Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Кош музаны багындырган мээнеткеч айым


Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова. 03.10.2017.
Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова. 03.10.2017.

Акын жана журналист Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулованын чыгармачыл бейнесине сүртүмдөр.

Бир эле инсан көөдөнүнө поэзиянын аруу саптарын, көркөм дүйнө таанымды жана катаал, супсак, фактыга гана негизделген журналисттик тажрыйбаны, прагматикалык турумду сыйдырышы мүмкүнбү же жокпу?

Бир эле инсан таң заарында ойгонгондо таңкы желаргыга эркелеген, таттуу, кыялданган же муңайган ыр саптарынын кучагында болуп, күндүзү өзү жашаган коомдун күңгөй-тескейинин көйгөйлөрүн кабарчы катары батыл чагылдыруу менен алектениши мүмкүнбү?

Бир инсан назик, мээрим чачыраган үнү менен журналисттик өктөм тапшырмаларды бериши жана анын аткарылышын калбаат талап кылышы ыктымалбы?

Бир инсан өтө талаптуу, өтө бекем ишмердигинин аралыгында балдарына, жакындарына, тели-теңтушуна жароокер жана мээримдүү мамилесин билдирүүгө дилгир боло алабы?

Жогорудагы сапат мен өтө жакын билген бир айымга таандык.

Ал – студент кезимден билген кыргыздын акын кызы, чыгаан журналист Бурулкан Турдубек кызы.

Бир чети, ал акын болууга милдеттүүдөй да туюлат, себеби биздин көзүбүздөн учкан касиеттүү, ажайып Ысык-Көлдүн кылаасында чоңоюп өскөн.

Акындарды арбаган көл кечи. 03.11.2018.
Акындарды арбаган көл кечи. 03.11.2018.

Бурулкан бугу айынын 30унда Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында мугалим Турдубек Сарыгуловдун үй-бүлөсүндө туулган.

Турдубек Сарыгул уулу Мөөнчү небереси тарых, кыргыз, тил адабият мугалими, мектеп деректири, айылдык кеңештин төрагасы, аксакалдар сотунун төрагасы сыяктуу кадырман кызматтарда иштеген.

Энеси – Жибек Бөлөкбаева Тосор айылынан. Өмүрүн башталгыч класстын окуучуларына билим берүүгө арнаган элеттик педагог.

Жибек Бөлөкбаева апа.
Жибек Бөлөкбаева апа.

Чоң атасы – Мөөнчү уулу Сарыгул өрөөндө “жез таңдай” атыккан чечен, “кун чечкен” калыс адам болгон дешет.

Бурулдун бала чагы Жети-Өгүздүн Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак айылдарында өттү. Башкалар бир гана кыштакта чоңоюп өссө, Бурул бала чагында эки кыштактын кереметине ыракаттанды.

Азил кылып элестетип көрсөк: Ак-Теректе ойгонсо деле, Кичи-Жаргылчакта үйдөн чыга келсе деле, жылдызы жакын асман менен ак кар жамынган тескейдин тоосу көрүнөт, түндүктү карай бир аз төмөнгө чуркап түшсө – өз шапатасы менен ар таңда, түштө жана ар кечте эркелетип ыйык көл турат... Анан ким мындайда акын болбосун?

Өзү да маектеринин биринде мектептеги курагынан бери эле акындыктын жана кабарчылыктын кош жээгинде жашаганын айтып калат:

Ал кезде кадимкидей ыр, аңгеме жазып, райондук, облустук, республикалык гезиттерге макала жазып калган кезим болчу. Бирок мен эч качан журналисттик түбөлүктүү кесибим болуп калат деп ойлогон эмесмин. Көкүрөгүмдүн түпкүрүндө акын болуу тилеги жашачу”.

Атасы Турдубектин бир тууган эжеси Сайра Бурулду тестиер кезинде багып алып, ал эки үй-бүлөнүн эркеси да болуп чоңойгон экен, эки жактын түйшүгүнө да ортоктош болгон экен. Өзү “эне” деген Сайра эже кийинчерээк каза болуп калганда да, анын кайненесине (Болгон ысымдуу чоң энеге) көмөк кылып, оорун колдон, жеңилин жерден алып, Ак-Теректен кетпей койгон (бул дагы Сайранын балакат кызга мээри төгүлүп, нукура элеттик бир боордук тарбия бергенинен улам), бирок аны акыры ата-энеси өз айылына – Кичи-Жаргылчакка алып кетишет. Бул – дүйнө таанымы кеңейип, өзүн жетилип калдым деп, ата-энеси болсо дагы эле кичинекей кыз деп баалаган он беш жаш чагы.

Жетилүү курагында ал чоң энесинен жана айылдаштарынан нечендеген накыл кеп, жомокторду, кошок ырлары сыяктуу фольклор мурастарын укту.

Ырас, чоң аталар менен чоң энелер өз чындыгын урпактарга толук жеткире албай арманда кетишкендей болду.

Бурулдун чоң энесине арналган ыр саптарынан анын 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш кандуу жазаланган соң, азаптуу Улуу Үркүндө Батыш Кытайга чейин барып кайткан мүшкүл турмушу жөнүндө азыноолак маалымат алабыз:

“Чаар эне” дечү жеңем

Күкүмдү жебей жерип,

көп жеме уккан элем

чоң энемден.

“Антпе, шүк! Кесир болот!” –

Калтаарып картаң үнү,

Бырышып суук жүзү

Катуу урушчу.

Ансайын күлкүм келип,

Кебин жерип...

Эси жок балалыгым!

Чычкандан дан талашып,

Жан талашып, ийин казып...

Балалыгын

Жоготуп алгандыгын,

Үркүндө тээ илгери,

Кийин билдим...

Эсиме келгенде мен

Ошол энем

Жок эле. Эбак өлгөн!

Эсимде жат калганы –

Какшаал болду. Анан да

Текес, Турпан

Таптакыр түгөнбөгөн

Чоң энемдин кыйырсыз

жомогунан.

“Чаар эне” дечү жеңем,

Ооруган экен көрсө

чечек менен

Үркүндө байкуш энем”.

5-класста окуп жүргөндөн тартып Бурул ар кыл гезиттерге чакан кабар жазып, калеми телчиге баштады.

Атаганат, роза гүлү тууралуу 7-класстагы туңгуч ыры сакталбай калганы өкүнүчтүү... Бул ырды жазууга аны өз энеси Жибек шыктандырган экен. Пионер кезинде жазган бул ырында анын бала чакта ойгонгон алгачкы сүйүү сезими камтылды бекен, же натюрмортко бута болгондой, роза гүлүнүн өзү эле бүтүндөй ыр мерчеми болду бекен, муну эми жолукканда жакшылап чегелеп сурап көрбөсөм...

Ал кезде Тенти Адышева, Жумакан Тынымсеитова, Майрамкан Абылкасымова сыяктуу акын кыздарды мүлдө журт даңазалап турган. Жибек апа кызынын болчокто ошолордой акын болорун самагандыр?

Асман түстүү, күн жыттанган көйнөгүң,

Өзүңө окшоп көрчү тосуп кеткенин.

Кучагыңа кулап түшкүм келсе да,

Кадам жерден бир өзүңө жетпедим.

Үмүттөрүң карып кетти канча ирет,

Мен жөнүндө күтүп элден жакшы кеп.

Акын болуп келет эле кызым деп,

Карай берип чаалыккандыр эки көз”, – деп Бурул да кийинчерээк энесинин эңсегенин боолголоп жазганы бар.

Бурул айылдык орто мектепти аяктаган соң, бир жылдай Ак-Теректе иштеп, андан соң КМУнун бир жылдык даярдоо курсунда окуган (бул дагы ал кезде көксөгөн жогорку окуу жайга өтүүнүн маанилүү аргаларынан болчу).

1978–83-жылдары ал Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине караштуу журналистика бөлүмүндө таалим алды (дал ушул бөлүм жабылып калаарда, анын туңгуч чыгарылышынын студенттери Маскөөгө, Кремлге, КПСС БКнын идеологиялык тармагын тейлеген Михаил Сусловго чейин арыз жазып, бул арызды коңшу жумурият аркылуу жөнөтүшүп, журналистика бөлүмүн эптеп сактап калышканын публицист Эсенбай Нурушев агабыз кээде эскерип калат).

Менин түшүнүгүмдө, КМУнун журналистика бөлүмүндө (азыркы тапта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде) таалим алуу Маскөөдөгү А.М.Горький атындагы Адабият институтунда окуганга тете болчу, анткени мында окугандар ЖОЖдон кийин мугалим болуп кетпестен, жаңылыктар даярдаган, ыр жана кара сөз чыгармаларын байма-бай жарыялаган басылмаларда иштөөгө даяр адистерден болуп калышчу; бул бөлүм – даремети барлар үчүн калемгерлердин сыйкырдуу устаканасы эле.

Кийин гана билгенимдей, далай мыкты акын-жазуучулар К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтун, мединститутту, башка окуу жайларды деле аяктаган экен. Бирок журналистика бөлүмүнүн өзүнүн чыгармачыл аурасы калемин койкоңдотконго дилгир улан-кыздар үчүн көркөм бейиш багындай же Сократтын философиялык мектебиндей эле болсо керек.

Деги “Кудай бар экен”, журналисттер да көктө эмес, жерде жүрсүн деп, тарыхчыларга гана эмес, аларга да марксисттик-лениндик философия, саясий экономия, КПСС тарыхы, атеизм сыяктуу сабактарды (б.а. биз, тарыхчылар, милдеттүү уга турган дарстарды) окутушчу, биздей эле алар да студенттик курулуш кошуундарына, айыл чарба жумуштарына барышчу. Биздей эле китепканаларга, театрларга самсышчу.

Президент Р.Отунбаева менен маек. 04.6.2010.
Президент Р.Отунбаева менен маек. 04.6.2010.

Бирок баары бир журналист жана тилчи студенттердин башка жамааттардан айырмалуу жана өзгөчө баалуу чакан дүйнөсү бар болчу.

Мисалы, бул факультеттеги таланттуу жаштар студенттик күлгүн кезди жөн өткөрбөстөн, “Жаш толкундар” көркөм ийримин түзүшкөн эле. “Жөн жүрбөй” студент кезинде театр оюнун коюшканын Бурул өзү эскергени бар:

Бир ирээт, Чынгыз Айтматовдун “Фудзиямада кадыр түнүн” сахнага чыгарганыбыз эсимден кетпейт. Факультеттеги драмалык ийримдин жетекчиси Шакин Эсенгулов агайыбыз бизди катуу шыктанткан, кадимки эле турмуштагыдай ойногонго аракет кылып, спектаклди сахнага чыгарганга чейин жан-алыбыз калбай аракеттенгенбиз. Биздин курстан сегизибиз башкы ролдорду ойнодук. Мен Алмагүл болгом. Ошентип Айтматов бизди студент кезде “Фудзиямага чыгарып”, көрпендечиликтин өйүз-бүйүзү менен жакындан тааныштырган”.

Бурулдун курсташтарынын арасында болочок чыгаан акындар, жазуучу, котормочу жана журналисттер болду (Мирзахалим Каримов, Кожогелди Култегин, Бегалы Наргозуев, Жедигер Саалаев, Өмүрбек Тиллебаев, ж.б.).

Алардын ичинде өзгөчө сөзгө алынганы – эгиз козудай ээрчишип, сырдашып өскөн курбусу Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева айым.

Курсташ курбулар Бүбүкан (солдо) менен Бурулкан. Бишкек.
Курсташ курбулар Бүбүкан (солдо) менен Бурулкан. Бишкек.

Аларга журналисттик кесипке багыт берген нечендеген улуу муундун өкүлдөрү болду. Бурул өзү да студент кезинен эле «Кыргыз маданияты» гезити, «Кыргызстан аялдары» журналы, Кыргыз радиосу менен штаттан тышкары кызматташып турган.

Андан кийин тестиер кезде пландаганга эч коошпогондой чоң “тегирмен” башталды да, калды. Турмуш тегирмени. Географиялык алкакты улам кеңейткен тегирмен... Жаш келиндин, жаш журналисттин түйшүгү, ымыркайларды карап, ошол эле учурда өндүрүшкө үзгүлтүксүз баруунун түйшүгү.

Тагдырындагы Ысык-Көлдөн таптакыр алыста – мурда тим эле “жер түбү” сыяктуу сезилген Нарын, Ат-Башы, Ак-Муз жергеси менен байланыштуу баскыч 1984–90-жылдарды кучагына алды.

Бурулдун өмүрлүк жарынын ысымы да атасыныкына уйкаш – Турдубек болуп чыкты. Бурул экөө эки уул, бир кыздуу болушту.

Мен Турдубек Мойдун уулу Субакожоев (1956–2010) агабызды студент кезимден билчү элем. Нарын шаарында чогуу иштеп калып, бир тууган агам Кубанычбек менен алардын үй-бүлөлүк катышы бар эле.

Турдубек Мойдун уулу Субакожоев. 26.7.2008.
Турдубек Мойдун уулу Субакожоев. 26.7.2008.

1990-жылдардан алардын үй-бүлөсү кайра Бишкекте жашай баштады. Бурул оболу 1990–1993-жылдары «Мугалимдер газетасында» кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеди (агам Кубанычбек да ушул гезитте иштечү).

Анан 1993–2002-жылдары (“Мугалимдер гезити” өз атын өзгөртүп, кайра түзүлүп, “Кутбилим” гезити болуп калганда), Бурул ушул агартуу багытында азыр да ат кашкасындай белгилүү болуп алдыга суурулуп чыгып турган басылмада бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары болуп иштеп келди, ара-чолодо “Кутбилим сабак” усулдук тиркемесинин редактору болуп турду.

1996-жылдын күзүнөн тартып Бурул гезиттеги ишине удаа эле “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросунда иштеп калды. 2002-жылдан тартып биротоло “Азаттыкта” гана иштей баштады. Анын Бишкек бюросу 2005-жылдын апрелинен тартып “Азаттык Медиа” мекемеси деп аталып калган эмеспи. Бурул ушул куттуу жайда азыркыга чейин иштеп келет.

Бурулдун жолдошу Турдубек Субакожоев агабыз абдан жаракөр, азилге жакын, оокатка бүйрө киши болчу.

Бир күлкүлүү окуя да эсимден чыкпайт.

Бурул “Азаттыктын” Бишкек бюросунда иштей баштаганда дагы бир аты уйкашы – ыраматылык Бурулкан Исмаилова айым да бар эле. Ал таанымал илимпоз-дарыгер, профессор Султангазы Бакир уулу Орозобековдун (1952 – 2008) жубайы болчу.

“Азаттыкта” башка да аты уйкаштар иштеп калышты: Айнура, Бакыт, Кубат, Султан, Улан, Элеонора, ж.б.

Ал эми Бурулкандарды айырмалоого келгенде Бурул өз атасынын ысымы менен “Бурулкан Турдубек кызы” деп адабий ат алып обого чыга баштады. Турдубек Субакожоев байке болсо тамашалап: “Менин кызым “Азаттыкта” иштейт!” – деп күлдүргөнү эсте.

(Баарынан кызыгы, 1920-30-жылдары советтик Каракалпакстанда айымдар турмушка чыккан соң, өздөрүнө тегат (фамилия) катары күйөөсүнүн ысымын алган антропонимиялык салт да болуптур!

Балким, бул убактылуу салт каракалпактарда кайын атасынын ысымын тергөө менен деле байланыштуу чыгышы ыктымал. Кыргыздарда деле чоң энелерибиз 1990-жылдарга чейин кайната, кайнагаларынын атын айта албай кыйналышчу, кээде күлкүлүү сөздү тергөө үчүн таап куудулданышаар эле. Биздин жакын туугандарыбыздын чоң атасы Чыныбай эле, апаларыбыз ар дайым чай чыныны “кесе” деп айтып тергешчү. Темир, Бектемир аталардын ысымын айтып албас үчүн темирдин бардыгын “чоюн” деп аташчу.

Муну мен “Бурулкан Турдубек кызы” адабий ысымынан улам жөн гана кошумчалап айтып калдым).

Атаганат, Турдубек Субакожоев агабызды шум ажал колдон эрте жулуп кетти. Жаркыраган асылзат инсан эле. Ат-Башыдагы айылына чейин барып, аза бөлүштүк.

Бурулкан "Азаттык Медиа" мекемесинде.
Бурулкан "Азаттык Медиа" мекемесинде.

Бурул 2010-жылы (апрель-ноябрь айларында) “Азаттык Медиа” мекемесинин деректиринин милдетин аткаруучу болду, 2011-жылдан баштап “Азаттык Медиа” мекемесинин деректиринин орун басары – башкы редактору болуп иштеп келатат.

Бурул өзү бир кездеги редактор устаттары катары Калыбек Осмоналиев (“Ленинчил жаш” гезитинин баш редактору) менен Муса Алыбаевди (“Нарын правдасы” гезитинин баш редактору) ар дайым жылуу эскерип келет, ал эми Бурулдун өзүнүн колунан 1990-2019-жылдары далай жаш журналисттер телчигишти.

Менин Бурулду сыйлаганым жана “Азаттыкты” жетектеп турганда ар дайым ага таянууга аракет кылганым – ал тубаса калыстыгы, саясий желаргылардан өзүн бейтарап журналист катары ар дайым жогору кармап тургандыгы, ар кандай талаш-тартыштуу, дүрбөлөң учурда да токтоолугунан жазбагандыгы сыяктуу мыкты сапаттары бар оңой менен табылгыс адис. Ал айтылуу Аксы окуялары, кылым башындагы кош ыңкылап, ж.у.с. ар кыл саясий күрдөөлдөр маалында белсене иштеп, алдыңкы саптарда болуп, “Азаттыктагы” журналисттик өндүрүштүк түйшүктөрдү кабагым-кашым дебей көтөрүп иштеп келди.

Жакында ал менин бир мүчүлүштүгүмдү азил сөз аралаштырып эскерди.

Көрсө, Кыргызстанда олуттуу окуялар болуп жаткан кечтердин биринде мен Прага шаарынан ага телефон чалып, мунун айынан ал кайра Бишкек бюросунун кеңсесине түнкү саат бирде келип, таңкы берүүгө жаңыртылган маалыматы бар кабар даярдаган экен.

Бир чети, аны кайра ишке келип кетүүгө чакырган мүчүлүштүгүм уялтса, экинчи чети, Бурул сыяктуу коомдук мааниси зор иш дегенде өз кызыкчылыгын четке жылдыра алган оперативдүү кабарчылардын көзгө көрүнө бербеген мээнети менен “Азаттык” үналгысы Кыргызстанда коомчулук алдында жүзү жарык иштегендигин ойлоп, өзүмдү кайра жубатам.

Бурул өзү да мээримдүү, назик үнү менен эле “Азаттык Медиа” мекемесин ийкемдүү жетектөөгө, анын ишинин оперативдүүлүгүн жана жандуулугун арттырууга зор салым кошуп келет. Бул – “Азаттык” үналгысынын азыркы жетекчиси Венера Сагындык кызынын да Бурулга берип жүрчү демейдеги баасы деп айта алам.

Кыргыз коомчулугу да, өлкө бийлиги да кесиптешибиздин мээнеткечтигине жогорку баасын берип, ал “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына (02.10.2018), ага чейин “Эл агартуунун мыктысы” төшбелгисине арзыды.

Президент С.Ш.Жээнбеков Б.Сарыгуловага ардактуу наам ыйгарууда 02.10.2018.
Президент С.Ш.Жээнбеков Б.Сарыгуловага ардактуу наам ыйгарууда 02.10.2018.

Ушундай кесиптеш менен үзөңгүлөш болгондун өзү чоң утуш, чоң бакыт экенин мен кийинки кездери – “Азаттык” үналгысынан узагыраакта туруп калган чагымда өзгөчө аңдадым.

Ал эми анын акындык өнөрү, албетте, эгемен Кыргызстандын ар мүнөттө саясий окуялар ар башка середе өнүккөн шартында иштеп жаткан журналист үчүн өтө оор сыноого кабылды.

Менимче, перзенти үчүн аялуу сезимин акыркы демине чейин сактаган асыл эне сыяктуу эле, Бурул да жүрөгүндө поэзия үчүн орун калтырууга жетишип келет.

Анын дүйнө чабыты “Азаттык” аркылуу жалпы планеталык деңгээлге чыкты деп айта алам, бирок жүрөк толтосундагы поэзиялык жайыты өзүнүн аялуу чөйрөсүндө, өзү аздектеген Марина Цветаева, Анна Ахматова, Сагын Акматбековалардын лирикалык аруу дүйнөсүндө бекем кала бергендей.

Бир ирет Бурулдун “Азучена” аттуу аз саптарга чоң дастандын окуясын сыйдырган ырын окуп калдым.

Бул “Азучена” ыры италиялык залкар композитор Жузеппе Верди (1813—1901) либреттого негизденип музыкасын жазган “Трубадур” операсынын Азучена ысымдуу каарманына таасирленип жазылган экен:

Түшүрдү деп терс дуба балдарыма,

Бир цыганды кары Бек кечирбеди.

Буйругуна баш ийип улугунун,

Өрттөп ийди жигиттер сепилдеги.

Көзүндө кал, тилинде мөөрү бар деп,

Бүтүн табор кудайга теңечү эле.

Эпсиз сүйгөн жашоону, анан кызын,

Бул аял - Азучена энеси эле.

Көгөрүп, көксөгөнү – өч алууда

Маңкурттан энекесин өрттөп ийген.

Күсөп, күтүп, көргүсү келип жүрөт,

Баласын ошол Бектин отко күйгөн.

Албуут цыган, жаш эне Азучена

Алдына шайтан келсе жалмачудай,

Чыдабайт эч ким анын жаалысына

Абайла, каргап кокус салбасын ай!

...Наристесин бөктөргөн Азучена,

Cепилге киргендигин жан сезбеди

Эки бала колунда, чыкканда да

Азучена эч кимге кез келбеди.

Күзөтчүлөр жылынчу түнкү отко

Бир баланы ыргытып, басып кетти.

Азучена бир кадам жылаар менен

Диркиреп эмчек сүтү атып кетти…

Кеги күч, боору муздак Азучена,

Өч алам деп өзүнө азап салды.

Чаташтырып баласын отко жагып,

Ажалы жок Бекзаада аман калды.

Бек баласын эмизди, эр жеткирди.

Бул азабын бир жанга айтканы жок.

А бирок арыстандай Азучена

Өч алуу максатынан кайтканы жок.

Цыган сүтү торолткон бек тукуму

Леонора селкини сүйдү бир күн.

Азучена каалаган отко эмес,

Махабаттын отуна күйдү күн-түн.

Ак сөөк тукум селкини сүйөмүн деп

Айгак болду бир тууган агасына,

Бекзаада өлүм жаза чектеп койду,

Каскак цыган, Азучена баласына.

Жузеппе Верди (Giuseppe Verdi). 1886-ж. сүрөт. (Заманбап өнөр галереясы, Рим).
Жузеппе Верди (Giuseppe Verdi). 1886-ж. сүрөт. (Заманбап өнөр галереясы, Рим).

Күйүп жаткан оттогу көрүп “уулун”,

Азучена айгайлап айтты чынын.

“Кара! - деди табалап Бекзааданы,-

Бу цыган - Бектин уулу, бир тууганың!”

Азаптуу Азучена отту айланып,

Энеси жаңы өлгөндөй өчүп-тамды:

“Кеттим мен табор көздөп, кошкун эне,

Сен үчүн көпөстөрдөн өчүмдү алдым!”

Деди дагы, дүйнөсү көчүп кетти.

Айланкөчөк... эмчеги сайгылашат.

Көкүрөгү өрөпкүйт таш баскандай,

Көзүнөн жаш токтобой агып жатат...

2012-жылы бирдин айынын (февралдын) 25инде жазылган бул ыр тууралуу сурап калганымда, Бурул аны “дагы эле чийки бойдон” деп койду. Бирок бул ыр мага чоң таасир калтырганын жашыра албайм.

Тасма. Бурулкан Сарыгулова “Сыр сандык” китеби үчүн коомдук сыйлыкка татыды. 10.12.2010.

Акын кызыбыздын соңку ырларынын бирин “Фейсбуктан” акырын гана “шып” этип көчүрүп алдым:

Кошулбайт жолдор. Убара тарттың эмне деп,

Айтпадым беле азгырып кайра келбе деп.

Аргасын таппай же күдөр үзбөй күйгүчө,

Акылдан чийип, жүрөктөн сүрүп жеңген эп.

Издебе дегем. Кум чайкап кеткен изимди.

Табышың кыйын баягы жанды түсү ийги.

Жолуңду буудум жетелеп мага келаткан,

Көрсөткүм келбей күбүлгөн эчак күзүмдү.

Кызыл от өчкөн алоолоп турчу бетимен.

Күтүүдөн чарчап, капкачан муздап, жешилгем.

Сен келбе кайтып. Өмүрдүн калган-катканын

Узатуу менен алекмин кертип четинен.

Ким билет? Журналисттик түйшүк, балким, акындыкты курчутаар? Же мокотобу?

Бурул өзү бир ирет маегинде мындайча белгилептир:

Журналисттик кесип... чыгармачылыкты талап кылганы менен анын жолу башка. Акындын душманы. Бул – менин сөзүм эмес, акын Кожогелди Култегиндики. Маалымат тынымсыз агып турган азыркы заманда журналист жоокерге окшош. Анын ыр менен да, сыр менен да иши жок. Чындык керек, чынчылдык керек...

Балким, Бурул бир аз көбүртүп айтып жаткандыр? Балким, лирик акындын даремети ар кандай кесипти аркаласаңыз да, ууздай даамданган сапатын сактап кала берээр?

Акын болбогондон кийин айтыш кыйын.

Поэзия кечесинде. Бишкек. 17.12.2016.
Поэзия кечесинде. Бишкек. 17.12.2016.

Айтор, Бурулкан Турдубек кызы досубуздун дүйнөсүндө эки муза – лирикалык поэзиянын музасы Эвтерпа менен журналистиканын музасы бири-бирин шынаарлап, ынтымакта эле жүргөнүн алтымышка чыккан кезимде аңдадым.

Ылайым ушул музалардын жана бак-таалайлуу балдарыңыздан коштоосунда бакыбаттыкта жашап, өзүңүздү аздектеген күйөрмандарыңыздын, теңтуштарыңыздын, шакирттериңиздин курчоосунда 110 жаштын сересине чыгыңыз, акын жана журналист досум!

“Азаттыкчылар” тобу Бурулкандын поэзия кечесинде. 17.12.2016.
“Азаттыкчылар” тобу Бурулкандын поэзия кечесинде. 17.12.2016.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG