Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:57

«Адегенде көнөлүчү басканга!..»


Шайлообек Дүйшеев менен Кыялбек Урманбетов.

Акындар Шайлообек Дүйшеев менен Кыялбек Урмамбетовдун алым сабагы.

К: – Барсыңарбы, урпактары Манастын?

Ш: – Башын каткан этегине халаттын!..

К: – Шаңшыганда кыргыз кыраан куштайбыз,

Шаке, бирок, биз эмнеге учпайбыз?

Ш: – Кыргызыңдын билесиң го адатын,

Кыркып турган бир-биринин канатын!..

Көзүң барда арт жагыңды жууганын,

Көзүң жокто артыңа суу куйганын!

К: – Желкебизди кашыдык го унчукпай,

Жерибизди айрып берип жыртыштай?

Ш: – Айкөл элге кенен жердин ордуна,,

Ак кар баскан чоку болсо болду да!

К: – Ороңгудай оромпой тээп ороңдоп,

ОБОН чыкты катындардан сороңдоп?

Ш: – Ол катындын юбкасынын алдында,

Отуз-кырктай эркектер жүр короңдоп!

К: – Ой келгендей ойкуштаткан адамды,

«Отдел кадр» дешет экен аларды?

Ш: – Өкмөтүңдүн иши жатса оңолбой,

«Өтөл кадр» болот да анан ОБОНдор!

К: – Кашайдык го карай албай жогору,

Кандай элбиз, бийлеп алган коногу?

Ш: – Басып алат, карга, кузгун, кулаалы,

Баш-көз болор шумкары жок уяны!

К: – Биз эмнеге гүлдөй албай мас болдук,

Бийик тоодо жашап туруп пас болдук?

Ш: – Коррупция, баарын ага шылтадык,

Коңурбай да чапкан эмес мынчалык!

К: – Сыйын көрүп, «кагылайын эл» дейбиз,

Кыйын кезде жанды неге бербейбиз?

Ш: – Көөдөндүүлөр «Алам!» десе «Ал» деген,

Көлгө салган курорт эмес, жан деген!

К: – Менин уулум сүйлөп калды «кошкалап»,

Между прочим, тил ушинтип жок калат?

Ш: – Мурдагыдай ким эсептеп, чот кагат,

Муун келди ИНТЕРНЕТ - МЭЭ, СОТКА - БАШ!

К: – Ойлонбосок, «Кумтөр» өңдүү тонолуп,

ООН айткандай кетебиз го жоголуп?

Ш: – Ар ким келип кийе берсе галоштой,

Акыр бир күн жок болобуз мамонттой!

К: – Ойлонобуз, оңдонобуз деп жатат,

Ошончо жыл оозу тынбай жеп жатат?

Ш: – Жеп жатканын жегичтериң жеп атат,

«Бирикпеген ит калк ушул экен» деп,

Бизди Кудай сактап эле келатат!

К: – Педалы жок өлкө болдук «өлөңдүү»,

Педофилдер эмне мынча көбөйдү?

Ш: – Элден мурда болгон элек Баңгистан,

Эми болдук Маңкуртстан, Аңгистан!

К: – Акмакчылык ашты Акүйдүн башынан,

Айбандарга каргыш элдин атынан!

Ш: – Атаганат азыр Манас болгондо,

Азоо атка байлап туруп чачынан,

Андайларды айрып салмак чатынан!

К: – Желмогуздай сорсо дагын дүйнөнү,

Жеп-ичикичтер көрбөйт окшойт түрмөнү?

Ш: – Түгөөр өлкө чирийт, Кыял, түбүнөн,

Түкүрүнүп потолокко жатпайбы,

«Түрмө-үйлөрүн» ачып алып үйүнөн!

К: – Эмнелерди жатат Батыш үйрөтүп,

Эркектерди эркектерге үйлөтүп?

Ш: – Чечендерде ушинтсинчи, Кадыров,

Чекесинен итке салмак сүйрөтүп!

К: – Анда неге мактанабыз, «бул эл»-деп,

Айдан түшкөн, Күндөн түшкөн «Нур эл!» деп?

Ш: – "Ашкан ачкөз, дүнүйөкор пул эл деп,

Ар-намысын, арын саткан кул эл деп!»–

Айтып көрчү, эки кылып эсиңди,

«Калмаксың!» деп тытып кетсин бетиңди!

К: – Эртең комуз калбаса экен чертилбей,

Өнөр бизди сактап калар өлтүрбөй?

Ш: – Өнөрпоздор кайырчыдай көбөйдү,

Өлбөс үчүн өлтүрбөйлү өнөрдү!

К: – Кайда Кыргыз каганаты гүлдөгөн,

Кайран Манас өтпөй кал-ай, дүйнөдөн?

Ш: – Кейибечи менден кыйла жаш туруп,

Андан көрө жиберели лактырып!

К: – Анда, Шаке, учалыбы асманга?

Ш: – Адегенде көнөлүчү басканга!..

АЙЫЛ ӨКМӨТ, «ХАЙЛ ӨКМӨТ!» БОЛОБУЗ!

К: – О, эмнеге кыргыз болуп жаралдым?

Ш: – Оозун, Кыял, тырмабачы жарамдын!..

К:: – Эх, энеңди!... Урдум ушул өмүрдү,

Элүү жылга Кытай алса Көлүмдү!

Ш: – Көл элсиңер, көрүнгөнгө бергиле,

Көлдү кийин «кытай жээнге» калтырып,

Көк муз баскан Хан Теңирге келгиле!

К: – Үшкүрүгүм ташыганы ташыган,

Үзөңгү-Кууш кеткенине ачынам!

Ш: – Легендарлуу парламенттин атынан,

«Лейкодерма» токтом токуп сасыган.

Элдин мүлкү арзан болду кантели,

Экс ажо академик Аскардын –

Эки Кемин көрүнбөгөн кашынан,

Эл аралык эмалданган башынан!

К: – Балакетин калтырыптыр артына,

Бардаңкеден жумурткасын аткылап,

Бакиевден кетпедиби Каркыра!

Ш: – Бир ыптасын «айрып» берген утуру,

Битекарын «манаптарын» кыргыздын

Бизди Жердин урса экен дейм кусуру!

К: – Кыргызыңдын кай жери соо, каран күн!

Кыйналды жан, барбы, Шаке, «баралгин?»

Ш: – Оштун көзүн оюп турса анклав,

Ойдо-тоодо той-тамаша, аншлаг!

К: – Шемшейген бир эл болдук го кунарсыз,

«Шерше ля фам!» – болсом эмне француз!

Ш: – Бомждардан жасап алып баталеон,

Болгум келип жатат дечи, Наполеон?

К: – Жоон Таластын, Оштун, Чүйдүн мыктысы,

Жокпу такыр «кыргызым!» деп чыкчусу?

Ш: – Уламышпы, улуу кеппи, себебин,

Уккун анда, саган айтып берейин:

– Калкын таштап Кан Манастын жаны учкан,

Кан Жакыптын алты арамы ошондо,

Кайран журтту талап-тоноп алышкан.

Алтымышка бөлүп-жарып кыргызды,

Абыке, Көлбай, Көбөш болуп арыстан.

Төө кайтартып Бакайына кыргыздын,

Төбөсүнө шиш казыкты кагышкан.

Кабыландын Чыйырдыдай энесин,

Карга-кузгун жүргөн жолго салышкан.

Каныкейдин эки эмчегин жара чаап,

Каракчылар канын жолго агызган.

Энелердин көрүп туруп көз жашын,

Эр азамат кыргыздардын бири да,

Эшикке чыгып, «кой» дегенге жарабай,

Этегине катындардын жабышкан.

Кайран Каныш каргап кеткен ошондо:

«Кара башы аз болсун, – деп, – камыштан!»,

«Кайрат-күчү пас болсун, – деп, - намыстан!»

«Калысы жок калк болсун, - деп, – кабышкан!»,

Мына ошондон кийин биздин энелер,

Билесиңби, Манас туубай калышкан.

Мына ошондон кийин биздин элибиз,

Бирикпестен чабышканы чабышкан...

К: – Манас жок деп аза күтүп, муңбайлы,

Ал жок болсо башкалары турбайбы?

Ш: – Мекениңди басты жыртык, тешиктер,

Мектеби жок, дамбал кийген мечиттер.

Мыйзамдары жалаң шалбыр, импотент

Мылжыңдарга толду бүгүн эшик-төр.

К: – Тамекиге күндө 100 сом, «түтүн жейм»,

«Кризиске баттык» дешсе түшүнбөйм?

Ш: – «Кризиске баттык» дешет «пошомайт»,

Кризиске батканды кой, Кыялбек,

Кризистен чыктык бекен, ошону айт!

К: – Карап туруп, маңдайымдан тер аккан,

Казакстан хай-хайлап тур бел ашкан!

Ш: – Өлөң айтып өпкөлөрүн кең ачкан,

Өлсө дагы казак бизге жетеби,

Өмүр бою кризисте келаткан!

К: – Азыр бизде жүргөндөр аз ит минип,

Айылдарга чейин жетти банкнот!

Ш: – Айыл ооба, аркы-терки "ЖИП" минип,

Акыр жүрүп, өзүн бакпай өчөйгөн

Өкмөттү кылат окшойт банкрот!

К: –Качандыр бир калк ишенип шайлаган,

Карга, кузгун айланууда кайрадан?

Ш: - Куштары бар Көктү кузгун жандабайт,

Кузгун деген тарпты талап жан багат.

Ит көбөйгөн заман келди, Кыялбек,

Ит көп жерде Арстан да итке айланат.

К: – Алдын-ала өзү кыйын болжоштун,

Андан көрө оңдоор жагын ойлошкун?

Ш: – Эгер Кудай бийлик берсе болмокмун,

Парламент дегениңди жоймокмун!

Мыктысынан юристтин онду таап,

«Мыйзам жаз!» деп олтургузуп коймокмун!

К: – Кудай бизге тоночусун көп берип,

Оңочусун эмне мынча аз кылган?

Ш: – Эл жегичтер эртең эле токтомок,

Эгер бүгүн мыйзам кирсе аттырган!

К: – Түгөтө жеп, казы, чучук, картаны,

Түптүү элбиз, түшүрбөйлү марканы!

Ш: – Энгелс менен маңдайлашып сен эми,

Евролуу немис болгуң келеби?

К: – Шаке–Шиллер, Кыял–Гейне бир болот,

Шайтан алгыр, а Гитлер ким болот?

Ш: – Адольф капут! Акыр бир күн оңобуз,

Айыл өкмөт – «Хайл өкмөт!» болобуз!

К: – Кыйкырып биз БУУга чейин күүлөнүп,

Кыргыз тилин кылабызбы дүйнөлүк?

Ш: – Кыял, неге кырга чыгып элирдиң,

Бүт дүйнө эмес, бүркүттөргө буюрган,

Кыргыз тили – тили болот Теңирдин!

К: – Жашап анда дачасында Кудайдын,

Жашообуз не «кашасында» ылайдын?

Ш: – Апаң жаккан барыш үчүн очокко,

Адегенде түшүш керек тозокко!

К: – Өлгүң келет чыга качып териңден,

Өзүн өзү сыйлабаган элиңден!

Ш: – Алжып калган чалга айланып калкыбыз,

Ар кай жерден чыгып жатат «мантыбыз».

К: – Яра тартып өзүмдү өзүм сойсомбу,

«Япономайт!» деп самурай болсомбу?

Ш: – Окшош дечи, кулак-мурун, кашыбыз,

Окшошпойт го барабандай башыбыз!?

К: – Я, Шаке, жандар чыкты тажаткан,

Япондорду кыргыздардан тараткан?

Ш: – Акмактарын таштап тоого-бадалга,

Акылдуунун бирөөн бизге калтырбай

Ала качып кеткен тура аралга!

К: – Ягуардай чапчаң элең, эр элең,

Япон кыздан маек алдым деди элең?

Ш: – Токиолук болчу, сылык жүргөнү,

Эки жылдай сабак берип иштептир

Кыргыз тилин суудай таза сүйлөдү.

– Эмне жакты? –десем, ал кыз, демиге:

– Айлыңардын жайбаракат жашоосу,

Анан жапкан наны жакты, – деди эле...

К: – Бурмакандын бугу барын Буш билбейт,

Бут кирсе эле, бутка илешип кут кирбейт!

Ш: – Кык чокуган карга эч качан куш болбойт,

Кыргыз деген кыйналмайын муш болбойт!...

К: – Анда, Шаке, кыргыз бойдон калалы...

Ш: – Апкел, Кыял, ошон үчүн алалы?!.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG