Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:46

Жаш сүрөтчү даңктын жүгүн көтөрө албады


Иллюстративдик сүрөт.

Керимбек Тойбаевдин “Даңк жүгү” аңгемеси сүрөтчүлөр турмушуна арналган.

Чыгармада жалпы эле өнөр адамдарынын өз ара катышы, атаандаштыктын ар кыл жолдору жөнүндө кеп болот. Даңк жүгүн баары эле көтөрө албайт, андай сыноодон алп таланттар гана тайгаланбай өтө алат.

Жакшы башталган иш

Социализм заманында чоң борбор Москвадан билим алып, ошол жерден өмүрлүк теңин тапкан Бек Жанышев деген сүрөтчүнүн чыгармалары чоң мактоого арзып, кесиптештеринин ичин күйгүзөт.

Жаш сүрөтчүнүн жаркылдаган жары, эки уулу үй-бүлөлүк турмушун кооздоп, пенделик бактысын арттырып турат. Анан ошол сүрөтчүнүн тагдыры ойдо жок жерден өзгөрүлүп, мактоого манчыркап аракка кирип кетти. Үйүндөгү уруш-талаш мас болуп келип “Сайрага колун көтөрүүдөн башталды” окшойт. Аялы күндө мас күйөөсүнө сүйлөнүп “ичпесеңчи, бай болгур, тажатып бүтүрдүң” дей баштаган. Аялынын ошол сөзүнө тырчып, уккусу келбей, энесинин этегине коргологон балдарына карабай диванга “күп” кулачу. Эсине келгенде өзүн актап кирчү.

“Мен эмне, тапкан айлыгыма ичип жүрүптүрмүнбү? Сыйлап жатышат. Кудай урбадыбы, эми сыйдан баш тартып мени урматтаган жолдош-жоролорду таарынтамбы? Чоң сүрөтчү, таланттуу сүрөтчү дешип чын дилден барктап атышса… Ой тобо-о, мени бир тентиген ичкич катары көргөнүн карабайсыңбы. Аял деген ушул да. Түшүнбөйт да, түшүнбөйт”.

Ал арада тапыраган достору менен алагүү отуруштары көбөйө берди. Бектин эмгеги Москвадагы Третьяков музейине коюлду. Советтик сүрөтчү үчүн мындан артык сый, мындан бийик наам жок эле. Эңгезер өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн көктөн издегени, жалпы союздук таанылууга ээ болушу мына ушул музейден башталчу. Кудай берип салбаспы, арак менен шампан суудай агып, мактоолордун аягы түгөнбөй канча күн иштеген жери менен үйү меймандарга толуп, биздин сүрөтчү даңкка чөмүлүп, жыргалда жүрдү. Арадан эки ай өткөндөн кийин анын дагы бир сүрөтү жергиликтүү музейге кабыл алынды.

Сүрөтчүлөр үйүндөгү эксперттик топтун башчысы кесиптештери алдында аны апендинин кызындай мактады. Анын ыкчам жеткен ийгилигине суктангандар, ичи күйүп көрө албагандар, колдон келсе эмитен тизгинин тыйып коюуну көздөгөндөр толтура болчу. Өнөр сересинде, жалпы эле турмушта ушундай го. Алгачкы ийгиликке манчыркаган сүрөтчү кесиптештери келбей калганда жаштардан бирөөнү жумшап өнөрканасында өзүнчө ичүүгө өттү. Анын мындай жашоосу аялына гана жакпады. Башка бирөө болсо эринин ийгилигине ыраазы болуп, сейрек жаралчу талантты бөпөлөр беле? Сайра антпеди, Бек соолукканда жемелеп, ансыз да башы ооруп турган күйөөсүн капа кылчу болду. Бу балакет күйөөсүнүн ийгилигин көрө албай жатабы? Бек мурдагыдай эле алган акчасын үйүндө аялына тапшырчу.

Ичсе эмне экен!

Туура, ичип атат, башкалар сыйлап, урматтап атышпайбы. Кийин экөөнүн уруштары көбөйүп, түн ортосуна чейин айтышчу болду. Андайда башка бөлмөгө чыгарылган балдары көзүн жашылдантып, качан уруш бүтөр экен деп титиреп отурушат. Бекти аялынын түшүнбөстүгү жиндентчү, акчасын алып келип берип атса, ага дагы эмне керек?! Ага карабай тилин агытат да турат.

“Керегеи жок акчаңдын, уктуңбу? Кереги жок! Мага балдардын атасы керек, түшүнсөң, боорукер, мактанбаган күйөө керек!”

Мындай туура сөз Бектин кулагынын сыртынан кетчү болгон. Акчаны берип атсам дагы эмнеге мээмди чагат деп Сайрага капа эле. Ачуусу аябай келген Бек бир күнү каяша айта баштаган аялын топтой тебелеп, эзелки душманындай колу талыгыча урду. Чыркырап колу-бутуна асылган балдарына да караган жок. Ачуусу менен колуна кийген жука плащын алып үйдөн чыгып кетти. Болду, ошондон бери өнөрканасында конуп-түнөп, күн кур эмес ичип, кой-ай деген кожо жок жыргап эле калды. Эркиндик керек деп атчу эле ошонусу келди, болгон акчасы түгөнгүчө жатып алып бу балакеттүү арактан өчү бардай ичти. Мурдагы жанынан кетпей котолошкон достору азайып, баары билинбей житип-житип кетишти.

Бир кездеги ак жуумал жигит ичкиликке күйүп бети-башы тулуптай шишиген, чачы, сакал-муруту өскөн көчөдөгү селсаякка окшошуп калды. Иш калды, эртең баштайм дейт, эртеси кечекиден калган аракты ичүү менен уланып, кечке эс-мас жата берет. Кисти кармайын десе колу калтырап, соо кезде улантайын дейт. Соо кези болсо жок, арак, уйку, калтырап-титиреп ишин уланта албай убара. Буга чейинки жараткандары деле көп эмес эле, эми сүрөт тартышты биротоло токтотту. Башында жакшы чыккан эмгектерине карата айтылган мактоолорго шерденип, манчыркап кеттиби?! Мына эми кисти кармай албай отурат, чыгарма жаратыш үчүн акыл-эси соо, колу калтырабай, мээси сергек болуш керек экен.

Бек азырынча табият берешендик менен тартуулаган өнөрдөн таппай, ачкыл сууга кызыгып, кез-кез ишин ойлоп, анысына киришүүгө убактысы жок, убакыттын өткөнүн да билбей калды. Кээде туманданган акыл-эсинде ишти башташ керек, эми иштейин деген каалоо калкып чыкчу да анысы аракка аралашып, мас болгондон кийин унутулуп калчу. Баарынан да башынын ооруганы кыйнап келатат, азапты ушу баш оору алып келүүдө. Түн ортосунда тамагы кургап, көзүнөн бир тамчы суу зар болуп, жаткан жеринен тура албай кыйналып жатканда ойлогону ушу балакеттен кантип кутулуш керек дебей, ичкилик дагы калды бекен, арак калбаппы, деп санаа чекчү болду. Эртеси кыйналып ойгонуп, зыңгыраган башын мыкчып, анан акыл-ою кайта эле аракка ооп, баарын унутуп койчу.

Бек аракты издеп, сурап ичип калам деп мурда ойлончу эмес, андай ой капарына деле кирбептир. Келди ал күн да. Чакан өнөрканасында болгон буюмдун баарын сатып, тааныш-тунуштарынан карызга алып, күн санап арактын айлампасына сорулуп, айласы куруп отурду. Жок дегенде бирөө-жарым келип калсачы ушундайда. Кайда шагыраган достору, жолдош-жоролору, баарысы жер сыйпагансып жок. Ой-кыялы асманга чабыттап кетчү сүрөтчүгө бир бөтөлкө табуу оор ишке айлана баштады. Башы тим эле түшүп калчудай чыңалып, ичи бурап, көңүлү айнып, булбулдун үнүн уккусу келбей кыжалат болуп турган чагында кимдир бирөө эшикти тыкылдатып калды. Эшик ачык болчу, ким болду экен? Бир бөтөлкө көтөрүп досторунун бирөө келип калсачы деген азезил ой калкып өттү.

Келбес мейман

Ачык эшиктен дегеле күтпөгөн адамы - эксперттик комиссиянын төрагасы Абыл Казиевич кирип келбеспи. Жагымсыз жытка толгон бөлмөнү жийиркене карап алып ал киши арча таягына салмагын салып жанынан өтүп барып балкондун эшигин ачты. Анан бүрүшүп отурган сүрөтчүгө:

“ - И, кандай, баатыр? Көрүнбөйсүң го? – деди акыры үнүн бир аз мыскылдуу чыгарып. – Союзга да келбейсиң. Худфондудагы жумушуңду да таштапсың го?

Бек карбаластап калды. Ордунан турууга аракеттенип бир обдулуп, бирок чыккынчыдай калтырaган буттарына тура албай, кайра креслого күп этти. Эптеп туруп сүрөтчү карыяга жакындай колун сунду.

- Саламатсызбы, Абыл Казиевич? Кандайсыз?

Тигил Бектин азыркы таанылгыс өзгөрүлгөн кебетесине, калтырап сунулган колуна тигилип туруп, өз ичинен катуу өкүнүчтө мына буларды ойлоду: “Бир жолу чын дилимден кыскан элем колуңду, Бек. Анда бул кол алсыз титиребей карылуу эле. Чыныгы иштерди адамдын көңүлүн көтөргөн кубанычты, таза ыйык сезимди тартуулаган сүрөттөрдү жараткан колдор болчу. Эмичи, эмне тартуулайт бул колдор адамдарга? Өкүнүч менен күйүттөн башка эч нерсе…”.

Колун сунуп учурашканы келе жаткан Бектен бурулуп барып, аркы илинип турган холстторго тигилип калды.

- Буларга эмне тартмаксың? – деди ал эмелеки калтыратып сунган колдорун жаман костюмунун чөнтөгүнө катып, үңкүйүп турган Бекке кайрылып.

- “Колхоз талаасында” деген триптих…”

Жаңы сүрөт тартыла элек, тартылышы да күмөн. Абыл Казиевич Бектин өнөрканасына чейин сүрөтчүлөр жыйынына катышкан. Анда Бекти жандап жүргөндөрдүн көбү аны союздун катарынан чыгарып, өнөрканасын алып коюуну сунуштап, бир кезде жерге-сууга тийгизбей мактаган досун колунан келишинче жамандап жатышкан. Абыл Казиевич көз алдында болуп жаткан бул ишке биралдын таң калып, кечээ эле мактагандардын бүгүн душман болуп чыга келгенине жини келип, ичиндеги оюн жашырбай дос ким, кас ким – баарын жыйында жашырбай айтты.

Сүрөтчүлөр жыйынында кесиптешинин абалын сурап бирөө да барбаганы билинип калды. Буга жини келген карт сүрөтчү Бектин өнөрканасына өзү келген жайы эле. Мына баарысы мактаган жаш сүрөтчү ордунан тура албай калтырап-титиреп отурат. Анын абалын билген кыйды кары он сом сунду. Акчаны алгысы келбеген Бекке болбой эле кызыл кагазды сунуп катуу табыштады: “мончого барып үстү-башыңды тартипке келтир, тамак ич, анан эртең союзга кел”. Бектин болсо акча салынган чөнтөгү ысып, зыңылдап ооруп аткан башы ансайын катуу чыңалып, эмне кылар айласын таппай арасат кала берди.

Автор каарманын тез эле оңолтуп ийбейт. Жаңыдан башталып аткан ийгиликти көтөрө албай арасат калган сүрөтчүнүн оңолуусу кыйынга турчудай. Көнгөн адатты таштоо деле азап. Анын үстүнө Абыл Казиевичтин кеңешин угуп Бек Жанышев ошол күнү эле оңолуп кетери деле күмөн. Чын эле сыйкырдуу кесибин сүйсө Бек аракты таштап, өнөр жолуна түшүшү ыктымал. Көнгөн адатына дагы бир күнү түшүп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албас, ал эми адам эркине байланышкан жумуш го. Таланттуу сүрөтчү Бек Жанышев намысына келип үч айдан бери чаң басып турган кистисин кармап, керемет дүйнөгө кайтып келеби же жокпу – бул да өзүнчө чоң суроо.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG