Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 19-февраль, 2020 Бишкек убактысы 08:06

Айылга кетип калган ата


Иллюстрациялык сүрөт.

Нуржигит Кадырбеков - адеп-ыйман маселесин эрикпей козгоп келаткан авторлордон. Анын ырлары, кара сөз чыгармалары тез-тез жарыяланып турат.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан автордун «Калпак сыры» деген чыгармасы тууралуу кеп кылабыз.

Эмнеге кетти?

Карыганда шаардын ызы-чуусу менен түтүн-ышынан жадап айылга кеткен адамдар бир кыйла. Кийинки кездери айыл менен шаардын айырмасы азайды, таза суу менен жылуулук, технология жетишкендиктери ал жерлерге деле жетти. Экологиялык таза азык, жерге жакын болуу урбанизациядан тажагандарды элетке байыр алдырууда. Айылдын таза абасы, туулган жердин касиети кимди да болсо өзүнө тартары бышык. Бирок ал жерде тирилик кылууга шаардык болуп калган айылдыктардын баары эле батына бербейт.

Шаарды айылга алмаштыруудан улам жеке турмушумда күбө болгон бир окуяны ушул ирет ортого салгым келип туру. Мындан беш-алты жыл илгери коңшу айылга жакшы иш менен барып сый үстүндө шаардан айылына келе берген бир агам менен сүйлөшүп отурганбыз. Туугандардын айтуусунда, агабыз пенсияга чыккандан кийин айылга келиптир, жакшылык-жамандыкта жакындарынын кашында экен. Бир ойлонтчу жагдай: жеңебиз, бала-чакасы жайкысын эс алууга гана келишпесе, шаардагы жылуу үйүндө эле жашап атышыптыр. Анан кыш келип күн сууганда агабыз деле көнгөн шаарына кетип калат экен.

Айыл менен шаардын ортосу 200 чакырымга жакын, атайын чыгынып эле чыкпасаң кыйла узак жол. Ошол агамдын айылдык «одиссеясынан» улам менде дагы бир ой пайда болду. Айыл канчалык жакшырып, жолуна асфальт төшөлүп, булак суусу үйлөрүнө кирип, коммуналдык «жыргалдары» арбыганы менен, шаардыктар жабылып кайра айылына кайтат деп айтыш кыйын. Заман, коом шарты шаарга ыктап, шаар үстөмдүк кылган заманда айылдар азайып, шаардык болуу жараяны ургаалдуу жүрө берет деп айтууга негиз бар.

Алдыда кеп кылчу Нуржигит Кадырбековдун «Калпак сыры» аңгемесинин каарманы да «үч кыз, бир уулу менен аялын таштап» айылына кетип калат. Айтылуу жазуучу Кубатбек Кердегейдин жолоюна түшүп алган ал кишинин эмне үчүн анткени жакындарына табышмак бойдон калат.

Кеп башында белгилей кетчү жагдай, Кадырбеков сюжет куруу, каармандардын аракет-кыймылын ырааттуу баяндоо жагынан кыйла ийгиликтерге жетише алган. Боорукер атанын үй-бүлөсүн таштап, айылга кетип калышы кимди да болсо ойлонтпой койбойт: эмнеге кетти, эмне үчүн кетти? Аялы, балдары атасы макул десе ошол эле күнү келишке даяр экен. Атасы келтирбей атыптыр. Эмнеге, эмне үчүн?

Аңгемеде аты аталган Кубатбек жазуучунуку белгилүү. Бу жалгандын чындыгына жетем деп кечил жашоого өткөн улуу жазуучунун алдына койгон бийик максаты бар, күндөлүк азгырыктардан алыс болуп, түбөлүктүүлүктүн ырахатына баш-оту менен кирип кетүү. Нуржигит Кадырбековдун каарманы андай бийик материяны алдыга жайбайт, тек гана көнгөн уясынан өзүн күч менен бөлүп салат. Себебин да айтпайт, эмнеге кеткенин сурагандарга жооп бербейт. Артынан келген аялын урушуп, балдарын жолотпой, жалгыз жашоого өтөт.

« - Мындан ары келбей эле кой. Балдар да келбесин, - деди, алып кетүүгө кылган аракети көр чычкан казган ийинге шурулдаган бойдон агып кирип пайнаптай текке кетип, айласы алты түгөнүп кайтып бара жаткан жубайына бурк эте…

Албетте, бул окуя ынтымагы бекем, ырыскысы берекелүү үй-бүлөгө өтө күтүүсүз жана катуу тийген муштай болду. Жылан чакпай, жылкы теппей туруп, ортодогу ошончо мотурайган балдарга да карабай күйөөсүнүн өз алдынча жашаганга бөлүнүп кетиши аялга аброй алып келбеши айдан ачык. Демейде ажыдаардай оозунан от, мурдунан түтүн бүрккөн ажаан ургаачылардын жубайлары ошентип куттуу очогунан безе качып кетиши мүмкүн эмеспи. Деген менен Робинзон Крузонун жашоосун тандаган бул кишинин аялы ак көрпө жайыл, күйөөгө күйүмдүү, бүлөгө бүйрө, колу ачык, маанайы жарык, ак жолтой, мээнеткеч жан. Акылга салсаң эри андан ат менен тартып, күч менен түртсөң да кетмек эмес. Анда эмне болду экен? Баарына табышмак».

Чыгарманын сюжети мына ушул табышмакты жандырууга багытталган. Урушпай-талашпай ынтымакта жашап аткан үй-бүлөнүн таламандын тал тушунда ыдырап бөлүнүп кетиши кимди да болсо ойлонтпой койбойт. Автор жабык сырды чыгарманын аягына чейин ачпайт, окурмандын ышкысын козгойт. «Эмне үчүн?» деген суроону ачык калтырып, кульминациялык чекит коюуга шашпайт. Чынында эле урушпаса-талашпаса, ынтымакта жашаса, анан күндөрдүн бир күнүндө «жылан чакпай, жылкы теппей» эмне үчүн жакшы аялын таштап күйөөсү кетип калды?

Баарынан да аялына убал болду. Ал байкуш күйөөсүнө жаман сөз айтып, көңүлүн оорутуп, үйүндө күндө жаңжал чыгарып турса айылга кетишти түшүнсө болор эле. Байкуш аялдын санаасы сапырылып, кайсы бир күдүк ой көңүлүн ээлеп, «башка бир ойсекени таап алды бекен» деген ойго токтолот. Таап алса анысы кандай болду экен? Келин андай шек-шыбааны деле сезбеди. Болбосо өп-чап турмуштан тажадыбы? Экөөнүн тапканы бир үйгө кенен жетип, өтө бай болушпаса да тың жашап, эл катары тирилигин өткөрүп келатышкан. Анан эмне болду?

Балдардын убалы кимге?

Эчен ирет ойлонуп бу бечара колго илинер себебин таба албады. Баарынан да балдарынын кусаланганын, жалгыз уулунун үңкүйүп отуруп калганын көргөндө айласы куруп, эмне кыларын билбей калчу. Кырктан өткөндө төрт баласы менен күйөөсү таштап кетет деген анын оюна да келчү эмес. Көрсө таштап кетет экен. Себебин айтпай, унчукпай чыгып кетип, артынан издеп барса оңчулуктуу сүйлөшпөй, кагып-силкип байкуш келинди азапка салбадыбы. Пенде баласы буга да көнөт экен. Көнбөгөндө кантмек? Балдарынын «Атам кана, атам качан келет?» суроосуна тыңгылыктуу жооп таба албай, күчүн ыйдан чыгарып убакыт өткөрүп жатты. Ойдо жок ажырашуудан эс кирип калган уулу өзгөчө жабыркады.

«Дээринен унчукпай ичтен сызма мүнөзү бар неме эч кимге айтпай купуя кичирди, өксүдү, капаланды. Тирүү туруп таштаган ата үчүн уялып азап тарткандан көрө, тарых китебинен окуган Сталиндин убагында эл душманы аталып атылган адамдардын биринин баласы болсо өзүн мынчалык осол сезмек эмес. Өлгөн жандан айла жок үмүт үзөсүң, түңүлөсүң. Саясатың кургур акыйкатты темирдей ийип, теридей ийлеп, самандай өрттөп туруп акты кара, адалды арам, жакшыны жаман деп кулактарга куюп, жүрөктөргө жүгүртүп адамзатты түгөл бойдон ынандырып койгон күндө да, акылман кыргыз көзү өткөн кишини жамандабайт. Көрүндө тынч жатсын үчүн эстесе «жакшы адам болчу» деп тек гана жагымдуу сөздөр менен эстеп, тил учунан болсо да «бейиши болсун» деп рухуна ак тилегин багыштайт. А бул дүйнөдө алты саны аман туруп караанын ката качып кеткен жандын жагдайы такыр башкача экен. Артынан ушак уңулдап, жалаа жаңырып, жалган-чыны аралаш жагымсыз сөздөр жамгырдай жаап, канча адамдардын күнөөгө батышына, канча көңүлдөрдүн иренжишине, маанайлардын чөгүшүнө, жүрөк-жүлүндөрдүн сыздап оорушуна, жан дүйнөлөрдүн жабыркашына, абийир-намыстын телпектей тепселишине, ичти иритер шек-күмөндөрдүн жөргөмүштүкүндөй торуна оңойлук кутулгус болуп илинүүсүнө себеп болот экен.»

Окуянын кийинки жүрүшүнөн катылган сырдын бир келеби ачыкка чыгат. Көркөм сүрөттөөгө караганда публицистикалык илеби күчтүү кыска үзүндүдөн сыгылып чыккан ой баланын азап тартышын баяндоо экени баамга урунат. Чыгармада баланын, атанын, катышкан каармандардын бары-жогунун аты жок, тек жалпы аталыш менен атасы, аялы деп баяндалат, уулу, кызы деп сүрөттөлөт. Алдагыдай жалпы аталыштын маани-жайы барып-келип көркөмдүк жалпылоого барып байланышат. Автордун кылычынан кан тамган сталиндик заманды эскерүүсү бекеринен эмес.

Айтса, кылым турчудай дымактуу өкүмзор-буйрукчул бийлик системасынын тарых тактысынан урап түшүшү, өзүнөн-өзү жок болуп кетиши артынан «коммунизм балдарынын» эзиле эстешин «социализмди эңсөө ностальгиясын» пайда кылды. Бир үй-бүлөнүн тарыхы ошентип коомдук маани-мазмун алып социализмдин капыс жоголушун эске салып иет. Социализм деле себеп-жөнүн айтпай ордун башка коомдук түзүлүшкө бошотуп бербедиби.

Көнүмүш жашоо ыргагынын капыс өзгөрүлүшү артынан толгон-токой проблемаларды ала келет, жөнөкөй пенде баласын мүңкүрөтүп, кусалыкты күчөтөт. Ал эми кусалык жалаң инсанды эмес, бүтүндөй бир муунду, коомду капсалаңга капталтат. Чыгармада жеке үй-бүлө менен коом байланышы өтмө катар чырмалышып, бир бүтүндүктө сүрөттөлөт.

Нуржигит Кадырбековдун аңгемесинде улам-улам эскерилген тарыхый ассоциациялар жеке адам жана коом байланышын дагы ырастап, тактап берет. Атасынын таштап кетиши «балага тим эле Нагасакиге түшкөн атом бомбасындай оор тийди, алаамат туюлду…». Алыстан туруп азап чеге бербей, атасы жашаган айылга барып сагынычын жазып, учурашып келейин десе апасы ал жакка барууга тыюу салып койгон. Барганда эмне деп айтмак? Кусага малынган бала атасы жашаган айылдан келчү автобусту күтүп отурууну адатка айлантып алган.

«Ала кеткен бир сумке кийимин көтөрүп кадимкисиндей жаркылдап бир күнү ичинен атасы чыга келчүдөй сезиле берет. Бирок, кудум эле асмандагы күн сыяктуу улам келип, улам кетчү автобустан бели бекчейген кемпирлер, ак сакалы жайкалган абышкалар, суйкайган сулуулар, жигердүү жигиттер, мотурайган бөбөктөр, таяк таянган сыркоолор, ылжыган мастар, галстук тагынып, костюм-шым кийе чыкчырылган тың чыкмалар, жайдаңдап күлгөндөр, кабагын түйгөндөр, ал тургай козу, улак жетелегендер, айтор кимдер гана чубуруп чыкпайт, бирок, эзиле эңсеп, күйүгө күткөн аскар зоодой атасынын балпайган карааны көрүнбөдү. Эң акыркы адам түшүп, айдоочу чыйылдата от алдырып, артынан түтүнүн бурулдата бош автобусту буруп баратканда да, капилет токтоп атасы чыга калчудай үмүттө артынан санаа жана куса толгон каректери менен бир топко чейин узатып, анан гана үмүту эртең кечке чейин кайра жагылбачу шамдай жалп өчүп, башын шылкыйта басып кетер эле…»

Күткөн менен атасы келбеди, баланын кусалыгы бөксөрбөдү. Эр жеткен бала баарына кайыл болуп атасына барууга камынды. Атасын көрсө бала кездеги көксөөсү басылып, мээримине канар. Айылдагы эки бөлмө эски үйдө жашаган атасы аябай жүдөп калыптыр. Уулунун алып кетем дегенине макул болбоду, барбай турганын кесе айтты. Ошол жерде атасы канча жылдан бери сактап келген сырын ачты. Көрсө ал «оорум жугат» деп балдарын, аялын таштап айылга баса берген экен.

Бир үй-бүлөнү кыйла жыл санаага салып, чырактай кыздары менен уулун, сүйүп алган жарын таштап айылына келе берген атанын жашырган сыры ушул экен. Көркөм чындыкка караганда диний уламышка көбүрөөк жакын икаянын кульминациялык чечилиши ушундай. Көркөм чындык дегенибиз чыгарманын сюжеттик-композициялык тулку боюнан сыгылып чыгып, окуган адамды ынандырган, ойдон табылган окуялардын ыктуу мотивдеринен куралат го. Өкүнүчкө, чырактай балдарын кыйла жыл азапка салууга негиз берчү себеп ишенимдүү чыкпай калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG