Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

СУЛТАН РАЕВ: ТАРЫХЫЙ ЭСТЕЛИКТЕРДИ КОРГОО БИЗДИН МИНИСТРЛИКТИН МИЛДЕТИ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Президент Курманбек Бакиев кечээ Сулайман тоодо аркан жол салууга тыюу салган жардыгын чыгарып, ал жерди ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине кошуу аракеттерин көрүү милдетин алдыга койду. Бул багытта Маалымат жана маданият министри Султан Раев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Султан мырза, бул Сулайман тоого аркан жол салуу идеясы коомчулукта катуу талаш жаратты эле. Эми президенттин жардыгы менен ал жерде “Сулайман-тоо маданий ландшафты” аттуу тарыхый-маданий музей комплекси түзүлүп, ага мамлекеттик колдоо көрсөтүлмөк болду. Андан тышкары ушул жыл аягына чейин тарыхый-архитектуралык планды түзүү жана аны түзүүдө ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча комитетинин сунуштарын эске алуу милдети алдыга коюлду. Бул жаатта Маданият мирнистрлигинин чукул арада жасай турган аракети кандай болот? Дегеле министрликтин бул багыттагы программасы барбы?

- Бул эң туура Указ болду. Биз урматтуу президентибиздин Указын колдойбуз. Себеби жакынкы аралыкта 30-июндан 8-июлга чейин Канаданын Кревек шаарында ЮНЕСКОнун чоң жыйынында Сулайман тоо өзүнчө ыйык тоо катары Бүткүл дүйнөлүк тизмеге, номинацияга кирип атат. Кудай буюрса ушул номинацияны Канадага барып мен министр катары ушул боюнча коргоп келем. Бул ишти Улуттук илимдер академиясынын Бакыт Аманбаев башында турган топ өтө мыкты профессиноалдык деңгээлде даярдады. Кудай буюрса биз ушул тизмеге кирип калсак Кыргызстандын биринчи объектиси болот. Биз акыркы 15-20 жылдан бери ушул Бүткүл дүйнөлүк тизмеге киргенге аракет жасап атабыз. Ал эми мен кечээ эле урматтуу президенттин кабыл алуусунда болуп, бул маселе боюнча маалымат бердим. Ошондой эле президенттин бизди колдоп атайын Указ чыгарып бергени биз үчүн өтө чоң сыймык, жеңиш караты болуп калды. Экинчиден, 2015-жылга чейин тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча маданият жана маалымат министрлиги чоң концепция иштеп чыгарып атабыз. Быйылкы жылы октябрь айында тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча атайын республикалык деңгээлде форум өткөрүп атабыз. Себеби, азыркы күндө биздин тарыхый эстеликтерибиз мамлекеттик коргоого, камкордукка муктаж. Атайын мамлекеттик саясатта иштеп чыгуу боюнча биз иштеп атабыз.

- Президент 2015-жылга чейин жалпы Кыргызстандагы тарыхый-маданий мурастарды сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик программа даярдалсын деди. Аны даярдоочу жумушчу топ качан түзүлөт жана өлкөдөгү тарыхый жайлардын так тизмеси барбы жана алар кандай критерийлер менен тизмеге алынмакчы?

- Маданият, маалымат министрлиги биз 2015-жылга чейин тарыхый эстеликтерди коргоонун программасын иштеп чыгып атабыз, бул улуттук программа болуп эсептелет. Ошондой эле камкордукка алуу жолу, мамлекеттин бул маселеге каражат бөлүү маселеси да каралып атат. Жакынкы арада биз жумушчу топ түзөбүз концепцияны иштеп чыгуу боюнча. Буга адистер, археологдор, тарых изилдеген биздин чоң окумуштуулар катышат. Биз бул тарыхый эстеликтерди коргоону негизги министрликтин приоритети катары карап атабыз, негизги багыттардын бири катары карап атабыз. Себеби биздин бул тарыхый мурастарыбыз азыркы деңгээлде өтө камкордукка муктаж. Азыркы күндө биздин министрлик бардык тарыхый эстеликтердин тизмесин тактаган, биз бул боюнча мониторинг жүргүзгөнбүз. Бул боюнча бизде атайын тизме бар. Тизме жергиликтүү жана жалпы республикалык деп бөлүнөт. Ошол критерийге жооп берген бардык тарыхый-архитектуралык эстеликтерди биздин тизмеге киргизгенбиз. Дагы жаңы тизмеге киргизүүгө бир топ объектилер бар.

- Маегиңизге ырахмат!
XS
SM
MD
LG