Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:08

Жылаажын аваз жылдызыбыз 60 жашта


Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева. 18.1.2009.

“Азаттык” үналгысынын сыналгы продюсери Бүбүкан Акматжан кызы Досалиеванын мааракесине арналган блог.

Көлдүк кыз

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева 1958-жылы жетинин айынын (ноябрдын) 1инде Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган.

Анын атасы – Акматжан Досалиев 1930-жылы Саруу айылында туулган. Энеси Бейшекан апа Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылынан болот. Алар өмүр бою Саруу айылында иштеп, ардагердикке чыккан.

Бүбүкандын чоң атасы Досалы Күрөңкөй уулу өз доорундагы билим-таалимдүү киши болгон, ошондуктан аны айылдаштары кадырлап Молдоке дешчү экен. Досалы чоң ата Маргалаңдан Кулжа менен Кашкарга Ысык-Көлдүн Сырты аркылуу мата жана башка товарларды ташыган эл аралык соода кербендерине Ысык-Көлдүн бийик ашуулары аркылуу жол көрсөтүп жүргөнүн урпактары аңыз кылып келет.

Совет бийлигинин башында Досалы Күрөңкөй уулу Саруу айылында артел башчысы болгон. 1930-жылдардагы сталиндик куугунтук доору бул үй-бүлөнү айланып өткөн эмес.

1939-жылы Досалы ата "колхоздун тогуз торпогун жоготту" деген кине менен камакка алынып, тээ Ыраакы Чыгышка айдалган. Улуу согуш башталарда андан "карагай кыйып жатабыз" деген кат келген. Досалы атанын качан жана Шибердин кайсы жеринде өлгөнү так эмес.

Бул сыяктуу үй-бүлөлүк купуя болгон күйүттүү окуяларды Досалы атанын урпактары эгемендик доордо гана ачык айта баштады.

Жаш чагында “эл душманынын” уулу катары кыйла жерилгенине карабастан, Акматжан ата өзүнө тың болуп, айыл активдеринин арасында жүрдү. Бейшекан апа экөө Бүбүканды да болочок айдыңдык турмушта өз киндигин өзү кескен чыйрак кыз кылып тарбиялашты.

Бүбүкан Досалиева.
Бүбүкан Досалиева.

Элдик кабарчы

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева менен кесиптеш жана замандаш болгонуна сыймыктанган атуулдарыбыз арбын. Алыс барбай эле ушул саптардын ээсин алсак болот.

Акын болбосок да Бүбүканга арнап төрт сап чүргөй салыптырбыз:

Ырдасаң – арген авазың,

Сүйлөсөң – үнүң жылаажын.

Калыстык сыйган кагазың,

Калайык сага ыраазы.

Бүбүкан Акматжан кызы “Азаттык / Эркин Европа” үналгысынын Кыргыз кызматынын (кыскача “Азаттык” үналгысынын) ысыгына күйүп, суугуна тоңгон өзгөчө тажрыйбалуу кабарчыларынын бири катары мүлдө калкыбызга маалым.

Айрым замандаштар азыркы кабарчыларды кабинетте жылуу-жумшак отуруп алып, “бул кабарды жазсамбы же жазбай эле койсомбу?” деп кылыктанган кишилердей санашы мүмкүн.

Чынында, андай шартта иштегендер деле турмушта жок эмес. Бирок дүйнөнүн ар кыл чөлкөмүн ар кандай кырдаалдарга карабастан кезген “талаа этнографы”, “талаа геологу” дегендердей эле, “талаа журналисти” катары мээнет тер төккөн журналисттер да бар эмеспи.

Бүбүканды биз дал ошондой калайык турмушун жеринен чагылдырган элдик кабарчылардын бири катары тааныйбыз.

Мен 1991-жылдын жаз мезгилинен бери өмүрүмдүн кыйла бөлүгүн “Азаттык” үналгысы менен тыгыз байланышта өткөргөн жана 2003-2010-жылдардагы Кыргызстандагы бурулуш окуялар маалында бул кызматтын жетекчиси болгон журналист катары сересеп кылып айтсам, 1995-жылдан берки Бүбүкандын жекече салымы “Азаттык” үналгысынын бардык платформаларын (үналгы, сыналгы жана мултимедиалык материалдарга сыйдырылган интернет тармактарын) өнүктүрүүдө барандуу болду.

Жазганы мыкты, бирок текст окуй келгенде өксүгү сезилген кээ бир кесиптештерден айырмаланып, Бүбүкан өзү жазган терең анализ камтылган материалдар (серептер), алып барган маектери, сүйлөө ыкмасы боюнча өрнөктүү журналист катары аттын кашкасындай бөлүнүп келет.

Ыраматылык Азамат Алтай 2003-жылы кулжа (июнь) айында “Азаттык” үналгысынын Прага шаарындагы кеңсесине келип, өзүнүн ишин улантып жаткан пост-советтик муундагы “азаттыкчыларга” ак батасын берип кеткен. Анын ыраазычылыгын туудурган шакирттеринин бири Бүбүкан болду деп таамай айта алам.

1995–2010-жылдары Бүбүкан “Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматынын жергиликтүү кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору катары иш аткарды. Ал эми 2017-жылдан тартып аталган кызматтын сыналгы берүүлөрүн уюштурган жетекчи продюсери болуп иштеп келет.

(“Азаттык” үналгысынын азыркы жетекчиси Венера Сагындык кызы 2017-жылы ушул продюсердик кызматка Бүбүканды кайра чакырып жатканын айтканда, мен абдан кубанып, ыраазы болдум. Ага чейинки жети жыл ичинде Бүбүкан башка медиа тармактарына жана университеттерге “Азаттыктын” бейтарап журналистикалык стандарттарын тааныштырган устаттык-педагогдук ишмердигин ырааттуу жүзөгө ашырып келгендигин кыстара кетсек болот).

"Жоогазын ыңкылабы". 24.3.2005.
"Жоогазын ыңкылабы". 24.3.2005.

Жылдарга бергис бир күн бар

Бүбүкан Акматжан кызы “Азаттыктын” кабарчысы катары Кыргызстандын ар кыл аймактарын кыдырып, өтө маанилүү берүүлөр даярдады.

Эсимден таптакыр чыкпай турган окуялардын бирин азыр айта кетпей койо албайм.

2005-жылдын жалган куран (март) айынын 24ү.

Бул күн XXI кылымдын тарыхында Кыргызстандагы алгачкы элдик ыңкылап жүзөгө ашкан күн катары маалым. Аны “Жоогазын ыңкылабы күнү” деп атагандар бар, жөн эле А тамгасын Б тамгасына алмаштырган күн деп сындагандар бар. Ал эми ыңкылаптан улам бийликтен четтетилгендер үчүн ал “кара күн” деп бааланат.

Үмүт да, күдүк да күч болгон ошол күнү таңга маал Кыргызстандын ордо шаарында калайык нааразылык жыйынына акырындап чогула баштады.

“Кыргызстанда Украина менен Грузиядагыдай элдик ыңкылаптар болушу ыктымал” деген жоромолубузга анчейин ишениңкиребесе да, “Азаттык / Эркин Европа” үналгысынын жалпы Жаңылыктар бөлүмү өзүнүн англис жана орус тилдерин мыкты билген кабарчысын саал мурдараак Бишкекке аттандырган болчу.

Ошол күнү эртең менен Бишкектеги ар бир жаңы өзгөрүүлөр тууралуу ар башка булактардан, анын ичинде өз кабарчыларыбыздан да маалымат алып турдук.

Түшкө чейинки кабарларынын биринде кесиптешибиз Бүбүкан Досалиева "Чүй көчөсү менен Ак үйдү көздөй 5 миңдей киши келе жатат" деп кабарлады.

Бул – өтө чоң сандык көрсөткүч болчу. Прагада бул кабарды шашылыш англисчеге которуп, жалпы жаңылыктар бөлүмүнө узаттык.

Жаңылыктар бөлүмүнүн ал кездеги башчысы, литва тектүү өтө дасыккан журналист Кестутис Гирниус (Kestutis Girnius) дароо эле мага айттырды:

Кабарчыларыңыз анчалык апыртып жиберишпесинчи, биздин Бишкекте сапарда жүргөн атайын кабарчыбыз болгону миңге чамал киши чогулду деп маалымдады го!

Дегиңкиси, мындай шек санаган мамиле өтө кыйчалыш, татаал учурларды чагылдырууда аба менен суудай керек.

Телефондун кулагын бурап, дароо Бүбүканга байланыштым да:

Эмнеге жыйынга топтолгондордун саны боюнча жаңылыктар бөлүмүнүн өкүлүнүн көрсөткүчү менен биздики дал келбей жатат? — деп сурадым.

Тынчтык, алардын кабарчысы өз маалыматын жөнөтүү үчүн мейманканага кетип калган, ошондон улам эл көбөйгөнүн ал көрбөй калды.

Көрсө, берки чет элдик кесиптешибиз дарыгер Назаралиевдин борборунун жанына бир миңдей киши чогулганда эле алар тууралуу жазып, Прагага кабар жиберүү үчүн мейманканага кеткен экен.

Эми болсо чогулган калайык он миңге чамалап калды! — деп Бүбүкан толкундана айтканы эсте.

Бул соңку кабарды дароо жаңылыктар бөлүмүнө маалымдадык.

Баарынан кызыгы, ошол күнү кечкурун демонстранттар Ак үйдү ээлеп, ал эми үй-бүлөлүк авторитардык түзүлүштү таңуулаган Аскар Акаев сыртка чыга качканда, алиги жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы Кестутис Гирниус мырза “Азаттык” үналгысынын жамаатына окуяларды оперативдүү жана калыс чагылдыңар деп шампан алып келип куттуктаган. Бул маал Прага шаары үчүн түш оогон кезең эле.

Бишкекте жана ар кыл облустарда жанын аябай чуркап жүрүп тарыхый окуяларды таамай чагылдырган башка кабарчылардын арасында Бүбүкандын да опол тоодой эмгеги бар экендигин ушул мисал эле тастыктайт.

Өмүрлүк жары Абдыкалык (биз Калыке дейбиз) менен Бүбүкандын үч кызы, бир уулу бар. Алардын көкүрөк күчүгү — Аскар.

Ал эми ошол 2005-жылкы бурулуш окуялардан соң кичинекей Аскардын бир окуясын айтып, Бүбүкан бизди күлдүрдү эле.

Апа, апа, менин теңтуш балдарыма айтып койчу! — деп бир күнү уулу ызалынп келиптир.

Эмне болуп кетти, уулум?

Алар “Аскар качты, Аскар качты! Эми сен да качасың!” деп жатышат. Мени эч жакка качпайт деп аларга айтып койчу, апа!

Ошол жылы саясат менен иши жок тестиерлер да саясатташып кеткенсиген. Азыр Аскар бакыйган жигит болду. Ал элибиздин мыкты атуулу болот деп ишенебиз.

Мээнеткеч жана кесипкөй Мадонна

Бүбүкан Досалиева өзүнүн көп кырлуу чыгармачыл ишине айрыкча талаптуу инсан.

Бир кесиптешибиздин айтканы эсте: “Бир жолу түн бир оокумга чейин тойдо болуп, эртеси таңкы саат 06:00да жумушка эптеп чыктым. Мендей эле тойдо отурган Бүбүкан эжекебиз алда немедей жасанып алып, демейдегисиндей жумушта отурганын көрүп, абдан таң калдым да, ыраазы болдум!”

Жумурияттагы жаш журналисттердин далайы Бүбүканды өз устаты катары кадырлап келет. Ал өзүнүн мол тажрыйбасы менен жалаң гана “азаттыкчылар” менен бөлүшүп чектелбеди.

1985-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде), Бишкек гуманитардык университетинде жана башка окуу жайларда дарстар окуп, семинарлар өткөрүп, далай журналисттерди ырааттуу телчиктирип келе жаткан көп жылдык эмгегин эске алсак, аны бекеринен эл аралык Айтматов академиясына журналистика тармагы боюнча анык мүчөлүккө кабыл алышпагандыгын түшүнөбүз.

Бүбүкан Досалиева саясат таануу тармагында кандидаттык диссертациясын коргоп, бир катар илимий эмгектерди жарыялады. Илим жаатында да өз сөзүн айта алган калемгер кесиптешке ыраазы болбой коё албайсың. Ал 2015–2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын ага илимий кызматкери, “Илим” маалымат-басма борборунун директору болгондугу маалым.

Бүбүкан Акматжан кызы менен менен КТРКнын Байкоочу кеңешинде да 2015–2017-жылдары чогуу иштешип калдым.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. 24.1.2017.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч. Турсунбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. 24.1.2017.

Бүбүкан КТРКны реформалоо боюнча буга чейин эле нечендеген сунуштарын билдирип келчү, ал эми КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү катары ал өзүнүн чынчыл, адилет, принципти бекем карманган мүнөзүн дагы бир жолу таасын көрсөттү десем эч жаңылышпасмын. Менин сөзүмдү Абды Сатаров, Жеңишгүл Өзүбекова сыяктуу башка да мурдагы КТРК БК мүчөлөрү тастыктайт деп ишенем.

Албетте, канчалык калемге жан киргизип алпурушсак дагы, маараке ээси тууралуу биздин бул сөздөрүбүз кыйла супсак экенин түшүнүп турам. Бүбүкандын дүйнөсүн терең ачуу жагынан анын досу, таанымал журналист, публицист жана жазуучу Кален Сыдыкова айымга жетиш кайда-а!”

(Караңыз: Сыдыкова, Кален. Бүбүкан // “Тунук” гезити. – 2001-ж., март).

Кален айым да өз сөзүн көркөм шөкөттөө үчүн маркум акын Барчынбек Бугубаев инибиздин бир ырына шилтеме жасаган болчу:

"Теледен чыкса үнү шаң,

Баарына тегиз Бүбүкан.

Суйкайган сөзүн чуурутса,

Суктанып карайт ар бир жан.

Ырдаса үнү аргендей,

Ыргагын деңиз бергендей.

Ушундай улуу жарыкка,

Ыр ырдаш үчүн келгендей.

Жаштарга үлгү ар иши,

Жакшылык ойноп нагызы.

Карлыгач кушту эстетет,

Канатын ылдам кагышы".

(Булак: “Кыргыз Туусу” гезити. – 1998-ж. – 9-ноябрь).

Бүбүкан Досалиева менен Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова. 1970-жж. соңу.
Бүбүкан Досалиева менен Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова. 1970-жж. соңу.

Курбусун кыргыз журналист айымдарынын Мадоннасы катары баалаган Кален айым Бүбүкандын эч тыным албай изденгич касиетин жогорудагы макаласында мындайча белгилептир:

“...«Колдо бар алтындын баркы жок» кылаттар коомдо митедей жоголбой аралаш келатат го. Ал дагы сулуулугунун, талантынын азабын жеп чыгармачылык бут тосууларга, ичинен кара таруу айланбаган ичи тарлардын тузагына чалынып каржалып келатат. Мына «күп деп эми жыгылат» деп көралбастар ичинен кымыңдап турганда «күп» дебей, кайра күчөнүп кетип, алардын шайын оодарганы анын канча нервин, ден соолугун алды. Киши чиркин, беш күндүк өмүрдө тынч жашабайт экен го. Теңтушу Бурул Сарыгулова жазгандай:

«Сен экөөбүз көздүн жашын жуутпай,

Муңаюуну күлкү менен жеңгенбиз» дегендей, баарын ичине батыра билгендиги, кек сактабагандыгы, аларга теңелбегендиги менен жеңип кетти. Чыгармачылык изденүүдөн го, жүзү ойлуу, санаа тартып турганын көзүнөн көрөм. Кээде, кыжаалаттанып иштеген ишине көңүлү толбой, тигил жерин тигинтип койсом болмок экен деп өкүнүп калмайы бар...”

"Ыүгайсыз суроолор". Кыяс Молдокасымов, Бүбүкан Досалиева (алып баруучу) жана Рахат Ачылова. 15.4.2010.
"Ыүгайсыз суроолор". Кыяс Молдокасымов, Бүбүкан Досалиева (алып баруучу) жана Рахат Ачылова. 15.4.2010.

Жогорудагы Бүбүкандын бейнесин чебер сыпаттаган мыкты ойлордун булагын көрсөтүү менен плагиаттыктан өзүбүздү оолак туттук, бирок Кален менен Барчынбек менин көкүрөгүмдөгү ойлорду кантип мага билгизбей “уурдап” алып, биринчи болуп жаза салышканын миң жолу айтсам да, эч ким ынанбас (юмор менен жумушу жокторго “бул – тек гана азил сөз” деп эскерте кеткеним жөндүр).

Бүбүкан Акматжан кызы досубузга “-мыш” дооруна башпагып жаткан туулган күнүндө 110 жашты чидерлегендей бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, журналисттик жаңы серелерди багынтканга түрткөн соолгус жигер жана дилгирлик каалайм.

Кылчактабай артка качкан жылдарды мыш кылып, дайыма 18 жашта бойдон кала бериңиз!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG