыл толуп, мектепке биротоло байланып, көнгөн ишин аткарып өмүр кечирип жаткан.

Мугалимдердин мектепке бармай, сабак өтүп коюп үйүндөгү көнүмүш тиричилигин жөндөп, күн сайын кайталанчу жашоо-тирдигин райондон же облустан келген текшерүүчүлөр бузчу. Сырттан келген өкүлдү сыйлоо, чайга карк кылуу да мугалимдерге түшчү түйшүк экени элдин баарына дайын. Андайда мектеп директору баш болуп эмгек жамааты кыйсыпыр түшүп, ишти эмнеден баштаарын билбей апкаарып, эмнегедир текшерүүчү десе эле баары чочулап турушчу.

Чочулоо

Кезектеги текшерүүчү облустан келгенин уккандан Асанкул жүрөгү түпөйүл тартып, өзүнөн-өзү чочулай баштады. Буга чейин канча текшерүүчүлөр келген, мурда минтип чочулаган эмес. Келген текшерүүчүлөрдүн суроолору деле бирдей болчу - институтту качан бүткөнү, кайсы мектептерде иштегени, иши кандай жүрүп жатканы. Мындай суроолорду Асанкул уга берип жат болуп калган, баарына көнүмүш жообун узатып, сыноодон кутулчу. Бул ирет облустук өкүл Асанкулга дегеле оюна келбеген суроону берип атпайбы:

« - Касымаалыдан канчоону билесиз? – деди.

Асанкул жалтанбай эле жооп бере баштады.

- Биздин айылда алты-жети Касымалы бар. Чулук Касымалы, мулук Касымалы, үшүгөн Касымалы, таз Касымалы, мас Касымалы, тармал Касымалы, таргыл Касымалы. Эми, эми экөө калган тура. Сак Касымалы, ак Касымалы.

Асанкулдун айылдагы Касымалылардын баарын жуп-жубу менен айтканына Омош бир чети ыраазы болсо, бир чети башын чайкады. Кыязы, Касымалылардын бардыгы бир айылга топтошуп калганына таң калгандан келип чыкты окшойт. Бул жерде чындап эле эч кимге кине коюуга болбойт да. Тепкедей айылда он чакты Касымалы жашаса, аны айыл ичиндегилер бирин-биринен ажыратып, даана билиш үчүн өңүнө-түспөлүнө, айрымдарынын тышкы турпатына тигинтип Касымалыларды ажыратып ат коюп алышкан тура. Бир эсептен тигиндей шартта элдин жанагинтип атаганы деле оң го. Ансыз атынан атаганы менен биринен бирин ажыратып биле албайсың да. Ошондой шартта тигиндей Касымалылардын ар биринин кошумча аты бар, айылда. Бирок Омоштун самаганы, ойлогону башка окшойт.

- Мен силердин айылдагы Касымалыларды айтып жатканым жок. Тек гана кыргыз адабиятында Касымалы аттуу жазуучулар тууралуу баян билгим келди эле.

- А, анда сиз биздин кыргыз адабиятында канча Касымалы бар деп жаткан турбайсызбы?

- Ооба. Сиздин кыргыз адабиятында канча Касымалы бар. Ошону сиздин ооздон уккум келди эле…»

Облустан келген текшерүүчүнүн өзү суроону туура эмес койду. Андай жалпы суроого ким да болсо Асанкулга окшоп жооп бермек. Текшерүүчү бүдөмүктөнтпөй суроосун так берсе Асанкул айылындагы Касымалыларды санап отурмак эмес. Текшерүүчүгө ким акыл айтсын, ал суроосун кандай берсе, эмне деп сураса өз эрки. Кызматынын аркасы менен айылга келип мугалимдердин билим деңгээлин текшеришке акылуу. Ошон үчүн ал «Касымалыдан канчаны билесиз?» деп отурбайбы. Айылдык карапайым мугалим эмес, адабиятты мыкты билген адис үчүн деле табышмактуу суроого так жооптуу табыш кыйын го.

Текшерүүчү ушундай удургутма суроосу менен алдында айласы куруп отурган айылдык карапайым мугалимди сөзүнөн жаңылтып, аягында кандай болсо да кемчилигин таап чыгышы керек эле.

Жакшы мугалимден деле кынтык табыштын жолун кыйды текшерүүчү билип калган. Кепти алыстан баштап, адабият сабагынан берген мугалимге деле оор келчү суроону алдыга жылдырып отурбайбы. Байкуш мугалим сөз таба албай, сабакты билбей калган окуучудай кайсалап, жардам издеп жалдырап отурушу анын жеңиши. Калганы жеңил, сабакты кандай өтөрүн ким билсин, бирок адабиятты билбейт, даярдыгы начар. Асанкулга дегеле оюна келбеген суроо берилди, кыргыз адабиятында канча Касымалы бар экенин айылдык мугалим кайдан билсин же ал жазуучулар менен тааныш болбосо. Жардам береби деп караса бөлмөдө отурган үчөөнүн бирөө гана оозун күбүрөтүп атыры. Анысын Асанкул укса бир жөн. Текшерүүчү айыпкерди тапкандай демитип, Асанкулдан жооп күтүп отурат.

Канча Касымалы бар?

Кыргыз адабиятында Касымалы деген жазуучу канча экенине ким кызыгыптыр? Асанкул башында «бир, жарым» деп анан «экөө болуш керек» деп, аягында «үч» дегенге токтолду. «Алардын кимисин жакшы билчүсүз?» деп текшерүүчү адабият жалаң ушул үчөөнөн гана тургансып такымал суроосун берип жообун күтүп калды.

« - Үчөөнү тең эле жакшы билчүмүн. Үчөө тең Дзержинский бульварында жашайт. Жакында пиво алып берген.

- Эмне? Эмне? – деп ичкериден келген адам чок баскандай чочуп кетти. Беркиси камырабай сөзүн улай берди.

- Кечиресиз. Мен тирүү кезде алар менен тирүү кезинде арак ичишкен экемин. Азыр өлүп калган тура.

- Жанагы биздин айылдык Алыкулдун бир тууган жээни Касымалы деген бар экен го. Баягы жылы Зыядат деген эжеси өлүп, ошого келип куран окутуп кетишиптир. Ошондо көргөм. Ошондо пиво, арак ичкенбиз. Арак сунгам да, чынын айтсам».

Текшерүүчү Касымалы деген жазуучудан башканы билбейби же шөмтүрөп отурган Асанкулду биротоло басынтып салгысы келдиби ошол үч Касымалынын бирөөсүнүн чыгармасын айтып беришин сурады, чыгарманын аты «А» тамгасынан башталарын да эскертти.

Кудум баш катырма болду мунусу. Кайдагы «А» менен башталган чыгарма. Кесиптешинин кыйналып атканына чыдабай кеттиби, мугалимдер бөлмөсүндө отурган Сатар «Ажар» деп ийбеспи. Асанкулга ушул жардам болду.

«Ажар» деген кайгылуу баянды Касымалы Баялинов жазган. Чыгармасын тапса авторун таппай, авторун тапса чыгармасын алмаштырып алган Асанкул "«Ажардын» автору айтылуу «Сынган кылычты» да жазган" деп жиберди. Ал эми экинчи Касымалы Бектеновдун «Таабалды Пудовкин» романын Асанкул уккан эмес экен. Тек Пудовкини жок Таабалды дегенди билчү. Экөө мончого чогуу барып, жон жышычу достордон болчу.

Дагы бир жазуучу Касымалы Жантөшевдин «Каныбегин» билбейт экен. Каныбек деген жигит менен бир аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн. Анын бутунун бармагы алтоо экенин билчү. Алдындагы мугалим адабиятчы эмес экенин, химиядан сабак берерин уккан текшерүүчү эми ага башка суроосун узатты. Асанкул текшерүүчүнү ыраазы кылды, химияны мыкты билерин көрсөттү. Тилекке каршы, текшерүүчү химияны жакшы билчү эмес.

«Асанкул ийне-жибине дейре, те тарыхынан бери, жети атасынан тартып, айтып жиберди. Ага аябай ыраазы болду, ичкериден келген өкүл. Кыскасы Асанкулга химия сабагынан айып коё алмак эмессиң. Тим эле өзү айткандай, өз сабагын бешке билген эргулдардан экен. Тек гана көркөм адабияттан эчтеке билбегендиги бетине чиркөө болду.

Анан ичкериден келген өкүл Асанкулду маңдайына жалгыз олтургузуп алып Касымалы Баялинов, Касымалы Бектенов, Касымалы Жантөшевдер жөнүндө эки саатча лекция окуду. Кимиси кайсы чыгармаларды жазганынан бери айтып берди. Көрсө «Сынган кылычты» Касымалы Баялинов эмес, Төлөгөн Касымбеков жазыптыр. «Каныбектин» автору Касымалы Жантөшев экен. «Таабалды Пудовкинди» Касымалы Бектенов жазыптыр. «Ажарды» Баялинов шилтептир.

Аны уккандан кийин Асанкул бетин чымчып: «Деги окуткан балдарыма айта көрбөңүз. Алар укпасын. Мугалим үчүн андан артык жаза жок» деп жиберди бечара.

Чын эле мугалимдер үчүн андан артык жаза барбы? Окуткан окуучуларың кеп кылып, мыскылдап турса, өлгөнүң эмеспи. Ошону ойлоп Асанкул мындан ары көркөм адабиятка да көбүрөөк көңүл бура турган болду. Себеби анын алдында ар тарабынан өнүккөн советтик жаштарды тарбиялоо жатат да».

Ушундай сентенция. Мугалим жөнүндө кеп кылганда ириде анын окута турган сабагын мыкты билиши талап кылынат эмеспи. Ал жагынан Асанкулда эч кандай кынтык жок. Көрсө, облустан келген текшерүүчүнүн андан канча Касымалыны билерин сурап атышы жөн жерден чыкпаптыр. Барган жеринен кынтык табуунун кыныгын алган кыйды аткаминер карапайым айылдык мугалимдин жалпы маалыматы кандай экенин билгиси келген тура. Себеби, Асанкул - советтик жаштарга билим берчү мугалим, жаңы муундун тарбиячысы. Ошон үчүн ага адабият мугалимине берчү суроону берип, айласы куруган химикти жарга такап отурбайбы.

Мугалим өз сабагын кандай өткөнүнө карабай, маданий-интеллектуалдык деңгээли бийик адам болушу керек экен. Ансыз мугалимдин сабагы жугумдуу, тарбиясы өтүмдүү болушу кыйын. Садыр Сарыгуловдун юмор аралашкан аңгемесинин көркөм түзүлүшүнөн сыгылып чыккан өтүмдүү идея ушул.

«Мугалим - мөмөлүү дарак». Андан дайым мыкты «түшүм» беришин каалашат. Бирок мөмөсүн жаңы муунга берип аткан байтүп дарактын түбүн жумшартып, суусун коюп, дайым камкордукка алуу милдетин коом кандай аткарып атканы ушу кезге чейин талаш чакырып келатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG