Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Миграция агымын коштогон кыргыз өнөрү


Чикагодогу кыргыз балдары.
Чикагодогу кыргыз балдары.

Кыргызстандык акындар, обончулар жана ырчылар арасында чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн кыргыздарга өнөрүн көрсөтүп кайткандардын катары калыңдады.

Жакында Чикагодо комузчулар ийрими ачылып, ага алты жаштан баштап 60 жашка чейинки журтташтарыбыз катыша баштады. Жеке демилгелер менен уюшулуп жаткан мындай маданий иш-чараларды Орусиядан, Европа өлкөлөрүнөн, АКШнын кыргыздар иштеп-жашап жүргөн аймактарынан көрүүгө болот.

Жакында жаш акын Акбар Кубанычбеков Чикагого барып поэзия кечесин өткөрүп келди. Өз өлкөсүнөн алыс жүргөн журтташтар кыргыз үнүн, кыргыз ырын угуп жатканына кубанып, акынды алкаган.

«Эң көп кыргыздар Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында экен. «Өзүбүз беш миңбиз, бала-бакырабыз менен жети миңдей болобуз», - деп Аскар деген жигит айтты. Тез-тез жолугушуп турушарын билдим. Өздөрүнүн шеринелери бар экен. Эң башкысы - ал жерде кыргыз маданий борбору уюшулуптур. Кечемди ошол жерде өткөрдүм. Кыргызча билбей калган балдарга эне тилин үйрөткөн мугалимдер да бар экен».

Акбардын кечеси эки күнгө уланган. Жол чыгымын чакырган тарап көтөргөн. Мындан сырткары мекендештер ала барган китептерин сатып алып, акчалай колдоо көрсөткөн.

Бейшекеевдин комузчулар ийрими
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Акын учурда Чикагодо жашаган кыргыздардын дээрлик көпчүлүгү такси же жүк ташыган машине айдаган үчүн үйлөрүндө аз болорун, ошондуктан көпчүлүгү балдарын караганга ата-энелерин чакырып алышканын байкаган. Ошондон улам чоң ата, чоң энелерге неберелерин кыргыз маданий борборуна ээрчитип келип, эне тилин, музыкасын үйрөткөнгө шарты бар экен.

Эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеев да акыркы жылдары Чикагого кайра-кайра каттап жүрөт. Көрсө ырчы ал жерге комуз ийримин ачып, өнөрпоздорду тарбиялап жаткан экен.

«Былтыртан баштап батыл киришип, каттагандардан бирден-экиден комуз жөнөтүп жүрүп, жалпысы отуз комуз жеткирип алдык. Кыргыздардын башын бириктирген «Кыргыз маданият борбору» бар. Менин демилгемдин ишке ашып калышына бирден-бир себепкер болгон ошолор».

Сыймык Бейшекеев.
Сыймык Бейшекеев.

Сыймык Бейшекеев башында Чикагодогу комуз ийримине атайын адистерди жөнөтөм деп ойлогонун, бирок документ иштерине байланыштуу мугалимдерди жөнөтүү кыйын болуп, өзү эки ай жүрүп аталган ийримди бир нукка салып келгенин кеп кылды.

«Эки айдын ичинде мен күткөндөн да жакшы жыйынтык болду. Бизден комуз үйрөнгөн мекендештер алты жаштан 63 жашка чейинкилер болду. Алды тогуз ыр-күү үйрөнүп, чертип калды. Балдар үчтөн күү үйрөнүштү. Бул чоң жетишкендик деп ойлойм. Чогуу ансамбль болуп комуз черткенге да даяр болуп калды. Алдыда аларга чоң комузчу Самара Токтакунова эжебиз барып бир ай мастер-класс өтүп келгенге макул болуп жатат. Жакында жөнөтөбүз».

Сыймык бул демилгени өз каражаты жана Чикагогодогу кыргыз маданият борбору менен бирге ишке ашырып жатканын кыстарды.

Акын Алтынбек Исмаиловдун пикиринде, бүгүн башка өлкөлөрдө жашап жаткан кыргыздарда өз маданиятына, өнөрүнө, адабиятына болгон муктаждык бар. Андыктан кыргызстандык өнөр адамдарынын ичинде мекендештеринин ошол рухий талабын канааттандыруу менен бирге өздөрүнүн да чөнтөктөрүн кампайтып жаткандар бар.

Алтынбек Исмаилов.
Алтынбек Исмаилов.

«Албетте, булардын мекенине болгон кусалыгы артып, кыргызча ыр уккусу, китеп окугусу, «Манас» уккусу, бирөөлөр менен баарлашкысы келет, - деди ал. - Ошондуктан айрым акындар, жазуучулар, ырчы-чоорчулар чет өлкөгө өз демилгеси менен барып ал жактагы журтташтар менен жолугуп, чыгармаларын тартуулап жүрүшөт. Бирок бул аздык кылат».

Алтынбек улут тарыхында эгемендикке чейин Кыргызстандан чыгып, башка өлкөлөргө отурукташып калган биринчи толкундун басымдуу бөлүгү өздөрү жашаган өлкөнүн маданиятына жуурулушуп кеткенин айтат. Мисалы анжияндык, памирлик журтташтарыбыз азыр улуттук өнөрүн, музыкасын, жомогун унутуп калган.

«Эми эгемендиктен кийин жан багыш үчүн жер кезип кеткен журтташтарыбыз менен болгон маданий биримдик мындан да бекем болууга тийиш», - дейт акын.

Учурда экиден-үчтөн биригип алып же жалгыздап чет өлкөдөгү журтташтарын кыдырып концерт коюп жүргөн эстрада ырчыларынын тизмеси узун. Алардын Орусияга ат тезегин кургатпай барып жатканы жаңылык болбой калды. Мындан сырткары мекендештер чет өлкөдө өткөн той-топуруна, мааракесине да кыргыз ырчыларын чакырып жүргөнү маалым.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG