Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 19-февраль, 2020 Бишкек убактысы 08:01

Момун коңшунун арзуусу


Баратбай Аракеев социалдык курч окуялуу чыгармаларды көп жазат.

Ал чиеленишкен адам тагдырын, ыкчам өзгөрүлгөн жагдайды, курч конфликтти алдыга чыгарып, адам мүнөзүн ачканды жактырат. Бүгүн биз автордун «Көгөргөн көз сезим козгойт» аңгемесин сунуш кылсакпы деп турабыз.

Кызыл камчы күйөө

Алмончоктой алган жарын уруп атып өлтүрүп, балдарын жетим калтыргандар, адам эмес, айбан даагыс кылмыштарды жасагандар тууралуу кийинки кезде көп айтылып, арбын жазылчу болду. Катаал замандын каарыбы же эркиндикте элдин көбү эсирип кеттиби, болбосо оор турмуштун залакасыбы, иши кылып төбө чачты тик тургузчу шумдуктар жалпыга жарыя кылынууда. Адатта «Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат» деп башка үй ичиндеги талаш-тартышка кошуна-колоңдор кийлигишпейт деле. Мына ушул жүйөнү биз кеп кылчу Баратбай Аракеевдин «Көгөргөн көз сезим козгойт» аңгемесиндеги келиндин кошуналары бекем карманышат.

«Түлөкабыл үйүнө жакындай берип наркы кошунасыныкынан чыккан көндүм чууну эшитти. Абдилдин үйүндө бүгүн да болмогу болуп жатыптыр. Түлөкабыл буга көнүп бүткөн, бүгүн болбосо, эртең сөз жок чуу чыгат. Адам бир нерсеге көнүп алса, мейли жүрөгүн куушуруп жиберчү жосунсуз иш болсо деле ошону эңсей берет окшобойбу. Абдил аялы экөө көпкө кыжылдашпай калса Түлөкабыл кызык болот. Бир нерсеси унутта калгандай, болор иш болбой, суусу сугарылбай калгандай бушайман.

Бул чуунун чыкканына алар көчүп келгенден берки эки жылдын жүзү болсо да Түлөкабыл бир нерсеге түшүнбөй жүрөт: экөө тең чоң окууну бүткөн, билими толтура, оокат-жайы да жетиштүү, бала-чакасы өсүп жатат бапырап, анан эмнеге урушат? Абдил мектепте мугалим; аялы Гүланда китепкана кармайт. Көз көгөрткөндү тек кой, эзели аялына жаман кеп айтуу оюна келбеген Түлөкабыл Гүланданы аяйт. Кээде анын көгөргөн көзүн көрүп, жүрөгү зыркырап кетет, ошол көздү өз колу менен көгөрткөнсүп уялат».

Кошунасынын аялы менен чатагы эмнеден чыкканы Түлөкабылга беймаалым. Эмнеге деп такып сураганга, жаңжалдын себебине кызыкпайт. Антип майда сөздү көбүртүп-жабыртып отурганга убакты-сааты жок. Жай саратанда сугат кычап, суу тартыш, курсагы ачып түшкүгө тамак ичкени үйүнө келе калган. Суунун кезегин өткөрбөй колхоздун эгинин сугарып, кечинде эшик алдындагы жайкалган картөшкөсүн жумшартып алса болду. Бир күнгө белгиленген милдети ушул. Ал өзү аялына кол көтөрмөк тургай тик багып сүйлөбөгөн момун жигит. Бактысынабы, аялы да күйөөсүнүн кулак-мээсин жебейт. Ар кими өзүнө тиешелүү ишин иштеп, үйдө уруш-талашы жок тынч жашашчу.

Жай саратанда суунун азары өтөт, эгиним күйүп кетпесин деп жанталашкан жан. Антип эгини жок, кара жумуштан колу бош мугалим менен китепканачынын үйүндө минтип күн алыс уруш. Ишин жакшы аткарган Түлөкабыл колхоздун сыйына арзыган, ал кездеги сейрек баш кийим - калпакты кийгизишкен. Ошол сый калпагы менен чекесинен куюлган терин сүртүп, бу байкуш иш менен алек. Дыйкан кишиге чыр-чатактын кереги жок, ыктуу кеп болсо угуп, болбосо ишин шылтоолоп, суусун сугарып, эгиндин түбүн жумшартып, түйшүктөн башы бошобойт.

Кийим менен деле иши жок, жедеп эскирип түсү кандай экени билинбей калган сый калпагын башынан түшүрбөй, кетменин көтөрүп эгин талаасында. Үстүнөн өңү өчүп бозоргон эски кемселин түшүрбөйт. Күн ысыкпы-суукпу, саратан кайнап атабы же ызгаар суук сөөктөн өтүп атабы - дайыма бир кийим менен жүрөт. Аялы, айылдаштары айткан Чоң катын «той-топурга» барчуда үстүн жаңыртып башка кийим кийгизбесе, териси катып, кан-жанына сиңип кеткен кийимин чечпейт. Ошол Түлөкабыл ичинен сызып, күйөөсүнөн күн алыс таяк жеген Гүланданы аяйт, кудум өзү токмоктоп жаткансып өзүн күнөөлүү сезип, уялып калат. Эмне экенин билбейт, ушундай аёо сезими козголуп, анысын билдире албай жүдөп жүрөт. Дагы бир чатакты көрүп көңүлү кайт болду.

«Мына бүгүн да жаңжал чыгыптыр. Түлөкабыл каш карайганда үйүнүн жанындагы орундукта небактан жат болгон көрүнүштү көрүп отурат. Абдилдин бакылдаган үнү үйдөн чыгып короодон угулду. Балдары чыркырап калды: аялын тепкилеп жатат. Аздан соң Гүланда көчөгө качып чыкты да, Түлөкабылдыкын көздөй шаша басты, чачы-башын оңдой, бутундагы тапичкеси түшүп калды эле, ага буйдалган жок. Абдил дарбазадан башын чыгарып адатынча:

- Ой, мээң барбы, кайда качасың, бас үйгө, сүйлөшөбүз! – деп көндүм сөзүн кыйкырды да, Түлөкабылдын үйүнө кирип бараткан аялын узата карап бир азга туруп анан кирип кетти. Түлөкабыл ордунан туруп Гүланданын тапичкесин алып үйгө кирди.

Чоң катын жаңы эле самоор алып кирген экен, чайга олтурушту. Бир кызыгы: Гүланда качып келгенде чыр эмнеден чыкканын, кантип урушканын сурашпайт. Гүланда өзү да ал жөнүндө айтпайт. Эч нерсе болбогонсуп беймарал чай ичишет, көп сөз сүйлөнөт. Анткен менен тээ түпкүрдө үчөөнүн ойлору тең бир жерден кесилишет: азыркы чырга капа болушат. Мына азыр да чыр жөнүндө жарым ооз сөз айтпай наркы-беркиден сүйлөп коюп чай ичишти. Түлөкабыл көз кыйыгы менен улам-улам Гүланданы карайт, көзүнүн астын сууланган жүз аарчысы менен басып олтурат, көгөрбөсүн дегени го. Арык чырай жүзүнө жарашкан бакыракай көзү киртийип турат.

Түн ортосуна жакын кетет Гүланда, бул убакта Абдилдин ачуусу тараган болот».

Кошунасынын турмушу ушундай, баары ичинен тымып, ачык айталбай кала беришет. Гүланда эмнеликтен күйөөсүнөн таяк жегенин айтпайт. Түлөкабыл үчүн жогорку билимдүү адамдын, болгондо да мугалимдин кошунасы алдында уяты чыгып, үйүндөгү уруш-жаңжалы кайталанып, өзү болсо эч нерсе болбогонсуп беймарал басып жүргөнү таң калтырат. Ушундай да болот экен. Маданияттуу деген мугалимдин иши ушундай болсо башкалар жөнүндө айтпай деле койгон оң го.

Калаты түш

Абдиллдин таягын жеп көзү көгөрүп келгендин эртеси сыр жашырбас Түлөкабыл түшүнө Гүланда кирип, ага апакай көйнөк кийгизип, бетинен өөп койгонун аялына айтып салбаспы. Жоош деген аялы, айылдыктар арасында «Чоң катын» атка конгон зайыбы, ачуусу келгенинен саамга сөз таба албай туттугуп турду да: «Э, өлүгүңдү… Ай, эмне деп былжырап жатасың, ыя?! Өпкөнү эмнеси, кокуй?!» деп көзү чакчарылып, заматта урушту баштап ийди. Аялынын мынчалык кызганчаактыгын билбептир. Ана-мына дегиче эмне деген гана ачуу сөздөр айтылбады. Түлөкабыл жоош деген аялынан ушунча ачуу сөз угуп калам деп ойлогон эмес. Чыгат экен сөз.

«Экөөнүн ортосунда жөн гана эрди-катын бир түндүктө жашайт, бир төшөк тартат, бала-чакалуу болот, маңдай-тескей олтуруп чай ичишет… сыяктуу эле байланыш. Жүрөктөрү сезим берип бири-бирин көрүүнү эңсеп, сагынып турчу, эзилип эркелетишчү нерседен куру. Жаш кездеринде деле ушул. Анткен менен бирисиз бири олтура албайт.

- Алып ал өөп жатса, - деди Чоң катын дале ачуусун баса албай. – Жамандын түшү деле жаман. Өөп дейт… Ушу сени кайсы катын өпсүн, ыя?!

- Түшкө кире берет,- деди Түлөкабыл тамагын шашпай ичип. – Атайлап көрдү дейсиңби.

- Түшкө кире бербейт, өпкөндөн кеткир. Жаш кезиңде өпкөндү билбеген эми үйрөнөт белең. Өөп дейт… Ай, а менин өпкөнүм эмне түшүңө кирбейт, ыя?! Ошону айтчы… Тилибизорду көзүң тешилгенче карайсың, ошондон үйрөнгөнсүң го… Өөп дейт, ой?! – Чоң катын алдындагы табакты түртө берип ордунан турду да алкылдай эшикке чыгып кетти. Антпесе дагы канча сөз чыгат эле, биринен бири ачуу».

Бир үйдө чогуу түтүн булаткан экөөнүн бири тилин тыйып, ырбап бараткан чатакты басып койсо уруш-жаңжал болбойт экен го. Түлөкабылдын аялы күйөөсүнө караганда алыбеттүү, боюна карап Чоң катын деп коюшкан. 30 жыл чогуу жашап күйөөсүнүн кандай экенин жакшы билип калган зайып кайсы бир түштөн улам Түлөкабылга ушунча заар агытканына өзү таң калып, эшикте үшкүрүнүп отуруп калды.Тиги бечара момун деле эч нерсе болбогонсуп чайын ичип олтурат. Анын бул кезде ойлогону таяктан башы чыкпаган кошунасы Гүланда болчу. Аны аёо, анан да ичин ысыткан арзуу сезими кайдан келди? Абдилдин жининен коркуп булардын үйүнө келгени бечара келин бир да жолу кошуналарына арызга отурбады, эч нерсе болбогонсуп Чоң катындын бир самоор чайын түгөнгүчө отуруп келди-кетти сөздөрдү сүйлөп, анан түн ортосунда жыла басып үйүнө кетет. Ушундай да жашоо болот экен. Түлөкабыл аны аяп отуруп ашыктык сезимине кабылды бекен? А мүмкүн бул боору ооругандыктан чыккан аёодур?

Түлөкабылдын бетинен өпкөн түштөн кийин Абдил менен Гүланда көрүнбөй, уруш-жаңжал чыгып турчу үй тынчып калганынан Түлөкабыл аялынан сураса анысы Гүланда башы ооруп ооруканага жатып калганын айтты. Балдарын атасына жеткирип коюп Абдил тоодогу чөбүн чаап жүрүптүр. Көзү көгөргөн келиндин башым деп балнисага жатып калышын Чоң катын бир сөз менен эле түшүндүрүп койду: «Таякты көп жеген да». Анын көзүн көгөртүп, колу-буту чарчагыча урган чоң муштум күйөөсү эч нерсе болбогондой тоодо чөбүн жаап жүрөт. Түлөкабылдын чындап боору ооруду, жаман айтпай жакшы жок, бечара келин бирдеме болсо көптөп көөмп коюшат. Чуркураган балдары жаш. Апа кадырын билише элек. Көгөргөн көзүн жүзаарчы менен жашырып, ачуусу таркады бекен деп сыртты элең-элең карап отурчу Гүланданы эстеди.

Биринчи болуп Гүланданы көрдү

Адатта ишин таштап бир жакка чыгышы кыйын Түлөкабыл аялын ээрчитип ооруканадагы кошуна келинди көрүп келүүгө камданды. Жөн барбай эт бышыртып, бригадирден бир күнгө суранып, катуу камданды. Аялы алып чыккан жаңы кийимдерин кийип, эртелеп Гүланданы көрсөм деп ашыгып жолго чыгышты. Түлөкабыл мынчалык шашкан эмес. Оорукананын короосунан биринчи болуп Гүланданы көрдү.

«Үч-төрт аял менен бактын түбүндөгү орундукта көлөкөлөп олтуруптур. Гүланда аларды көрөрү менен утурлай басты. Ал-абал сурашып ээн орундук таап олтурушту. Түлөкабыл Гүландадан көз айырбай аяп жатат. Мурун эле арык неме дагы арыктай түшкөндөй, өңү кагаздай ак, кагаздан жука. Бардык сөзүн Чоң катынга өткөрүп бергенсип Түлөкабылда сөз жок. Жана «сакайып калдыңбы» дегени менен бүттү анын сөзү. Оозун ачып, Чоң катындын «эмне дары ичип жатасың, кандай дарылап жатат» деген сөздөрүнө Гүланданын жооп бергенин тыңшайт.

Гүланда алардын келгенине жетине албайт. Келет деп ойлобосо керек. Бир маалда Гүланда:

- Ишиңиз жакшыбы?- деди Түлөкабылга.

Ал шашып калды. Муун-жүнү бошой түштү. «Жакшы» деп ооз учунан араң айтканга жарады. Гүланданы тик кароого батына албай көзүн ала качты. Аялдын алдында өзгөчө сезим берип уялганы ушудур. Жайдыр-кыштыр тердеп жүрчү немеге кудай берип эле салды, алка-шалка тер кетти. Чөнтөгүнө кол жоолугун алып кайра-кайра терин сүртөт».

Башка учур болсо сырттан келгиче үйүн, чарбасын ойлоп Түлөкабылдын чый-пыйы чыгып кетмек. Бул ирет ооруканадан кеткиси келбей, Гүланданы угуп эле отурууну эңседи. Байкуш келин ооруканадан чыкса Абдилдин токмогуна туш келерин, башы ооруп, көзү көгөрүп булардыкына келерин ойлоп биралдын аяп кетти.

Ооруканага дегеле келбейт деген кишилери келгенине биралдын таң калып, экинчи жагынан жоош күйөөсү бар Чоң катынга сугу артып, Гүланда күйөөсүн ойлоду. «Абдил да Түлөкабыл акемдей жоош киши болсочу». Кайра туруп, «кандай болсо ошондой болсун» деп тоодо чөп чаап жүргөн Абдилди сагынганын сезди, алеп-желеп болуп турду. «Аны аябай сүйчү», дейт автор.

Кызык сүйүү, көгала кылып токмоктоп, көзү көгөрүп, ур-тепкиден сыздаган денесин эсинен чыгарып, чоң муштум күйөөсүн сүйгөн Гүланда аны ким чындап сүйөрүн, ошол сүйүүсү үчүн бечара момун баарына кайыл экенин, булак суусундай тунук сезимге ээ жакшы адамы жанында жашарын билчү эмес. Эми ал Абдилдин зөөкүрдүгүн көтөрүп, көзүн көгөртүп, анысын жашырып, өмүрү өткөнчө корунуп, басынып жашайт окшойт. Түлөкабыл 30 жыл ашуун чогуу жашаган аялына козголбогон капыс сезимге таң калып, анысы кечиккен махабаты экенин биле албай өтүп кетер.

Жазуучу пенде баласынын аздек сезиминин ушунчалык татаал, ошол эле кезде морт экенин эки үй-бүлөнүн мисалында ишенимдүү тартып берген. Кепке жок тартынчаак Түлөкабыл ашыктык сезимин тал чыбыктай буралган Гүландага айта албайт, кез-кез түшүндө жолугуп, өмүр бою азапта өтүп кетер. Мындай адамдар улуу сезимди кирдетпей сактаган, сүйгөн адамын өмүр бою барктап, ага чаң жугузбаган бир сырдуу пенделер болушат.

Түлөкабылдын уяң сүйүүсү эч кимге айтылбай, билинбей, ичинде сакталып, өзү менен кошо кетер. Ушундай сүйүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG