Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

«Зайырбекмин, закымдардан адашкан...»


Зайырбек Ажыматов.
Зайырбек Ажыматов.

Зайырбек Ажыматовдун буга чейин үч ыр китеби чыккан. Ушу тапта төртүнчүсүн чыгаруунун камылгасын көрүп жүрөт.

Чыгармачылыкка өзгөчө катаал мамиле жасаган, буга чейинки жараткандарын жаратпай, нукура көркөм сөз камылгасында жүргөн таланттуу акын. Саратанда акындын окурмандары менен жолугушуусу өттү.

"Кайберен ырдын" түйшүгү

«Коркуп турам калемимди алуудан,
Коркуп турам келген сапты жазуудан.
Ойноок кезде оңой көрүп өзүңдү,
Оо, ыр дүйнө сага бекер кабылгам».

Ырдын соңунда акын дагы бир сырын алдыга жаят:

«Оо, ыр дүйнө, кайберен ыр кубам деп,
Кожожаштай турам бүгүн аскада...»

Акын болуу, поэзиянын сыйкыр дүйнөсүн өз алдынча ачуу оголе татаал, опурталдуу жол экенин мындан артык туюнтуш кыйын го. Мурда жазгандарын жактырбай, өзүн-өзү сындап, убакты-саатын кагаз менен каламга байлап, башын билинбеген оор түйшүккө салып алган акындар саналуу эле.

Чыгармачылыкка карата катаал мамилесин Зайырбек Ажыматов баш калаабыздагы Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана окурмандары менен жолугушуусунда жашырбай ортого салды.

"Бир жылдан бери кайра-кайра карап эле коюп коем дагы бир карайын деп. Себеп дегенде, буга чейин чыккан китептеримди жаштыктын деми менен чыгарып ийипмин. Андан кийин катасын көрүп калып, аны кай жерден жок кылышты билбей калат экенсиң. Бул поэзия кечесин Асан агай (Жакшылыков) өткөрбөйсүңбү дегенде коркуп, моюн толгоп жатып акыры макул болдум. Балдарыма, келинчегиме да айткан жокмун. Поэзия кечеси күтүлбөгөн жерден болгону жакшы деп ойлойм. Китеп жөнүндө Аида (Эгембердиева) “бир муундун өкүлүбүз” деп айтып калды. Буга чейинки чыккан китептеримди таанымал акындардын бирине да берген эмесмин. “Бул китеп эмес” деп ыргытып ийсе эмне болом деп жалтактадым. Дагы деле бийик деңгээлге качан жетем, качан ошолорго уялбай барып “мына мен китеп чыгардым, окуп коёсузбу” деп бере албамбы дейм. Жана Аида айтып кеткендей, биз башаламан, ашмалтай, калыптанышыбызга, адабий билим алышыбызга шарты жок мезгилге туш болуп калдык. Ошондуктан көпчүлүгүбүздө өзүбүзгө болгон ишеним азыраак болуп калды".

Адабий кечеде Зайырбек Ажыматов ыр сүйүүчүлөр жыйынына акындын жакындарын, урук-туугандарын топуратып толтуруп алуунун кажети жок экенин белгиледи.

Ыр кечеге акындын чыгармачылыгына калыс баа бере турган, поэзияны түшүнгөн, талабы бийик окурман келиши керек. Мурдагы заманда, өзгөчө азыркы учурда ыр жазгандардын катары аябай калыңдап кетпедиби.

Самандай сапырылган чоң кырмандан чыныгы ырдын кызылын иргеп алуу кыйын. Анын үстүнө көпчүлүк калемгерлерге ыр жаратуу тек гана күнүмдүк эрмек, көпчүлүк алдында кез-кез көрүнүп туруунун ыктуу жолуна айланып калган.

Алардын жазгандары Эл акыны Омор Султанов таамай белгилеген “совхоздун ак койлорундай” бири-бирине аябай окшош, жазмакердин колунан кансыз-сөлү жок түшүп, мезгил бүктөмүндө унутулуп кала берет.

Окшоштуктан качуу

Башаламан кезде адабиятка келгенин айтуудан тажабаган Зайырбек Ажыматовдун мууну ошол эле Омор Султанов айткан “совхоздун ак койлору” элге таратылып, социализм деген эңгезер коом урагандан кийин келди. Алар идеологиялык басым-кысым эмне экенин билбей калды. Акындын жазганынан кадалып ката издеген цензура жок, сөз эркиндигине кенен жол ачылган чакта адабиятка киришти. Макталган социализм заманында күргүштөтүп китеп чыгармай, олчойгон калем акы алмай деген чыгармачыл адамды азгырып турчу бийликтин “таттуу токочу” болоор эле. Улут адабиятынын жаңы мууну “өз киндигин” өзү кесип, өкмөт жасап берет, мамлекет шарт түзүшү зарыл деп отурбай, нукура улуттук баалуулуктарды баарынан жогору койгон көркөм сөз өнөрүн алдыга сүрөп чыкты. Бул муундун энчисине окурманды өзүнө тартуу, тапкан акчасына китеп чыгаруу абыгерчилиги тийди.

Буга чейин жаңы кыргыз поэзиясынын саналуу авторлорунун алдында турган Зайырбек Ажыматовдун үч китеби чыккан. “Жалгыздык” деген тун китеби 1996-жылы жарык көргөн. Тогуз жылдан кийин экинчиси “Мелмил” деген ат менен, анан 2011-жылы айтылуу “Нөлү көп жылдар” чыгып, улуттук поэзиябыздын абалы буга чейин айтып келаткандай, абыдан эле начар эместигин, жаңы доордун карама-каршылыктуу дүйнөсү өз деңгээлинде чагылдырылып жатканын ырастады.

Зайырбек Ажыматов жаш акын деген сыйкы сыпаттамадан эртерээк суурулуп чыгып, активдеги авторлордун катарына ыкчам кошулду.

Зайырбек Ажыматовдун жеке чыгармачыгында “Нөлү көп жылдар” деген көп маанилүү, ар кыл ыңгайда талдоого турган керемет бир ыры бар. Оболу ошону толугу менен келтирип, анан жогортон келаткан кепти улантсак. Мынакей ал ыр:

Акыл - нөл, жан дүйнө - нөл, санаам да нөл,
Сүйүү – нөл, досчулук – нөл, адам да нөл.
Жылдар – нөл, өсүү болбой тегеренген,
Ырлар - нөл, окурман – нөл, заман да нөл.

Пикет –нөл, митингдер – нөл, жалган баары,
Эл толкуду эки ирет, пайда албады.
Унаасынын номерин нөлдөн баштайт,
Президент – нөл, нөл демек калгандары.

Башым- нөл, билимим – нөл, уят кылат,
Боштуктар бирин бири улап турат.
Чөнтөк – нөл, аянычтуу андан дагы,
Намыс –нөл, тилеттирет, сураттырат.

Ишим - нөл, барым-жогум билинбеген,
Изим - нөл, таамай болуп чийилбеген.
Көңүл – нөл... ал чынында эч нерсе эмес,
Үмүт – нөл, дилгирлик жок дирилдеген.

Доор – нөл, зар-муңуңду кенебеген,
Биз – нөлбүз, ага минтип тебеленген.
Лөлүгө айландырды түптүү элди,
Нөлү көп жылдар сыртта тегеренген...

Социализмден базар экономикасына кайрылып келген Кыргызстандын ушу таптагы абалы кандайлыгын мындан артык, мындан таасирдүү, мындан ачык айтып берген авторду табыш кыйын.

Өз алдынчалыкка ээ болгондон берки кыйынчылыктар менен азап-тозокторду аркыл формада, негизинен публицистикалык ыңгайда катаал сынга алып, кемчилибизди жашырбай жарыя кылган чыгармалар улут адабиятыбызда бир топ эле. Андагы айтылгандар менен баяндалгандардын баары туура.

Жаңы кылымды эндекей тосуп, ар жерден ачылып калган жыртыктарыбызды тарыхтын араан шамалы жойлоп, айлабызды кетирип турган чакты баяндаган чыгарма. Бир сөз менен айтканда, “Нөлү көп жылдар” - кылым тогошкон чакта көнүмүштөн чыгып, жаңыга ыңгайлашуу түйшүгүн башынан кечирип аткан коомдун арыз-арманы. Мурдагы социализм жок, жаңы коом толук орун-очок ала элек, ар ким өз арбайын соккон башаламан заманга карата акындын баасы.

Боорукер кемпирдин небереси

Зайырбек Ажыматов жеке тагдырын ырга салып, аны поэтикалык тагдырга айланткан акын. Каргадай бала кезинде атасынан ажырап, таянесинин колунда өсүп, ошондон аялзатына карата сый-урматы өзгөчө. Ыр сүйүүчүлөргө акын апасына арналган ырын окуду.

-Эх, апаке, апакем ай, апам ай!

Эмгегиңе татыр эмгек жасабай.

Тентип жүрөм, жарык издеп, ыр издеп,

Тек гана бир жөн адамдай жашабай.

Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,

Тирүүлүгүм азабым да, жыргалым.

Баарын сизге айтып туруп апаке,

Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.

Ыйламакмын кур намыска кыйылбай,

Ыйламакмын алкымыма муунбай.

Бирок ал ый болбойт, апа, тек гана,

Бала кезде ыйлап жүргөн ыйымдай.

Болот анда сагыныч да, бук дагы,

Болот анда сиз билбеген бүт баары.

Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,

Атакемдин бул өмүрдөн учканы.

Ал көз жашым, боз тумандуу күндөрүм,

Ал көз жашым, дос туугандан күйгөнүм.

Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,

Айтылбаган арман муңу дүйнөнүн.

Ошол ыйга көөдөн тиреп жашаган,

Жан сыздатпас сизден бөлөк жат адам.

Бардык муңум, бардык бугум арылмак,

Бала кездей сооротсоңуз эх анан.

Кийинки жылдары улут адабиятынын азыноолок жанданып, автор менен окурмандардын жолугушуулары салтка айланып баратат. Интернет заманында мындай жолугушуулар социалдык тармак аркылуу да улантылып, кимдин кандай чыгарма жазганы сыясы кургай электе окурмандын сынына коюлууда. Бирок да нукура акындын поэзия суйүүчүлөр менен жолугушуусу, апыртпай айтканда деле, маданий окуя.

“Зайырбекмин, ысымы бар өзү жок, закымдарды кууп жүрүп адашкан” дейт акын. Жаштык менен шарапка мас жылдар артта калып, акын ушу тапта заман, коом, улут тагдыры тууралу ой калчап, лирикалык изденүүнүн жаңы тепкичине чыгууда.

Зайырбек Ажыматовдун ыр майрамына келген Роза Айтматова, доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы, ушу тапта атасы тууралуу китеп жазып, ал жакында чыгарын айтып, акынга ыраазылык билдирди:

"Атам жөнүндө апам, карындаштары көп айтчу эле. Анан ошолордун айтуусу боюнча өз атамды идеал тутам. Ошондон кара сөз түрүндө жаздым. Ойлоп атам акын болсом Зайырбекке окшоп сонун ыр жазмакмын".

Ал эми Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова каламдашынын ийгилигине кубанып, Зайырбек Ажыматов чыгармачылыкка өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасарын белгиледи:

Гүлсайра Момунова.
Гүлсайра Момунова.

"Мунун өзү поэзиядагы жоопкерчилик, өзүнө катуу талап коё билгендиги ырларынан көрүнүп турат. Окуган ар бир ыры кандай таамай, курч. Таасын айтылган. Адамдын мүнөзү кандай болсо анысы чыгармасында чагылдырылат. Өзү эржүрөк, кыргыздын патриот азаматтарынан экени ырларынан көрүнүп турат. Айткан ойлорунан сезилип турат. “Кул болбо, эр Манастын тукумдары!” деген саптары эмне деген пафоско чулганган! Поэтикалык табылга деген ушул, аны асмандан издештин кажаты жок. Аны акын жан дүйнөсүнөн, жүрөгүнөн алып чыгат".

Зайырбек Ажыматов ушу тапта чыгармачылык баралына келип турган учуру. Кыргызстан бир доордон экинчисине, бир замандан башкасына өтүп аткан чакта улут адабиятынын көркөм салтын улап, жаңы доорду ырга салган акындардын бири. Аны менен чогуу келген жаңы доордун акындары ыр кечелерин уюштуруп, китептерин чыгарып, социалдык тармак аркылуу окурмандары менен “түз байланышка” чыгып, карама-каршылыктуу замандын көөнөрбөс көркөм сүрөтүн алдыга тартууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG