Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:25

Намысты ойготкон күү


Иллюстрациялык сүрөт.

Чоюн Өмүралиев көп кырдуу талант, анын философиялык эсселери, ырлары, кара сөз жаатында жараткандары – баары кызыгуу менен окулат.

Бул ирет жазуучунун чакан эпикалык жанрдагы мыкты туундуларынын бири - “Инген ийиген” аңгемеси тууралуу сөз кылабыз.

Жарык-караңгы, караңгы-жарык

Жазуучу улут маданиятыбыздын орчун маселелерине, атап айтканда, Батыш-Чыгыш дүйнө таанымынын түпкү уңгусу, келип чыгыш жолдору, ал эми өзүнө жакын көркөм сөз жаатында болсо кайталангыс сейрек таланттар жайында арбын кеп кылат.

Негизи ал улут адабиятына чыйрак акын катары кошулган, кезинде китептери чыккан. Өткөн кылымдын соңунда бир топ кыргыз ойчулдарына кошулуп “уңгу талаа” теориясына кызыгып, анын ышкысы менен батыш-чыгыш маданияттарынын башатына - кадимки “Ин-Яндын” өтмө катар байланышын иликтөөгө кирип кетти, көчмөн маданияттын байыркы башаты жайында кызык ойлорун көлөмдүү китептеринде ачып берди.

Эң башкысы, ал кайсы формада ой жүгүртпөсүн, алдыга жайчу идеясын шурудай тизип, нукура улуттук тилде кемелине келтирип жазат. Аны ушу азыр кеп кылганы турган аңгемеси да айгинелеп бере алат.

“Инген ийиген” темасы жагынан шаардык прозага кирчү чыгарма. Совет заманында “айылдык, шаардык проза” деген шарттуу аталышта көркөм сөз жаратуучулардын өзгөчөлүү тобу бар эле. Мына ошол шаардык, интеллектуалдык прозанын бир үлгүсүн Чоюн Өмүралиев жараткан.

Аңгеменин сюжети жөнөкөй эле, республикалык китепкананын музыкалык адабият бөлүмүнүн кызматкеринин бейтааныш кызга жолуккандан кийин аң-сезиминде оголе чоң өзгөрүү болгону, эки жаштын ортосундагы билинер-билинбес сезим ышкысы козголгону көркөм иликтөөгө алынат.

Сюжети кеп башында кеч күздөгү шаар көрүнүшүн сүрөттөөдөн башталат. Бу кезде шаар кара таандар менен каргалардын ээлигинде калат, таң эрте, анан күүгүмдөгү алардын ызы-чуусу Бишкектин күрү-күүсүнө өзгөчө бир түс берет. Жаралган жеринен жарым карыш жылбас бу канаттуулар шаарды “сүйлөшүп алгансып бир түндө басып алышат.”

Мырза аны бийик кабат үйүндө туруп көрөт, демек кыш келейин деп калган экен.

“Адеп эле тарамыштай таралган дарактарды, учтарында кол жетип терилбей калган карагаттай бадырайган-бадырайган каргалардын конуп алганын, тумшуктары абайсыз чийип кетсе, чырт сынчудай мөлтүрөгөн тунук асманды көрдү.”

Анан көнүмүш жашоо-тирдик башталат. Мырза ишине жөнөйт. Убакыт кенен, жумушуна чейин кыйла бар. Шашпаган шаардыктардын үстүндө таан, каргаларга той түшүп, чуулдап көчө күрү-күү. Мырзага ушул суук түшкөндө шаарды ээлеп алган каргалардын ызы-чуусу жакчу, ал чуу “бейкут таңдын көөдөнүнөн төгүлгөн күүдөй” сезилчү.

Калаа түйшүгү

Аялдамадагы күтүү, ичи жык толгон шаар унаасы, тыгылып, тартышып-түртүшүп, урушуп, кечирим сурап, акыры жетер жерине жеткенден кийин карасаң чуулдаган каргалар шаар четине учуп кетип аткан болот.

Мырзанын жумушка келип отургандан кийинки эрмеги - көчөдөн ары-бери өткөн аяктарды карап отуруу. “Анын иш орду жертөлөдө — китепкананын музыка бөлүмүндө. Терезенин жогорку айнеги жердин үстүнө чыгат. Андан сырттагылардын тулкусу көрүнбөйт, аягы, өңүрү кылактап өтөт. Мырза адеп ушул орунга отурчуда терезе анын кумары эле…”.

Китепканага келгендер жертөлөгө баш багышпайт, көбү үстү жактагы залдарга кирип кетет. Мырзага музыка сүйүүчүлөр, аны жаратуучулар гана келишет. Аларга музыка табактарын коюп, музыка угуучу бөлмөгө жайгаштырып коёт да көнүмүш ордуна отурат. Мырза да башкаларга окшоп көп окуп, билимдүү болгусу келчү.

Биртоп китептерди чогултуп, кези келгенде окуйм деп бөлүп койгон. Анда алдына максат коюп жашаптыр, кийин турмушун жадатма бир түрдүүлүк бийлеп эч нерсеге көңүлү келбей калды. Отурган жери жертөлө, төрт тарабы таш дубал менен курчалган тар жерде буулукпаганда кантет. Шаарда калыш үчүн издеп жүрүп араң орношкон жери.

“Мындайда ал тирүүлүктүн кайнаган кан базарынан четте калгандай, төрт тарабынан бетон дубал менен бек курчалган бойдон, энчисине айнектин тээ жогорку көзүндөгү бир тилим жарыкчылык гана буюргандай буулугуп кете турган. Анан ушул турмушун бир урум менен быт-чыт кыла алыска, курбулары жазган чаңкай асман көмөрүлгөн тоо арасына кеткиси келчү”.

Бирок кайда кетет? Шаарда иш табыш кандай тозок экенин Мырза жакшы билчү. Алдыга койгон максаттарынын кыйласы урап, тар бөлмөдө убакты-саатын уурдатып, жашоо күнүн кечирип аткан чакта ойдо жок бир иш болду - Мырза бир керемет жанга жолукту.

Бейтааныш кыз күү угуш үчүн келиптир. Ал картотеканы аңтарып керектүүлөрүн жазып атканда Мырза сулуу балтырларына сугун артып карап турду. Сулуу кыз жалаң казак күүлөрүн угат экен. Мырзанын оюн ошондон коншу бөлмөдөгү бейтааныш кыз ээлеп, кызыкча болуп отурду. Андай сулуу кыз Мырзанын жертөлөсүнө күндө эле келип атыптырбы! Шаардан тажап, жүдөп отурган китепканачы буга чейин ары-бери өткөн кыздардын бутун гана көрүп, өңүн көрө албаса эми ал жанында отурат.

Ойго баткан Мырзаны коңшу бөлмөдөн катуу чыккан казактын кенен жайылган күүсү эргитип ийди. Башкалар кулакчынын тагынып, өзү гана укчу, а бул кыз болсо ээн талаада жүргөндөй күүнү жаңыртып атат. Мырза тек койду. Анан кызыгы артып коңшу бөлмөгө баш бакты.

Ачылуу китептин үстүнө жумуру билеги арта салынып, жаагын сүйөгөн экинчи колунун салааларынан кара саамайы агылып, ал күү угуп жаткан. Күү бүткүчө ошо калыбынан жазбады.

Жигит орундуктан жай алды. Арада азга жымжырттык өкүм сүрдү.

— Сиз казак болосузбу? — деди жигит кандайдыр кардыгып.

— Жок… жөн эле, казак күүсүн жакшы көрөм.

Экөө бирдей сыйкыры күч күүгө арбалып турушту. Ортодо бир ишеним, ачыктык пайда болду.

— Илгери чоң энемдер Каркырада казактар менен чогуу жайлашчу экен, «казак ырчы, сөзмөр келет» деп көп айтчу, ырларын ырдап берчү.

Кыздын эриндери кымтылды. Анан али күү таасириндеги кыз көкүрөгүндө буюккан булактан бир жылчык ачылгандай, аны жашыра албай, жашыргысы да келбегендей эмнегедир ээн-эркин сүйлөп кирди.

— «Абайды» адеп окуганда энемдин ошол ыр обондору баштан-аяк угулуп турчу. Эми да кайра окуп атам, канча окусам ошончо уккансый берем… Аны терең түшүнүш үчүн, билесизби, жан дүйнөсүндө бүлүнгөн күүлөрдү угуп, ошонун таасиринде окуш керек экен. Ансыз «Абайды» түшүнүш мүмкүн эмес… Мен Абайдын ырын, обонун, арманын… ал өзү сезгендей сезгим келет. Анан да, билесизби, казактын элдик обондорунан да, күүлөрүнөн да бир керемет удургуп уруп турат. Мага ушундай сезилет… Сиз Курмангазынын «Инген ийигенин» уктуңуз беле?”.

Ошентип таанышты экөө, казак күүсү жакындатты. Кыймылдуу көчөнүн жанындагы китепкананын жертөлөсүндө эки жашты көркөм сөз менен күү жакындатып, эзелки тааныштардай божурашып жатышты. Көбүнесе кыз сүйлөдү. Мырза андан таандар менен карагалар тууралу сурайын деп тартынды. Башка сөзү жок экен. Жертөлөгө түшүп, киши келсе музыкасын коюп, келбесе терезени телмирип карап отуруп кыйла убактысын жөн эле колдон жулдуруптур. Бир жакшы музыканы угуп, анын тарыхына кызыгып, музыкалык табитин тарбиялап алганга да жетишпептир. Ушундай да болобу?

Максат эмне?

Кыз кеткенден кийин Мырза сыртка чыгып күндөгүсүндөй үйүнө ашыкпады, бак аралап басты. Кыздын дүйнөсүнө суктанды, көп нерселерди билерин ойлоп, өзү андайдан куржалак калганына уялып, уят каны жүзүнө тээп чыкты. Кыз алдында эч нерсе билбеген бейкапар жан, тек убакыт өткөрүп жүргөн пенде экенин ойлоп шагы сынды.

Анткен менен, көөдөнүндө кандайдыр бир сезим намысын козгоп, бейтааныш кызды кимдир бирөөлөрдөн кызганып жатты. Ушу кезге чейин бирөөнү сүйбөй, жертөлөсү үйү болуп күңүрт жашоо кечирип келиптир, эргип жашоого эрки жетпептир. Ойлогону эле каргалар, тууган жерин таштабаган ушу бечаралар экен. Мырза да шаарды таштабай жертөлөсүндө отурат.

Эртеси да кыз күү укканы келди. Мырза ал укчу музыка табактарын чогултуп, столунун үстүнө коюп олтурган. Анан дагы күү сыйкырына арбалып экөө эки башка дүйнөдө жүрүштү.

Кенендик менен бийиктиктин ортосунда калкыган күү бирде шаңшып, бирде жайлап, уккан адамды ойго басып, сезим кылдарын чертип аткан. Бул ирет кыз сүйлөбөдү, ошондон сөз улаш үчүн Мырза жаштардын эстрада, “жаз” музыкасына ооп кетишин, ага мамилеси кандайлыгын сурады.

"…«Жаз», ал кандай десем… ал адамды чачыратып таштайт. Өзүңө ээ кылбай чачыратып таштайт. Элдик күүлөр такыр башкача, тетирисинче… ал адамды жакшыртат… үмүткө чакырат, максатка чакырат…”.

Кыздын айтканын туура же туура эмес деп айта албай Мырза сөздү улаш үчүн айылды сурап ийди, сагынганын билгиси келди. Кыз айылдан шаарга көпчүлүк жаштар эмнеге келишкенин, эмнеге жүрүшкөнүн билишпей, ишине шылтоолоп жүрө беришет деди.

Айтымда ал деле айылын сагынган окшойт, барса күйөөгө берип же колхоздун кара жумушуна салып коёру турулуу иш. Кыз болсо окууга өтпөй калыптыр, эми даярдык курсуна тапшырып, эмдиги жылы сөзсүз өтөрүнө ишенет экен. Мырзага назик кыялкеч деген кыздын чечкиндүүлүгү жакты. Ал эми күү анын айылын, апасын сагынганда келип угуп, кусасын басып кетчү дүйнөсү болчу. Анын үстүнө Абайды терең түшүнүш үчүн казак күүлөрүн угуш керек.

Эчен күүлөрдүн арасынан Курмангазынын “Инген ийигениндеги” армандуу кайрыктар Мырзанын “азабы да, арманы да, бактысы да болуп” каларын ким билиптир.

Жертөлөдөгү кичинекей бөлмөсүндөгү “ботосунан айрылган инген эми анын жүрөгүндө боздоп, жогдорун ургулап, чарк уруп алдастап”, ачылбай калчу арманына айланарын ал өзү деле ойлогон эмес. Баарын кылган бейтааныш кыз. Казактын даркан күүлөрүн угуп, маани-жайын чечмелеп бербесе Мырзанын ич дүйнөсүнө күйгүлтүк түшүп, азап чекмек эмес. Жок дегенде атын сурап алсачы. Эми арманын кимге айтат, айылдан келген жапжаш кыздын ушунчалык сезимталдыгына, зиректигине тан берип, буга чейинки бейкапар дүйнөсү күйгүлтүккө түшүп, сезим козголушу ушунчалык оор болорун ал кайдан билиптир?!

Бейтааныш кыз, өзү көрбөгөн, билбеген жерди чоң энесинин айтканы боюнча күүдөн, Абайдын дүйнөсүнөн таап, алдына койгон максатына коркпой, чочубай баратыптыр. Анын максатынын орундаларында шек жок. А Мырза кантет? Буга чейинки жашоосу тыйынга арзыбай, сулуу кыз алдында сынып, ага тең сөз айта албай, жан дүйнөсү жабыркап, өзүн бир бечара сезди.

Чоюн Өмүралиев ар заманда, кайсы доордо болсо да маани-мазмунун жоготпогон көркөм идеяны ынанымдуу сыпаттап берген. Асылдык дүйнөсүн таануунун татаалдыгын, ошол эле кезде пенде баласын аптыктырып койчу керемет сыйкырын казак күүсү аркылуу таасын туюнтуп берген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG