Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 3-апрель, 2020 Бишкек убактысы 01:14

Адамзатка адам болуу жарашат...


Иллюстрациялык сүрөт.

Кимдир-бирөө учурда кайсы жаш акын күчтүү деп собол узаткан болсо, буйдалбастан ысымы ооз учумда турган соңку калемгерлердин бири Садырбек Турдубек уулун атайт элем.

Албетте, Садырбектей мыкты акындар арбын. Бирок алардын арасынан чыгармачылыгын бөлүп карай тургандары өтө аз. Көпчүлүк акындар сай ташындай бири экинчиси окшош.

Сай ташындай муздак да, үнсүз. Уйкаштыктары жармач. Ойлору тайыз. Ал эми мен атаган бул жаш акындын ырлары ташка окшоп үн чыгарбас, мелтиреп сырын ачпас жансыз затка окшобойт.

Садырбек Турдубек уулу.
Садырбек Турдубек уулу.

Аныгында, Садырбектин ырлары деле бир карасаң сай ташына окшош, бирок муздак эмес, мелтиребеген, жандуу үн чыгарган, сүйлөп ийчү таштарга окшош. Таш сүйлөбөйт, албетте. Арийне, акын ага жан киргизе алат: сүйлөтөт, ыйлатат, эритет. Ал ошон үчүн акын. Садырбектики деле башка акындардын саптарына окшошуп тургансыйт, уйкаштыктары куюлушуп окула берет. Бирок адаттагы жамакташтырылган саптарга окшобой, оор жүгү менен, салмактуулугу менен окурман шыдыр окуп өтүп кетпес сөз айкалыштарын түзгөнү баамга урунат. Ой ширеткен ыргактарынан шыр өтүп кеткиң келбейт. “Ох, ата-а” дей турган айрым саптарын кайра бир окуп тамшанасың.

Турмушта болор-болбос майда эле көрүнүштөргө чоң маани берет. Кенедей, кибиреген көрүнүштөрдү чоңойтуп жиберет. Кээде шаңкайган тоолорду кенедей бир бүдүргө деле окшоштуруп сүрөттөп салат. Ишенимдүү да, ынанымдуу. “Эй, ушундай да болчу беле? Сен тоону кичирейтип салганың жарабайт” деп талаша албай турган поэтикалык тил, көркөм боёкторду таап алган үчүн тоону да кичирейтип коёр кудуретине, сүрөткерлик фантазиясына ишеним менен ийип бересиң. Себеби, жазган темасына маани-маңыз киргизип салат. Болгондо да табигый, жасалмасыз ыкма менен.

Ошол мактаган акыныңдын кайсы ыры мыкты деп собол узаткандарга “Кеп тиш кийген Жер-Эне” аттуу ырын мисалдап бермекмин. Толук окуйлу ырын:

Адам карып, жаңы нерсе жаратат,
Аалам, жерди улгайткансып баратат.
Заман сүрүп жерге кеп тиш кийгизбей,
Адамзатка адам болуу жарашат.

Жаралгандан тамырлары үзүлбөй,
Жашаса не жаратылыш бүтүндөй.
Жер, табият, тоолор, чөптөр, бак-дарак,
Наристенин жаңы чыккан тишиндей.

Тоо, токойду жексен кылып түбүнөн,
Там-таракты куруудабыз дүңүнөн.
Жасалма тиш кийген өңдүү темирден,
Жарашыксыз болуп барат дүнүйөң…

Мына, акындын көркөм туюнтма, көркөм элес берүүсү. Ал башкаларга окшоп жаратылышка аяр мамиле кылуу керектигин кыйкырган үн менен эмес, жумшак лирика менен жеткирет жүрөккө.

Табиятка масштабдуу көз чаптырат. Ага ошон үчүн жаратылыштагы тоолор, бак-дарактар – наристенин жаңы чыккан тишиндей көрүнөт. Ырда туюлуп тургандай, эң башкы эки куплети кадыресе саптардай куюлушуп баратып эле, финалдык – үчүнчү куплетке келгенде акын бул саптарды ой толготуп, сөз тандап, поэтикалык жаңырык киргизүү үчүн жазганына ич жылыйт.

Көрсө, башында куралган эки куплет үчүнчү куплетте айтылар ойго фундамент экени жарк этип көрүнөт. Бирок адилеттик үчүн да ырдагы мүчүлүштүккө көз жумганга болбойт. Айрыкча эң башкы эки куплетте бүдөмүк сүртүмдөр жок эмес. Ырды мындан да ачыгыраак, мындан да айжаркын сүрөттөй түшсө болмок. Бирок ошого карабай жогоруда айтылган саптарга жан киргизип, кармап турган да үчүнчү куплеттеги саптар.

Тек бу жерде ырдагы поэтикалык штрихтер образдуу болгон үчүн ырдагы майда-барат кемчиликтер жымсалданып калгандай. Жалпысынан бул ыр Садырбектин чыгармачылык дасмиясы кур эмес калемгер экенин көрсөтөт. Ал азыр болгону 25 жаштагы төбөсү көрүнүп калган жаш акындарыбыздын бири. Анын жаш курагына басым жасаганымдын себеби: учур адабиятында эр ортону элүүгө таяп калган акындар арасында деле дал ушул деңгээлдегидей ыр жаза албагандар канча. Анан калса, Садырбек Турдубек уулу менен чыгармачылык сапарда үзөңгүлөш жаш калемгерлерге адабий ориентир болуп берер сынчылык өнөр жок үчүн да күлүк күнүндө, тулпар тушунда далай жаштарыбызды курчута албай, өстүрө албай келаткан биз – орто муун, аксакал муундагы адабият өкүлдөрү айыптуубуз!

Мунун да башкы себеби: адабият илимин кесип катары аркалаган адистер жокко эсе. Адабиятчылар менен сынчыларга гонорар төлөө системасы жок үчүн, ким эле калем акысыз өнөргө баш-оту менен сайылсын? Андыктан адабий сынчылар чыкпай жаткан үчүн да Садырбек өңдүү тубаса таланттарга нуска, насаат берилбей, көркөм арсеналдык түшүнүктөн куру жалак жаштардан мындан да бийик деңгээлдеги чыгармаларды талап кылуубуз да адилетсиз болор...

Мен Садырбектен муну талап кылар элем: бул ырды полифониялуу көп үндүүлүк коштоп, архитектуралык кооз имаратка окшотуп, биринчи куплеттен экинчиси, экинчи куплеттегиден да үчүнчүсү көркөмдүү күчөтүлүп, ыр саптары уламдан-улам окурманды өрөпкүтүп, рухий моокумун кандыргандай болсо – бул көркөм туюнтма дал ошондо улуттук адабиятыбыздагы антологиялык чыгармалар топтомунан өз ордун тапкан ырлардан болуп калышы толук ыктымал.

Себеби, адамдын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүндө, фантазиясында чек жок. Оноре де Бальзак айтмакчы “жаратылыштын койнундагы байлык канчалык мол болсо, сүрөткердин ой өрүш жаратмандыгында да чек жок”.

Албетте, бул жаш акындын ысымын ташка тамга баскандай таанытар чыгармалары дагы жазылар алдыда. Ошондой болсо да азырынча өз курагындагы көпчүлүк сүрмө топ акындардын арасынан Садырбек Турдубек уулун кашкайтып таанытар ырларынын дагы бири төмөндөгү эки куплет ыры.

СҮРӨТ

Самоор кайнайт ичи толуп жалынга,
Жылаңач уул турат анын жанында.
Самоор сындуу турпаты да, ичи да,
Кыпкызыл өрт айланып тур тамырда.

Торгой конду түндүгүнө боз үйдүн,
Томолок кыз: «Чымчыгы, — дейт, – моо кимдин?»
Анда эжеси: “Чоочундуку ушул куш,
учуп кетет башка жерге, оо сиңдим!”

Мына анын антологиялык чыгармалар топтомуна жалтаңдабай, ишенимдүү босого аттап кире алчу ырларынын бири! Ырдын аталышын да автор дадил тапкан. Чын эле бул эки куплетте чебер иштелген сүрөт турат көз алдыңда.

Кайнаган самоордун ичи толо жалын, анын жанында дырдай жылаңач тестиер баланын ассоциацияланышында кандай сонун астейдил-жумшак лирика жатат?.. Самоордун чоргоосу менен жылаңач баланын “чочо-чоргоосу” акындын сүрөткерлик чеберчилигин гана көрсөтпөстөн, акын өзүнүн философиялык лирикасы аркылуу бу жашоого өз көзү менен карай алчу чыгармачыл кудуретин туюндурат. Биринчи куплетте сөз менен тарткан сүрөттү экинчи куплеттеги сүрөттөөсү толуктайт.

Экинчи куплетте бала менен самоорго тиешеси жок саптарды уласа да, бирок бул эки куплет, бирин экинчиси толуктап, жашоо гармониясын күчөтүп жиберет. Боз үйдүн түндүгүнө конгон торгой менен аны тиктеген томолок кыздын суроосуна берген эжесинин жообу – окурмандын ичин сыйрып өткөн турмуш чындыгы. Болгондо да өтө жөнөкөй гана жообу менен ичиңди тыз эттирип алган соңку сапты окуганда, кыз бала эртең эле көз ачып-жумганча бой жетет; ал да торгойчо канат серпет да бөлөк-бөтөн бирөөнүн бүлөсүнө барып коно турган куш эмеспи. Ал эми самоордун жанындагы чыт курсак балачы? Ал болсо эртең ошол боз үйдүн түтүнүн улап кала берер эр бүлө. Кыз бала эртең торгойдой чоочун куш болуп, башка жакка учуп кетет...

Адатта ыр жазгандын көбү сөз гүлдөрүн канчалык тербесин, канчалык тандабасын, бирок поэтикалык ишаратты туюнта албаган үчүн – алардыкы поэзия эмес, тек гана ыр же жамак бойдон кала берет.

Ал эми биз сөзгө алган Садырбек Турдубек ууланда көңүл күүсүн черткен саптар арбын. Тек гана биздин заманда көркөм адабиятка ышкысы бар таланттардын чыгармачылык дасмиясын сөз кылууну унутта калтыргандайбыз!

Бирок жаш дүбүрттөр жаңырууда...

Олжобай ШАКИР

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG